Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
21/06 19:10
 

Мамлекеттик кызмат-элге кызмат өтөөнүн, өлкөнү коргоонун, туруктуулукту камсыздоонун куралы болуш керек



Бишкек, 21-июнь /Кабар/. Мамлекеттик кызматтын тарыхый тамыры байыркы дүйнөнүн тереңинде жатат. Ал мамлекеттин пайда болушу менен бирге жаралган.

19 - 20-кылымдарда “бюрократия” деген сөз колдонулган. Бул грек тилинен которгондо бийлик адамы- жогорку чиновниктер, ал эми француз тилинен которгондо канцеляриянын, бюронун үстөмдүгү деген маанини берет. Бюрократия К. Маркстын теориясы боюнча “чеги жок жамандык”. Пролетариаттын улуу көсөмүнүн бюрократия тууралуу нигилистик концепсиясы аны минтип сындайт: а) коомдук кызыкчылыкты бийликтин жана конкреттүү чиновниктин кызыкчылыктарына алмаштырат, тактап айтканда жеке бийликке алып келет; б) чыныгы көйгөйлөрдү чечүүгө жөндөмсүз, анда мамлекеттик акыл-эс жок; в) турмуш чындыгынан ажырап көктө жүрөт, бюрократиялык иерархиялык тепкичтен өйдө көздөй жылган сайын өзүн өзү билүүчүлүгү, өтүгүн төргө илүүчүлүгү күчөйт; г) корпоративдик жеке кызыкчылыкты гана көздөйт, карьерага умтулуу, ага жетүү үчүн абийирден, ар-намыстан ажыроо бюрократиянын көндүм жашоосу;

Көптөгөн өлкөлөрдүн бюрократиясы тарыхый өнүгүүнүн узак мезгилинин ичинде К. Маркс айткан ушул бюрократиялык тепкичтердин баардыгын тең басып өттү. Европа өлкөлөрүнүн бюрократиясы жапайы капитализмдин ырайымсыз эзүүсүнүн, адамзатын бир гана расага – фашисттик немецтерге кул кылып берүүнүн кубаттуу машинасына айланганда гана алар бюрократиянын терс касиеттерин жоюунун жолун издей башташып, бюрократия деген сөздү мамлекеттик кызмат деген сөз менен алмаштырууга, ага жаңы мазмунду, маанини берүүгө өтүштү.

Кыргыз мамлекетинин бюрократтары да К. Маркс айткан бюрократиялык иерархиялык тепкичтерди басып, бийлик кумарына канбай турган кези.

Көз каранды эместиктин 20 жылынын ичинде мамлекеттик машина жеке капиталды топтоонун куралына айланды. Союз кулаганда бизде эки жол бар эле: 1. Түзүлгөндөрдү аман-эсен сактоо аркылуу жеке ишканаларды нөлдөн тартып түзүү. 2. Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү.

Биз экинчи жол менен кеттик. СССРдин душмандары совет өлкөлөрүн эч качан коммунизмге кайра келбегендей системаны сунуш кылды. Буга жетишүү үчүн биринчиден, тез арада капиталисттердин классын түзүү, экинчиден ал класс башкаруучу жана криминалдуу болушу керек болчу.

Биздин мамлекет жарандардын кичинекей бөлүгүн байытуучу, калктын 90 пайызынан ашуунун жакырдантуучу машинага айланды. Менчиктештирүү кылмыш, жарым кылмыш жолдору менен жүрдү. Иш жүзүндө мыйзамды бузбай туруп ири ишканаларды тыйынга сатып алышты. Бийлик менен байланышы бар адамдар мамлекеттик машинанын жардамы менен алеки саатта миллионерлерге айланып калышты. Коомдук кызыкчылык жеке чиновниктердин кызыкчылыктарына айландырылды, мамлекет ага кызмат кылды. Бюрократия элдин проблемасын чечүүгө жөндөмсүздүгүн, мамлекеттик акыл эстен ажырагандыгын көрсөттү. Бийлик башындагыларга баюунун чексиз жолу ачылды. Мамлекеттик машина үй бүлөлүк кланга кызмат кылууга өттү.

Мунун кесепетинен биринчи революция, анан 7-апрелдеги революция болду.

Саясий элита бюрократиялык машинаны элге кызмат кылдыруунун жолун ойлоп башкаруунун парламенттик системасын сунуш кылды.

М.Вебер менен В.Вильсондун теориясы ишке ашууда

Бюрократия К. Маркс айткан жалаңкычтан коомго кызмат кылган жигердүү кызматкерге айланышы керек. Мамлекет – бул коомду башкарган аппарат, мамлекеттик кызматкерлер - ишти жүргүзүүчүлөр. Ал өндүрүүчүлөр менен өндүрүш каражаттарынын ортосундагы ортомчу. Мамлекеттик кызматкер пролетариаттын көсөмү көрсөткөн терс көрүнүштөрдөн арылышы зарыл. М.Вебер менен В.Вильсондун теориясынын негизги маңызын мына ушул идея түзөт.

М.Вебер бюрократиянын өзгөрүлгүз, туруктуу, башкы белгилерин төмөнкүдөй мүнөздөгөн: а) ар бир бюрократиялык деңгээл укуктук ченемдер менен белгиленип, иши так тартипке салынышы керек; б) бюрократиялык түзүмдү уюштуруунун иерархиясы кызматтык субординациянын бекем орнотулган принциптерине негиздениши зарыл; в) иштин ички баардык уюштурулушу (маалыматтарды таркатуу, чечимдерди кабыл алуу, буйруктарды, токтомдорду д.у.с. даярдоо) жазуу жүзүндө документтештирилет жана андан ары сакталат; г) баардык кызмат адамдары өзүнүн кесиптик милдетин аткарууда мыкты адис, ошондой эле эрежелер, ченемдер жаатында иш билги болушу керек.

Өөрчүп-өнүккөн мамлекеттик кызмат тууралуу вильсондук формуланын омоктуу идеясынын төркүнү “мамлекетти башкаруу саясаттан алыс болуш керек” – деген жерде жатат. Бул кандай гана саясый кырдаал түзүлбөсүн мамлекеттик кызмат өз арабасын кылдырата бериши керек деген маанини берет. Дүйнө жүзүндөгү мамлекеттерде канча деген гана бийликтер алмашкан жок. Чилидеги Хунтанын кыргыны, Вьетнамдагы согуш д.у.с. көптөгөн курч кырдаалдар мамлекеттин өз кызматын жогорку деңгээлде жасашына - өлкөнү кризистен алып чыгуу ишине жолтоо боло алган жок.

Мына ушул өңүттөн алып караганда 7-апрелден кийинки Р. Отунбаева башкарган Убактылуу бийликтин, А. Муралиев жетекчилик кылган утурумдук өкмөттүн жасаган иши өзүнчө илимий изилдөөгө татыйт. Убактылуу бийлик ички кырдаалды турукташтыруу, эски менен жаңынын тирешүүсүн жөнгө салуу саясый күрөшүн жүргүзсө, утурумдук өкмөт бийлик талашуу саясатынан алыс болуп, экономикалык маселелерди чечти. Ошондогу проблемаларга токтоло кетейин: а) азык түлүктүн жогорулоо коркунучун жөнгө салды; б) айлык акынын, пенсиялардын, жөлөк пулдардын өз учурунда берилишин камсыз кылды; в) энергетикалык кризисти жойду; г) жарандардын чет мамлекеттерде иштөөсүнө, өлкөнүн ичинде жумуштун болушуна шарт түздү; д) улуттар аралык жаңжалдан кыйраган экономиканы калыбына келтирүүгө каржылык, укуктук, социалдык өбөлгөлөрдү түздү.

М. Вебер айткандай мамлекеттик кызмат социалдык тирүү организм болуп чыкты. Ал кандай гана шарт, кырдаал болбосун кризистерден жыйынтык чыгарууга, саясый күчтөрдүн кагылышууларына кийлигишпей коюуга, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн гана жигердүү иштөөгө жөндөмдүү болуп саналат экен. Өзүн өзү сактоо мыйзамы мамлекеттик кызматка да таасирин тийгизери таасын болду. Муну адамзатынын мурдагы, азыркы күйүттүү, ачуу тарыхы тастыктап жатат. Алыс барбай эле 7-апрелден кийинки Кыргызстандын турмушуна токтололучу.

Эскини жана жаңыны жактаган саясый күчтөр ушул кезге чейин андай, тигиндей кемчиликтерди кетирдиң деген күнөөлөрдү бири бирине коюп келе жатат. Алардын башын коштурган бир гана маселе бар – кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактап калуу.

Канткенде кыргыздын мамлекеттүүлүгү сакталат? Түндүк өзүнө тартса, түштүк өзүнчө кетсе кыргыз сөзсүз түрдө эгемендүүлүгүн жоготот. Муну “Ата Журт” партиясы да, СДПК, “Ар Намыс” да түшүндү. “Эми бакиевчилер, демократтар, оппозициячылар деп бөлүнбөйлү, оштук, түндүктүк деп бири бирибизди айтпайлы” - деп тирешкен саясый күчтөр ачык айта башташты.

Азыркы учурда мамлекетти башкаруу органдарынын романдык-германдык, англо-саксондук, исламдык, эмгектик (советтик) моделдери бар. Глобалдык проблеманын кырдаалында кайсыл модель болбосун ички саясый күчтөрдүн так талашуусуна карабай иштей берүүгө, мамлекеттик түзүлүштү сактап калууга, саясый күчтөрдүн кысымына туруштук берип, улуттук идеяларды жүзөгө ашыра берүүгө жөндөмдүү болушу керек. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аппараты, мамлекеттик кызматкерлери экинчи революциянын учурунда буга жөндөмдүү экендигин көрсөтө алды.

Модернизациябы же реформабы?

Модернизациялоонун жана мамлекеттик кызматты реформа кылуунун негизги козуткучу мамлекеттик чыгымдарды кыскартууга умтулуу, кабыл алынган саясый чечимдердин натыйжалуу иш жүзүнө ашышын камсыз кылуу, мамлекеттик кызматтын кадыр-баркын көтөрүү, аны К. Маркс айткан кемчиликтерден арылтуу, өкмөткө болгон жарандардын ишенимин жогорулатуу болуп саналат. Бул универсалдуу формула.
Мамлекеттик кызмат жөнүндө эки көз караш бар. Биринчиден ал бийликтин институту, саясый түзүлүштүн элементи, мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын иш жүзүнө ашыруучу механизм. Экинчиден, коомдук турмуштун ишин уюштуруу мамлекеттин негизги иш-милдети болуп саналат. Ушул өңүттөн алып караганда мамлекеттик кызматтын милдети менен ролу кыйла кенен, арбын, маанилүү болуп чыга келет. Батыштын атактуу окумуштуусу Ж.Шевальенин пикири боюнча мамлекеттик кызмат үч чоң маанидеги кызматты аткарат: 1. Ал курал. Анын жардамы менен түзсө, жок кылса, кырса, жакшылык кылса, д.у.с. болот; 2. Юридикалык жактан жөнгө салуучулукту; 3. Идеологиялык.

Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү комплекстүү түзүмдөрдүн бир бөлүгү мамлекеттик кызмат көрсөтүү болуп саналат. Административдик башкаруудан менеджментке өтүү бүгүнкү күндүн талабы. Көрсөтүлө турган мамлекеттик кызматтын натыйжалуулугу жана жогорку сапаты мамлекеттик кызматтын саясатынын чордону болуп калышы керек.

Казакстанда, Россияда, Кыргызстанда чет элдик тажрыйбаларга жасалган талдоолор мамлекеттик кызматка реформа жасоо үчүн так белгиленген принциптер менен реформа жасоо, реформага жетекчилик кылууну мамлекет башчысына же парламент менен өкмөткө отчет берүүчү мамлекеттик органга жүктөө, системаны колдогон илимий-изилдөөчүлүк, кеңеш берүүчүлүк, окутуп үйрөтүүчүлүк тармактарын түзүү аракеттерин жасап жатышат.

Мамлекеттик бийлик элге кызмат кылуунун, өлкөнү коргоонун, туруктуулукту камсыз кылуунун куралы гана болушу керек.
Мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартуу тынымсыз болуп келген, көндүм көрүнүш. Кыскартуу натыйжалуулукту жогорулатат, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатат деген маселелерди чечиши керек.

Коомду модернизация кылуунун административдик, интеллектуалдык параметрлери Кыргызстанда жаңыдан аныкталып келе жатат. Министрликтер менен ведомстволордо байкоо кеңештерин түзүү, мамлекеттик кызматкерлерди конкурстук негизде кабыл алуу, кесиптик чеберчиликти жогорулатуу сынактары улуу иштин башталышы гана болуп саналат.

Рахымбек Байгубатов,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө
мамлекеттик кызматынын башкы адиси,
журналист.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу