Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
22/04 20:31
 

“Jamestown»: Назарбаев бийлик сересине күйөө баласын көтөрүүдө


3-апрелде президент Нурсултан Назарбаев кайра шайланды жана беш күн өткөндө инаугурациядан кийин казакстанда кадрларды которуштуруу күтүлгөндөн кыйла жөнөкөй болду. Министрлердин үчтөн бири же 18 министрдин ичинен 6 министри өз кызматынан кеткендигине карабастан, премьер-министрди жана анын үч орун басарын кошуп алганда өкмөт мүчөлөрүнүн көбү өз орундарында калды. Шайлоодон кийин президенттин күйөө баласы Тимур Кулибаевдин улуттук “Самрук-Казына” кайрымдуулук фондусунун башчысына дайындалышы эң чоң күтүлбөстүк болду, ал фондунун каражаты 80 миллиард АКШ долларын түзөт. Андан мурдагы кызматкер Кайрат Келимбетов экономиканы өнүктүрүү жана соода министрине дайындалган. Мамлекеттик “Самрук-Казына” инвестициялык компаниясы казак экономикасынын үчтөн эки бөлүгүнөн ашыгына көзөмөлдүк кылат жана көп учурда аны казакстандын экинчи өкмөтү деп аташат. Анын активине мамлекеттик “КазМунайГаз” нефти компаниясынын, улуттук “Темир Жолу” темир жол компаниясынын, “KEGOC” ААКнын электр тармактарын жана “Казатомпорм” уран өндүрүшүн башкаруу боюнча компаниялардын, ошондой эле башка көп ишканалардын акцияларынын 100 пайызы кирет.
“Форбс” журналынын жазганына караганда 44 жаштагы Кулибаев казакстандагы эң бай үчүнчү адам болуп саналат, анын байлыгы 1,3 миллиард АКШ доллары деп бааланууда. Ал эң таасирдүү бизнесмендердин бири, нефть жана газ индустриясынын башкы көзүрү, ушундан улам аны “нефти канзадасы” деп аташат. Ал таасирдүү топтун уюткусу – “Каз Энерго” ассоциациясына жетекчилик кылат, жубайы – президент Назарбаевдин экинчи кызы Динара Кулибаева менен бирге “Халык Банкта” эң ири акционер болуп эсептелет.
Кулибаевди 70 жаштагы Назарбаевдин ишин жолдоочу деп көп айтышкан, бирок азырынча өзү көмүскөдө жүрүүнү артык көрөт. Сыягы бул анын жаңы ролуна байланышкан жана анын дайындалышына карата жашыруун сыр болушу мүмкүн. Назарбаев күйөө баласын колдогондугун көрсөткүсү келген, деп айтат саясатчы Досым Сатпаев. Кулибаев жана премьер-министр Карим Массимов өздөрүнүн позицияларын кыйла күчөтүшкөндүгү абдан маанилүү. “Самрук-Казынанын” мурдагы төрагасы Келимбетов Массимовго саясый каршылаш катары бааланып келген жана эми аны оюндан чыгарып салышты. Бирок Кулибаевдин бийликтин сересине көтөрүлүшүнө эч качан кепилдик жок. Бир кездерде президенттин улуу кызы Дарыйка Назарбаевага үйлөнгөн дагы бир күйөө баласы Рахат Алиев президент болгусу келгендигин Назарбаевге айткандан кийин анын ачуусуна тийгендигин ырастайт. Ал Казакстандын Австриядагы элчиси болгон жана кийинки жылдарда Европада жашырынып жүрөт. Казакстандын соту каражатты уурдагандыгы жана тымызын опузалап алуу жагынан аны күнөөкөр деп таап, 2008-жылы сыртынан 40 жылга абакта олтурууга өкүм чыгарган.
2007-жылдан бери өкмөткө жетекчилик кылган Масимов Назарбаев ант берген күнү кайра премьердин кызматына дайындалып жана парламенттин бирдей макулдугуна ээ болгон.Ушундан кийин Назарбаев добуштардын 95,5 пайызын гана алганда, Масимовго парламентарийлердин баардыгы – 100 пайызы бир пикирден добуш берди деп тамаша кылган.
Тышкы иштер министри Канат Саудабаев жана ички иштер министри Серик Баймангабетов өз кызматтарынан кетти. Алардын ордуна Эржан Казыханов менен Калмуханбет Касымов дайындалган. Бирок, Саудабаев мамлекеттик катчынын кызматында калган.
Казыханов тышкы иштер министринин орун басары жана Австрияда мурдагы элчи болгон. Ал “ислам дүйнөсүндө казакстандын кадыр-баркын жогорулатат”, - деп айтты Назарбаев. Казакстан Европада коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) төрагасы болгон 2010-жылы Европа тарапка назар салган, деп кошумчалады ал. Казакстан ислам конференциясы уюмунун тышкы иштер министрлер кеңешине 2011-жылдын июнь айынан тартып жетекчилик кылат, ошондо өлкөнүн көңүлү араб жана ислам дүйнөсү тарапка багытталмакчы.
Талгат Ермегияев туризм жана спорт министрлигине жетекчилик кылды. Асылжан Мамытбеков айыл чарба министри болду. Берик Камалиев транспорт жана коммункация министри болуп дайындалды.
Назарбаев коррупциялык иштери үчүн Жогорку соттун 6 судьясын отставкага кетирди. Башкы прокуратура сотторго каршы кылмыш ишин козгогон, бул Жогорку соттун төрагасы Мусабек Алымбековду отставкага кетүү жөнүндө өтүнүч берүүгө мажбурлаган. Анын ордуна Актөбө облустук сотунун төрагасы Бектас Бекназаров дайындалган.
1989-жылдан бери Казакстандын башында турган президент Назарбаев мыйзам бузуулар менен өткөрүлгөн шайлоолордун жүрүшүндө дагы беш жылга кайра шайланды. Анын колунда чоң бийлик турат жана ал башкача ой-жүгүртүүлөргө дээрлик чыдабайт, ал Казакстан коомун мындан ары демократташтырууга, ошондой эле парламенттин полномочиелерин жана өкмөттүн жоопкерчилигин күчөтүү чараларын көрүүгө убада берди. Эл аралык уюмдар, чет элдик инвесторлор жана Казакстандын калкынын көбү өлкөнүн туруктуулугуна эң чоң коркунучтардын бири Назарбаев кеткенден кийин анын жолун жолдоочу ким болот деген маселеде турат. Кадрларды мындан да кеңири которуштуруу 2012-жылга дайындалган парламенттик шайлоодон кийин болушу мүмкүн.
Биргит Брауэр
“Jamestown», 20 -апрель, 2011-ж.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу