Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
14/07 15:10
 

Пархат Турду:”Он жылда өнүккөн өлкөлөрдүн катарына киргени турабыз”


Кытайдын Кызылсуу-Кыргыз автономиялуу облусунун Улуу Чат ооданында “Манас” эл аралык маданият жана саякатчылык фестивалы өткөн учурда аталган облустун губернатору Пархат Турдуну кепке тарткан элек.

-Биздин баамыбызда “Манас” деген ат менен маданиятты, саякатчылыкты, бизче айтканда туризмди өнүктүрүүнү көздөп жатыпсыздар. Манаска басым жасаганыңыздардын максаты эмнеде?

- Кыргыз менен кытай илгертен бери достошуп, эки элдин ортосунда жакшы достук көпүрө түзүлгөн. Анын үстүнө Кытайда 190 миң кыргыз жашайт. Салт-санаабыз, үрп-адатыбыз, мүнөзүбүз окшош. Манас атабыз бар, ошондон калган мурасыбыз бар. Кыргыздар илгертен бери манас айтып келатабыз. Жусуп Мамай 1950-жылдан бери Үрүмчү, Артыш, Ак-Чийде манас айтып келатат. 1960-жылы Пекинге барып манас айткан. Жусуп Мамай айткан манасты өзүбүздүн тилде, анан силердин арибиңерде китеп кылып чыгарып алдык. Ушул күндө Жусуп Мамайдын өзүнүн шакирттери бар. Жалаң эле Жусуп Мамай эмес, кыргыздардын ичинде көп манасчылар чыгып отурат. Бул ирет кезектеги “Манас” эл аралык саякатчылык майрамы Улуу Чат ооданында өткөрүлдү. Биздин аймактан чыккан манасчылар, Кыргызстандан келген манасчылар манас айтышты. Эки мамлекетте жашашса да кыргыздар бир жерге чогулуп манас айтып, Манасты бүт Жуңгого, бүт дүйнөгө таанытып отурушат.
Анткени, Манас деген туубуз да. Кыргыздар эч качан Манастан айрылбайт. Манас туубуз болгон соң дүйнөлүк саякат майрамын өткөрүп туруу аркылуу маданиятка, саякатчылыкка үгүттөш. Бул Кытай өкмөтүнүн, партиянын элибизге жасаган камкордугу. “Манас” саякатчылыгын өткөрүү аркылуу Кытайда жашап жаткан кыргыздарды экономикабыздын, эл турмушунун оңолушу үчүн кызмат кылдырыш. Келген коноктор менен экономиканы, саякатчылыкты сүйлөшүү, бир-бирибизден өнүгүүбүздү үйрөнүү, тил табышуу болуп саналат.

-Миллиарддаган калктын ичинде бир уучтай кыргыз элинин тилин, салтын, маданиятын унутпай сактап келатканынын феномени эмнеде деп ойлойсуз?

-Облус уюшулгандан баштап 60 жылга жакындап калды. Кыргыздар Кытайда жашап жаткандан бери өзүнүн салт-санаасын, үрп-адатын унутпай, тилин жоготпой, 1 млрд. 500 млн. жуңго элинин, 56 улут жашаган мамлекеттин ичинде Кытай компартиясынын, Кытай өкмөтүнүн жетечилигинде башка улуттар менен тең ата боло бирге иштеп жүргөнүбүзгө өзүбүз да кубанабыз. Кыргыздын салт-санаа, үрп-адатын, тоо, сууларбызды саякат майрамы аркылуу таанытып турабыз. Кытайда жашаган кыргыздардын өзүнө таандык турмушу бар. Акыркы жылдарда жолдор, мектептер, ооруканалар көп салынып, жакшы өнүгүү жолундабыз.

-Пархат мырза, он жылдан кийинки жуңгодогу кыргыздардын келечегин кандай элестетсек болот?


-Азыр 11 жылдык программабызды аткарып койдук. 2011-жылдан тарта 12 жылдык планга киришип жатабыз. Анткени, СУАР, Кызылсуу-Кыргыз облусу боюнча чоң жыйын болду. Анын мазмунунда 2020-жылга чейин СУАР, Кызылсуу-Кыргыз автономиялуу облусу алдыңкы турмушка жетмекчибиз. Бизге бул багытта план жана шарттарды түзүп беришти. Кытай боюнча 19 аймак СУАРга жардам берүүдө. Ал эми эң бай команияларды бизге жардам берүүгө милдеттендирди.

Биздин жылдык кирешебиз 380 млн. юань. Бирок, ал чыгашабыздын сегиз пайызын гана жабат. Жылдык чыгашабыз 4 млрд. 500 млн. юань. Ошол себептен мамлекеттик казынадан 92 пайыз жардам берилип турат. Буга бизге жардам берип жатышкан компаниялардын акчасы кирбейт. Компаниялар берген 200-300 млн. юань кошумча акча.

-Бул акчалар неге жумшалат?


-Эл турмушун жакшыртууну негиз кылып, жарык жетпеген жерлерге жарык жеткирүү, үйлөрдү, мектеп, ооруканаларды салууга чыгымдайбыз. Корутундулап айтканда Кытайда жашап жатышкан 200 миңге жакын кыргыздар Кытай компартиясынын, Кытай мамлекетинин жетекчилигинин негизинде 56 улуттун ичинде алар менен тең катар жакшы жашоого умтулуп жатабыз. Он жылда дүйнөдөгү башка өнүккөн өлкөлөрдүн катарына киребиз деп турабыз.

Бермет МАТКЕРИМОВА (атайын “Кабар”агенттиги үчүн)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу