Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
31/05 19:52
 

Кыргызстанга үчүнчү муундагы биолаборатория керекпи?

2008-жылдын 22-августунда Бишкекте биологиялык коргоо жана билогиялык коопсуздук багытында кызматташуу боюнча Кыргызстан менен Канаданын ортосунда өкмөт аралык макулдашуу түзүлгөн. Макулдашуунун алкагында Бишкекте BLC-3 аттуу үчүнчү муундагы биолаборатория куруу боюнча келишимге кол коюлган.
Кыргыз өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-майындагы токтому менен лабораториянын курулушуна Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан, Улуттук илимдер академиясынын балансындагы 4 гектар жер үлүшү бөлүнүп берилген. Канада анын курулушуна 2008-жылкы келишимге ылайык 40 миллион канада долларын бөлө турган болсо, бүгүнкү күндө каржы маселесине өзгөртүүлөр киргизилип, анын суммасы 60 миллион долларды түзүүдө.
Лабораторияны Бишкектеги Гареев атындагы ботаникалык бакта курууга шаар тургундары нааразылыгын билдиришкен, алардын ар кандай нааразылык акцияларынан соң жакында Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаев биолабораториянын курулушуна башка жер үлүшүн бөлүп берүү боюнча буйрукка кол койду.
Кыргыз өкмөтү: «Канада өкмөтү Кыргызстанда биолаборатория куруу менен Кыргызстанга чоң жардам көрсөтүүдө. Бул долбоор коопсуз жана экологиялык жактан таза. Мындай объектилер Астанада жана Ташкентте да бар. Кыргызстанда эл аралык аккредитациядан өтпөгөн биолабораториянын жоктугунан улам биз коңшу өлкөлөрдөн 10 жыл артта калып, жугуштуу оорулар боюнча абалды жакшырта албай келебиз. Бул долбоорду ишке ашыруу менен Кыргызстан биологиялык коопсуздугун жана биологиялык коргоо боюнча позициясын чыңдап, санитардык-эпидемиологиялык, эпизоотикалык абалды толугу менен көзөмөлдөй алмак», деген билдирүү жарыялаган.
Бирок мындай билдирүүлөргө карабай, учурда анын курулушуна макул болгондорго караганда каршы чыккандар көп болууда. Каршы чыккандардын ичинде Кыргызстандагы «Кыргызстан жаштары», «Антивирус», «Жаштар кеңеши» деген уюмдардын өкүлдөрү бар.
«Биз өлкөнүн аймагында биолаборатория курууга каршы болгон кыргызстандыктардын колун топтоодобуз. Кыргызстан менен Канаданын ортосунда түзүлгөн келишимди жокко чыгарууга бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Ал жакта авария болгон маалда миңдеген атуулдардын ден-соолугуна зыян алып келет», - деди «Жаштар кеңеши» коомдук бирикмесинин төрагасы Бекназар Айталиев.
Ал эми Бириккен улуттук кыймылдын мүчөсү Бактыбек Раимжанов Кыргызстанда үчүнчү муундагы биолаборатория куруу менен Канада мамлекети өзүнүн кызыкчылыгын көздөп жаткандыгын айтты. «Кыргызстанда биолаборатория куруу боюнча келишим эки өлкөнүн ортосунда жашыруун түзүлүп, коомчулукка быйыл эле маалым болду. Өз кезегинде биздин кыймыл анын курулушуна жол бербейт», - дейт Б.Раимжанов.
Ал 2006-жылы түзүлгөн келишимде «импорттук жана экспорттук азык-түлүктүн сапатын текшере турган эле лаборатория курулат» деп белгиленгендигин, бирок 2008-жылдагы өкмөт аралык келишимге өзгөртүүлөр киргизилип, анын функциясы алмашканын айтты.
«Келишимди кылдаттык менен окуп чыктым. Анда Кыргызстандын кызыкчылыгы корголгон эмес. Техникалык авария болсо ага биз жооп беришибиз керек экен. Бизге коркунучтуу штаммдар менен вирустарды сактоочу жайдын кереги жок, кыргызстандыктар канадалыктардын оюнчугу болууну каалабайт, ал мамлекеттин коопсуздугуна кедергесин тийгизет», - деди Б. Раимжанов.
Биолабораториянын курулушунун мыйзамдуулугун аныктоо боюнча Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары эркин эксперттерден турган жумушчу комиссиясын түзүшкөн. Б.Раимжановдун жогоруда айтылган маалыматын комиссиянын төрагасы Камчыбек Узакбаев дагы тастыктап, Бишкек шаардык кеңешинин 24-сессиясында биолабораториянын курулушу боюнча келишим тууралуу маалымат жарым жыл мурун эле коомчулукка жарыяланганын айтты.
«Бириккен кыргыз атуулдары» уюмунун жетекчиси Дайырбек Орунбеков лабораторияны келишимге ылайык 7 жыл бою канадалыктар иштетээрин, кайсы бир деңгээлде канадалыктар ал жакта өз кызыкчылыктарын аткарышы мүмкүн экендигин айтат. «Жабык лабораторияга эмне алып кирип, эмне алып чыгып атканы белгисиз болот. Мына ушундай тобокелчилик менен курулган лабораториянын бизге кереги барбы? Анда 25тен ашык вирустар жана штаммдар (патоген) чет жактан алынып келип иштетилет экен. Карап көрсөк жаңы биологиялык куралдарды өндүрүүгө барышы толук мүмкүн. Андыктан мындай коркунучтуу тобокелчиликке барбай койгон туура болот», - дейт Д.Орунбеков.
Ал эми Кыргызстандагы Эркин экспертиза жана баа берүү борборунун өкүлү Наталья Кулматова бардык жагдайды иликтеш үчүн чет жактан тартылган эксперттер менен бирге өз алдынча комиссия түзүп, ага юристтер, экологдор, вирусологдор, сейсмологдор, биологдор жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү кириши керек деп эсептейт.
«Үчүнчү муундагы BSL-3 биолабораториясы Кыргызстанга эч бир пайда алып келбейт. Ал жабык объект катары иштеп, штаммдарды жана вирустарды сактоочу, илимий тажырыйбаларды жүргүзүүчү жай болот. Эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык Канада жети жыл бою Кыргызстанга штаммдар менен вирустарды экспорттойт жана импорттойт. Анда иштеген канадалык кызматкерлердин баары элчиликтин кызматкеринин статусуна жана дипломатиялык кол тийбестикке ээ болушат. Келишим боюнча Кыргызстан анын ишин көзөмөлгө ала албайт, кандайдыр бир чечимдерди чыгаруудан четтетилет. Биздин кызыкчылыктар эске алынган эмес», - дейт Н.Кулматова.
Эксперттер лабораторияны иштетүүгө жыл сайын 400 миң доллар талап кылынаарын айтышып, учурда иштеп жаткан биолабораторияларды жаңыртуу эле зарыл экендигин билдиришти. Жаңыртуу боюнча Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин статс-катчысы Нурлан Дүйшеев биздеги биолабораториялар эл аралык стандарттарга жооп бербей тургандыгын, аларды эл аралык аккредитациядан өткөрүү мүмкүн эместигин билдирди.
Н.Дүйшеев жогоруда анын курулушуна каршы чыгып жаткандардын баары айтылган сөздөрүн факт жүзүндө тактап бере албастыгын айтса, Кыргызстандын башкы санитардык врачы, саламатттык сактоо министринин орун басары Сабиржан Абдикаримов биолабораториянын курулушу саясый өңүткө түшүп, кандайдыр саясый күчтөрдүн кызыкчылыгы үчүн жасалып жаткан иш-аракет экендигин айтат.
«Биолабораториянын курулушуна каршы чыккандар «республиканын аймагына чет жактан оорулардын козгогучтарын алып келишип, илимий иштерди жүргүзүшүп, аны кыргызстандыктарга каршы пайдаланышы мүмкүн» дешүүдө. Ал такыр туура эмес, өкмөттүн макулдугу болмоюн Кыргызстандын аймагына бир да оорунун козгогучу алынып келинбейт. Бул маселе баардык мамлекеттерде жогорку көзөмөлгө алынган», - дейт Н.Дүйшеев.
