Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
13/07 16:00
 

Жуңголук кыргыздардын фестивалында 10 миң адам бир убакта манас айтты


“Жашасак жашайбыз нансыз, Манассыз жашай албайбыз”

Кытайдын Кызылсуу-Кыргыз автономиялуу облусунун Улуу Чат ооданында (бизче район) “Манас” эл аралык маданият жана туризм фестивалы болуп өттү.
Облустун губернатору Пархат Турдунун айтуусунда мындай фестиваль ушуну менен төртүнчү жолу өткөрүлүп жатат жана ал Манас аркылуу кыргыздын маданиятын, салтын, үрп-адатын таанытуу жолу менен саякатчылыкты өнүктүрүүгө багытталган. Бул туризм канчалык өнүксө, ошончолук элдин жашоосуна, шаардын өнүгүшүнө пайдасын тийгизерин ичкериден туйгандык.

Бул иш-чарага Кытайдын өкмөтү зор маани бергени биринчи эле күндөн сезилди. Бардык жерде мыкты уюшкандыктын үлгүсү көрүндү. Фестивалдын алдында расмий деңгээлде 50дөй чет элдик жана жергиликтүү журналисттер катышкан басма сөз жыйыны, андан соң Улуу Чат менен Чанжоу шаарынын ортосунда туризмди өнүктүрүү боюнча келишимге кол коюлду. Облустун саякат мекемесинин башчысы Эркин Турдунун билдиришинче Чанжоу шаарынын жетекчилери Улуу Чаттын кооз жерлерин, анда жашаган элдин өз алдынчалуу каада-салтын, маданиятын көрсөтүү үчүн туристтерди бул районго алып келүүнү өздөрү уюштурушмакчы. Анткени, бай шаарлары жашоо деңгээли төмөн оодандарын камкордукка алуу салт болуп калган.

Фестиваль саат 11де ачык асман алдындагы чоң стадионго окшогон жайда башталды. Эл кылкылдайт. Кара баркыт жээктүү, үстү чокчойбогон ак калпакчандар жергиликтүү кыргыздар экени көрүнүп турду.

Шат майрам өтүп жаткан жайдын бир тарабында бери болгондо 600дөй ак калпак, ак көйнөкчөн жигиттер, бир тарабында андан да көп ак бөртмө жоолук, чылкый кызыл көйнөк кийинишкен кыз-келиндер, ортодо ак элечекчен энелер, улуттук кийимчен аксакалдар, жаштар, балдар турушту.
Атайын секичеде төрт жашар манасчы кыз баштаган манасчылар, алдыда 800дөй комузчулар отурушту.

Кыргызстандан барган делегацияны көптөн бери сагынган, керек болсо жүрөгүн сууруп берчү бир туугандарын көргөндөй, дуулдата кол чабышып, кыйкырып тосуп алышты. Салтанттын ачылышында жетекчилер, партиялык комитеттин катчылары, Кыргызстандын делегациясынын атынан Ош облусунун губернаторунун биринчи орун басары К.Тазабеков сөз сүйлөдү. Мында облустун өнүгүшү үчүн жасалып жаткан иштер, эки өлкөнүнү достугу, Манасты жайылтуу тууралуу кенен кеп болду.

Биз жогоруда фестивалдын түздөн-түз катышуучулары жөнүндө бекеринен сүрөттөп айткан жокпуз. Чек арадан тосуп алган боордошторубуз “10 миң киши манас айтат” дегенде ишенкиреген эмеспиз.

Алар жөн жеринен айтышпаптыр. Улуу Чаттын белгилүү төкмө акыны салтанаттын шаңдуу бөлүгүн ачып, ыр ырдалып, эликтей сымбаттуу кыздар ийиктей чимирилип бийлешти. А бирок миңдеген кишинин бир ооздон манас айтышын тарыхта биринчи көрдүк, түбөлүк эсте калчу орошон окуя болду. Манас айтардан мурун алар
“Манас, Манас” дешип, колдорун асманга созо дүркүрөп ураан салганда ал жердеги “кыргызмын” дегендин баарынын сезимин козгоп, көздөрүнө жаш ирмелтип, денелерин титиретип жиберди. Манас тирилип келгендей, тулпарлардын дүңгүрөгөн дүбүртү угулуп, кырк чоролор кылкылдап тургандай таасир калтырды. Анан манас айтканды көрүп ал! 10 миңдей эркек, аял кыраатын келтире, бирдей кыймыл менен манас айтышын сөз менен жеткире айтуу кыйын.

Кантсе да кытайлык кыргыздарда улуттук дух бизге караганда күчтүү, адамдары да биздегидей майдаланбай бийик турарын ичибизден туюп турдук. Бул жердеги кыргыздар “Нан жок болсо жашаарбыз, Манассыз жашай албайбыз. Кийгендери кызыл чок, калпактары ак куруттай, манас айтат унутпай” дешип, Манаска, манасты айткан кыргыз экендиктерине бир бөтөнчө сый-урмат көз караш менен карашат. Кызылсуудан 120 манасчы чыккан.

Бизде боло жүрчү улуттук майрамдардай боордошторубуз да аянтка боз үйлөрүн тигишиптир. Ички жасалгасы көз тайгылтат.
Узчулук өнөрлөрүнө таң бердик. Шырдак, таар, сайма буюмдары музейге гана койчудай.
Улуу чаттык 79 жаштагы Бегалы Эшмамбет “Биз үчүн Манас атабыз улук, ыйык. Манас болгон үчүн кыргыз барбыз”, -десе, береги чач кеп кийген (алардын тилинде келэк) Калича Шамшы кызы “Манас” фестивалына төртүнчү ирет катышып жатканын айтты.
Үй-бүлөсү менен малчы. 150 кой, 2 уй, 5 жылкы кармашат. Кийинки кезде жаштары шаарга көбүрөөк ыктап жатышыптыр. Жарыгы жок тамда жашап, жалаң малчылык менен күн көрүүдөн чыгып, билимге умтулуу өсүп баратканын билдиришти.

Түш оой кыргыздын улуттук оюндары оодандын ипподромунда өттү. Жергиликтүү элден тышкары Кытайдын ар бурчунан келгендер, чет элдиктер, журналисттер, өлкөнүн ичиндеги ар улуттун өкүлдөрү батпай, ипподром тардык кылып калды. Ат чабыш, жорго салдыруу, куш салуу, төө жарыштыруу, аркан тартуу, көк бөрү оюндарына күбө болдук. Өзгөчө фотокабарчылардын күнү тууду. Аттардын, төөлөрдүн алдынан чуркап чыга калып тартышып, чарк айланып жүрүштү. Кечинде өнөрпоздор концерт тартуулашты.

Эртеси кыргыз делегациясын Улуу Чаттын питомнигине алып барышты. Кудум эле Балыкчынын какыраган таштуу, боз такыр жериндегидей жерге жер жайнаган питомник курушуптур. Жалаң кыргыздар иштешет экен. Алар өздөрү өстүргөн бармактай, муштумдай даамдуу помидорлорунан, бадыраңдарынан ооз тийгизишти. Мамлекет аларды иш менен алек болсун, жандарын да баксын деп бардык шартты түзүп, 10 жылга кредит бериптир. Аны өкмөт ачка түрүндө эмес, өндүрүлгөн продукция түрүндө алып турат. Бул бир чети жалкоолонбой иштеп, кредиттен кутулууга шарт түзөт тура. Алдыдагы 5 жылда 10 миң парник куруу каралган. Муну менен Кытай өкмөтү ар бир үй-бүлөгө бирден парник куруп берүүнү пландап жатыптыр. Ошол эле жерде өрдөк фермасы да бар экен.

Улуу Чатта кайда караба бардык жерде курулуш кызуу жүрүп жатканы байкалды. Саат алтылардан тарта курулуш жанданат. Күн ысыган маалда үч саат дем алыш берилет. Мектептер, ооруканалар, бала бакчалар заңгырайт. Бир эле бакчада 2 миңден ашуун бала бар. Бала бакча биринчи даражалуу заманбап деп эсептелинет. Ошондой эле жатак мектеп да бар. Кароосуз калган балдарды чогулутуп келип, жатак мектепке жайгаштырышат. Мектепте окуу, ооруканада дарылануу дээрлик бекер. Анча-мынча гана кошумча акча төлөшөрүн билдик. Улуу Чатта бир да дарылануучу мекеме жок кезде Юдун Юнг деген догдур каны жетпегендерге канын, күйүп калгандарга терисинен кестирип берип, 40тай адамдын өмүрүн сактап калыптыр. Мамлекет улуу дарыгерден сизге эмне жардам берели десе, жаңы үлгүдөгү оорукана куруп бергиле дептир. 200 орундуу, көп кабаттуу ооруканада болгону жогорку билимдүү 8 дарыгер, 25 медкызматкер иштеп, бардык операцияларды жасашарын айтышты. Төрөткана бөлүмү да бар. 60 жашка келген Юдун Юнгдун өзү менен сүйлөшүү бактысы да туш келди. Ал өзү жөнүндө эмес, оорукана жөнүндө кеп салып берди.

Бардык иш-чаралардын соңунда Кызылсуу-Кыргыз автономиялуу облусунун борбору Артыш шаарында Кызылсуу-Кыргыз автономиялуу облусунун парткомунун биринчи сектертары, эл курултай туруктуу комитетинин төрагасы Ян Фин Шин Кыргызстандын беш дубанына барган өкүлдөр менен жолугушту. Ал Кызылсуу-Кыргыз автономиялуу облусу Кытайда эң жарды аймакка кирерин, ошондуктан кийинки кезде облусту өнүктүрүүгө мамлекеттин жетекчилери айрыкча көңүл буруп жатканын белгиледи. Шин мырза Кыргызстан кошуна жана эки эл бир туугандар деп эсептейт. Анын ою боюнча мындай иш-чаралар эки элдин ортосунда көпүрөсү болууга кызмат өтөйт. Ошондой эле маданий байланыштарды чыңдоо аркылуу социалдык маселелерди чечүүгө болорун айтты. Өз кезегинде Талас облусунун губернатору Койсун Курманалиева бул мамлекетте мектепке чейинки балдарга, окуучуларга жасалган камкордукту, малчыларга үй салып берип жатканды көрүп толкунданганын, социалдык-экономикалык өнүгүүлөрдү көргөндө кубанычта болгонун белгилеп кетти.

“Торугарт жолун салып берип жатасыздар. Улуу Чатта да чоң өзгөрүүлөргө күбө болдук. Нарындык балдар Үрүмчүдөн окуп, билим алышууда. Нарын облустук театры сиздердин чакырууңуздар менен келип, оюн коюп кетишти. Жыл сайын жаңы өсүштөрдү көрүүдөбүз”, - деди Нарын облусунун губернаторунун орун басары Салатанат Эсенаманова.

Улуу Чат ооданында 11 улуттан турган 62 миң кишиЧек ара менен Жибек жолунун боюнда жашайт. 1985-жылдагы жер титрөөдөн кийин район бери көчүрүлүп, көп кабаттуу үйлөр, социалдык обьектилер, заманбап мейманкана салынган. Райондун жанындагы тоодо ГЭС курулуп жатыптыр. Ал келечекте Улуу Чатты суу менен камсыз кылат.

Облустун борбору Артышты “Манас атанын арбагы колдогон батыштагы ыйык жер” деп коюшат. Кызылсуу туризмди өнүктүрүүгө ыңгайлуу, жаратылышы кооз, баатырдык “Манас” эпосу урпактан-урпакка оозеки жалгашып келген жер делинет.


Бермет МАТКЕРИМОВА (Атайын “Кабар” агенттиги үчүн)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу