Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
06/04 21:48
 

"Кабар" МТБ: 7-апрель окуяларынын бир жылдык жыйынтыгы

7-апрелдеги кандуу окуялардан бери бир жыл өттү. Былтыркы окуяларга тарыхый баа берүүгө али эрте болсо да, алардын көзгө даана урунган жыйынтыктарын баалаш үчүн бул жетиштүү убакыт. Бул окуяларды туура баалаш үчүн ошол учурда элдин мүдөөсү эмне болгонун, алар канчалык даражада ишке ашканын салыштыруу зарыл.

7-апрель окуяларынын күнөөкөрлөрүн жоопкерчиликке тартуу
Былтыркы 7-апрель окуяларынан кийинки татаал жагдайда алардын негизги күнөөкөрү болгон Курманбек Бакиевди жана анын жакын жан-жөкөрлөрүнүн басымдуу бөлүгүн жаңы бийлик кылмыш жообуна тарта алган жок. Анын бир туугандарынын бири, жээн небереси, экинчи пландагы аткаминерлер жана аткаруучулар гана колго түшүп, айрымдары 7-апрелге байланышкан иш боюнча айыпталган тарап катары соттолуп, ал сот процесси коомчулукта чыр-чатак жаратууга жетишти. Ар кандай оор кылмыштарга байланыштуу аттары аталып жүргөн мурдагы аткаминерлердин көбү чет өлкөлөрдөн башпаанек тапты. Аларды кылмыш жообуна тартуу боюнча иш-аракеттерге ички гана эмес, геосаясий жагдайлар да жолтоо болууда. Бул убакыт аралыгында ар кандай топтор жана саясатчылар тарабынан сунушталган люстрация тууралуу мыйзам долбоорунун бир да варианты кабыл алынган жок.

Конституциялык реформа
Кийинчерээк бийлик башына келген мурунку оппозиция берген убадалардын арасында конституциялык реформа өткөрүү тууралуу убада да бар болчу. Бул убада аткарылды - конституциялык реформа мурдагы режимдерге мүнөздүү башкаруу формаларынан принципиалдуу айырмаланган, бийлик бутактарынын тең салмактуулугун камсыз кылган түзүм жаратууга шарт түздү. Бирок көптөгөн адистер азыркы Конституцияда бийлик бутактарынын өз ара шайкештигин жана алардын эл алдындагы жоопкерчилигин камсыз кылган нормалардын жетишсиз экенин айтып келишет. Конституциялык кеңешмеде кош жарандуулукка жол берген нормалар, орус тилинин статусу, парламенттеги фракцияларда императивдик мандаттын элементтеринин жоктугу жана дүйнөбий мамлекет тууралуу түшүнүк бир катар талаш-тартыштарды жаратканын да унутканга болбойт. Ошого карабастан, жаңы Конституция референдумда кыйла ийгиликтүү кабыл алынды, бирок ага көп жагынан түштүктөгү окуялар жана өлкөнү тезирээк укук алкагына кайтаруу зарылдыгы себеп болду. Азыркы тапта Конституция Кыргызстандын турмуш чындыгына жаңыдан гана ылайыкташа баштады. Анын мындан аркы туруктуулугу бийликтегилердин аракетинен гана эмес, коомдун аң-сезимдүү ыктыярынан да көз каранды.

Коррупция жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөш
Жаңыдан бийликке келген коалициялык өкмөт уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жарыялады. Ички иштер министрлиги бул чөйрөгө түздөн-түз тиешеси бар көптөгөн адамдардын колго түшкөнүн билдирүүдө. Мындай чечкиндүү кадамдын маанисин жокко чыгаруу туура болбосо да, ал кишилер уюшкан кылмыш дүйнөсүнүн ортоңку деңгээлине гана тиешелүү экендигин белгилей кетиш керек. Коомдогу кырдаалга бир топ таасир эткен бейформал топтордун эң башкы фигуралары дагы эле эркиндикте жүрүшөт.
Коррупция мурунку режимдердин убагындагыдай жападан-жалгыз күч борборуна таяна албай, анын ордуна ар кайсы бийлик бутактарынан жана саясий күчтөрдөн жөлөк издеп, алар бири-бирине компромат согушун ачып тирешүүдө. Азыркы тапта бул тирешүү коррупцияга аралашкан аттуу-баштуу адамдардын кылмыш жообуна тартылышын камсыз кыла элек. Мындай шартта 7-апрелден кийинки түзүлгөн айкындуулук эки башка натыйжа берүүдө: бир жагынан, жарандар бийлик органдарындагы коррупциянын көрүнүштөрү тууралуу кеңири маалымат алууу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту, башка жагынан – “компромат согушунун” бардык катышуучулары эл арасында кадыр-баркын жоготуп, бул өз кезегинде жарандардын жалпы эле мамлекетке болгон ишеничин азайтууда.

Мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо

Мурдагы режимдин каршылаштары өз учурундагы бийлик өкүлдөрүн стратегиялык объектилерди саткандыгы жана өлкөнүн кызыкчылыктарына чыккынчылык кылганы үчүн айыптап, андай дооматтарды саясий күрөштө активдүү колдонуп келишкен. 7-апрель окуяларынан кийин алардын пикири боюнча мурдагы режимдин өкүлдөрүнө тиешеси бар деп саналган бир катар объектилер мамлекеттештирилди. Ошону менен катар азыркы бийлик өкүлдөрү да мамлекетке алынган объектилердин бир топ бөлүгүн сатуу же менчиктештирүү боюнча сунуштарды улам көбүрөөк айта башташканын байкоого болот. Атап айтканда, жакын арада «Кыргызтелекомдун» менчиктештирүү жана «Кыргызгаздын» 75% акциясын Орусияга өткөрүп берүү небак чечилген маселе катары айтылууда. Мындай шартта мамлекеттин кызыкчылыгына карата мурдагы бийлик менен кийинки бийликтин мамилесинде принципиалдуу айырма барбы деген суроо туулуп, ал ички саясий күрөштө кыйла маанилүү жагдайга айланышы мүмкүн.

Парламенттик шайлоо
2010-жылдын акырында өткөрүлгөн парламенттик шайлоону көптөгөн эл аралык байкоочулар Кыргызстандын тарыхындагы эң калыс шайлоо деп баалашты. Чынында да, бул парламенттик шайлоодо жаңы бийликке эч кандай жан тартпаган партиялардын жеңишке жеткени административдик ресурстун колдонулбаганын даана көрсөтүп турат. Бирок мындай көз караштар азырынча мамлекет күрөшө албаган, шайлоочулардын добушун сатып алууга жана ыплас технологияларга байланышкан көптөгөн фактыларды эсепке албайт. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы, бир жагынан КРдагы партиялык курулуштун чечиле элек маселелерин ачыктаса, башка жагынан - айыгышкан атаандаш саясий күчтөрдү да компромисске мажбурлап, алардын ортосундагы чыр-чатактарды көмүскө формага өткөрүп, аны менен катар алгылыктуу чечимдерди да көп учурда артка тарткан парламенттик башкаруу системасынын кемтиктерин даана көрсөттү.

Туруктуулук
2010-жылы Маевкада жана түштүктө болуп өткөн улут аралык кагылыштар жаңы бийликтин кадыр-баркына эбегейсиз сокку уруп, анын мындай масштабдагы чыр-чактактарды жайгарууга чамасы чак экенин көрсөттү. Бир чети бул окуялар мамлекетте тиешелүү улут саясаты алигиче жок экенин, анын жоктугу мурдагы режимдердин тушунда ар кандай көз боемочулуктар менен жаап-жашырылып келгенин ачыкка чыгарды. Башка бир өңүттөн, канчалык парадоксалдуу болсо да түштүктөгү окуялар 7-апрелден кийин жердешчилик ажырымга батып кеткен кыргыз улутунун биригишине жол ачты. Ошону менен катар жалпы жонунан өлкөдөгү туруктуулук дагы эле кыл учунда турат, ал жаңы бийликтин ар кандай маселелерди ыкчам жана сабаттуу чече билишинен көз каранды.

Сөз эркиндиги
7-апрель окуяларынан кийин сөз эркиндиги коомдун айныксыз жетишкендиктеринин бири болуп калды. Мурдагы бийлик өкүлдөрүнүн рупору болгон КТР Коомдук телерадиоберүү корпорациясына айланып, бул багыттагы реформалардын натыйжасын катардагы көрүүүчүлөр сезе баштаган кези. Мурдагы режимге мүнөздүү болгон, маалымат каражаттарына каршы багытталган бийлик органдарынын кысымы да сезилбейт. Бирок бул аудиториянын басма сөзгө ишеничин арбыта алган жок, анткени эркиндик алгандан кийин деле көптөгөн маалымат каражаттары сапаттуу журналистиканын адистик принциптерин өздөштүрө албай койду. Окурман журту фактылардын анык-төгүнүн, аналитика менен пиар-технологиянын айырмасын териштирүүдө мурункудан бетер кыйынчылыкка учурап жаткан чагы. Мурда болжонгондой эле, көптөгөн ЖМКлар ар кайсы күчтөрдүн ортосундагы саясий күрөштүн куралына айланып, айрымдары гана өз алдынча ишкердик субъектиси катары кызмат кылууда. Кыясы, КРда ЖМКнын өнүгүшү дагы бир топ убакытты алчудай.

Экономикалык абалды жакшыртуу
Кымбатчылык, капиталдын качышы, элдин кирешеси арбыганын көрсөткөн көзгө урунарлык фактылардын жоктугу экономикалык абал жакшырды деп айтууга жол бербейт. Калыстык үчүн экономикалык жетишкендиктерге 7-апрель окуяларынан кийин коңшулаш мамлекеттердин чек араны жаап салганы, түштүктөгү окуялардын кесепети сыяктуу көптөгөн объективдүү жагдайлар жолтоо болгонун айта кетүү зарыл. Бирок катардагы жарандар үчүн жолтоо болгон жагдайлардын таржымалы эмес, конкреттүү натыйжалар маанилүү. Бул жагынан алганда социалдык-экономикалык багытта көзгө урунарлык жыйынтыктар жетишсиз, ал болсо коомдун туруктуулугу үчүн эң актуалдуу коркунучтардын бири бойдон турат.

«Кабар» маалымат талдоо борбору

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу