Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
31/05 16:29
 

«Jamestown”: ЖККУ чыңдалууда, бирок анда мурдагыдай эле пикир келишпестиктер бар


Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан менен Өзбекстан ( Кыргызстан мүчө болгон жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) аскердик кызматташтыкты чыңдоо жолу менен борбордук Азиядагы коопсуздук проблемаларын чечүүгө милдеттенген. Россиянын аскердик төрөлөрү коргонуу кызматташтыгын күчөтүүгө ЖККУ мүчөлөрүн чакырышты. ЖККУ өлкөлөрүнүн коргоо жагындагы бирдиктүү саясаты Борбордук Азиядагы жагдайды турукташтырууга көмөктөшөт, деп белгиледи Россиянын аскер күчтөрүнүн башкы штабынын аскердик жана стратегиялык изилдөө борборунун башчысы Сергей Чекинов.
Ички жана тышкы факторлордун комбинациясына, чет элдик кийлигишүүлөргө да байланыштуу аймак дестабилдешүүгө дуушарланышы мүмкүн, деп айтты ал Москвадагы тегерек үстөлдө. Батыш державалары коопсуздук боюнча аймактык уюм катары ЖККУнун өнүгүшүнө тоскоолдук кылууга аракеттенишет, демек, ЖККУга мүчө өлкөлөр өздөрүнүн аскердик кызматташтыгын тышкы саясый координациясын кеңейтүүгө тийиш, деп айтты Чекинов.
13-апрелде ЖККУ башкы катчысы Николай Бордюжа бул уюм Ливиядагы тынчтыкты орнотуу ишине өз салымын кошушу мүмкүн деп айтты. Ошондой эле ал зомбулукту токтотууга жана Ливияда аскердик күчтү мындан ары пайдалануудан токтой турууга чакырды. Ал тургай ЖККУ уюмду кеңейтүү планын да айтты. 5-майда Россиянын маалымдоо агенттиктери ЖККУ булактарынын ушул топко Сербиянын курулушу пландаштырылып жаткандыгы жөнүндөгү сөзүнөн цитата келтиришкен. Булактардын сөзү боюнча бул маселе июнда талкууланышы да мүмкүн.
Өткөн айда ЖККУ бириккен жаңы топту таратуу тууралуу жарыялаган. 27-апрелде ЖККУ жамааттык тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү (ЖТОК) түзүү процесси аяктагандыгын жарыялаган.
ЖККУга катышкан бардык өлкөлөр эл аралык тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү түзүшкөн жана ЖТОКто 4200 жоокер бар, деп жарыялады Бордюжа Москвада ЖТОКту түзүү процесси көп убакытты алган. 2011-жылдын январында Бордюжа ЖТОК 2010-жылдын аягында түзүлүшү керек эле деп айткан. Тынчтыкты колдоо күч аракетинен тышкары ЖККУ үзгүлтүксүз аскердик машыгуулар жол менен өз ойлорун бекемдөөдө. 27-апрелде Бордюжа быйылкы жылы тез аракеттенүүчү күчтөр Арменияда, Казакстанда, Кыргызстанда, Россияда жана Тажикстанда машыгууларды өткөрөөрүн жарыялады. Бүгүнкү күндө тез аракеттенүүчү күчтөрдүн саны 19 миң жоокер.
Жакындагы кризиске жана туруксуз жагдайга карабастан Кыргызстан өз аймагында ЖККУнун аскердик машыгуусун өткөрүүгө макул болгон. 23-апрелде өлкөнүн коргоо министри ЖККУнун тез аракеттенүүчү күчтөрү аскердик машыгууларын 2011-жылдын 5-июлунан 8-июлуна чейин Чүй облусунун Аламүдүн районунда өткөрүшөт. Мындан тышкары ЖККУ аскердик пландаштырууну тыгыз координациялоону жактоодо. 14-апрелде ЖККУ өлкөлөрүнүн башкы штабдарынын башчылары Коргоо министрлер кеңеши үчүн көмөкчү катары аскердик комитетти түзүү жөнүндө келишимге келишти. Жаңы комитеттин негизги милдети уюмдун аскердик компонентин андан ары өнүктүрүү болмокчу.
ЖККУга мүчө мамлекет башчылары 2010-жылдын декабрында Москвага согулушкан. Саммиттин жүрүшүндө жалпысынан 33 келишим жана чечим кабыл алынып, ага кошумча ЖККУнун негизги келишимине түзөтүүлөр киргизилип жана кризисти жөнгө салуу боюнча беш келишим кабыл алынган.
Өткөн жылдын декабрында Беларусь ЖККУнун жыл сайын алмаштырылган төрагасынын ролун өзүнө алган. 2009-жылдын июнунан тартып Минск ЖККУга төрагалыктан баш тарткан жана Москва менен экономикалык пикир келишпестиикке байланыштуу тез аракеттенүүчү күчтөр боюнча бүтүмдү кабыл алууда калыс болгон. Ушуга байланыштуу Россия ЖККУда “Убактылуу төрагалыкты” өзүнө алуугаа мажбур болгон. Бирок өткөн жылдын аягында Россия менен Беларустун ортосундагы пикир келишпестиктер бир топ деңэгээлде чечилген болучу.
Мурдагыдай эле ЖККУ дүйнөлүк ролго жана таасирдүүлүк абалга аракеттенген сыяктанат. ЖККУга катышкан өлкөлөр БУУнун тынчтыкты орнотуучу күчтөрүн колдогондуктары жөнүндө көпкө ынандырышкан. 22-апрелде Бордюжа ЖККУ менен БУУнун ортосунда кызматташтык боюнча стратегиялык планды иштеп чыгуу жана кол коюу жагындагы пландарын айткан. Билдирүүдөн кийин БУУ башкы катчысы Пан Ги Мун менен жолугушуусу болгон. ЖККУ кыйла кеңири эл аралык ролго, анын ичинде эл аралык тынчтыкты орнотуучу операцияларга катышууга көптөн бери талаптанып келген.
НАТО менен карым-катнаштын жоктугу эч кандай ыңгайсыздыкты жаратпайт, деп айтып ал, аскердик эки блок баңги заттарын контрабандалоого каршы күрөштө кызматташа ала тургандыгын белгиледи.
Бирок, ЖККУнун ичинде кээ бир пикир келишпестиктер сакталып кала берүүдө. 2010-жылдын декабрында ЖККУ саммитинде Өзбек президенти Ислам Каримов ЖККУ тышкы коркунучтарга каршы күрөшкө күчүн топтоого жана мурдагы советтик мамлекеттердин арасындагы жаңжалды жөнгө салуу процессине кийлигипөөгө тийиш экендигин айтты. Ал уюм ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы жаңжалдарга аралашууга тийиш эмес. 5-майда Каримов өзүнүн Түркмөнстандык кесиптеши Гурбангулы Бердымухамедовго эки өлкө тең аймактык коопсудук маселесин бирдей көрүп тургандыгын айткан. Анткени Түркмөнстан көп жылдардан бери өзүнүн “бейтараптык” позициясын коргоп келген, мүмкүн Каримовдун билдирүүсү Өзбекстан да “бейтараптык” жагына ооп жаткандыгынан кабар берер, бул болсо тышкы саясатта жана коопсуздукту колдоодо ЖККУ жарыялаган максатка карама-каршы келгендигин көрсөтүүдө.
Москвада декабрда өткөн саммитте Өзбекстан кээ бир келишимдерге кол коюуда арабөк калган. Ал ЖККУ аскерлери жалпынын макулдугу менен гана жайгашуусу керектигин талап кылган жана бул аскерлер ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн арасында чыккан жаңжалдарды чечүүгө пайдаланууга тийиш эместигин көптөн бери талап кылган. Мына ошентип ЖККУ аймактык активдүү топ катары эл аралык олуттуу таасирге аракетин улантууда. Бирок, ЖККУ өлкөлөрүнүн ортосунда мурдагы пикир келишпестиктер биргелешкен натыйжалуу аракетке карата топтун жөндөмү менен мүмкүнчүлүгү чектелүү экендигин көрсөтүүдө
Сергей Благов 2011-жылдын 20-майы “Zpress.kg” дан которулду

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу