Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
04/05 10:06
 

"Кабар" МТБ: Кумшекер: таттуунун ачуу көйгөйү

2011-жылдын 22-апрелинде Жогорку Кеңеш «Бажы төлөмдөрү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен кумшекерди сырттан ташып келүүгө 0 пайыз деңгээлинде бажы төлөмүн бекитти. Мындай чечим кумшекердин кымбаттап кетишине бөгөт коюу максатында кабыл алынды. Буга Чүй жана Талас облусунун кант кызылчасын өстүргөн дыйкандары менен «Кайыңды-Кант» заводунун жамааты нааразы болуп, 27-апрелде Жогорку Кеңештин имаратынын алдына митингге чыгышты. Алар кумшекерди сырттан ташып келүүгө 30 пайыз деңгээлинде бажы төлөмүн киргизүү талабын коюшту. Нааразы тарап менен Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган депутаттар жолугушуп, мыйзам долбоору үч окууда тең кабыл алынгандыгын билдиришти.

Кумшекерге бажы төлөмүн жоюу керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгын коргойт. Муну менен катар сырттан ташып келүүчүлөрдүн чыгымы азаят. Импортерлор товарын сатууга мүмкүнчүлүк алат. Бирок сырттан келген арзан кумшекердин айынан дыйкандар өстүргөн кант кызылчасын өткөрө албай калуу коркунучу бар. «Кайыңды-Кант» заводу менен дыйкандар ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, быйыл кант кызылчасынын тоннасы 2300 сомдон сатылып алынат. Бул баа өкмөткө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик менен да макулдашылган. Дыйкандар акчалай эмес, кумшекер түрүндө алгысы келсе, ар бир тонна үчүн 70-78 килограммдан кумшекер алышат. Мында кант кызылчасынын канттуулугу эске алынбайт деп макулдашылган. Айыл чарба министри Төрөгул Бековдун айтымында, дыйкандар кант кызылчасын эгүүдө бир гектарга 52 миң сом жумшаса, 73 миң сом киреше түшөт. Мында дыйкан 20 миң сомго чейин таза пайда табат. Бирок кант кызылчасын кайра иштетүү көйгөйү бар. Кыргызстанда кумшекер өндүргөн жалгыз завод – «Кайыңды-Кант» импортерлор менен атаандаша албайт. Анткени импорттун 90 пайызы КМШ өлкөлөрүнөн – Беларустан, Россиядан жана Казакстандан ташылып, аларда заманбап жабдуу менен суткасына 10 миң тонна кант кызылчасын иштетсе, «Кайынды-Кант» болгону 3 миң тонна кызылчаны кайра иштетет.

Кыргызстан буга чейин өндүрүштү колдоо максатында кумшекерди сырттан ташып келүүгө квота киргизген. Квота киргизүү менен «Кайыңды-Кант», «Кошой» заводдору жана «Кока-Кола Ботлерс» компаниясы гана кумшекер ташып келүүгө уруксат алган. Алар үчүн эч кандай бажы төлөмдөрү каралган эмес. Натыйжада бул аракет мурдагы бийликтин капчыгын гана толтурган. Апрель окуясынан кийин Убактылуу Өкмөт квотаны алып салган. Бирок кумшекер баасы сезилээрлик арзандаган жок. Бул дүйнөлүк баанын кымбатташына байланыштуу болду.
Учурда негизги көйгөй калкты кумшекер менен камсыздоо болууда. Кумшекердин дээрлик 90 пайызы сырттан ташылып келет. Бул аракет ички өндүрүүчүлөрдүн ишине кедергисин тийгизип, азык-түлүк коопсуздук маселеси жаралат.

Бийлик кумшекерди ташып келүүгө бажы төлөмүн жоюу менен анын баасы арзан болоорун белгиледи. Бирок жакынкы аралыкта кумшекер арзандайт деп айтууга негиз жок. Биринчиден, ички керектөө импорттун эсебинен жабылат. Ошондуктан, Кыргызстандагы кырдаал дүйнөлүк баага жараша өзгөрөт. Быйыл кумшекер баасы дагы кымбаттаары болжолдонууда. Экинчиден, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) кумшекерди өндүрүүчү негизги өлкөлөрдөгү кургакчылыктан, табигый кырсыктардан улам анын кымбатташынан да, тартыштыгы олуттуу көйгөй экенин айтууда. Үчүнчүдөн, 1-майдан тартып Россия күйүүчү майга экспорттук төлөмдү жогорулатып, чектөө киргизди. Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясы Россиянын бул аракетинен улам бизде күйүүчү май кеминде 6-7 сомго кымбатташы мүмкүн экенин белгилейт. Натыйжада сырттан кумшекер ташып келүүнүн транспорттук чыгымы өсүп, баасы жогорулайт.

Дүйнөлүк кырдаалдан көз каранды болбош үчүн өндүрүштү жандандырыш керек. Көпчүлүк өлкөлөрдө өндүрүштү колдоо максатында сырттан ташылып келген кумшекерге бажы алымдары киргизилген. Бирок мындай жолду тандаганда Кыргызстан кумшекер менен өзүн камсыз кылууга азырынча даяр эмес. Биринчиден, кант кызылчасынын айдоо аянты кескин азайган. Сапаттуу үрөндөн тартып, жер семирткич, заманбап техниканын жоктугунан улам кант кызылчасынын түшүмдүүлүгү өтө төмөн. Өнүккөн өлкөлөрдө гектарынан 600 центнер кант кызылчасы алынса, бизде көп дегенде 200 центнерге жетет. Алсак, 2005-жылы түшүмдүүлүк 199,8 болсо, былтыр 165 центнерге төмөндөгөн. Экинчиден, заводдордун жабдуусу эски. Бул маселелер чечилмейин, калктын кумшекерди керектөөсүн 100 пайыз камсыздоого мүмкүн эмес.

Буга чейин Кыргызстанда кант камышынан да кумшекер өндүрүү тажрыйбасы болгон. Бирок бул багытта да маселе көп. Кант камышы Латын Америка өлкөлөрүнөн ташылып келет. Анын бир тоннасы 565 доллар болсо, Россияга жеткенче 750 долларга жетет. Россиядан Кыргызстанга жеткирүүдө транспорт чыгымдары, бажы алымдары кошулуп тоннасы 1 миң долларды түзөт. Буга кошумча аз дегенде 10 миң тонна кант камышын алуу белгиленген. Мындай шартта 7,5 миллион доллар керек. Мынча өлчөмдөгү инвестиция тартууга кызыккан тарап жок. Анын үстүнө кант камышын ташып келип, кумшекер өндүрүүдө өздүк баасы 50-52 сомго чыгат. 25 пайыз кирешелүүлүгүн эске алсак, бүгүнкү күнү Кыргызстандагы баага (килограммы 60-65 сом) жетет. Натыйжада кант камышынан кумшекер өндүрүүгө караганда, кумшекердин өзүн ташып келүү пайдалуу болот.

Калктын керектөөсүн камсыздап, ошол эле учурда өндүрүүчүлөрдү колдоо багытында сезондук бажы төлөмдөрүн киргизүүгө болот. Дыйкандар өстүргөн кант кызылчасы кумшекер өндүрүш үчүн ноябрдын аягында, декабрда даяр болот. Ага чейин кумшекер кымбаттап кетпеш үчүн, жок дегенде 7-8 ай импортко шарт түзүп, бажы төлөмдөрүн жоюу зарыл. Анткени калк жай-күз айларында кумшекерди көбүрөөк керектейт. Ошондуктан, дыйкандардын кызыкчылыгын коргоп, өндүрүүчүлөргө шарт түзүш үчүн ноябрдан май айына чейин кумшекерге бажы төлөмүн киргизип, майдан тартып кайра жоюш керек. Бирок Кыргызстанда бажы төлөмдөрүн бекитүү көп убакытты талап кылат. Аны Экономикалык тескөө министрлиги иштеп чыгат, тийиштүү мекемелер жана ишкер чөйрөлөр менен макулдашат. Ушундан кийин гана өкмөт жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна коюлат. Акырында президент кол коюп, бул процесс кеминде 9-10 айды талап кылат. Ошондуктан сезондук бажы төлөмүн киргизүү укугу өкмөткө берилиши керек.

Бийлик бажы төлөмүн киргизүү менен гана алек болбой, кумшекер өндүрүүдөгү бардык тараптар менен кызматташтыкта болушу зарыл. Буга чейин дыйкандар кант кызылчасын өстүрүп, заводдор ала турган маалда ортодогу келишим бузулуп, кызылча малга тоют катары берилип келген. Демек, дыйкан менен өндүрүүчү ортосундагы келишимдин аткарылышына мамлекет кепилдик болушу керек. Кайсы бир тарап коюлган өз ара милдетти аткара албаса, чара көрүү милдети да бийликке жүктөлөт. Дыйкандар айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын жоктугунан көп жабыркашат. Өз дарамети менен иштеп жаткан дыйкандарга адистердин кеп-кеңеши зарыл. Бул кант кызылчасын өстүрүүгө, ошондой эле насыя алып, аны максаттуу пайдаланууга байланыштуу. Атайын кызмат ачуу менен адистер дыйкандарга кызылчанын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, дарылоо, жер семирткич берүү сыяктуу иштерде кеп-кеңешин бериши керек. Буга кумшекер өндүрүүчүлөр да кызыгат. Анткени аларга көбүрөөк кумшекер өндүрүш үчүн канттуулугу жогору кызылча керек. Ушундай шартта гана дыйкандар кызылча өстүрүү менен пайда тапса, өндүрүүчүлөр үзгүлтүксүз иштейт. Натыйжада жарым жыл болсо да ички керектөө өз продукциябыз менен жабылат. Бул жакынкы жылдарга гана эсептелип, ал эми келечекте калк керектөөсүн камсыз кылуудан тышкары, кумшекерди экспорттоо мүмкүнчүлүгүнө багыт алыш керек.

Мээрим Ибраева, «Кабар» маалымат талдоо борбору

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу