Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
03/06 12:33
 

Жер титиресе да, эл титиребесин

Кыргызстан табият кырсыктарынан улам жыл сайын 35 миллион долларга жакын зыян тартып турат. Ал эми былтыркы июнь коогалаңындагы орду толгус жоготууларды айтпаган күндө да, Ош менен Жалал-Абадда өрттөнгөн үйлөрдү калыбына келтириш үчүн эле 18 миллион доллар жумшалган. Жаратылыш кырсыктарынан жыл сайын оңбогондой зыян тартып, ал аз келгенсип улут аралык кагылышуунун жаратынан жаңы баш көтөрүп келаткан бул эки аймак мамлекеттин өзгөчө камкордугуна муктаж.

Жакында «Массалык маалымат каражаттарында бюджеттик теманы чагылдыруу» деген долбоордун алкагында Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын журналисттери үчүн Ош шаарында «Өзгөчө кырдаалдарда жабыр тарткандарга мамлекеттик жардам» аттуу басма сөз сессиясы болду. Аны Дүйнөлүк Банк, Орто Азиядагы университет, Кыргыз фондулук биржасынын басма сөз клубу, Саясий өнүгүү институту, «Бюджеттин айкындуулугу» альянсы каржылады.
Аталган басма сөз сессиясында «Бюджеттин ачык-айкындыгы үчүн» альянсынын эркин эксперти Турат Азымбакиев сөз сүйлөдү. Ал өзгөчө кырдаалдарга кабылган жарандарга мамлекеттин берип жаткан жардамы жана чукул кырдаалдардын алдын алыш үчүн жергиликтүү бюджеттен сарпталган каражаттар боюнча кеңири айтып берди. Адистин айтымында, быйыл Кыргызстандын түштүгүндө жыл башынан тартып 15-майга чейин 62 чукул кырдаал катталып, андан 35 адам каза таап, тартылган зыяндын жалпы суммасы 70 миллион сомго чыккан. Ушул убакыт ичинде жер титирөө, сел, суу каптоо, чоң өрт сыяктуу кырсыктар эң көп зыян алып келген. Акыркы төрт жарым ай ичинде 7 жолу жер титиресе, анын баары Ош облусунда катталган. Натыйжада жер титирөөнүн кесепетинен улам мамлекет 41 миллион 80 миң сомдук зыянга учураган. Сел алып, суу каптаган кырсыктардан Жалал-Абад облусунда 9, Баткен облусунда 5, Ош облусунда 4 окуя катталып, зыяндын жалпы суммасы 22 миллион 944,4 миң сомго жеткен. Баткен облусунда болгон чоң өрт кырсыгы да 2 миллион 496,5 миң сомдук зыян тарттырган.
- Жыл сайын Кыргызстанда жер көчкү жүрүп, сел алып, суу каптаган 200-300 табият кырсыгы жана 3 миңге жакын жер титирөө катталып турат. Мындан тышкары, Совет мезгилинде уран калдыктары көмүлгөн жерлерде акыбал кооптуу. Жалпысынан жыл сайын табият кырсыктарынын айынан мамлекет 35 миллион долларга жакын зыянга учурап турат, - дейт эркин эксперт.
Ал эми 24-май күнү Жогорку Кеңештин каржы жана бюджет комитетинин өзгөчө кырдаалдардын коркунучун алдын алуу боюнча ачык парламенттик угумунда табигый кырсыктардан Кыргызстан жылына 37 миллион доллар зыян тарта тургандыгы айтылган. Быйыл биринчи кварталда эле 122 табигый кырсык болуп, алар 51 миллион сомдон ашык зыян алып келген. Ушу тапта 10 миңден ашык киши мамлекеттин жардамына муктаж болуп турат. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин муктаждыгы үчүн 2009-жылы 300 миллион сом бөлүнгөн. Бирок, чукул кырдаалдарга бөгөт коюш үчүн 6,5 млрд. сом талап кылынат. «Республикалык бюджеттин тартыштыгы ошол учурда мындай сумманы бөлүп берүүгө мүмкүнчүлүк бермек эмес, азыр да андай мүмкүнчүлүк жок. «Ар-Намыс» фракциясынын лидеринин орун басары Акылбек Жапаров табигый кырсыктарга бөгөт коюу багытында ар бир айыл округунда механизацияланган отряддарды түзүүнү сунуш кылды», - деди Т. Азымбакиев.
КР өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев 27-майда өткөн жыйында «табигый кырсыктардан жапа чеккендерге акчасын бербей эле, мүмкүн болсо өзүбүз мажбурлап туруп үйлөрүн салып берсек жакшы болот эле» деген оюн айтты. Себеби, табигый кырсыктардан жабыр тарткандар мамлекеттен 200 миң сомдук ссуданы алып алып, аны өздөрүнүн керектөөсүнө жумшап, үй салбай койгон учурлар да көп кездешип жатканын баамдоого болот.
Журналисттер үчүн Ошто өткөн басма сөз сессиясында Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директорунун орун басары Каданбай Бактыгулов чыгып сүйлөдү. Ал былтыркы июнь коогалаңында күйүп кеткен үйлөрдү калыбына келтирүү багытында аткарылып жаткан иштерге токтолду. Анын айтымында, Базар-Коргон районундагы коогалаң убагында өрттөнүп кеткен үйлөрдү калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканда, табигый кырсыктардан жапа чеккен үй-бүлөлөр 7-8 жылдан бери ссуда ала албай жүрүшкөнүн айтып арызданышкан. «Эмне үчүн биз табигый кырсыктан жапа чегип, жашаганга үйүбүз жок, колубузда ссуда үчүн сертификат бар экенине карабай, мамлекеттен акча ала албай жүрсөк, силер үйлөрү өрттөнүп кеткендерге үйлөрүн кайра бир заматта салып берип жатасыңар?» - деп нааразы болушкан. Алардын талабы менен мамлекеттен ссуда ала албай жүргөн жарандарга былтыр 850 миң сом бөлүнүп берилген. Акыркы 10 жылда жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан мындай үй-бүлөлөрдүн саны 8 миңден ашкан. Эми ошол көп жылдан бери ссуда алуудан кыйналып жүргөндөрдүн проблемасы келерки жылдын аягында бүтөөрүн А.Атамбаев өкмөттүн жыйынында билдирген.
Былтыркы июнь коогалаңында күйүп кеткен турак үйлөрдү калыбына келтирүү максатында КР өкмөтү «Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактарында обьектилерди курууда жана калыбына келтирүүдө жабыр тарткан адамдарга мамлекеттик жардам көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө» токтом кабыл алган. Бул токтомго ылайык, жабыр тарткан үй-бүлөлөр жалпы аянты 100 чарчы метрге чейин болгон турак үйлөрүн калыбына келтирүүгө жана курууга 200 миң сомго чейин пайызсыз узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссуданы ыктыярдуу түрдө ала алышат. Ссуда төлөм мөөнөтүн үч жылга узартуу менен 20 жылга берилет. Жабыр тарткан киши ссуда алуудан баш тартса ага жогоруда сөз болгон токтомго ылайык 50 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз жардам сунуш кылынат.
- Мамдирекциянын ишинде дал ушул ссуда жана кайтарымсыз жардам берүү баарынан көбүрөөк кыйынчылыктарды жаратты. Ссуданын жана компенсациянын өлчөмү жер тирөөдөн, жер көчкүдөн жана селден жабыр тарткан үй-бүлөлөргө 200 миң сомго чейин ссуда жана 50 миң сомдон кайтарымсыз жардам берилген мурунку жылдардагы тажрыйбадан алынды. Бирок ошол мамлекет тарбынан берилип жаткан ссуданы алуудан баш тарткандар Ош облусунда жана шаарында көп болду. Бул ишти бирөөлөр атайын биздин ишке тоскоолдук кылыш үчүн уюштурушту окшойт. Ошентип, көпчүлүгү түшүнбөстүктөн: «Мамлекет акча берсе, кийин кайра алып коёт экен» - деген туура эмес ойлордон улам ссуда менен кайтарымсыз жардамды алуудан баш тартышты. Ошондой болсо да 2011-жылдын 4-январына карата республиканын түштүгүндө июнь окуяларында жабыр тарткан 1 миң 688 үй-бүлөгө мамлекет 120 млн. 300 миң сом өлчөмүндө жеңилдетилген ссуда жана кайтарымсыз жардам берди. Анын ичинен Жалал-Абад облусунда 171 үй-бүлө ссуда, ал эми 256 үй-бүлө кайтарымсыз жардам алды. Ош облусунда 46 үй-бүлө ссуда, 585 үй-бүлө кайтарымсыз жардам алыш үчүн документт тапшырды. Ош шаарында 44 үй-бүлө ссуда алса, 586 үй-бүлө 50 миң сомдон мамлекеттен жардам алды - дейт К.Бактыгулов.
Мындан тышкары, К.Бактыгулов донордук уюмдар олуттуу салым кошуп жатышканын белгиледи. Анын айтымында, донорлордун көмөгү менен 4 ири долбоор ишке ашып жатат. Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен 10 миллион долларга Ош жана Жалал-Абад шаарларынын көчөлөрү оңдолууда. Дүйнөлүк Банк бул эки шаарды суу менен камсыз кылууга жана санитардык абалын жакшыртууга 12,5 миллион доллар бөлгөн. Ал эми Азия Өнүктүрүү Банкы жалпысынан 60 миллион доллар бөлсө, анын 28 миллиону убактылуу үйлөрдү курууга жумшалган. Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүүгө чет өлкөлөр да көмөктөшүп жатат. Алсак, Түркия ТИКА уюму аркылуу 11 миллион доллар бөлүүнү караган. Ага Ош жана Жалал-Абад шаарларында облустук ооруканалар салынат. Мындан тышкары, Ош шаарында «ШКУ» деп аталган кичи районду куруу пландаштырылууда. К. Бактыгулов Россия менен Кытай буга макулдук беришкенин, Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген башка мамлекеттер менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.
Былтыркы июнь коогалаңында Ош менен Жалал-Абадда өрттөнгөн үйлөрдү калыбына келтирүүгө 18 миллион доллар жумшалган. Жалпысынан Ош жана Жалал-Абад облустары менен Ош шаарында 1 миң 780 турак үй курулган. Турак үйлөрдүн 39 пайызы Ош облусунда, 22 пайызы Жалал-Абад облусунда, 39 пайызы Ош шаарында жайгашкан. Мындан тышкары, учурда көп кабаттуу 24 үй курулуп жатат, аларда жалпы жонунан 1 миң 536 батир болот. Анын ичинде 1 миң 286 батир Ош шаарында, 160 батир Жалал-Абад шаарында, 120 батир Кара-Суу районунда, 24 батир Базар-Коргон районунда пайдаланууга берилет.
Июнь коогалаңында Ош жана Жалал-Абад облустарында 2 миңден ашык обьект, 2010 ишкер жабыр тарткан. Жабыр тарткан ишкерлердин баарына мамлекет 50 миң сомдон жардам берет. Ал эми ишкерлердин жабыр тартканына карап, үч категорияга бөлүп ссудалар берилет. Ош шаарында Р.Абдыкадыров атындагы филармония, С.Ибраимов атындагы кыргыз драма театры, Бабур атындагы өзбек драм театры, «Семетей» атындагы кинотеатр, Жалал-Абад телерадиокомпаниясы (ЖТР) коогалаңда өрттөнүп кеткендиктен, мамлекеттик дирекция аркылуу кайрадан оңдолуп, пайдаланууга берилген.

Анархан Жаңыбаева,
Жалал-Абад шаары,
3 июня 2011 года.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу