Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
12/07 14:52
 

ЖАМКдагы аткарылып жаткан иштер негизсиз айыптоолорго жол бербейт

Акыркы мезгилде, кээ бир ММКларда Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат (ЖАМК) тууралуу байма-бай жарыяланып жаткан бир жактуу макалалар менен таанышкан окурман: «Бул мекеменин ушунчалык коррупцияга батканы эч кимди кызыктырбайбы? Экинчи тарап эмнеге жооп бербейт?» - деп ойлошу мүмкүн. Болбосо, мыйзам боюнча редакцияга келген макаланы же даттанууларды журналисттик иликтөө жүргүзүп, анан жарыкка чыгаруулары керек эле деген ойго келесиң.
Минтип айтканыбыздын себеби, «Слово Кыргызстана» гезитинин 2011-жылдын 28-июнундагы № 69 (22637) санында ЖАМКнын мурдагы жетекчиси Э.Исаевдин «А за свой «базар» мы отвечаем!» аттуу маегинде аты аталган мекеменин ишмердигине тиешелүү сөздөр айтылган. Маекте келтирилген фактылардын канчалык деңгээлде чындыгы бар экендигин билүү максатында журналисттик иликтөө жүргүзүүнү чечтик.
Биз биринчи мекеменин жетекчиси Ш.К.Байзаков менен байланышууга аракет кылдык. Тилекке каршы, төрага колонияларды кыдырып кеткендигине байланыштуу, ордунан таппай, башкармалыктын жооптуу кызматкерлери менен байланыштык.

Башкармалыктын басма сөз кызматынын жетекчиси Жолдошбек Бузурманкулов:
- Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын учурдагы төрагасы Ш.К.Байзаковдун дарегине шек келтирип жазылган макалаларды окуган биздин кызматкерлер таң калып, нааразы болуп атышат. Көп жылдардан бери эмгектенген кызматкерлер азыркы жетекчини да, мурдагы жетекчилерди дагы эң жакшы билишет. Алардын таң калганы - мурдагы жетекчи Э.Исаев аркылуу ММКларга жалган маалыматтардын берилип жатышы.

 

  • Аталган макалада «Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын борбордук аппарат турган имаратынын айланасын курчоодо жана башка ремонт иштерин жүргүзүүгө каржыланган миллиондор» тууралуу кеп болуп, кетип жаткан чыгым айтылган суммадан эки эсеге арзан болоорун баса белгилеген.

Башкармалыктын коммуналдык иштер боюнча төраганын орун басары, полковник Улан Талипович Жунусов:
- Жалпыга белгилүү болгондой, биздин мекеме мурдагы жетекчи Г.Я.Бубелдин убагында 1985-жылы курулуп, ремонт болгон. Андан бери 26 жылдын жүзү болсо да ЖАМКга келген жетекчилердин бири дагы ремонт иштерин жүргүзүүнү ойлонгон эмес. Акыркы мезгилде бул имаратты борбордук аппарат деп айтууга дагы болбой калган. Учурда гезит беттеринде «Ш.Байзаков жеп салды» деген акча азыр ремонт иштерине кетип жатат.
Мурдагы имарат менен азыркы имаратты салыштырууга болбойт. Себеби, ал каражаттардан сырткары бизге төраганын жакшы санаалаш адамдары, достору демөөрчүлүк кылып, сырттагы курчоого алынып жаткан темир тор менен жолго төшөлүп жаткан «брусчаткалар» жардам катары келди.
Мен 20 жылдан бери ушул мекемеде ондогон жетекчиликтер менен иштештим. Борбордук аппараттан тышкары, колонияларда дагы кызмат өтөдүм. Чындыгын айтсам, төрагалыкка Шейшенбек Калилбековичтин келгени таң аткандан түн киргенче кызмат менен алек болуп жүрүп, мурда чарбада болгон тажырыйбам 30% болсо, азыр 70% өстү деп сыймыктануу менен айта алам.
Эгерде Эрнест Исаев Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматка, мурдагы жетекчи катары күйсө, биздин туура эмес кылган иштерибиз менен таанышып, анан сын-пикирлерин ардагер катары айтып турса, аны эч ким жаман көрмөк эмес. Тескерисинче, төрага өзүнө  кеңешчи кылып алмак деп ойлойм.

  • «В настоящее время вокруг здания центрального аппарата возводится забор, который обойдется в 2 млн. сомов, автостоянка -1 млн. сомов, закончено строительство крытой стоянки во дворе ГСИН стоимостью 541 тыс. сомов, хотя на самом деле затраты вдвое меньше. При этом основные ограждения в зонах валятся десятками метров» - Э. Исаевдин сөзүнөн.

ПМКнын башчысы Эсен Абылов:
- 2010-жылы тендерден мен жетектеген ПМК утуп алган. 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаза аткаруу системасына капиталдык ремонт иштери үчүн банк эсебине 10 миллион сом түшкөн.
Бүгүнкү күнгө ПМКнын ремонт иштерине 8 миллион 455 миң сом акча каражаттары пайдаланылды. Тактап айтканда, Аламүдүн районуна караштуу Молдовановка айылында жайгашкан №1, №31, №27 жаза аткаруу колонияларынын ремонт иштерине 1 млн. 250 миң сом, Алга айылында жайгашкан № 50 колониянын капиталдык ремонт иштери үчүн 2,0 млн. сом, Бишкек шаарындагы №1 (СИЗО) Убактылуу кармоочу жайдын суу түтүктөрүн жана жылытуучу аппараттарын жаңы тетиктер менен алмаштырууга 900 миң сом, №3 жаза аткаруу мекемесине 2,250 миң сом, №14 ЖАМга 382,951 миң сом, №16 ЖАМ- 450 миң сом, №1 жана №11 жатаканага 703 миң сом, №19 ЖАМ-520,0 миң сом кетти.
Жыйынтыгында, бүгүнкү күнгө карата, жалпы сумма: 8 миллион 655 миң сом жаза аткаруу мекемелеринин ремонт иштерине жана Жаза аткаруу департаментинин (ЖАД) кызматтык бөлмөлөрүн ремонттоо иштерине 200 миң сом чыгым кеткен. Э. Исаевдин кан какшап «Байзаков чөнтөгүнө салып алды» деген 10 миллион сомдун таржымалы ушундай. Учурда ремонттоо иштери дагы жүрүп жатат. Ошондуктан, мен Э.Исаевге: «Айтаардан мурда аткарылып жаткан иштер менен таанышып туруп, анан айтсаңыз болмок экен», - демекмин.

  • «Видите ли, спецконтингент – это особая категория населения, работать с которой должны профессионалы, хорошо знающее ее специфику. Нынешний председатель и его окружение, на мой взгляд, не совсем понимают цели и задачи уголовно-исполнительной ситуации в режимных учреждениях» - Э. Исаевдин сөзүнөн.

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын улук оперкызматкери Т.Ж.Акматов:
- Мен Э.Исаевге эки фактыны гана келтире кетким келет. Биринчиси, Эрнест Исаевич эмгек кызматын оперликтен баштап, өзүн профессионал катары сезсе, анда, Кыргызстандын беш мыкты оперлеринин бири катары, коомчулукка аттын кашкасындай таанымал болгон Ш. Байзаков  ким? Ал профессионал эмеспи?

Экинчиси, ооба, №10 жаза аткаруу мекемесиндеги болгон окуяга биз дагы кабатыр болуудабыз. Бирок, Эрнест Исаев эмнени айтып жатканын түшүнбөй калдык. Өзү ушул мекемени башкарып турган мезгилде №16 жаза аткаруу мекемесинин эки офицерин айыпкерлер өлтүрүп салышып, ошол үчүн кызматтан кетпеди беле? Кыйын профессионал адам болсо, көрөгөч, көсөм жетекчи болсо, кызматкерлердин өмүрүн алдын-ала сактап, окуяны болтурбай койсо болмок беле?

Ал эми «общак» демекчи, анын жетекчилиги учурунда жок болуп калды беле? Ал мезгилге салыштырмалуу учурда биз «общактарды» түп орду менен жогото албасак да, аларга каршы күрөшүп жатабыз. «Подполковник Асанов, сен калп айтып жатасың»  деп мага айтсынчы. «Свадебный генерал» болуп, ушул мекемени 4 ай араң жетектеди го, же аны дагы кызматтан Байзаков алдырыптырбы? Көралбастыктын дагы чеги болуш керек.


  • «Марат Канулькулов, официально числившийся до 19 января 2011г. адвокатом, в нарушение закона о госслужбе принят на должность старшего юрисконсульта штаба ДИН 23 декабря 2010 г. И уже 6 января 2011 г. получает специальное звание капитана в нарушение пунктов 18-20 действующего Руководства по работе кадровых служб ГУИН МЮ КР» - «Слово Кыргызстана» гезитинен.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кадр бөлүмүнүн башчысы Салтанат Саскараева:
- Ооба, биз мыкты юрист катары кабыл алганыдыгыбыз чын. Бирок, бул жерде эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. 2006-жылдын 9-январында кабыл алынган Адилет министрлигин №3 мыйзамынын 18-беренесинин негизинде, өзүнүн ИИМден алган капитандык макамын берүүдөн биз мыйзам бузган жокпуз. Эгерде, М.Канулкулов ИИМден тартип бузуп, мыйзам шарттаган негизде кетсе, анда биз кызматка алмак эмеспиз. Ал Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБинде башчынын орун басары болуп иштеп, кызматтан өз каалоосу менен кеткен. Эмгек китепчесинде мыйзам бузуулар катталбагандан кийин, биз кабыл алдык.
- Дуван Чекиров тууралуу эмнелерди айта аласыз? «Кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, күнөөсү аныкталып, соттон шарттуу түрдө эркинен ажыратылган адамды кайра кызматка алып келди», - деген сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Дуван Чекиров, 2006-жылдын 11-майында Чүй областык Ички Иштер башкармалыгынын өздүк курамынын №27 буйругунун негизинде которулуп келген. Ал эми, тергөө иштери жүрүп жатканына байланыштуу 2009-жылдан 31-мартында Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин алдындагы Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын өздүк курамынын №157 буйругу менен кызматынан убактылуу четтетилген. 2010-жылдын 10-августунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Д.Чекировго козголгон № УД-452/10БЗ иштерин карап, актаган чечимин чыгарган. Жалпыга белгилүү болгондой, мыйзам боюнча соттун чечиминин негизинде гана ал ким экендигин айта алабыз. Ошондуктан, Д.Чекиров келип, мыйзамдуу ордуна отурган.
- Салтанат Маликовна, ошол эле гезитте «кызматка Ш.Байзаков келээри менен 18 полковниктик макамды ыйгарды. Мурдагы жетекчилер 10 жылда мындай наамга жеткен эмес эле» деген маалыматка кандай жооп бересиз?

- 2010-жылы январь айында Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматта кайрадан түзүү болуп, 114 аскер кызматкерлерди иштеген кызматтарына кайрадан бекитпей, мурдагы жетекчилер өздөрүнүн тууган-туушкандарын, кыскача айтканда жөнөкөй жарандарды алып келишкен. Биз жетекчилерди сотко берсек деле болмок, бирок буйрук күтүп отурдук. Шейшенбек Калилбековичтин келиши менен баарыбыз кызматыбызга кайрадан келдик.

Ал эми сиз айткан 18 полковник тууралуу айтып кете турган болсом, бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок. Алардын көпчүлүгү эки же үч мөөнөт мурда полковник макамын ала турган офицерлер. Чындыгында мурдагы бийликтин сураган акчасын алар таап бере албай, ушуга чейин созулуп кеткен. Бул боюнча аскердик прокуратурага арыз жазышып, текшерип кетишти. Мыйзам бузуу табылган жок. Офицерлерге макам берүүдө атайын коллегия болуп, бир добуштан чечим кабыл алынганда гана документтер даярдала баштайт. Бул калыптанып калган мыйзамдуу көрүнүш.

Биз журналистик иликтөө учурунда чындыгында эле Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматта капиталдык ремонт жүрүп, тышкы келбети борбор калаабыздын көркүн ачкан мыкты мекемелерге айланганын, имараттын ичине киргенде жагымдуу таасир калтырган, жылуу маанайда тосуп алган профессионал мыкты адистерди кездештирдик. Жогоруда аты аталган кызматкерлерге жолуккандан кийин мурдагы жетекчилердин жылуу орундарынан кеткиси келбей, өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн ММКларга ар түрдүү чындыкка жакындашпаган жалган маалыматтарды берип жаткандыгын аргасыздан түшүнөсүң. Болбосо даяр ашка келип көнүп калган чиновниктердин кезектеги оюунубу? Айтор ким билсин, Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын азыркы курамы жигердүү иштеп жаткандыгына күбө болдук.

Жыпара Жээналиева

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу