18.05.2011, 11:15

КР эл жазуучусу, драматург Бексултан Жакиев 75 жашка чыкты


Бишкек, 17-май /Кабар/. Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Казахстандын Т.Айбергенов жана Ж. Жабаев атындагы эл аралык сыйлыктарынын лауреаты, Республиканын искусствого эмгек сиңирген ишмери, профессор Бексултан Жакиев 75 жашка чыкты. Бул туурасында КР маданият жана маалымат министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Драматургдун “Атанын тагдыры” аттуу алгачкы драмасын 21 жашында жазып, ал чыгарма Кыргыз драма театрында коюлуп, жалпы коомчулукка таанылган. Бул драма улуттук драматургияга ачылыш жасап, аны менен кыргыз драмасына психологизм келген, жаңы драматургиялык каражаттар колдонулган. Чыгарма режиссер Ж Абдыкадыровдун коюсунда эле улуттук академиялык драма театрында 500дөн, ал эми Казахстандын бардык театрларында коюлуп, ошонун ичинде Алматы, Чымкент, Жамбыл, Семей театрларында 300дөн ашык жолу казак журтчулугуна тартууланган.

Б. Жакиев Москвадагы эки жылдык кино сценаристердин курсун бүтүрүп, “Кыргызфильм” киностудиясында, Маданият министрлигинде, Мамлекеттик кино комитетинде башкы редактор, Маданият министрлигинде бириккен репертуардык коллегиясын жетектеген, Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун мугалими, доценти, профессору, республиканын театр ишмерлеринин союзунун катчысы, Кыргыз республикасынын Президентинин мамлекеттик кеңешчиси, “Манас-1000” мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору, 1994 жылдан бери Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык боюнча комитеттин төрагасы.

Кыргызстандын жана башка мамлекеттердин театрларында драматург жазган курч проблемалуу, көрүүчүлөрдүн купулуна толгон “Атанын тагдыры”, “Миң кыял”, “Алтын аяк”, “Өкүм”, “Эртең Жаңы жыл”, “Жолугушуу”, “Күттүргөн жаз да келер”, “Саадак какты”, “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай”, “Жаза” аттуу чыгармалар коюлган. Айрымдары ушу күнгө чейин жеке эле Кыргызстан эмес, башка өлкөлөрдүн театрларында да коюлуп келатат. Мындан тышкары автордун бир нече повесттери, новеллалары, аңгемелери, кино сценарийлери жарык көргөн. “Атанын тагдыры” драмасы боюнча опера, “Саадак какты” драмасы боюнча балет жазылган. Б. Жакиев Б. Брехтин, С. Алешиндин, С. Михалковдун, М. Ауэзовдун дүйнөгө белгилүү чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Б. Жакиев Ысык-Көлдү, дегеле жаратылышты коргоо боюнча жүрөк өйүгөн көйгөйлүү маселелер жөнүндө курч публицистикаларды да жазган. Чыгармаларында күчтүү социалдык-драмалык кагылыштар, психологиялык чиелештер арбын кездешет, адеп-ыйман маселесин ар дайым курч козгоп, жаңыча көркөм чечмелөөгө умтулат.

Кыргыз драматургиясынын классиги, жазуучу, котормочу, публицист катары мамлекетибиздин өнүгүп-өсүшүнө, улуттук маданияттын өркүндөшүнө, элибиздин рухий байлыктарын популяризациялоодо кошкон чыгармачылык ченемсиз зор салымына, активдүү коомдук иш аракетине татыктуу баа берүү максатында Бексултан Жакиевдин мааракеси татыктуу белгиленмекчи.