Ал үчүнчү муундагы биолабораторияны Кыргызстан өз алдынча кура албастыгын, ага каражаты жетпей тургандыгын белгиледи. «Анын курулушу менен Кыргызстандын азык-түлүк өндүрүмдөрүн сыртка экспорттоого мүмкүнчүлүк көбөйөт. Жакын турган эле Казакстан эттин экспорттолушуна тыюу салып, биз көптөгөн анализдерди жүргүзүп, малдагы жугуштуу оорулардын жоктугун аныктаган документтерди берсек, биолабораториялардын сапатынын төмөндүгүн белгилеп, эспортко уруксат бере элек. Казакстандыктар бизге жеңилдик кылыш үчүн сүт азыктарынын экспорттолушуна макулдук беришти. Казакстан сүт азыктарын чыгаруучу ишканалардын бардык өндүрүмдөрүн өзүндөгү лабораторияда текшерип, реестрин түзүп койгон», - деди Н.Дүйшеев.
Статс-катчы лабораториянын жылдык каржылоосуна кайрылып, «ал жакта Саламаттык сактоо, Айыл чарба министрликтеринин жана Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү иштешет. Бүгүнкү күндө бюджетке илимий иштер үчүн каражат каралган, бул каражат даректүү түрдө эле лабораторияга которулат. Канадалыктар пайдаланууга берген соң үч жыл ичинде биздин адистерге ал жакта иштөөнү үйрөтүшөт. Мындан тышкары, анын иштеши үчүн донорлорду да тартса болот», - дейт Н.Дүйшеев.
Мамлекеттик эпидемилогиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Курманбек Өмүралиев биолаборатория зарыл экендигин, учурда Бишкекте иштеп жактан 7 лабораториянын абалы өтө оор экендигин, алардын баарын жаңы курула турган биолабораторияда бириктирсек, ал тургундардын жана ал жакта иштеп жаткандардын коопсуздугун камсыздай тургандыгын билдирди.
«Бишкекте Кооптуу инфекциялар боюнча респубилкалык борбор бар. Ал жакта адистер чума, сибир жарасы, холера, селейме, бурцеллез, кургак учук ооруларынын козгогучтары менен иштешет. Бирок алардын коопсуздугу эң төмөнкү деңгээлде, зарыл болгон техника, сактоочу жай менен камсыздалышкан эмес. Ушул себептен бизге BSL-3 биолабораториясы абдан зарыл», - деди ал.
Канада өкмөтүнүн тышкы иштер жана эл аралык соода департаментинин өкүлү Тревор Смит: «Биолабораториянын курулушу боюнча кээ бир кыргызстандыктардын каршылыгын уктук. Бирок курулуш тууралуу толук маалымат албай туруп ага каршы чыгууга болбойт. Ушул себептен улам биз биолабораториянын иштеши тууралуу видеоролик тартканбыз. Анда ошондой эле башка мамлекеттердеги лабораториялардын иши тууралуу да маалымат бар», -  дейт.
Бишкек шаардык кеңеши тарабынан түзүлгөн комиссия Кыргызстан менен Канаданын ортосундагы биолаборатория тууралуу макулдашууну кайрадан карап чыгууну талап кылышты.
Ал эми Жогорку Кеңештин вице-спикери Асия Сасыкбаева биолаборатория Кыргызстанга керек экендигин, бирок жарандык коом анын кооптуу жагдайлары тууралуу эскертип жатканын белгилейт. «Коркунучтар - техногендик авария, террористик актылар, авария болгон учурда шашылыш түрдө биздин медиктер жардам көрсөтө албай, ал чоң катастрофага алып келиши мүмкүн экендиги. Бир четинен анын иштетиш үчүн канча деген каражат керек», - дейт вице-спикер.
Баарынан кызыгы, ушунча чуу көтөрүп жаткан келишимдин текстин өкмөт да, жарандык коом өкүлдөрү да ачыкка чыгара элек. Чындап эле ал келишимде «авария болсо Канада тарап жооп бербейт» же «КРга коркунучтуу инфекциялар ташылып келип текшерилет» деген зыяндуу жерлери барбы? Болсо андай келишимге кыргыз тараптан ким кол коюп, сүйлөшүүлөрдү ким жүргүзгөн? Келишимдин аткарылышына ким жоопкерчиликтүү болот?
Мына ушул сыяктуу бүдөмүк суроолордун башы ачылмайынча бул чатактын токтой турган түрү жок. Демек, кандай болгон күндө да өкмөт бул келишимди кыргыз жарандарынын алдына ачыкка чыгарып, жогорудагы суроолорго ачык-айкын жооп бериши керек. Ансыз бул маселе чечилбейт.
«Кабар» маалымат агенттиги жакын арада келишимди таап, бул багытта иликтөө жүргүзгөнгө аракет кылат.

Махабат Момуналиева, «Кабар»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу