Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
07/04 08:56
 

"Кабар" МТБ: Кыргызстан “Кыргызгаздын” 75% Россияга берүүсү зарылбы?


КР премьер-министри Алмазбек Атамбаев баштаган кыргыз өкмөт делегациясы Россияга кылган иш сапарында, бир катар эки тараптуу экономикалык пайдалуу келишимдерге кол коюлду. Алардын арасында абдан маанилүү ийгилик катары, өлкөбүзгө Россиядан экспорттолуучу күйүүчү майга болгон бажы салыгынын алынышын айтсак болот. Россия өкмөтүнүн өз жарандарына саткан баада бизге мындай жеңилдик берүүсүнөн республикабыздын карапайым калкынын чөнтөгүнөн бир жылда 200 млн. АКШ долларына жакын акча үнөмдөлөт. Эки өлкө ортосунда эмгек мигранттарынын ишмердүүлүгүн жеңилдетүү боюнча да бир катар келишимдер иштелип чыгууда. Мындан ары Россияга барып иштеген кыргызстандыктар ал жактан медициналык кароодон өтүп убара болушпайт. Себеби россиялык иш берүүчүлөр Кыргызстандын медициналык мекемелеринен берилген справканын эле негизинде жумушка алууга милдеттендирилет. Ошондой эле эгер биздин мигранттар тиешелүү органдар аркылуу өзүнүн жогорку квалификациялуу адис экендигин тастыктаган документке ээ болсо, россиялык жумушчулар менен бирдей же жылына 200 миң рублдан кем эмес маяна алат. Бул айына кеминде 25 миң сом акча. Белгилей кетүүчү жагдай, башка мамлекеттердин жарандарына караганда кыргызстандыктарга Россия жарандыгын алууга да бир топ жеңилдиктер каралган.

Бирок “Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынын 75% акциясын Россиянын “Газпром” компаниясына сатуу тууралуу келишим, кыргыз коомунда ар кандай кайчы пикирлерди жаратууда. Бирөөлөр “уттук” деп калпагын көккө ыргытса, башкалары “уттурдук” деп жер сабоодо.
Жаңы жыл алдында биздин чиновниктер көнгөн адатына салып, газдын баасын жок жегенде 100 долларга түшүрөбүз деп оолугушту эле, Ташкенттеги сүйлөшүүлөрдө биздин коңшулар араң 23 доллар түшүрүүгө көнүшкөн. Ошол эле учурда 700 млн. куб метрдин ордуна болгону 200 млн. куб метр газ бермей болушту. Азыр газдын 1000 куб метрин 223 доллардан сатып алуудабыз. Ал эми Россия Өзбекстандан алган газга бизге караганда 2,5 эсе арзан же 90 доллардан төлөп келүүдө.

Кыргызстанга күйүүчү майдын дээрлик 90 пайызга жакыны Россиядан келет. Ошондуктан алар бул экономикалык карым-катнашты кээде саясатка айландырып, бааны көтөрүүнү да адатка айландырып алышты. Ансыз да Кыргызстан күйүүчү майдан Россияга көз каранды, эгер биз газ тармагын дагы алардын колуна кармата салсак, толугу менен көз каранды болуп калбайбызбы деген айрым саясатчылардын күйүп-бышкандыгын түшүнсө болот.

Бирок, өткөн жылы Тажикстан да Россиянын “Газпром” компаниясына өздөрүнүн газ тармагынын кайсы бир бөлүгүн саткан. Натыйжада кыска аралыкта эле россиялыктар Тажикстандын аймагынан ири газ кенин табышкан. Адистердин айтуусунда быйыл жыл аягына чейин жана турган ал көгүлтүр отун бери дегенде 50 жыл тажиктердин ички керектөөсүнө жетет деп жарыяланды.
Ал эми Кыргызстандын түштүк аймагында да (Баткен облусу, Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарчасы) газ, нефть кендери бар. Бирок Баткендеги бул байлыгыбызды Өзбекстан Союз учурунан бери бекер пайдаланып келет. Эгер “Кыргызгаздын” 75 пайыз акциясы “Газпромго” өтүп кетсе, анда бул алалбай жүргөн кендерибизди да кайтарып алууга мүмкүн болор беле деген илгери үмүт пайда болот.
Бул маселе боюнча маалымат каражаттарына айрым саясатчылар менен коомдук ишмерлер өз пикирлерин жарыялашты:
Коомдо туура эмес түшүнүк басымдуулук кылып жатканына байланыштуу экономикалык серепчи Жумакадыр Акенеев түшүндүрмөсүндө өз ойун билдирип, мындай дейт:
- Биз "Кыргызгаз" деген коомду берген жокпуз, башында Кулмурзаев Тургунбек турган. "Кыргызнефтегаз" деген мамлекеттик мекеме бар, сөз ошол тууралуу болуп атат. Бул Кочкор-Ата шаарында жайгашкан. Алардын милдети ошол жерден нефти, газды чыгаруу. Биз ошолордун акциясын берип жатабыз. Россия 300 млн. доллар колдонуп, Кыргызстан боюнча чалгындоо иштерин жүргүзө баштайт, түндүк, түштүк аймактарды бүт. Эгер табылса жанагы нефти иштетүүчү завод куруп, газды чыгаруучу завод куруп туруп, тиешелүү деңгээлде бизди камсыз кылат. Андан көп болсо сатат. Бүгүнкү күнү бизде 300 млн. доллар каражатты таап, аны чалгындоо иштерине жолдой турчу чамабыз жок. Карызга алганга да мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан бул абдан туура чечим болду.

Булар "Кыргызнефтегаздын" башында тургандан кийин аларга мындай талап койсок болот. “Газпром” азыр Өзбекстандан газды 90 доллардан алып жатат. 90 доллардан алган газдан бизге дагы бергиле десек болот. Ал газды "Кыргызгазга" ошол баада берип, алар элге арзан баада сатса болот. Бул Кыргызстанда иштеп жаткан ишкана болуп калат да.
Өзбекстандан көз карандылыкты азайтуу үчүн Россия менен жакындашуу пайдалуу экендигин саясат таануучу Марс Сариев мындай дейт:
- Азыр биз Өзбекстандан газга көз каранды болуп жатабыз да. Анын үстүнө "Кыргызгаздын" абалы да баарына маалым. Анын баасын адистер айтып жатышат 15-20 млн. доллардын тегерегинде эле болуп калды деп. Эгер "Газпромго" бериле турган болсо, алар геологиялык чалгындоо иштерин жасашат. Бул жагынан алып караганда алардын бизге бере турган таасири, жардамы чоң болот. Өзбекстандан сатып алып жаткан газдын баасына салыштырмалуу Россия бизге газды андан арзан баада сатышы мүмкүн. Чалгындоо иштери ийгиликтүү болуп, биздин аймактан нефтинин, газдын булактарын тапса аны кайра иштетип, бизге эле пайда алып келет. Мындай иш аракеттер Россиянын колунан келет. Ага көп каражат керек да. Совет маалында Кыргызстандын аймагында чалгындалып, аныкталган нефтинин, газ кендеринин карталары Россияда. Жалпы карап көргөндө бул туура эле иш болду.

Ошол эле М. Сариев, Россия тарапка байланыштуу Кыргызстандын энергетикалык коопсуздук маселеси бойунча ойун мындай деп билдирет:
- Биз чакан, кичинекей мамлекет болгондуктан башка мамлекеттердин таасири албетте, болуп турат. Биз Казакстан сыяктуу экономикалык жактан күчтүү болбогондуктан, Өзбекстандай газга ээ болбогондон кийин, таасир болот. Чакан мамлекет болгондон кийин стратегиялык өнөктөш керек. Экономикалык жактан биз Россияга байланыштуубуз. Мына. канчалаган эмгек мигранттары ал жакта жүрөт. Саясый жагынан алып карап көргөндө көз карандылык болот. Бизде азыр бергенге макул болгондон башка айла жок. Жыйырма жыл ичинде болгон ар түрдүү натыйжасыз аракеттердин арты менен бул тармак бүгүнкү акыбалга келди.

Ал эми дагы бир саясый серепчи Марат Казакбаевдин ойу бойунча, мындай келишим түзүү туура эмес.
- Бул негизинен туура эмес келишим. Мына практиканы карап көрсөк, бир мамлекет стратегиялык деп саналган ишкана, мекемени башкаларга берип жатканда анын акциясы 50 пайыздан ашпашы керек. 50 пайызын беребиз десе туура болмок. “Кыргызгазды” орустарга берсек, ал “Газпромду” эле түшүндүрүп калат.

Жетишилген келишимдин Кыргызстанга пайда алып келе турганына экономика илимдеринин доктору Кубанычбек Идинов ишене турганын айтат:
- Илгери Советтер союзунун убагында Тюменден бери карай газ кууру курулуп келе жаткан. СССР таркап кеткенден кийин ал курулуп келе жаткан газ кууру Казакстандын аймагына келип токтоп калган. Эми ошону эгер берилип кала турган болсо, бизге бери карай улантып курушат. Биздин газ түтүктөрүнө түз туташтырат. Анан биз кээде өзбектерге качан бересиң, канчадан бересиң деп жалдырап отуруп калып жатпайбызбы. Эгер ал газ кууру курулуп калса, биз Россиядан Өзбекстанга салыштырмалуу арзан газды алып калабыз. Себеби, 75 пайыз орустарга бериле турган болсо, "Кыргызгаз" алардын аймагындагыдай болуп калат. Муну менен катар эле алар биздин аймактан нефтинин, газдын жаңы булактарын чалгындап, аны таап чыгууга аракет кылат. Үчүнчүдөн, бизден чыга турчу газдарды өндүрүп туруп, баягы Советтер союзунун учурунда токтоп калган газ куурун кайрадан жандандырып, биздин аймак аркылуу Кытайга, андан ары Пакистанга, Афганистанга, Индияга алып кеткенге алар дагы план түзүп жатат. Ушул жагынан алып караганда, тескерисинче утабыз. Биз транзиттик өлкө катары кала беребиз. Жанагы транзиттик багыт боюнча жалпы кирешенин өсүшү менен бизге дагы түшө турчу акчанын көөлөмү да көбөйөт. Анткени биздин 25 пайызыбыз өзүбүздө калып жатпайбы.

ИАЦ “Кабар”,
6 -апрель 2011- ж.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу