Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
20/05 12:29
 

«Jamestown»: Казакстан Бажы союзунда Россиянын кысымын сезе баштады


Кремлдин структураны саясаятташтырууга жасаган аракетине байланыштуу, “Россия-Беларусь-Казакстан” бажы союзунда Казакстан өзүн кысылган абалда сезүүдө, ал адегенде бажы союзунун ичинде соода мамилелерин чыңдоо жана жарандардын , товарлар менен капиталдын эркин жүрүшүн камсыздоо үчүн түзүлгөн болучу. Жакында Россиянын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын башчысы Григорий Онищенко шарап менен алкоголсуз ичимдиктерди грузиядан импорттоого тыюу салууга Казакстанды чакырган. Өзүнүн билдирүүсүн олдоксон негиздөө менен Онищенко грузин шарабы сапаттык стандартка туура келбегендигин жана бажы союзунун тийиштүү иштешин камсыздоо үчүн ага тыюу салуу эарылдыгын айткан.

Онищенконун билдирүүсү Казакстан сыяктуу эле Грузияда дагы нааразылыкты пайда кылган. Казакстандын Экономиканы өнүктүрүү жана соода министрлиги бул маселе көп тараптуу сүйлөшүүлөр аркылуу гана талкууланууга тийиштигин билдирген. Казак эксперттеринин көпчүлүгү анын артында саясат турат деп эсептешет. Грузин ЖМКлары шарап сатуучулардын “КазАлко” Ассоциациясынын деректири Амиржан Калиевдин “Теңир Нюс” маалымдоо агенттигине айткан сөзүнөн цитата келтирет, ал анда мындай тыюу салуу Казакстандын экономикалык таламдарына каршы келет, ал эми грузин шарабы менен минералдык суусун импорттоо бажы союзунун эрежесин бузуу болуп саналбайт деген. Ал тургай Казакстан грузиянын алкогол ичкиликтерин үчүнчү өлкөгө кайра экспорттоого ниеттенбейт. Россиянын кээ бир булактары, тилекке каршы Онищенконун сөзү Казакстандын айрым ЖМКлары тарабынан туура эмес түшүндүрүлгөн деп шашыла болжогон фактысы да кызык. Бирок мындай “өкүнүч менен кечирим суроо” россиянын рыногуна Грузиянын минералдык сууларын алып келүүгө тыюу салууну акырындык менен алып коюуга ниеттенген учурда пайда болгону кызык.

Шарап сатуудан түшкөн кирешелер Казакстандын экономикасынын бир кыйла бөлүгүн түзөт. Кийинки жылдарда алкогол ичимдиктерин азыраак керектеген өлкө, өтө күчтүү алкогол ичимдиктерин пайдаланууга караганда грузиядан импорттолгон алкоголдук күчү азыраак болгон ичкиликтерге тез өттү, мында Грузия Украинадан кийин Казакстанга шарапты өтө көп берүүчү экинчи өлкө болуп саналат. Казакстандын Финансы министрлигинин Салык комитетинин маалыматы боюнча, 2010-жылы шарапты сатуудан акциздик салык түрүндө улуттук бюджетке 12 миллиард теңге (82,34 миллион АКШ доллары) келип түшкөн. 2011-жылдын биринчи кварталында эле бул сан 3,31 миллиард теңгени (22,71 миллион АКШ долларын) түзгөн. Өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырганда сооданын көлөмү 180,3 пайызга жеткен. Шарап чыгаруучу өнөр жайдын начардыгын эске алганда Казакстан пайдалуу шарап бизнесин кеңейтүүдө чет элдик инвестицияларды кубаттайт.1997-жылдан тартып транс улуттук “Ефес Веүерагес Групп” жана “Сиведис Валтик Холдинг” холдинги “Карлисберг Вреверис А/С жана «Скоттинг Хевкаст «менен бирдикте Казакстанда пиво рыногуна үстөмдөк кылышкан. Казакстандагы шарап рыногунда батыш компанияларынын “басымдуулугу” Россиянын шарап чыгаруучуларынын тынчын кетирүүдө.
Бирок грузин шарабын импорттоого тыюу салууга Казакстанды мажбурлоого Кремлдин аракетинин саясый мааниси орчундуу. Грузия менен августтагы согуштан кийин 2008-жылы Россия грузиядан алкоголдук жана алкоголдук эмес ичкиликтерди алып келүүгө тыюу салган. Тбилиси менен Москванын ортосундагы согуштук жаңжалга чейин Казакстан Грузин экономикасында ири инвесторлордун биринен болгон. Казакстандын “КазМунайГаз” улуттук энергетика компаниясы Тбилисиде газды бөлүштүрүү системасына көзөмөлдү өзүнө алган жана өзүнүн грузиялык өнөктөрү менен “Казтрансгаз-Тбилиси” биргелешкен ишканасын түзгөн. 2008-жылдын февралында нефтини жеткирүү боюнча “КазТрансОйл” компаниясы Батуми грузин портун башкарууну өзүнө алган. Казакстандын БТА банк жана “Халык банк” сыяктуу ири банктары Грузияда филиалдарын ачышкан.
Грузиянын булактарынын билдиргенине караганда 2010-жылы Казакстан менен эки тараптуу сооданын көлөмү 139,6 миллион АКШ долларын түзгөн-бул 2009-жылга караганада үч эсеге жакын көп. Бирок, мурда пландаштырылган көп долбоорлор, өзгөчө Грузиянын Кара деңиз жээгинде казак тарабы кура турган дан терминалы август согушунан улам токтоп калган. Мына ушундай көрүнүш эки тараптуу мамиленин бошоңдугун айкындады, бул кыйла деңгээлде Москванын тандоо жагдайын өксүттү. Ушундан улам “КазМунайГаз” техникалык проблемаларга шылтоолоп, Батумиде нефть тазалоо заводун куруудан баш тарткан.
Казакстан Кремль тарабынан жасалган кысымга көнүп, Грузияда экономикалык пайдалуу жана саясый маанилүү позицияларды жоготуу экономикалык кандай кесепеттерге алып келээрин сезип жаткандыгы айдан ачык. Мындай эки жактуу оюн Грузия үчүн Казакстандын позициясын күтүүсүз жана арасат жагдайга алып келүүдө. 2010-жылдын май айында Казакстандын мамлекеттик катчысы жана тышкы иштер министри Канат Саудабаев грузияпык кесиптеши Григол Вашадзе менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, инвестициялык долбоор боюнча мурдагы келишимин, анын ичинде дан терминалын куруу келишимин Астана сактай тургандыгына аны ишендирген. Москвадагы эл аралык мамилелер институнун талдоочусу Леонид Гусев эгерде Грузия Европа менен Азияны бириктире турган “Баку-Тбилиси-Карс” темир жол линиясын кеңейтүү долбооруна кошулууну чечсе, саясый жана экономикалык жактан Грузия менен кызматташтыктан Казакстан пайда алышы мүмкүн деп эсептейт.

Бирок КМШнын аймагында Россиянын кайра жаралып жаткан империялык амбициясы барыдан мурда Казакстандын Грузия менен кызматташтыгы үчүн кедерги болушу ыктымал. Евразиялык экономикалык шериктештиктин интеграциялык комитетинин жакындагы сессиясы анын айкын көрүнүшү болду, анда Украина менен Кыргызстанды Бажы союзуна кабыл алуу маселеси талкууланган болучу. Бажы союзуна кирүүгө аракеттенип ал өлкөлөрдүн ар бири өз кызыкчылыктарын көздөөдө. Экономикалык жактан начар Кыргызстан бажы союзунан акыркы мүмкүнчүлүгүн көрүп отурса, Украина Россиядан арзан газ алууга үмүттөнүүдө. Бирок эки өлкө тең Грузияны чөлкөмдөн алыстатууга аракеттенген Кремлдин колунда ойдогудай курал болуу тобокелчилигине баруу коркунучунда турушат.

Фархад Шарип 2011-жылдын 16-майы.


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу