Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
28/04 08:51
 

«Азаттык”: Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара талашы согушчулардын пайдасына чечилиши мүмкүн


Түштүктөгү тажик-ооган чек арасында жана Кыргызстанда өткөн кыш катаал болду. Кычыраган суук айлары тоолуу Кыргызстан менен Тажикстанда демейдеги эле көрүнүш, бирок бул сезон такыр башкача болду.
Кыргызстандын борборунда жардыруулар, өлкөнүн түштүгүндө улуттар аралык жаңжал, ал эми Тажикстандын чыгышы менен батышында аскерлердин жана согушчулардын арасында атышуулар болду. Кыргызстан менен Тажикстанда согушчулардын терактылары менен иштери жөнүндө билдирүүлөр сентябрь айындагыдай көп болгон эмес.
Анткени жазында ушул өлкөлөр аркылуу Ооганстанга баруучу тоо жолдору ачылып, эки өлкөнүнүн аймагына согушчулардын тарашына байланыштуу кооптонуулар күчөйт. Серепчилердин сөздөрүнө караганда эки өлкөдөгү саясый жагдай аймакта көбүрөөк таасирдүүлүккө жетишүү аракетинде исламчы террордук топтордун чырагына май тамызышы ыктымал.
Тажикстанда өкмөттүн, атап айтканда ыктымалдуу исламдык топторго авторитардык мамилеси калк арасында нааразылыкты пайда кылууда. Колдогу маалыматтар боюнча Тажикстандагы ушундай топтордун бири жаңы мүчөлөрдү тартуу үчүн 1500 АКШ долларын сунуш кылууда (бул үч жылдык эмгек акысына барабар).

Кыргызстанда жаңы түзүлгөн парламеттик өкмөт бүткүл республикага,атап айтканда өлкөнүн түштүгүнө көзөмөлдүк кылуудан дагы эле алыс болгон. Ошондуктан өткөн жылдын июнунда улуттар аралык жаңжалдын учурунда кыргыздар менен өзбектер бири-бирин өлтүргөн. Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасынын калкы да “согуш абалында” турат.
Согушчулар тартипсиздикти өз кызыкчылыгында пайдалануу аракетин улантууда. Эми Пакистандын уруулук облусунан жаңы лидер жетекчилик кылган Өзбекстандын ислам кыймылы (ӨИК) Борбордук Азияга кайра келүүгө убада берүүдө. ӨИК сентябрдагы буктурманын учурунда өлтүрүлгөн 28 тажик жоокери үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган, ал эми ӨИКтин басма сөз катчысы Абдуфаттох Ахмади “Свобода” радиосунун өзбек кызматына берген интервьюсунда бул аймакка карата ӨИКтин башка да “пландары” бар экендигин билдирген. ӨИКтин жаңы жетекчиси Усмон Одил өткөн жылкы Кыргызстандагы улуттар аралык жаңжалдан кийин өч алары жөнүндө айткан. Июнь жаңжалынан кийин 100дөн ашык адам сот жообуна тартылган жана соттолгондордун баары өзбек улутундагылар болгон. Бул факт эл аралык укук коргоо уюмдары тарабынан сындалган.
“Кыргызстандын өкмөтү камалгандар “Хизб-ут-Тахрир” жана ӨИК сыяктуу уюмдардын мүчөлөрү экендигин ырастоодо,- деп айтты ”Жане информациялык топ” Лилит Геворгян. Бирок өзбек общинасынын мүчөлөрү бул 2010-жылдын июнундагы улуттар аралык кагылышуулардан кийин ансыз да жабыркаган өзбек азчылыктарын куугунтукоо үчүн гана шылтоо деп ырасташат.
Негизинен этностук өзбектерден турган ӨИК үчүн бул өч алуу мүмкүнчүлүгү. Февралда Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Кыргызстандын түштүгүндө укук коргоо органдары жана коопсуздук органдары тарабынан жасалган кыянаттык иштер Кыргызстандык 200гө жакын жаштардын согушчулардын Ооганстандагы лагерине кетишине түрткү болгон. Январда “Ата-Журт” фракциясынан парламенттин депутаты Надира Нарматова “чет өлкөдө машыгуудан өткөн жаш экстремисттер Кыргызстанга келе жаткандыгын” эскерткен. Нарматова айткандай экстремисттер өч алуу үчүн Кыргызстанга кайтып келүүдө.
Ошол эле учурда Өзбекстандын өкмөтү иш жүзүндө Кыргызстан менен чек араны бөлүп таштады.”Евразия.орг” редакторунун жана калктуу Фергана өрөөнүнө тез-тез келген Дэвид Триллингдин сөзү боюнча ушунун бардыгы кыргыздар сыяктуу эле Кыргызстанда жашап жаткан өзбектер үчүн да экономикалык терс кесепетти алып келет.
“Өткөн жылдын апрелинде Бишкектеги революциядан кийин Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасын жапкан. Техникалык көз караштан алганда чек ара жабык бойдон калууда. Ошондуктан бул Ош шаарынан 20 мүнөттүк аралыкта жайгашкан Кара–Суу чоң базары аркылуу кытай товарларын Өзбекстанга ташып иш кылган кыргыз соодагерлерине терс таасирин тийгизүүдө”, - деп айтты Триллинг. ”Бишкекте жүргүзүлгөн бир изилдөөнүн натыйжасы өткөн жылы базардагы коммерциялык иштер 75 пайызга кыскаргандыгын, өз кезегинде мындан түштүк Кыргызстандын экономикасы жабыр тарткандыгын аныктаган”, - деп белгилейт ал.

Ошол эле учурда Тажикстанда чек аранын ары жагында “жандана баштаган” ӨИКке байланыштуу тынчсыздануулар күчөй баштады. ӨИК “Талибдерди” кулатуу миссиясынын чектеринде американын аскерлери аймакты бомбалаган 2011- жылдын ноябрында Тажикстан менен жамаатташ Ооганстандын Кундуз провинциясында ӨИК жок кылынган болучу. ӨИКтин лидери Жума Намангани өлүп, анын калган мүчөлөрү Пакистандын уруулук облусуна качып кетишкен.
Бирок, ӨИК Кундузга кайтып келген. “2009-жылдын августунда оогандык “Арман-э Мелли” гезити ӨИКтин мүчөлөрүн ал жактан көрүшкөндүгүн билдирген. 2010-жылдын январында Кундуз провинциясынын губернатору Мохаммад Омар кийинчерээк терактынын кесепетинен өлтүрүлгөн. Ал мурда Борбордук Азияга, атап айтканда Тажикстанга кол салууга даярдануу үчүн “Талибан” менен “Аль-Каида” өзүнүн провинциясын жана башка түндүк-чыгыш провинцияны пайдаланышкандыгын оогандын радиосуна айткан.

Ошондон тартып Кундуз провинциясында ӨИКтин согушчулары өлтүрүлгөндүгү жөнүндө бир нече жолу айтылган. Сентябрда жана ноябрда Ооганстандагы согушчулардын көп сандаган тобу тажик чек арасы аркылуу өтүүгө жасаган аракети ордунан чыккан жок. 22-апрелде НАТО 20-апрелдеги согуштук операциянын жүрүшүндө коалициянын аскерлери Кундуз провинциясынын Ханабад аймагында эки шериги менен ӨИКтин лидерин кармашкандыгы жөнүндө жарыялаган. Билдирүүдө ӨИКтин лидеринин ысмы аталган эмес, бирок анда 2010-жылы ал анжиян абагынан качып кеткендиги айтылган.
Тажикстандын коопсуздук кеңешинин жетекчиси Амиркул Азимов Ооганстанда террордук топтун түзүлүшүнө байланыштуу жакында өзүнүн тынчсыздангандыгын билдирген. ”Булар жарандыгы жок адамдар. Алардын милдети – жагдайды ыдыратуу”, - деп айтты ал. Азимовдун “жарандыгы жок адамдар” терминин пайдаланганынын мааниси олуттуу, анткени ӨИК кыргыз жана тажик бийликтерин түйшөлткөн исламдык жалгыз топ эмес. Тажик өкмөтүнүн билдиргенине караганда Кыргызстан менен коңшу түндүктөгү Исфара аймагында бир нече аскердик операциянын жүрүшүндө коопсуздук күчтөрү ӨИКтин согушчуларын өлтүргөн. Бирок буга чейин ”Жамаат Ансарулла” деп аталган белгисиз топ түндүктөгү тажик шаары Худжанттын полиция бөлүмүндө 3-сентябрда жан кечтинин жардырышына жоопкерчиликти өзүнө алган. Ушул терактынын кесепетинен эки адам өлгөн. Кийинчерээк өлкөнүн бийликтери ушундай топтун бар экендигин ырасташкан жана аны “Хизб-ут-Таахрир”, ”Салафи” жана “Таблиги Джамаат” сыяктуу тыюу салынган ислам топторунун тизмесине киргизишкен. Андайлардын бири тажиктердин мурдагы оппозициячыл талаа командири 60 жаштагы молдо Абдулло, билдирүүлөргө караганда артынан жети ай аңдып жүрүп 15-апрелде Тажикстандын тоолорунда өлтүрүлгөн.Тажикстандын бийликтери сентябрдагы буктурма боюнча Абдуллону күнөөлөшкөн, анда тажиктердин 28 жоокери курман болгон. Кыргызстандагы бийликтер башка, буга чейин белгисиз болгон “Джайшуль Махди” тобун - сентябрда еврей синагогун жардыруу, ноябрда Бишкектеги спорт сарайынын жанындагы жардыруу, декабрда жардыргыч толтурулган машинанын жардамы менен бишкектеги райондук милиция бөлүмүн жардыруунун ордунан чыкпай калган аракети боюнча күнөөлөдү.Үч милиционерди жана атайын бөлүктүн бир жоокерин өлтүргөндөн кийин январдын башталышында топтун 17 мүчөсү өлтүрүлүп жана кармалган болучу. Кыргызстандын улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Кеңешбек Дуйшебаев башка терактыны, анын ичинде Ооганстандагы согуш операциясын колдоо үчүн американын аскерлери пайдаланып жаткан “Манас” авиабазасына терактыны да пландаштыргандыгын айтты. Кийинчерээк “Вечерний Бишкек” Дуйшебаевдин топтун өлтүрүлгөн бардык 17 мүчөсү этностук кыргыздар деген сөзүн берген.

Кыргызстан менен Тажикстан террорчулук коркунучтарына каршы турууга начар даярдалган сыяктанат. Январда кыргызстандын Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев өзүнүн ведомствосунун жана Улуттук коопсуздук комитетинин күчтөрү террорчулукка каршы күрөшүүгө жетишсиз экендигин айтты. Анын сөзүнө караганда калкы 2,4 миллион адам болгон өлкөдө 8 миң гана милиционер бар.

Абдулла молдону Тажикистанда издөөнүн учурунда, согушчуларды кармоо боюнча аскердик операциянын жана ага байланышкан кагылышуулардын жүрүшүндө 60тан ашык жоокер өлгөн. Жалпы чек аранын боюнда жашаган кыргыздар менен тажиктер аймактык талаш-тартышка киришкендиги абалды начарлатууда. Кыргыз чек арачылары тажиктер ырастагандай өздөрүнө таандык 400 өрүк дарагын жок кылгандан кийин оор абал күчөдү. Жаңжал тажик жоокерлери ӨИК согушчылары менен атышкан жерге жакын болгон. Эгерде ушул аймакта согушчулардын тароо коркунучу пайда болсо, бул чек ара талашы кыргызстан менен тажикстандын ортосундагы кызматташтыкка кедерги тийгизиши мүмкүн.Геворгяндын айтканына караганда ушул учурда өзүнчө алганда бул топтор кыргызстан менен тажикстанга олуттуу коркунуч боло бербейт, бирок чыныгы коркунуч мындай топтор саны жагынан көбөйүп жана көп жактоочуларды тартышы мүмкүн экендигинде турат. “Кандайдыр бир учурда исламдык топтор бири-бири менен байланыш түзүп, топтошуп, идеологиялык даярдыкты жүргүзүшү жана жалпы кат жөнөтүшү мүмкүн”, - деп белгилейт ал. Бул Борбордук Азия өкмөттөрү үчүн эң начар көрүнүш, тилекке каршы кыргыз жана тажик бийликтери көрүп жаткан чаралар менен алардын көзөмөлүнөн тышкары турган кырдаал чынында эле, согушчулардын пайдасында болуп жана жардам көрсөтүшү мүмкүн.

“Азаттык” радиосу, орус кызматы,
2011-жылдын 24-апрели.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу