Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
01/05 12:54
 

Эрика Марат: Кыргызстандын партиялары жаңы система боюнча иштөөгө үйрөнүүдө


Жакында Кыргызстан башкаруунун парламенттик системасын кабыл алган күнгө бир жыл толот .Өлкөнүн саясый турмушу кыйла айкын болсо дагы анын алдын-ала айтуу кыйын. Парламентте өкүлдөрү бар дээрлик бардык партиялар саясый күчтүү борборду артык көрүүдө. Алардын бардыгы адегенде ушул жылдын акырына дайындалган алдыдагы президенттик шайлоону башкы саясый күч аныктала турган учур деп эсептешет. 2010–жылы июлда өткөрүлгөн жана башкаруунун парламенттик системасын орноткон жаңы конституцияны кабыл алуу референдумунан кийин саясатчылар жана коомчулук саясый жаңы системада иштөөгө үйрөнүүдө. Саясатчылардын көпчүлүгү коррупциялашкан бойдон калып, адамдарды алдоону улантып, өлкөдөгү негизги саясый структураларга көзөмөлдүктү сактоону артык көргөндүгүнө карабастан Кыргызстанда саясый бийликтин күчтүү борборунун жоктугунан улам Кыргызстан атаандашкан фракциялардын проблемаларына көбүрөөк дуушарланууда.

Ушундай арасат жагдайда саясый партиялар белгилүү жетишкендикти таанууну жеңил ойдо талап кылып, ар бир кемчилик үчүн жоопкерчиликти четке кагууда. Ойлонууга өтө кеңири мүмкүнчүлүктөр бар. Мисалы, жакында Өмүрбек Бабанов өзүнүн кызматын убактылуу токтотуп, анысын мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов айткан кылмыш айыптарын териштирүү токтолбостон улантылууга тийиштиги менен ырастаган. Көп серепчилер “Мегаком” түйүндүк байланыштын операторуна көзөмөлдүктү мыйзамсыз ээлеп алгандыгы үчүн коюлган күнөөнү ушуну менен жымсалдоо аракети деп эсептешет.

Ошого карата Кыргызстандын Премьер-министри Алмазбек Атамбаев оппозициячыл партиялар саясый бийликтин азыркы бөлүнүшүн башкача атоо аракетине нааразылыгын билдирди. Атамбаевдин сөзүнө караганда өздөрүнүн атаандаштарына үстөмдүк кылуу үчүн кээ бир партиялар өкмөттүн маанисин кетирүүгө аракеттенүүдө. Бирок курамына “Ата-Журт”, КСДП жана “Республика” партияларынын өкүлдөрү кирген башкаруучу коалициянын ичинде келишкендик дээрлик жок. Жакында “Ата-Журт” партиясынын мүчөлөрүнүн жана “Республика” партиясынан Алтынбек Сулаймановдун ортосундагы мушташ коалициянын дээрлик ыдырашына алып келди.

Бүгүнкү күндө Атамбаевди президенттикке ыктымалдуу талапкер деп эсептешет. Бирок, ал үчүн Атамбаевге өлкөнүн түштүк аймактарынан колдоо керек болот, анткени шайлоодо анын КСДП партиясынан “Ата-Журт” жана “Республика” партиялары озуп кеткен. Кийинки эки партиянын лидерлери президенттин тагына отурууга аракеттенүүдө. Алар Атамбаевди колдоого макул болоор болбосу белгисиз. Парламентте өз позициясын бекемдөөгө аракеттенип, ”Ар-Намыс” партиясы башкаруучу коалицияга кирүүгө аракеттенүүдө. Ушул партиянын он депутатын башкаруучу коалициянын мүчөлөрү кабыл алышкан. Мамлекеттик коопсуздук комитетинин мурдагы офицери жана “Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов муну өз фракциясынын позициясын бүлүндүрүүгө аракет деп атаган. Кыргызстандын Конституциясы боюнча бүткүл фракция гана коалицияга кошула алат, эгерде кайсыл бир депутат өз партиясынан чегинсе, ал өз мандатын жоготот.

Апрель революциясынын бир жылдыгынан кийин парламентте өкүлдөрү болгон саясый партиялар Курманбек Бакиевдин кулашына мүмкүнчүлүк түзгөн өз баатырларын атаганга шашылышкан. Жалпы алганда баатырлардын тизмесинде 1160 адам жүрөт, алар ошол күнү жалпы демонстрацияга катышып, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин режимине каршы чыгып, өмүрлөрүн тобокелге салышкан. Апрель революциясынын баатырларын урматтап эскерип, саясый партиялар өткөн жылдагы өз жетишкендиктерин апыртууну артык көрүп, Кыргызстанда өз позицияларын бекемдөөгө аракеттенүүдө.
Ошол эле учурда парламентке келе албаган башка саясый партиялар өлкөнүн саясый турмушунан четтеп калышты. Мурдагы оппозициячылар түзгөн партиялардын пикири дээрлик угулбайт. Алар президенттик шайлоонун учурунда өздөрүн көрсөтүшү күмөндүү. Чыныгы атаандаш иштеп жаткан партиялардын ортосунда жүрмөкчү.

Башкаруунун парламенттик системасын Бакиевди кулаткандан кийин келген убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү сунуш кылгандыгын эсте тутуу маанилүү. Система таасирдүү саясый тандалмалардын ортосунда келишүү болуп саналат, ал бир дагы фракция башкаларын кысууга тийиш эместигин гарантиялайт. Анткени башкаруучу коалициянын түзүлүшү бийликти парламентке топтоштуруунун түздөн-түз мүмкүнчүлүгү болду, анда саясый партиялар президенттик шайлоого катышуу үчүн коалицияга кирүүгө умтулушту. Бирок бүгүнкү күндө башкаруучу коалиция президент ким болоорун эч ким биле бербегендиктен улам сакталууда.

Эрика Марат, 2011-жылдын 26-апрели.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу