Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
26/05 17:18
 

Бишкек шаарынын мурдагы башкы архитектору Т.Кеңешов таза иштегенби же жокпу?

Бишкек, 26-май. 2011-жылдын 18-майында Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин коллегиясында Бишкек шаарынын башкы архитектору Төлөбай Кеңешовду кызматынан четтетүү маселеси каралып, ал көпчүлүктүн добушу менен ээлеген кызматынан бошотулган.
Бирок Кыргызстан архитекторлор союзу, башкалаанын архитекторлор жамааты Т.Кеңешовду кызматтан бошотуу саясый буюртма экенин айтып чыгышкан. КР архитекторлор союзунун төрагасынын орун басары Айгул Насирдинова аны кызматтан алуу чоң жаңылыштык экендигин айткан. «Кеңешов өз ишин мыкты билген адис, чыгаан архитекторлордун бири. Анын кызматка келиши менен бир топ иштер аткарыла баштаган. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин коллегиясынын чечиминде аны кызматтан кетирүү боюнча жүйөлүү бир да факт жок. Аны кызматтан алынышын биз саясый буюртма катары кабыл алабыз. Жогорудагы бийлик өкүлдөрүнө Кеңешовдун моюн сунбай койгону жаккан жок, алар бул кызматка «атка жеңил, тайга чак» кол баланы, алардын сөзүн эки дебеген адамды дайындашат», - деди ал.
Кыргызстан архитекторлор союзу өлкө жетекчиси Р.Отунбаевага, ЖК төрагасы А.Келдибековго, КР премьер-министри А.Атамбаевге, Бишкек шаарынын мэри И.Өмүркуловго, шаардык кеңештин төрагасы М.Алымкуловго кайрылуу жолдошкон. Анда алар Кеңешовдун кесипкөйлүгүн жогору баалап, коллегияда айтылган айыптардын бирөө да факты жүзүндө далилденбегенин, Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин директору Каныбек Нарбаев коллегиянын мүчөлөрү болгон А.Усубалиев, А.Абдыкаров, Т.Мамбетов жана У.Бекишовго кысым көрсөткөнү үчүн гана Кеңешовго каршы добуш берилгенин жазышкан. Мындан тышкары, анда К.Нарбаев өз кезегинде Ботаникалык бактан биолаборатория курууга жер үлүшүн бөлүп бергенин, ал Бишкектин башкы архитекторунун кызматында иштеп турганда Ата-Түрк сейил багында турак жайлары курулганын, Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевдин аялы Татьяна Бакиевага Ала-Арча суу топтомосунун жанынан жер үлүшү бөлүнүп берилип, элиталык шаарча түшкөнүн, ал эч бир нормага жооп бербей, таза суу колдонуучулар үчүн өтө эле кооптуу экенин да айтышкан.
Архитектор Бактыбек Тукаев элдик революциядан соң Кыргызстандын архитекторлор жана курулушчулар жамааты К.Нарбаевди кызматтан кетирүү, агенттиктин ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды жазып бийлик өкүлдөрүнө жолдошконун, бирок эч бир жооп болбой, Убактылуу Өкмөттөгү вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров өз жердешин кызмат ордунда калтырганын айтат.
Кыргызстанга эмгек сиңирген архитектор Урмат Алымкулов Т.Кеңешовдун кызматтан четтетилишине, ал адамдын жогору жактагылар үчүн кызмат кылбаганы себеп болгондугун айтты. «Кеңешов өз кесибин мыкты билген адис. Ал Россиянын Гагарин шаарында башкы архитектор болуп иштегенде аткарган ишин ал жердегилер жогору баалашкан. Курулуш тармагына саясат аралашканда шаар тургундары гана жапа чегишет. Т. Кеңешов бийликте иштеген чиновниктердин мыйзамсыз кадамдарына тоскоол болуп, сейил бактарга чектеш аймактардагы жерлерди курулушка берүүгө тыюу салган», - деди ал.
Ал эми учурда Архитектура боюнча Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Кубанычбек Абдуразаков Кеңешовдун кызматтан кетишинен эч кандай саясый себеп издөөнүн кереги жок экендигин билдирди. «Төлөбай Кеңешовдун кызматтан бошотулушуна бир нече себептер бар. Аны менен чогуу иштеген кызматкерлер орой мамилеси үчүн нааразы болуп арыз жазышкан. Тууган-тушкандарынын билими туура келбесе деле тегерегине кызматка кое берген. Анын кысымы менен мекемедеги чыныгы кесипкөй адистер кызматтан бошотулган. Алар Бишкектин өнүгүшүнө өз салымын кошуп, таза иштеген адамдар эле. Кеңешовдун кесипкөйлүгү тууралуу эч ким эч нерсе айта албайт, ал көп жыл бою бул тармакта иштеп, өзүн мыкты адис катары далилдеген», - дейт К.Абдуразаков. Бирок кызматка дайындалган кызматкерлердин аты-жөнүн, ээлеген кызматын сурай келгенде ал бул тууралуу так маалыматы жок экенин, факт жүзүндө аныктай албай тургандыгын кошумчалады.
Ал эми Архитектура боюнча Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын жаратылыш аймагы боюнча башкы архитектору Канат Анарбеков Кеңешов эркек-аялга, жашына карабай баарын сөгүп, кемсинткен учурлар болгонун айтууда. «Бизге буюртмачылардан да нааразылык каттар түшкөн. Алар өз өтүнмөлөрүнүн кароо мөөнөтү узакка созулганын белгилешкен», - дейт К. Анарбеков.
«Бирдиктүү терезе» борборунун жетекчиси Асхат Түлебердиев кээ бир документтер алардын борборуна түшпөй, түз эле жетекчиликке жетип ал жактан баары тез аранын ичинде чечилип келгенин айтты. ««Бирдиктүү терезе» борборунан сырткары кеткен документтер, чечимдер болду, бул мыйзам бузууга жатат», - деп кошумчалады ал.
Өз кезегинде Бишкек шаарынын мурунку башкы архитектору Төлөбай Кеңешов анын дарегине айтылган сөздөрдүн баары куру жалаа экенин айтты. «Бишкек шаарынын башкы архитекторунун милдетин аткаруучу Абдуразаков мени «өз туугандарын жогорку кызмат орундарга дайындап, чыныгы профессионалдарды кызматтан кетирген» деп айтууда. Ал сөздөрдүн биринде да чындык жок, мен аларды сотко берүүгө даярмын. Бишкек башкы архитектурасында мага жакын бир да киши иштебейт. 2010-жылы штаттык тизмекке ылайык эки кишини кызматка алдым эле, алар менин туугандарым эмес. Кызматтан эч кимди себепсиз кетирген эмесмин. Мекемеде коррупцияны жок кылуу максатында кызматкерлердин айлык акысын 25 пайызга жогорулатканмын», - деди Т. Кеңешов.
Ал бул кызматка 2010-жылы апрель окуяларынан соң дайындалган, бул убакыт ичинде аткарылган иштердин көлөмү 8 пайызга арбыган, мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан уюштурулган комиссия анын ишинде эч бир мыйзам бузууну тапкан эмес.
Бул чыр-чатактын аягы эмне менен бүтөөрү али белгисиз, анткени учурда жогору жактагылардын мындай майда ишти кароого убактысы да болбой турган чагы.

Махабат Момуналиева, «Кабар»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу