Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
22/04 11:38
 

«Eurasianet»: Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тез-тез чыгып жатканы коркунучтуу


Жакынкы учурга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек арада жайгашкан кыргыздардын Аксай кыштагы жакындагы каршылашуудан кийин ”коогалуу жер” болуп калды, анткени ал начар белгиленген чек аранын боюнда жашагандардын арасында этника аралык жаңжалды пайда кылышы мүмкүн.
Фергана өрөөнүндөгү ийри чийилген жана ачык жаткан чек ара Кыргызстандын Баткен облусу менен тажиктердин Согд аймагын бөлүп, бири-бирине чырмалышып турат. Өлкөлөрдүн жалпы чек арасынын узундугу 971 чакырым экендигине карабастан чек аранын көп бөлүгү аныкталган эмес. Көп жерлердеги накта чек ара сууга жана айдоо жерлерине барууга тоскоолдук кылат.Себүү сезону башталгандан тартып оор абал күчөй баштайт.Бирок быйылкы жылы абал мурда болуп көрбөгөндөй катуу. Өткөн жылдын жайында Кыргызстандын түштүгүндө чыккан жана 400дөн ашык кыргыз менен өзбектин өмүрүн кыйган этника аралык жаңжалдан кийин,ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасында күчөп жаткан пикир келишпестиктерден улам тажик менен кыргыздардын ортосундагы жаңжал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн экендигинен, ал эми каршылашуу оор кесепетке алып келиши ыктымал экендигине байланыштуу жергиликтүү калк тынсызданып жатат.
8-апрелде Аксай айылынын 60ка жакын тургуну өз айылдары аркылуу өткөн жана кыргыз аймагы курчап турган тажик анклавы-Ворух менен Согд облусун байланыштырган жолду тосуп алышкан. Кыргыздар тажиктердин машинелеринин терезелерин талкалап жана алардын ээлерин токмоктомок болушкандыгын көргөндөр айтышты.Коңшу кыштактын тажиктери өч алуу максатында кыргыздын бир нече айдоочусун барымтага кармап алышкан.Эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын жетекчилигин барымтадагыларды бошотуп абалды жеңилдетишти.
Эки тараптын тургундарынан сурап көрсөңөр жини келген калк бир нече айдан бери жүрүп жаткан адамдарды уурдоолор менен токмоктоолор жөнүндө айтып беришет. Кыргыз атка минерлеринин сөзүнө караганда 2010-жылы кыргыз-тажик чек арасында мындай жыйырмадай кагылыш болгон.Бирок, жергиликтүү калктын сөзү боюнча быйылкы жылы андай пикир келишпестиктер күчөп баратат.
Кыргыз жана тажик атка минерлеринин көп сандаган аракетине карабастан чек араны делимитациялоо маселесиндеги прогресс өтө жай жүрүп жатат. Мунун бардыгы эки өлкөнүн жетекчилиги чек араны делимитациялоо маселесин биринчи кезектеги милдет деп эсептебегендигин көрсөтүүдө. Мындан тышкары сөз ресурстардын жетишпегендиги жөнүндө жүрүп жатат, деп ырастайт “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фондусунун Баткендеги филиалынан Махмадияр Хасанов. Кыргыз аймагы курчап турган тажиктердин эки анклавы сүйлөшкөндөр үчүн өтө кедерги болуп калды. Бул анклавдардын калкы Тажикстандан бөлүнүп калгандыгына, атап айтканда көп сандаган көзөмөл-өткөрүү пункттары түзүп жаткан ыңгайсыздыкка байланыштуу даттанышат. Тажикстандын бейрасмий бийликтери анклавдарды Тажикстан менен бириктирген өткөөлдү табууга аракеттенүүдө, бирок кыргыз бийликтери жерди ар кандай алмашууларга каршы чыгып, бул кыргыз жарандарынын жүрүшүнө кедерги болоорун ырасташат.
Атышуулардан тышкары чек араны ачуу эки тараптуу мамилелер үчүн башкача проблема болуп эсептелет. Кыргыз бийликтери билдиргендей экс-президент К. Бакиевдин бир тууганы - Ж. Бакиевди кошо алганда жогору даражалуу кээ бир атка минерлер 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Тажикстанга качышкан. Кыргызстандын жетекчилиги ошондой эле ислам согушчандарынын ишин жана кыргызстандан арзан күйүүчү майды мыйзамсыз өткөрүүгө жол бергендиги үчүн Дүйшөмбүнү күнөөлөйт.
“Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан менен өзүнүн чек арасын бекемдегенден кийин Кыргызстан тажиктер үчүн бирден бир транзиттик өлкө болуп эсептелет, анткени өз товарларын импорттоо үчүн Казакстан менен Россияга Кыргызстан аркылуу гана бара алат. Ошондуктан Дүйшөмбү Бишкек менен жакшы мамилени сактоону каалап жатат. Андай болбогондо Тажикстан бөлүнүп калуу коркунучунда калат”, - деп айтты жаңжалдарды четтетүү боюнча программаны ишке ашырган илимий-техникалык интеллигенция Ассоциациясынын-НПО координатору Хуршед Махкамов.
Дүйшөмбүнүн Бишкекке каршы чыгууну каалабагандыгы чек арага жакын жашаган тажиктердин арасында нааразылыкты пайда кылууда. ”Биздин төбөлдөр кызыкчылыгыбызды коргоого кудуретсиз жана дайыма кыргыз жетекчилиги менен эсептешип жаткандай сезилүүдө. Ушундай жагдайда тажиктер бардыгын өз колуна алууга жана өз кызыкчылыгы үчүн күрөшүүгө даяр”,-деп айтты өз ысмын атоодон баш тарткан Исфаралык баяндоочулардын бири. Убактылуу чаралар катары жергиликтүү бийликтер гана апрелдин башталышындагы Айрымдар Аксайдагы кан төгүшүүлөрдү четтете алгандыгын белгилеп, бийликтеги өкмөт полномочиени жергиликтүү бийликтерге берүүгө тийиш деп айтып жатышат. Бирок, буга байланыштуу башкалары масштабдуу жаңжалды четтетүү үчүн борбордук бийликтер укук коргоо органдарын күчөтүүгө тийиштигин айтууда.
Кийинки бир нече айдын ичинде “Эл аралык толеранттуулук” жана илимий-техникалык интеллигенция” Ассоциациясы кыргыз жана тажиктердин катышуусу менен бир катар чараларды, спорт мелдештерин жана ар кандай борбордук Азия майрамдарын уюштурушту. Мунун максаты калктын ортосунда өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө жана ишенимди орнотуу.
Бейөкмөт уюму уюштурган жаздын келишин билдирген борбордук Азиядагы майрам - Ноорузду майрамдоо учурунда “улуттардын жетекчилери достукта жашоого убада беришти. Бирок, Борбордук Азиядагы белгилүү тамак-аш палоо даамын сызуу мезгили келгенде тажиктер менен кыргыздар бөлөк-бөлөк отурушту”, - деп айтты дасторкондо чогуу отурган дүйшөмбүлүк журналист Бахтияр Валиев. ”Улуттар ортосундагы достуктун мисалы мына ушундай болду”.

Алишер Хамидов
«Eurasianet»,
20 апреля 2011 года

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу