Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
13/05 17:57
 

Ой толгоо: Бажы союзуна кирүүнүн күңгөйү менен тескейи

Бажы союзуна /БС/ кирүү, соода чөйрөсүн кеңейтүүнү талап кылаары белгилүү. Ошондуктан сатуу рыногун кеңейтүү терс көрүнүш болушу мүмкүн эмес. Бирок башталышында экономикалык абалыбызды, айталы, биз ага канчалык даярдык менен кирип жатканыбызды баалашыбыз зарыл. Кыргызстан ал рынокторго эмне сунуштай алат.

Индустриялык потенциалы өнүккөн өлкөлөр үчүн - бул тагдырдын белеги десе болот, ички керектөө муктаждыгын канааттандырууда импортко 95 пайыз көз каранды болгон өлкө үчүн бул өтө жаман. Улуттук өндүрүш жана керектөө чөйрөсүндө биздин экспорт 5 пайыздан ашпайт. Мына ушул биздин сунушубуз болмокчу. Биз БСга мүчө өлкөлөрдөн импорттогон товарлардын баасы арзандайт. Биз алыскы чет өлкөлөрдөн импорттогон товарлар алда канча кымбаттайт. Келечекти жана пландаштырууну кыска, орточо жана узак мөөнөткө бөлүштүрүү зарыл. Ушунда биз кыска жана узак мөөнөттүү келечекте сөзсүз утулабыз. Ал эми белгилүү жагдайдын учурунда бизде узак мөөнөттүү келечек жаралбашы да мүмкүн.
БСнын башка мүчөлөрүнөн айырмаланып Кыргызстандын калкынын сатып алуу мүмкүнчүлүгү начар, канчалык кааласак да биз керектөөбүздү көбөйтүүгө кудуретибиз жетпейт. Анткени эл кирешелеринин 80 пайызына чейинкисин биринчи керектелүүчү зарыл товарларды: тамак аш азыктарын, кийим-кечени сатып алууга, коммуналдык чыгымдарга жумшайт. Башкача айтканда биз жылаңач төөдөй жакырбыз. Ушундай болгондо кыйла бай Казакстан биздеги тамак-аш азык түлүктөрүн кымбат баада сатып алып, бизде алардын деңгээлин көтөрөөрү талашсыз. Аны менен кошо кийим-кечелер да кымбаттайт. Автомашиналар менен алардын запастык бөлүктөрү орустар менен казактардыкына теңелет. Ошондуктан пенсиядагылар, мугалимдер, врачтар жана башка категориядагы жарандар тамак аштан башка эч нерсе сатып ала албайт. Алардын эмгек акысы менен пенсияларын жогорулатуу баанын өсүшүн жаба албайт. Мындайда өкмөт дайыма “Артынан ээрчүүнүн”, ал эми товардын баасы “алдыга кетүүнүн” абалында кала берет.

Социалдык планда биз дайыма “ызалангандардын” жана коңшуларга доомат коюучулардын ролунда болуу тобокелчилигине кабылабыз. Бул достукту бекемдебейт. ”Жакыр тууганың” дайыма жиниңди келтирип, тажатканы белгилүү эмеспи. Ушундай шартта келечектүү секторлорду индустриалаштыруу фондусун түзүүгө 5,0 милиард АКШ долларын суроо орундуу болот. Анан 10 жыл бою өндүрүштү түзүү менен кеңейтүүгө негизги каражаттарды импорттоого салыкты мурдагы ставка менен алуу, өндүрүш катары пайдаланган сырьего салыкты эски ставка менен алуу ылайыктуу. Ошондо гана биз орточо жана узак мөөнөттөгү келечектерге үмүттөнө алабыз.

Демек өндүрүштүн өсүшү иштегендердин көбөйүшүн камсыздайт, бул өз кезегинде калктын кирешесинин артышын жана бюджеттин өсүш келечектерин аныктайт ал эми өлкөнүн өндүрүштүк эмес бүткүл сектору ушуга байланыштуу болот.
Экономикалык кубаттуулук көз караштан алганда өндүрүштү өнүктүрүүдө бизде олуттуу артыкчылыктар бар, алар - арзан электр кубаты, арзан эмгек ресурстары, ылайыктуу салык, өндүрүш имараттарын арзан ижарага алуу жана алардын наркы сыяктуу көрүнүштөр. Бул болсо өндүрүш сектору атаандашууга жөндөмдүү дегендикти билдирет. Бирок, эгерде жергиликтүү калктын инвестициясы жоктугунан улам ушул жагын чет элдик инвесторлор ээлесе, анда биз келечекте өндүрүштү ээлеген чоочун адамдарга кызмат кылуучунун ордунда болоорубуз турган иш. Мындайда экология, улуттун социалдык саламаттыгы, инфраструктураны өнүктүрүү маселелери алардын анча деле тынчын албайт. Алар өндүрүштүн накта көлөмүн сөзсүз жана объективдүү жашырып, салык төлөнүүчү базаны төмөндөтөт, ал мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө дагы ашынган коррупцияга алып келет. Биз мындайды көргөнбүз жана билебиз, ошондуктан ага баш катыруунун кереги жок.
БСга киргенде экономикалык өңүткө караганда саясый жагдайы көбүрөөкк көрүнүүдө. Биз 20 жылдын ичинде коңшуларга кадыр-баркыбызды кетирдик, ошондуктан аларга кандайдыр бир шартыбзды таңуулоого укугубузду жоготуп алдык. Биздин Премьер –министр аргасыздан бардыгына макул болууда!.

Бирок, бир айныгыз чындыкты көңүлгө алуу зарыл. ”Адам колунда акыркы бир сындырым наны калганча чыдайт, бирок анысын да тартып алса , анда анын жогото турган эч нерсеси калбайт!” Өкмөт 20 жылдын ичинде кыска убактагы келечекке гана эсептөөнү үйрөндү жана мунун натыйжасы көрүнүп жатат!
Кээде артка бир кадам чегинип, “салгылашта” биротоло жеңилбес үчүн алга үч кадам шилтөө жеңил болмокчу!
Кыргызстандын Бажы союзуна катышуу келечегине таасир тийгизген факторлор өтө көп жана аларды бир макалада жаза салуу абдан татаал, бирок, бир гана нерсе-кыска мөөнөттөгү келечекти жоготуп алсак, өлкөнү жоготуп коерубуз шексиз!

Мурат Мусабаев,
серепчи


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу