Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
07/06 19:05
 

Түштүктө мал уурулук күчөдү

Учурда Аксы районунда уурулук күч алып, уурдалган мал кайда кеткени билинбей, уурунун ким экенин аныкталбай, элдин көбү тынчсызданып турган эле. Ал эми айрым уурулар кармалгандан кийин азыр үй камагында жүргөнү элди кабатыр кылууда. Кээ бир малын жоготкондор, укук коргоо кызматкерлери уурулар менен бирге иш алып барарын, алар акчанын күчү менен кайра эркиндикке чыгаарын айтышат. Бирок милиция кызматкерлери мындай дооматтарды четке кагышууда.

«Уурулар күйөөмдү таш менен ургулап…»

Уурулар малга тийгени аз келгенсип аларды көрүп калган мал ээсин таш менен уруп качырган убактары көп болот экен. Мисалы, Ак-Дөбө айылынын тургуну Гүлбарчын Маматисакованын күйөөсү ушундай окуяга туш болгон. «Короонун сыртына байлаган уйлардын төртөөнү айдап, чек арадан өтүп бараткан жеринен кайтарып алып калдык», - дейт Гүлбарчын Маматисакова. «Күйөөм сыртка чыкса эле, байланып турган уйларыбыз жок. Күйөөм уурулардын аркасынан ат менен кууп келгенде, кайра аны таш менен урушуптур. Аттын капталына бекинип, «мылтыкты алып кел эле, алып кел» деп кыйкырганда уйларыбызды таштап алып качып жөнөдү. Бою кичинекей, жаш эле балдар экен. Ал эми милицияга кайрылган жокпуз. Уйларды алып калганыбызга сүйүнүп эле олтуруп калдык. Үч жума болду, дагы үч уй жоготтук. Өзү бешөөсүн айдап чыккан экен, бирөө качып келип калды, арыкка тыгылып дагы бирөө калып калыптыр. Уурулар өзүбүздүн балдар да, болбосо Өзбекстандан чыкканы кимдин канча малы бар экенин кайдан билсин. Бул жоготконубузда милиция кызматкерлерине кайрылдык, азырынча табылып калаар деген үмүттө турабыз. Аларга болгон ишеним да жоголуп барат. Анткени кармалган ууруну чыгарып жиберишти».

«Уурулук – бул кесибим»

Азыр жыйырмадан ашык жылкысы бар Закирбек Турсунбаевдин үйүнө былтыр айт күнү, 16-ноябрда ууру кирип, атканасынын эшигин буза албай кайра кетишкен. А бирок үч күн ичинде малын уурулар алып кеткен.

- Уйку таттуу болот экен да, уктап жатканда алып кетишти. Бул жактан айдап 15-20 мүнөттө Өзбекстанга кирип кетет. Өзүмдүн улуу балам Москвага барып, көрүнгөн орустун колун карап, жалдырап бир жыл иштеп, токсон миң сом акча алып келген. Анан бир сааттын ичинде 180 миндей сомго баалана турган малымды уурдатып ийдим. Ал эми милиция кызматкерлерине ишенем. Акыркы 3-4 айда жакшы иштешти. Анткени биздин малды уурдаган ууруну таап чыгышты. Кармалган ууруга: «Сен неге ушунчалыкка бардың?» - десек: «Бул менин кесибим», - дейт. «Кесибим» дегенден кийин кылган иши ошол да. Анан чек ара да жакшы каралбайт.

«Ууруну кармайбыз деп акырларга да жатып журдук»

Аксы районунун ички иштер башкармалыгында иштеген милициянын капитаны Жусуп Закиров мал уурулукту азайтуу боюнча 2010-жылдын июнь айынан бери иштеп келатат. Анын айтымында, 2010-жылдын сентябрь айынан тартып мал уурулук көбөйө баштаган.

- Декабрь айында 30 бала үчтөн бөлүнүп чек арада жатып, карай баштадык. Чек арада жайгашкан айылдардагы малы көп үйлөрдүн атканасындагы акырларда да жатып жүрдүк. Уурулук биз жаткан үйдөн үч-төрт үй нары жакта болуп жатты. Натыйжада ууру кармалды.

А.Керимбеков: «Милиция уурудан акча алгыча атынып өлгөнү жакшы»

Аксы районунун ички иштер башкармалыгынын башчасы Абдрашит Керимбеков менен байланышып, кээ бир суроолорго жооп алдык.

- Мал уурулук көбүнчө кайсыл аймактарда болуп жатат?

- Мал уурулук Күлүк-Дөбө, Ак-Дөбө, Кош-Дөбө, Падыша-Ата тараптарга караганда Кара-Жыгач, Тегене, Жаңы-Жол тараптарда аз катталат. Падыша-Атага баратканда жолдун бир жагы Кыргызстан, бир жагы Өзбекстан. Өзбекстандан 10-15 бала чыгат экен да, Кыргызстанда жүргөн малды айдап кирип кетет экен. Мындай факт 3-4 жолу катталды.

- Уурулар кармалдыбы?

- Өзбекстандын эки жараны мал уурулук менен кармалып, азыр бизде олтурат. Милициянын жардамы менен Кыргызстандын балдары Өзбекстанга кирип кеткен жети баш малды алып чыкты. Өзбекстанда жашаган Айбек аттуу ууруну алардын милициясына айтып карматып берсек, бизге келген маалымат боюнча, биздин акча менен 200 миң сомдун тегерегинде пара алып Россияга качырып жиберишкен экен. Ал эми Кыргызстандан кармалган А.И. биз менен соттошуп жүрөт. Биринчи күнү ал мал уурдаганын мойнуна алган, аны эч ким урган да эмес, сабаган да эмес. Тергөөдө эки адвокаттын, алты райондук депуттаттын көзүнчө кылмышын мойнуна алган.

-
Ал азыр сиздерде кармалып турат да?

- Биздин сот камап берген. Бирок Жогорку Соттон токтом чыгартыптыр, «убактылуу уй режиминде кармалсын» деген. Үйүнө милиция кызматкерлери барганда жок болууда.

- Ууруларды кармоодо эмне тоскоол болууда?

- Биздеги көйгөйдү президент келсе да айтайын деп атам. Кыргызстан менен Өзбекстандын оперативдик кызматтарына чектеш аймактарда иш жүргүзгөнгө уруксат алып бербесе болбойт. Начальник менен уч кишиге уруксат берип койсо, ошол жакка коркпой түшүп, ошолордун эле менен мыйзамы менен кылмышкерлерди кармасак дейм да. Мен бир сыр айтайын, азыркы эреже боюнча мени ал жакка алып кирип кетип кармаганы үчүн алардын сыйлыкка деген бир «Тико» машинасы экен. Бир милиция же бир солдат алып кирип кеткени үчүн сыйлык катары бир «Тико» берилет экен. А бизде болсо «Тико» бермек тургай: «Эмнеге алып кирдиң?» - деп жогору жактан телефон чалып: «Коө бер эле коө бер, ал деген батага келген, тиякка келген, биякка келген» - деп турушат.

- Былтыр мал уурулуктун бетин ачуу кандай болгон?

- Бир жылкы жетимиш-сексен миң сом турат экен. Алар болсо жарым баасына сатып атышат. Былтыр мен келгенде Кош-Дөбө айылынын Сары-Жайык деген жеринен 82 мал уурдалган экен. Кылмышка шектүү деп Январбек аттуу, кличкасы «Бобби» деген бала издөөдө жүргөн болчу. Май айында «үйүндө жүрөт» деген маалымат түштү. Оперлерди Авлетимге жөнөтсөм, жайлоого кеткен экен. Жайлоодон издеп таап, «биз милицияданбыз, сен кармалдың» дегенде, милиция кызматкерлерине ок аткан. Ок атышуунун негизинде ал бала каза болуп калды. Элдин көзүнчө биз тапанчасын алдык. Туугандары «тапанчаны милиция кызматкерлери колуна карматып коюшкан» деп чыгышты. Анын шеригин издеп жүрүп, Бишкектен кызы менен борбордук аянтта ойноп аткан жеринен кармап келишти. Чөнтөгүнөн табылган флешканы ачып карасак, «Бобби» так ошол милицияга ок аткан тапанча менен сүрөткө түшкөн экен. Ошондон кийин «Боббинин» ата-энеси унчукпай калды.

- «Милиция кызматкерлери «ууруну кармадык» деп эле, анан кайра чыгарып жиберет» дешет…

- Уурудан акча алдың дегиче элдин сага болгон ишеними кетет. Сот чыгарып жиберсе, «милиция чыгарып жиберди» деген ой калат экен, элде. Милиция кармап берет, чыгарганга укугу жок. Чыгарабы же чыгарбайбы, аны сот чечет. Ачык эле айтайын, бизде сот, коррупция күнөөлүү. Мен ушул жерденмин. Бул жакка иштегени келгем, атамдын аты, өзүмдүн атым уят болбошу керек. Мындайга жол бербеймин. Чындык керек, милиция уурудан акча албайт, эгер бирөө «ушул уурудан акча алды» деп бир факт менен айтса, мен азыр эле иштен кетем. Уурудан акча алгандан көрө, ошол милиция өзүн өзү атып, өлүп алганы жакшы. Короодогу тоогуңдун бирөө жок болсо эле канча ичиң ачышат, он жылкы уурдаткандар кан кусуп атышат да. Жоготкондор да күнөөсүн мойнуна албайт. Ушунча көп малы туруп, бир кароолчу алып койсо болот да.

Сандар эмне дейт?

Аксы району боюнча 2010-жылы мал уурулук боюнча 30 кылмыш иши козголуп, анын 28инин бети ачылган. 12 ай ичинде 15 уй, 10 жылкы, 166 кой уурдалган. Булардын жалпы зыяны 1465500 сомду түзүп, анын ичинен 380000 сомдук чыгаша мал ээлерине кайтарылып берилген.
2010-жылдын биринчи кварталында 9 кылмыш иши катталып, анын ичинен 4 кылмыштын бети ачылган. Ал эми 2011-жылдын биринчи кварталына 15 кылмыш иши катталып, анын 13 бети ачылган. Баары болуп 32 баш мал уурдалган.

Рахат Ашырматова,
атайын "Кабар" үчүн,
7 июнь 2011 жыл.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу