Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
20/05 18:16
 

Руханияттын Баба Дыйканы


(Акун Токтосартовдун бейнесине сүртүмдөр)

Акун Токтосартов мына айттырбай келген 70 жаштын астанасын аттап олтурат. Бул ар бир адам үчүн бактылуу, бакубаттуу, кутман курак болсо да, канткен менен калайыкка, өзүңө эсеп берип, «ким болуп, эмне иш бүтүрдүм», «элиме кандай кызмат өтөдүм», «турмушка кандай из калтырдым» дегендей олуттуу суроолорго жооп айтуучу орошон курак, ооматтуу мезгил.
90-жылдардын аягында өкмөттүк жооптуу кызматтан ардактуу эс алууга чыккандан кийин ал каада күтүп, калбаат басып, каламын жыйыштырып, төрдө жамбаштап жатып алса деле болмок. Бирок, ал анткен жок!
Дароо эле «өкмөттүк эмес уюм» дегенди ачып, анын пайдубалын түптөп, кышын кынай баштады. Ошондон бери «Руханият» уюмунун жасап келе жаткан иштери көпчүлүктүн көз кырында, мезгил сынында. Демек, мындан Акун акенин алысты көрө билген кыраакылыгын да, элдин иши дегенде «ичкен ашын жерге койгон» мээнеткечтигин да таасын көрүүгө болот.
Эгемендүүлүккө тушташ көз жарган бул туңгуч уюмдун мүдөө-максатын ал «рухий дөөлөттөрдү жаратууга көмөктөшүү» деп аныкташынан - анын көкүрөгүндө мурда эле көркөм, маданий, рухий дөөлөттөргө болгон, аны жаратуучу адамдарга болгон чиновниктик эмес, чыныгы күйөрмандык асыл сезим уялап келгендиги таамай сезилип турат. Ал, өзү бир ырында
жазгандай, «адам, өмүрү керемет экенин, анын кадырын адам али сезе элек»
экенин күлгүн курагынан эле таасын туйган экен.
Элдик ишенимде «Адегенде атын кой, анан тагдырын берем» деген Жараткандын жардыгы бар деп айтылат. Анын сыңарындай, атына заты жарашкан бул уюмдун «Руханият» деп аталышы тегин жерден болгон эмес. Себеби, эне тилибиздеги «рухий», «руханий» деген сөздөр «духовный» деген сын атоочтун да, «духовность» деген зат атоочтун да маани-маңызын туюнтуп келген. Мындай ачакей абалда накта зат атоочтук түшүнүктү туюнткан «руханият» деген сөздүн «төрөлүшү» эне тилибизди жаңы сөз менен байытып, жаңы билимди жараткан. Бул, чынында, «ишеним дегениң илгеркинин жомогу» деп керсейгендер үчүн да, «эне тилге кызмат кылып жүрөбүз» деп борсойгондор үчүн да, чоң сабак болчу окуя.
Сөз аркылуу кубулуштун жаңы кыры ачылат, жаңы таанымга жол салынат. Тил да, тааным да жаңы сөздөрдү, жаңы түшүнүктөрдү жаратуу менен гана өнүп-өөрчүйт. Акун Токтосартов ушул бир сөздү эне тилибизге киргизүү менен эле, өзүнө өлбөс-өчпөс эстелик тургузуп койгон десек болот. Бул сөз азыр эне тилибиздин алкагынан чыгып, тектеш тилдерге кеңири жайылып баратат. Ал маданий терминдин чегинен чыгып, философиялык, социалдык, саясий, педагогикалык термин катары кенири колдонула баштады. Атүгүл Казакстанда «Руханият» аттуу абройлуу саясий партия түзүлүп, мартабалуу университет ачылып, иштеп жатат. Бул сөз алиге биз так котормосун таба албай келаткан «светский» деген конституциялык түшүнүктүн да түпкү маанисин өз ичине камтып («руханияттуу»), төркүнүн так туюнта алат.

Кезинде бул сыйлыктар И.А.Каримов, Н.А.Назарбаев, С.Демирель, Х.Рафсанжани В.В.Путин, Б.Клинтон сыяктуу президенттерге, Т.Чиллер, Б.Бхутто сыяктуу премьер-министрлерге, Ф.Майор, А.Самаранч, Д.Сорос, Ф.Гюлен сыяктуу чет өлкөлүк коомдук ишмерлерге, Ч.Айтматов, Р.Отунбаева, С.Шарипов, С.Эралиев, С.Жусуев, Т.Касымбеков, Э.Турсуналиев сыяктуу элибиздин даңктуу уул-кыздарына, белгилүү илим-билим, маданият, басма сөз мекемелерине тапшырылган. Бул иш чаралар мамлекеттик саясат менен элдик дипломатиянын айкалышкан көрүнүшүнүн символу болуп, мамлекет өзүнүн бардык ишинде дал ушундай элдик колдоого таянганда гана иши илгерилей тургандыгы ачык көрүнгөн.

Совет мезгилинде А.Токтосартов компартиянын Борбордук Комитетинде адабият менен искусствону тейлеген сектор башчылык, Маданият министрлигинде биринчи орун басар, андан сон Министрлик кызматтарды аркалаган кезде да, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониянын директору, «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексинин генералдык директору болуп турганда да дал ушундай эле жоопкерчилик, компетенттүүлүк, ак жүрөктүк менен таза, так иштеген. Бөтөнчө «Манастын» 1000 жылдыгын өткөрүү мааракесинде кечеңдеп бараткан комплекстин курулушун колго алып, аны ыкчам, сапаттуу бүтүрүп, беш мамлекеттин президентин татыктуу тосуп алууга мүмкүндүк түзүлгөн.
Адамга баарынан кыйыны - өз мезгилинин адамы болуу», - деп Чынгыз Айтматов таасын аныктагандай, Акун аке ар убак өз мезгилинин адамы болуп, өз заманы койгон орчундуу суроолорго орундуу жооп берип, жашап келет. Партиянын тушунда да ал «пландуу чечимдерди» үтүр-чекитине чейин үндөбөй аткарып, сенек кабылдап койбостон, аларды чыгармачылык менен, өзүнүн бийик адамгерчилик жана адистик касиети менен, ыймандык жана терең акыл элегинен өткөрүп гана аткарып келгендигин замандаштары суктанып эскеришет.

Акун Токтосартов - табиятынан нукура элдик дипломат, чыныгы боордоштуктун элчиси. Ал дайыма элди өзүнө тартып, бейтаанышты тааныш, таанышты жолдош, жолдошту дос, досту тамыр, тамырды куда, куданы тууган кылып сүйлөйт. өчөшкөн душмандарды өбүшкөн доско айлантат. Бала менен баладай, чоң менен чоңдой, тилин таап, көнүлүн оорутпай, сылык-сыпаа баарлашат. Ал башкага өзүнүкүн таңуулабай, кайра кубаттап, ой улап, сөз удулун кармап маектешет. Болгондо да куру сөз менен курсак тойгузбай, иштин бүтөр жерин, чечилер жолун, реалдуу кадамдарын көрсөтүп сүйлөйт. Өзу да ошондой жасап, башкаларды да ошондой жасаганга үндөйт.
А.Токтосартов - азыркыча айтканда, мыкты менеджер. Бирок, ал «акчадан акча жасаган» капчыктуу, сатуучу менеджер эмес, ал - «акчадан тарых жасаган» жаратман, сактоочу менеджер. Анын продукциясы бүгүн сатууга ылайыкталып, эртең бузулуп кетчү продукция эмес, анын продукциясы эл наркын, салтын, тарыхын сактаган, бүгүн да, эртең да элге эң керектүү, эң зарыл, эң кымбат продукция - көөнөрбөс рухий-интеллектуалдык байлыктар, көркөм-маданий дөөлөттөр, табылгыс тарыхый таберик мурастар. «Руханияттын» сыйлыктарын алган адам дагы да тазарууга, бийиктөөгө, тереңдөөгө «кредит» алат. Ал ушунусу менен уникалдуу.

Руханияттын демилгеси жана каржылык колдоосу менен чыгарылган И.Р.Раззаковдун эмгектеринин 2 томдугу, Ч.Т.Айтматовдун чыгармаларынын 8 томдугу ж.б. атактуу акын-жазуучулардын чыгармалары улуттук маданий жана рухий казынага кошулган баалуу, бараандуу салым болду. Ал эми Акун акенин өз калеминен жаралган «Тагдыр таржымалы», «Мезгил жана адамдар» сыяктуу көлөмдүү эмгектери мезгилдин изи, замандаштардын бейнеси бажырайып көрүнгөн терең мазмундуу, ой калчаган, окумдуу китептерге кирет. Анын П.Кадыров, О.Бекеев, М.Зарудный сыяктуу өзбек, казак, орус адабиятынын атактуу өкүлдөрүнүн кыргыз тилине которгон мыкты чыгармалары улуттук адабиятыбыздын көркөм казынасын байытты.
Буга бир мисал. 90-жылдардын аягындагы Ошто болгон кайгылуу окуядан кийин кошуна өлкөнүн Президенти И.А.Каримов Оштон бери өтпөй, биздин бийликке бир аз сыртын салып жүргөн. Ошол кезде ага «Руханияттын» сыйлыгын ыйгарып, атайы Ташкенге барып, жолугуп, көндүрүп, акыры Бишкекке алып келгениңиз, ал кездеги биздин мамлекет башчыбыздын көктөн тилегени жерден табылып, терисине батпай сүйүнгөнү, сыйлык тапшыруу аземинде Ислам Каримовдун бүт түрк калктарын ынтымакка чакырып, кыргыз элине чексиз ыраазы болуп, ушундай бир агынан жарылып, эч кагаз карабай, убакытка ченебей, чечилип сүйлөгөнү, атүгүл «аттиң, Жараткан кайра бир ирет жаратып, кайра бир жолу жашасам кыргыздын бир аруу, мөлмөл кызына үйлөнүп, эки элдин достугун ажырагыс кылып бекемдейт элем» деген, жүрөк-жүлүндөн чыккан сөздөрү күнү бүгүнкүдөй эсибизде.
Акун аке ар убак элинин урмат-сыйын көрүп келатат. Ага «Республиканын маданиятына эмгек синирген ишмери» ардак наамы ыйгарылган, канат күүлөп учкан мекени Кара-Кулжа районунун, андан соң бүт өмүрү камыр-жумур өтүп келаткан Бишкек шаарынын ардактуу атуулу. Кара-Кулжа райондук китепканага анын ысымы берилген. Көптөгөн чыгармачыл, илимий, коомдук уюмдардын мүчөсү, жогорку окуу жайлардын ардактуу профессору. Эргигенде комузга кол ойнотуп, үн кошсо, эрибеген, сергибеген адам калбайт.

Сиздин туулган күнүңүз да терең символикалуу, жан-табиятьңызга куп келген жаз айы - 15-март. Ушу кезде жаратылыш бүт жанданып, Баба Дыйкан жер жыртып, бороз салып, изги тилек айтып, үрөн себет: «Мына септим уучтап, жылуу жерден конуш тап. Мунусу-ач-арыкка, мунусу-алсыз-карыпка, мунусу-саламчыга, мунусу-тилемчиге, мунусу-карып-мискинге, мунусу-ууру-кескиге, мунусу-курт-кумурскага, мунусу-жолоочуга, мунусу-кароолчуга, мунусу-сага, мага, бизге. Баары тегиз байласын, кызылы толуп чайласын. Өн, үрөнүм, өн! Өн, үрөнүм, өн! Өн, үрөнүм, өн!».
Мен Сизди дал ушундай, адамдын баарына тегиз караган, жандуунун баарына жакшылык самаган, «Өн, үрөнүм, өн! деп айтуудан талыбаган, береке менен бейкуттуктун пири, ырыс-ынтымактын колдоочусу – Баба Дыйканга салыштырар элем. Эмесе, Бар болунуз, Эл руханиятынын Баба Дыйканы!

Сабыр Иптаров, Бишкек шаары

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу