Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
18/04 09:31
 

"Кабар" МТБ: Кыргызстан жана Бажы Биримдиги: мүмкүнчүлүктөр менен мүчүлүштүктөр

Кыргыз өкмөтү акыры үч өлкөнүн – Россия, Казакстан жана Беларустун башын бириктерген Бажы Биримдигине кошулуу чечимин кабыл алды. Ага кирүүдөгү сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турган мекеме аралык комиссия түзүлдү. Ошентип, Бажы Биримдигине кирүү боюнча акыркы чечим 2012-жылдын башталышында кабыл алынмак болду. Расмий түрдө Биримдикке кирүү демилгесин президент Роза Отунбаева 2010-жылы 5-июлда Евразиялык экономикалык шериктештиктин (ЕврАзЭШ) мамлекет башчыларынын саммитинде билдирген эле. Ал эми премьер-министр Алмазбек Атамбаев бийликке келгенден тартып эле Бажы Биримдигине кирүү маселесинде альтернатива жок экенин айтып чыкты. Бирок Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков “Биримдикке кирүү менен Кыргызстан экономикасы алда канча аксайт” деген каршы пикирин айтып келет.

Бажы Биримдиги жана Кыргызстандагы кырдаал
Бажы Биримдиги. Бажы Биримдигин түзүү демилгеси 1995-жылы көтөрүлүп, 2000-жылы ЕврАзЭШтин калыптанышы менен аны түзүүнүн зарылчылыгы бышып жетилген. Биримдикти түзүү жөнүндө макулдашууга бардык КМШ өлкөлөрү кол койгону менен Россия, Казакстан жана Беларусь алдыга озуп, бирдиктүү экономикалык аймак түзүүнү жүзөгө ашырышууда. Бул үч өлкө 2010-жылдын 1-январында бирдиктүү тарифтерди, андан соң 1-июлда Бажы кодексин күчүнө киргизип, өз ара эркин соода жүргүзүүнү баштады. Биримдиктин башкы максаты менен милдети бирдиктүү бажы аймагын түзүү болуп саналат. Анын алкагында бажы алымдары колдонулбайт жана экономикалык мүнөздөгү чектөөлөр болбойт, үчүнчү өлкөлөр менен соода жүгүртүүнү жөнгө салуу биргелешип чечилет.
Кыргызстандагы кырдаал. Кыргызстандын тышкы соодасынын жалпы көлөмүнүн 26,9 пайызы Россияга, 16,8 пайызы Казакстанга, 1,2 пайызы Беларуска туура келет. Ушул эле учурда Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү болгон Кытайды ала турган болсок, өткөн жылы Кыргызстанга ташылып келген товарлардын дээрлик 20 пайызга жакынын (19,2%) кытай товарлары түздү.
Учурда республика дүйнөнүн 120дан ашык өлкөсү менен соода алакаларын түзгөн. Өндүрүш тармагы өнүкпөгөн Кыргызстан калкты арзан, анан да сапаттуу импорттук товарлар менен камсыз кылышы керек. Расмий статистика боюнча, Бажы Биримдигинин өлкөлөрү Кыргызстандын тышкы соодасынын 44,9 пайыздан ашыгын түзүп, анын ичинде экспортко караганда (40,6%) импорт (47,2%) басымдуулук кылат. Бирок көмүскө экономиканы эсепке алганда бул көрсөткүчтөр алда канча төмөндөйт. Кыргызстандын ири базарларын камсыздаган кытай товарларын ташып келүү расмий статистикалык маалыматтарда аз көрсөтүлгөнүн 2009-жылы Кытайдын өзү тактаган. «Борбор Азиялык Экономикалык Шериктештик өлкөлөрүндөгү базарлар жана соода интеграциясы» деп аталып, БСУ, Евробиримдик жана АКШ тарабынан так маалымат деп табылган бул кытай статистикасы Кыргызстанда товар жүгүртүү расмий көрсөткүчтөрдөн 4 эсе көп экенин, импорт 3, экспорт 5 эсе аз көрсөтүлгөнүн айтып чыккан.

Негизги жагдайлар
Бажы Биримдигине кошулуу демилгесин расмий түрдө билдирип, алгачкы аракеттерди баштоо менен Кыргызстандын алдында олуттуу маселе турат: Бажы Биримдигинин үчүнчү өлкөлөргө карата жогорку бажы-тарифтик тутуму менен өлкөнүн экономикалык абалы жакшырабы? Же Бүткүл дүйнөлүк Соода Уюму (БСУ) менен жетишилген төмөнкү бажы тарифтери, эркин соода жүгүртүү менен экономиканын өнүгүүсү шартталабы?
Бул суроо биринчи кезекте Кыргызстандын 1998-жылдан бери БСУга мүчө болушу менен түшүндүрүлөт. БСУнун талаптарын Бажы Биримдигинин шарттары менен шайкеш келтирүүдө башкы маселе бажы алымдарына тиешелүү. БСУга мүчө болуу менен бизде бажы алымдарынын көлөмү төмөн жана аны кескин жогорулатууга тыюу салынат. Ал эми Биримдиктин бажы-тарифтик саясатынын дээрлик 90 пайызы Россия тарифтеринин негизинде кабыл алынат. Учурда Кыргызстанда бажы тарифи 5,1 пайыз деңгээлинде болсо, Бажы Биримдигине кошулуу менен бажы тарифи 10,6 пайыз деңгээлинде белгиленип, үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолуп келе турган товарларга тиешелүү болот. Бул БСУнун талаптарына туура келбейт. Ушундан улам Бажы Биримдигине кошулуу же андан баш тартууга байланыштуу Кыргызстан бир нече жолдун бирин тандашы керек. Алардын мүмкүнчүлүктөрүн жана мүчүлүштүктөрүн карап көрөлү.

1. Өкмөттүн сунушу: БСУнун жана Бажы Биримдигинин талаптарын шайкеш келтирүү
Советтик доордун саркындысы менен КМШ өлкөлөрүнүн экономикасы бири-бири менен байланышып калгандыгы жана саясый кызыкчылыктары, алсак, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму, ошол эле ЕврАзЭШте бир болушу, ооздон түшүрбөгөн достук мамиле Кыргызстанды Бажы Биримдигине кошулууга аргасыз кылууда. Ушундан улам кыргыз өкмөтү БСУдан чыкпай туруп, Бажы Биримдигине кирүү зарыл деген позицияда турат. Эгерде ал бул милдетти ийгиликтүү ишке ашыра алса, БСУ менен ири базарларды сактап калуу, чет өлкөлөр менен соода алакасын эч тоскоолдуксуз жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болот. Ал эми Бажы Биримдиги менен бирдиктүү бажы аймагынын алкагында өндүрүштү жандандыруу, айыл чарбасын бутуна тургузууга жол ачылат.
Кыргызстан мыйзамдарын БСУнун эрежелерине шайкеш келтиргенине аз гана убакыт болду. Эгерде өкмөттүн тандап алган негизги багытына таянсак, Бажы Биримдигинин шарттарына туура келтирүү зарыл болот. Бирок Кыргызстандын бажы жана салык тарифтеринин 34 пайызы гана Бажы Биримдигинин Бирдиктүү бажы тарифине туура келет. Ал эми дагы 21 пайызын оңдоп-түзөөгө мүмкүн болсо, 43 пайызы таптакыр туура келбейт. Аны өзгөртүш үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл. Бул оңой ишке ашпайт. Анткени БСУга жүздөн ашык өлкө мүчө жана анын ар биринин макулдугу менен гана сүйлөшүүлөргө жетишилет.
Буга дагы бир негиз бар. Ал Бажы Биримдигинде сырттан кирген бажы алымдарын өлкө бюджеттерине бөлүштүрүүгө байланыштуу. Азыркы тапта сырттан кирген бажы алымдарынын дээрлик 87,97 пайызы Россига таандык болсо, калган бөлүгү Казакстандын (7,33%) жана Беларустун (4,7%) бюджетине түшөт. Ал эми Биримдикке кошулуу менен Кыргызстанга жалпы добуштун 14,3 пайызы гана таандык болоорун эске алсак, сырттан кирген бажы алымдарынын аз гана бөлүгү бизге берилет. Мындай шартта бюджеттин кирешесинин негизин түзгөн ички салыктарды көтөрүш керек болот. Салыктарды көтөрүү менен ансыз да күч алган көмүскө экономиканы ооздуктоого болбой калат.

2. Интеграциянын башка багыты: БСУдан чыгып, Бажы Биримдигине кошулуу
Бажы Биримдигинин иштей башташы менен 2015-жылга карата Беларусь, Казакстан жана Россиянын ички дүң өндүрүмү 15 пайызга өсөөрү болжолдонууда. Ири базар калыптанып, анда жалпы ички дүң өндүрүмдүн көлөмү 2 триллион долларга жетип, товар жүгүртүүнүн көлөмү 900 миллиард долларды түзөөрү айтылууда. Анын ичинде айыл чарба продукциясынын көлөмү 112 миллиард долларга жетет. Мындай көрсөткүчтөр кызыгуу арттырып, айрыкча, айыл чарбасынын өнүгүшүнө жол ачат.
Бажы Биримдигинин айыл чарба тармагына тийгизе турган оң таасири тамак-аштын чек арадан эч тоскоолдугу жок өтүшү менен байланыштуу. Азыркы тапта дыйкандар өндүргөн айыл чарба продукцияларын коңшу Казакстанга өткөрө албай, чек арадан шылуундар аз акчага сатып алып, Казакстанда анын баасы он эселеп өсүп жатканы баарыбызга маалым. Андыктан, Бажы Биримдиги айыл чарбаны өнүктүрөт деп айтууга негиз бар. Себеби айыл чарба тармагы үчүн зарыл болгон күйүүчү-майлоочу май, үрөн, жер семирткичтер менен жабдуу Бажы Биримдигинин өлкөлөрүнөн арзан ташылып келинет, ал эми бизден айыл чарба товарлары негизинен ошол эле Россия жана Казакстанга экспорттолуп, алардын Кыргызстандын жашылча-жемиштери менен сүт азыктарына болгон муктаждыгы бар.
Ал эми өнөр жайын өнүктүрүүгө токтолсок, Бажы Биримдигине кирүү менен ири базар ачылат, бирок бул Кыргызстан өнөр жайын бутуна тургузат дегенге жатпайт. Азырынча биздин өндүрүш Казакстан, Россия жана Беларусь менен теңтайлашып же атаандаша албайт. Анын үстүнө Кыргызстан учурдагы экономикалык абалы менен инвесторлорду кызыктыра да албайт. Анткени бизге сырттан ташылып келинген товарлардын 70 пайызы өндүрүштүк максаттагы товарлар болуп саналат. Алсак, тигүү тармагына зарыл болгон кездемеден тартып, топчуга чейин сырттан алынат. Эгерде Кыргызстан БСУдан чыгып, Бажы Биримдигине кирсе, анын талабы менен үчүнчү өлкөдөн импорттолгон товарларга бажы алымдары жогорулайт. Демек, өндүрүштү өнүктүрүүдө кыйынчылыктар жаралат.

3. Өз алдынча багыт: БСУдан чыгып, Бажы Биримдигине да кошулбай туруп, жалаң эки тараптуу сүйлөшүүлөргө өтүү
Кыргызстан БСУга мүчө болгонуна 20 жылдан ашты. Айрым серепчилер Уюмга мүчө болуу менен Кыргызстан артыкчылыктуу деле жылыш жасай албагандыгын белгилешет. Өлкөнүн өнөр жай тармагы өнүккөн жок, жалаң кытай товарын алып-сатуу менен алек болгондор көбөйдү. Ал эми өлкөнүн башкы байлыгы делген тоо кен казуу тармагында иштин ачыктыгы көрүнбөй, энергетика деле эптештирилип кеткен жок. Кыскасы экономика кытай товарын кайра экспорттоо (реэкспорт), мигранттардын жөнөткөн акчасы, алтын казып алуу, электр энергиясын сатуу, анан тигүү тармагындагы, анча-мынча айыл чарбадагы жылыштар менен гана калыптанууда. Демек, Бажы Биримдигинин алкагында Кыргызстан коргой турган нерселер деле саналуу. Анын үстүнө болгону 14,3 пайыз добушга ээлик кылган Кыргызстан Биримдикте өзүнүн экономикалык кызыкчылыгын коргой албайт. Демек, БСУда да, Бажы Биримдигинде да туруунун терс жагы бар деген пикирлер кездешет. Андай позициядагы эксперттер ушундан улам Кыргызстан эки экономикалык биримдиктен тең баш тартып, өзү соода алакасын жолго салган өлкөлөр менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ дешет.

4. Стратегиялык багыт: Бажы Биримдигине кирбестен, БСУнун курамында кала берип, Бажы Биримдигиндеги өлкөлөрдүн БСУга өтүшүн күтүү жана алар менен КРнын добушу үчун соодалашуу
Негизинен Бажы Биримдиги кыска мөөнөткө гана түзүлүп, бул биримдик БСУга кирүү амалы катары бааланууда. Анткени түпкүлүгүндө ошол эле Россия же Казакстан экономикасынын дүйнөлүк экономикага багытталышына каалайт.
Ансыз деле өкмөттүн Биримдикке кошулуу чечими саясый өңүттө гана мааниге ээ болуп, анын экономикалык жагдайы эми гана талданып, такталганы турат. Экономисттер Бажы Биримдиги эки жылдан кийин гана толук кандуу иштей баштаарын белгилешүүдө. Демек, азырынча Бажы Биримдиги боюнча маалыматтын аздыгы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тоскоолдуктарды жаратат.
Ушундан улам Кыргызстан Бажы Биримдигинде алгач байкоочу өлкө статусун алышы керек деген да көз караш бар. Мындай жол менен Биримдиктин бардык шарттарын ойлонуштуруп, ички тоскоолдуктарды жоюуга мүмкүнчүлүк болот. Ал ортодо Бажы Биримдигинин өлкөлөрү БСУга кирүү аракетин баштап, Кыргызстан БСУнун алкагында ошол эле Казакстан же Россия менен өзүнүн добушун соодалаша алат. Анткени БСУга мүчө болууда анын курамындагы ар бир өлкөнүн макулдугу зарыл. Албетте, Кыргызстан жакынкы коңшуларынын БСУга мүчө болушуна көптөгөн себептерден улам таптакыр бут тосо албайт, бирок өз добушун өз кызыкчылыгында пайдалана алат.

Мээрим Ибраева, «Кабар» маалымат талдоо борбору

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу