Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
30/06 19:18
 

Бексултан Жакиев - Кыргыз драматургиясынын Шекспири

Бишкек, 30-июнь. /Эмилбек Момунов – Кабар/. Эл жазуучусу, Кыргыз республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Казакстандын Т.Айбергенов жана Ж.Жабаев атындагы эл аралык сыйлыктарынын лауреаты, Республиканын искусствого эмгек сиңирген ишмери, профессор Бексултан ЖАКИЕВ быйыл 75 жашка чыкты.

Кыргыз коомчулугуна бир гана жазуучу, драматург, киноценарист эмес, белгилүү инсан, коомдук ишмер катары аттын кашкасындай таанымал Бексултан Жакиев тууралуу айтуу, болгондо да быйыл 75 жылдыгы белгиленип жаткан орошон таланттын бүтүндөй чыгармачылыгы менен адамкерчилигин алакандай макалага батыруу дегеле мүмкүн эмес. Биринчиден, сөз чебери тууралуу өзүнө татыктуу сөз табуу, жазуу кыйын болсо, экинчиден элибиздин кары-жашы бирдей таанышат.

Бексултан агай өз өмүрүндө ондогон драмалык, көркөм, прозалык чыгармаларды жараткан менен менимче жеке өзүнүн инсандык касиети али толук ачылып бүтө элек. Касиеттүү Ысык-Көл сыяктуу сыры бар экени байкалып турат. Андыктан адаттагы дежур сөздөрдү пайдаланып кутулуп кетүүгө мүмкүн эмес. Дагы бир кошумчалай кетүүчү жагдай, Б. Жакиев жалаң гана кыргыз журтчулугуна эмес, кошуна казак боордошторго, Борбор Азия элдерине кеңири таанымал талант.

Бексултан агайды кай жагынан албайлы мактоого татыктуу. Эч качан бой көтөрбөй, кичүүгө да, бейтааныш адамга да бирдей мамиле жасагандыгын “Кыргызстан маданияты” газетасында иштеп жүрүп, бир дасторкондо чай ичишип, коңур үнүн угуп жүргөн журналист катары жакшы билем. Бул анын улуулугу, бийиктиги деп ойлоймун. Мындан тышкары Б. Жакиев айрым калемдештерине окшоп бийликке, кайсы бир чоң кызматтагы чиновникке жагынуучулук мамиле жасагандыгын көргөнүм жок. “Эгер жерден жарака кетсе, ал акындын жүрөгү аркылуу өтөт” демекчи, дайыма турмушубузда болуп жаткан коомдук, саясый окуяларга карата өз баасын берип, калыс сөзүн айтып келатат. Дал ушул табият тартуулаган таланты менен кошо жаралган чынчылдыгы, тайманбастыгы менен Бексултан агай жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө татыктуу.

Адатта тигил же бул адамды, өзгөчө чыгармачыл инсанды өзү жашаган доор тарбиялайт эмеспи. Б. Жакиев да 1936-жылы касиетүү Ысык-Көлдүн жээгиндеги Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган. Бирок анын балалык доору Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына туш келди. Өзүнүн балалыгы тууралуу мындай дейт: «Кезинде «итке минген кедейдин үйбүлөсүнөн чыккам» дегендин далайы кийин «атактуу манаптын, түкүнчө баатырдын урпагымын» деп зобололуу болуп кетпедиби. Менден «кандай үйбүлөдөнсүң?» деп сурашканда, үйбүлөдөн көргөн таалим, тарбияны элестетем. Ошондуктан, бул суроого жооп бергенде дайым кыйналам. Мен бир эмес, үч үйбүлөнүн ортосунда тарбиялангам. өз атам Жакый чарбачыл адам экен, эки там салган, бири-жыгачтан, экинчиси сокмо менен. Жакыйды байке деп, чоң атам Абийирди ата дечүмүн. Абийир атам Кыдык деген элге баш-көз, калыс, сөзгө чечен, кадыр-барктуу киши эле. Мени жанына алып жүрүп өстүрдү. Үчкө чыкканда Жакый байкем кайтыш болуп, ага удаа эле агасы Акматтын жубайы көз жумат. Ошентип, апамдын башын кайнагасы Акматка байлашат. Акматты молдоке дечүбүз. Убагында ал Тоңдун айыл-кыштактарында мектеп ачып, деректир болуп жүрүп, согуш чыкканда бронь менен чарбага которулуптур. Дүйшө деген байкем, жубайы Сакиш эжем (биз аны жеңе дебей, эже дечүбүз) экөө тең мугалим болчу. Дүйшө байкем 1943-жылы Ленинград алдында окко учту. «Атанын тагдырындагы» Бактыбек ошол. Биздин үч үйбүлө Жакый байкем курган короодо турчубуз. Жайган дасторконубуз, ичкен тамагыбыз бир болгондуктан абдан ынтымактуу, ынак жашачубуз».

Жыйырма жаштын ар жак, бер жагындагы студент курагында жазылып, ошондон бери далай ирет театр сахнасынан түшпөй келаткан “Атанын тагдыры” драмасы эле согуш анын балалык турмушуна кандай таасир тийгизгендигин далилдеп турат. 1959-жылы мыкты пьесалардын республикалык конкурсунда баш байгени алган «Атанын тагдыры» аттуу алгачкы драмасы менен таанылган. Бул драма улуттук драматургияга ачылыш жасап, аны менен кыргыз драмасына психологизм келген, жаңы драматургиялык каражаттар колдонулган. Чыгарма режиссер Ж.Абдыкадыровдун коюсунда эле Улуттук академиялык драма театрында 500дөн, ал эми Казакстандын бардык театрларында коюлуп, ошонун ичинде Алматы, Чымкент, Жамбыл, Семей театрларында 300дөн ашык ирет казак журтчулугуна тартууланган.

Дал ушул чыгармасы аркылуу Б. Жакиев чыгармачылыкка, өзгөчө драма жанрына сүңгүп кирип, бүгүнкү күнгө чейин күжүрмөн жоокердей талбай эмгектенип келүүдө. Башкалар кандай баа берет билбеймин, мен Б. Жакиевдин кыргыз адабиятынын драма жанрына сиңирген эмгегин Шекспрге салыштырат элем.

Сыягы, 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн соң 1960-1962-жылдары Москвадагы Сценаристтердин жогорку курсунун угуучусу болгондугу анын дүйнөлүк деңгээлде ой жүгүртүүсүнө шарт түзсө керек.

Б. Жакиев 1999-2000-жылдары «Манас-1000» Мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору, 1999-жылдан Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык боюнча комитетинин төрагасы катары улуу эпосубузду өнүктүрүүгө да чоң салым кошкон. 2000-2003-жылдары Б.Жакиев даярдаган долбоордун негизинде манасчылык, дастанчылык, төкмөлүк өнөрлөр ЮНЕСКО тарабынан Бүткүл адамзаттын оозеки мурасынын шедеври деп жарыяланып, колдоого алынган.

Жогоруда айтылгандай, биздин каарманыбыз коомдук турмушка да жигердүү катышып, чыркыраган чындыкты айтып келүүдө. Ар дайым жеке адамдын турмушуна да, бүтүндөй элдин башына да мүшкүл иш түшкөндө калыс, көрөгөч адамдардын акыл-насаатына муктаж болот. Б. Жакиев өткөн жылдын июнь окуясы жана аны иликтеген депутаттык комиссия тууралуу айткан төмөндөгүдөй пикири элибизди туура жолго үндөгөндүгү менен баалуу деп ойлоймун:
- Коогалаңды иликтеген эл аралык комиссия өзүнүн корутундусун бүгүн жарыялайт деп күтүлүүдө. Аны азыр коомчулук бир тараптуу болуп калабы, өчүп бараткан отту көөлөй береби же калыс чыгарабы деп күтүп жаткан чагы. Сиз комиссиянын корутундусу кандай болот деп күтүп атасыз?

- Мен да ошол кооптонгондордун катарына кирем. Кандай болот, калыс болобу же калпыс болобу, бул - баарыбызды ойлондуруп атат.

Түштүктөгү окуя боюнча эл аралык комиссиянын алгачкы жыйынтыгы да бир жактуу болуп калган. Бул боюнча Улуттук комиссиянын жыйынтыгын билебиз. Ал калыс болууга аракет кылган, бирок анын да жетишпеген жактары бар.
Айтор комиссиялар көп, ошентсе да окуяны иликтеп, жыйынтык чыгарарда кандай позицияда, эмнеге негиздеп чыгарат - ошол чоң мааниге ээ. Эгер муну эки улуттун касташуусу, кагылышуусу катары эле караса кемчилиги көп болушу мүмкүн.

Ошол эки улуттун касташуусуна кимдер себеп болду, кимдер ошол чатакты алып келди? 1990-жылды эске албаганда кылымдар бою ынтымакта келаткан, кошуна, бир тууган калктардын кыргынын кимдер уюштурганын тактап, ачык изилдеп анализ жасабаса бүгүн жарыялай турган комиссиянын корутундусу деле бир жактуу, калпыс, туура эмес болуп калышы мүмкүн.

- Бир кездерде Кыргызстан көп улуттуу, интернационал өлкө, кыргыз эли болсо меймандос эл катары эсептелчү эмес беле. Азыр улутчул аталууда. Эми комиссиянын корутундусу кандай чыкан күндө да Кыргызстан эли кандай кабыл алышы керек?

- Биринчиден, калыс чыкса биз абдан ыраазы болушубуз керек. Эгер калыс болбой калпыс, тайкы, бир жактуу болуп калса өтө өкүнүчтүү болот. Ошондо да кыргыз эли дээринде, башынан токтоо, чыдамдуу, сабырдуу элбиз. Калыстык болбой калса, ушундай болду деп кыйкырып-өкүрбөй, жер сабабай калыстык менен, токтоолук менен кемчиликтерин туура көрсөтүп оңдотуу, түзөтүү аракетин көрүшүбүз керек.

Кыргызстан көп улуттуу өлкө экени чын. “Манасты” ким жакшы билсе, Алтайдан келгендин баарын, көп элдин башын бириктирип Манас бир мамлекет кылган. Мына ушул салтыбыз, ошол тагдырыбыз ушу күнгө дейре келатат.

Биз чындап эле меймандоспуз, чындыгынде эле көп улуттуубуз. Ошол жагын ойлоп жашашыбыз керек. Анан кээ бирөөлөр кыргыздын намысын талашкан - улутчулдук деп айтып жүрөт. Улутчулдук деген Совет доорундагы термин. Башка элдерде, ошол эле Египетти Эркиндик кыймылы жетектеген. Ошолор улутчул деп эле аталган.

Биз муну советтик позициядан эмес, патриоттук сезим катары эле карашыбыз керек. Бирок кыргыздан башка эл жок, кыргыз кыйын деген позицияда болбошубуз керек.

- Июнь окуясынан кийин бир топ элдештирүү, жараштыруу иш-чаралары өттү. Бирок бул деле сындалып, үстүрт болуп атат деген сөздөр айтылууда. 1990-жылдагы Ош окуясында ошол жерде Чыңгыз Айтматов өзү жүрдү эле. өткөн жылдагы окуяда улуттук интеллигенциянын ролу анчалык көрүнбөй калгандай болду окшойт?

- Бул өтө оор, катуу жараат болду. Күнөөсүз адамдар өлүп кетти. Мындай оор учур оңой менен эле оңоло койбойт. Ушул акыл-эсти түшүнүп турган адамдарда деле ичинде көйгөй туруп алат. Ошондуктан бул бир-эки күндө, эки-үч айда чай ичип эле жараштырып ийчү нерсе эмес. Буга бардык жактан аракет кылыш керек. Өзбек элинде да, кыргыз элинде да абдан кадырлуу, акылман, калыс, көрүп-билип турган адамдар бар. Ошолорду пайдаланыш керек.

- Элге төбөсү көрүнгөн, көрүнүктүү адамдар июнь окуясында барбай койду, элдештирүү иштерине катышпай койду деген сындар да айтылып жатпадыбы?
- Элдин бардыгы убап-чубап баргандан деле иш оңунан болуп кетпейт. Ош окуясында Чыкем барды. Мен ошол кезде ошол жакта болчумун, он күн жүрдүм. Чын-чынына келгенде, сөздүн ачыгын айтканда, Чыкемин ошол жерде болгонунан иш оңолуп кеткен эмес, бара койсо эле оңолуп кетет деген туура эмес.

Мындайда кандай жагдайда иш жүргүзүш керек, кеп ошондо болууда. Мисалы, өзбектер арасында өзбектер, кыргыздар арасында кыргыздар ишти жүргүзүш керек. Эң негизги элдешүү күнөөлүү, эки элди кагыштырган контрреволюционерлердин бети ачылып, элге көрсөткөндө болот. Аларды жазаламайын, күнөөлүүлөр табылып, бети ачылмайын канталап турган жара оңой менен басылбайт”.

Мындан чейрек кылым мурда ошол кездеги саясаттын кедергиси тийип, Бексултан агай 50 жылдык юбилейин белгилей албай калган. Ошондо кыргыз элинин дагы бир алп таланты, замандашы Жолон Мамытов төмөндөгү саптарды арнап куттуктаган экен. Биз да сөзүбүздү ошол ыр менен аяктагыбыз келип турат.

Калемдеш агам Бексултан Жакиевдин 50 жаш курагын куттуктап

Согуш көргөн балалыгың шашууга,
Себеп болуп, тез жетипсиң ашууга.
Зор чыгармаң "Тагдырындай атанын",
Коюлуптур сен он тогуз жашыңда.

Ата ролун Мукем эңсеп ойносо,
Ал оюнду калың кыргыз колдосо,
Ошондо эле чыгыпсың да элүүгө,
Паспортуңда жылың башка болбосо.

Элүүдө элең "Миң кыялды" жазганда,
"Алтын аяк" көшөгөсүн ачканда.
Элүүдө элең "Чоочун киши" чок басып,
"Күттүргөн жаз" күлүп келе жатканда.

Беке, дайым Сизди көргөн убакта,
Мен ой жоруйм ишенип да, ынап да:
Ысык-Көлдүн бир минуттук толкуну,
Талант үчүн бир кылымдык кубат да!

Жүрсүн кербен, үрсүн иттер келесоо,
Бүгүн Сиздин билекте күч, дене соо.
Бекем тутуп калем деген найзаны,
Келечекти багынта бер эмесе!

Жолон Мамытов
1986-жыл.



Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу