Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
02/04 18:53
 

"Кабар" МТБ: Кыргыз өкмөтүнүн «жүз күнү»: тактикалык ийгиликтер жана стратегиялык кооптуу жагдайлар

А. Атамбаев башында турган КР өкмөтүнүн түзүлгөнүнө 100 күн болду. Жалпы дүйнө жүзүндө калыптанып калган көз караш боюнча, өкмөттүн иши тууралуу коомчулук жана адистер баштапкы жыйынтыктарын чыгарышы үчүн бул жетиштүү убакыт.

Саясий жагдайлар
Кыргызстандын өкмөтү жаңы жана татаал саясий шарттарда түзүлдү. Алардын татаалдыгы үч негизги карама-каршылык менен шартталган.
Биринчиден, мурдагы оппозиялык күчтөр менен мурунку режимдин тарапкерлеринин ортосунда карама-каршылык сакталып калды. Өкмөттөгү орчундуу 26 орундун ичинен 18 эски бийликтин активдүү өкүлдөрүнө берилди, ал эми жаңы бийлик бир чети шайлоодон кийин түзүлгөн кырдаалдан улам, бир чети адистердин жетишсиздиги менен түшүндүрүп, алардын башкаруу системасына аралашуусуна жол ачып берди.
Экинчиден, жаңы саясий шарттар менен эски саясий маданияттын ортосунда карама-каршылык келип чыкты. Мында коалицияга кирген топтордун пикир келишпестиги оң жагдай эмес эле, терс жагдайга айланып, калгандарынын баарынын кадыр-баркын кетирүүдө. Акыркы убакта күчөгөн «компромат согушу» ага катышкан тараптардын баарынын аброюн кетирип, бирөөнө да рейтинг кошуп бербегени ушуну көрсөтөт.
Акырында, социал-демократиялык жана либералдык баалуулуктардын ортосундагы карама-каршылыктар да ачыкка чыга баштады. Азыркы башкаруучу коалициянын курамына өлкөнүн мындан аркы экономикалык өнүгүшү боюнча таптакыр ар түрдүү көз караштагы адамдар киргени эч кимге жашыруун эмес. Бул өкмөт кабыл алган чечимдерди аткаруунун ыраттуулугуна таасир тийгизип атат.

Экономикалык жагдайлар
Жаңы өкмөттүн социалдык-экономикалык иш шарттары саясий жагдайлардан да татаал болду. Ички жана тышкы базарда баалардын өсүшү, былтыр түштүктө болгон улут аралык кагылышуунун кесепети, инвесторлор менен капиталдын тышка оошу жана башка шарттар аткаруу бийлигинин жүргүзгөн ишине кошумча кыйынчылык алып келди. Мугалимдер менен башка бюджеттик кызматкерлердин айлык акыны көтөрүү тууралуу талабы бюджеттин чыгаша бөлүгүн чоңойтууга мажбур кылды. Демөөрчү уюмдар менен КМШ өлкөлөрүн кошо эсептегенде, өлкөнүн тышкы экономикалык өнөктөштөрдөн көз карандылыгы күчөсө да анын эбин тапкыдай айла-амал табылган жок. Дүйнөлүк финансылык кризистин Орусия менен Казакстанга тийгизген таасири эмгек мигранттарынын өз мекенине жиберген акчасын бир топ азайтты. Бажы Биримдигине байланышкан жаңы шарттар жана Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмундагы мүчөлүк милдети бир жагынан күнүмдүк товарлардын реэкспортун азайтып, көмүскө экономикага бөгөт койду, бирок ошол эле учурда атамекендик өндүрүштүн өнүгүшүн шарттай алган жок.

Тактикалык жетишкендиктер

Азыркы өкмөттүн ийгиликтүү тактикалык аракеттери катары күйүүчү майды сатуудагы бажы алымдарын жокко чыгаруу боюнча Орусия менен болгон ийгиликтүү сүйлөшүүнү, бийликте жана түштүктө саясий туруктуулуктун сакталышын, дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү тууралуу чечимди жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн күч алышын атап өтсө болот.
Бул ийгиликтер тактикалык гана мүнөзгө ээ, анткени биринчиден алардын так мөөнөтү жок, айрыкча бул узак мөөнөттүү пландарга тиешелүү. Мисалы, Кыргызстанга Орусиядан күйүүчү майды бажы алымы жок жеткирүү канчага чейин уланаары да, бул маселеде Орусиянын мындан аркы чечимдери эмнеге байланыштуу болоору да белгисиз. Анын үстүнө бул жетишкендиктер утурумдук гана милдеттерди аткарууга – КРда коомдук-саясий жана социалдык-эконимикалык туруктуулукту сактап турууга багытталган. Бул жетишкендиктердин тагдыры бийликтеги коалициянын туруктуулугуна жана тышкы тараптардын өзгөрмөлүү шарттарына көз каранды. Мисалы, мунай өндүрүмдөрүн чыгарган ишканалар баштапкы бааны көтөрүп салса эле Кыргызстанга Орусиядан күйүүчү майды бажы алымы жок жеткирүүдөн түшкөн пайда тез эле жокко чыгышы мүмкүн.
Андан да маанилүүсү – бул тактикалык жетишкендиктердин шарапаты жарандар күткөндөн алда канча аз болуп атканы. Атап айтканда, аларга күйүүчү майдын кандай келгени эмес, канча бир сомго арзандаганы, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн жүрүшү эмес, элдин көкөйүнө тийген кылмышкерлердин конкреттүү узак мөөнөткө кесилиши маанилүү. Азырынча байкалганы – жаз алдында дыйкандар күйүүчү майдын арзандаганын көрө элек, ал эми кылмыштуулук менен күрөштүн жүрүшүнө түрмөдөгүлөрдү түп көтөрүп ачкачылык жарыялатып, бийликке таасир эткиси келген кылмыш дүйнөсү кыйла жолтоо кылууда.

Актуалдуу стратегиялык коркунучтар

Тактикалык милдеттерди аткарууну көздөгөн азыркы өкмөттүн айрым аракеттери стратегиялык өңүттө терс натыйжага алып келиши мүмкүн экени алда канча актуалдуу маселе. Кыйла кооптуу деп бери дегенде эки чечимди эсептесе болот.
Биринчиси – «Кыргызгаздын» 75% акциясын орусиялык компанияга өткөрүп берүү тууралуу чечим. Расмий бийлик мындай чечим мамлекетти газ менен камсыз кылууну турукташтырып, инвесторлорду өлкөнүн өзүндө газ менен мунай өндүрүүгө түртө тургандыгын, ал болсо өлкөнүн тышкы экспортчулардан көз карандылыгын азайтаарын айтып ишендирүүгө аракет кылууда. Бирок кийин бул КРнын Орусиядагы саясий чечимдерден көз карандылыгын ого бетер күчөтүшү мүмкүн экенин унутпаш керек. Мисалы, «Газпромдун» КРга мунай өндүрүмдөрүн жеткирүүдөгү монополиясы бул чөйрөдөн башка ишканаларды сүрүп чыгарып, эркин атаандаштыкты жоготуп, КРдагы базарды Орусиядагы саясий оюндардан толук көз каранды кылганы бар. Бул энергия булактарынын да, аларды жеткирген тараптардын да ар түрдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган бүткүл дүйнөлүк тенденцияга карама-каршы келет.
Экинчи кооптуу чечим «Кыргызтелекомду» менчиктештирүүгө байланыштуу. Мындагы негизги кооптуу жагдай – техникалык жактан бул объект өлкөнүн маалымат коопсуздугу жаатындагы эң маанилүү маселелердин бири болгон жыштыктарды берүүгө түздөн-түз тиешеси бар (биринчи иретте РПО РМТР тууралуу сөз болуп атат). Санариптик берүүгө байланыштуу көптөгөн электрондук маалымат каражаттары «Кыргызтелекомдун» жаңы кожоюндарына көз каранды болуп калуу коркунучу бар. Алар үчүн мамлекеттин жана жарандардын кызыкчылыгы биринчи орунда болот деп эч ким кепилдик бере албайт.
Мындай чечимдерди коштогон саясий өңүттөгү кошумча кооптуу жагы - жөнөкөй адамдар үчүн бул чечимдер азыркы өкмөт өз колунда турган мүлктү түзүгүрөөк башкара албай калды, демек башкаруу системасы натыйжалуу эмес дегенди билдирет. Анын үстүнө башка мамлекеттерге КРнын объектилерин өткөрүп берүү же стратегиялык ишканаларды менчиктештирүү тууралуу чечимдердин кайсынысы болбосун коомдо терс реакция жаратып келгени бар. Андай коркунучтун даражасын туура баалаш үчүн мындай чечимдер мурунку режимдерди кулатуудагы негизги себептердин бири болгонун эске салуу жетиштүү.

Стратегиялык багыт
Жогоруда саналып өткөн жагдайларды талдоо, кабыл алынып аткан чечимдердин стратегиялык өңүттөрүн изилдөөгө өкмөттүн убактысы да, тиешелүү ыкмалары да жетишсиз экенин көрсөтүп турат. Тактикалык кадамдарды, анын ичинде КРнын чет элдик өнөктөштөрү менен боло турган сүйлөшүүлөрдүн оош-кыйышын карап чыгуунун натыйжалуу коммуникативдик механизмдери да жакшы өнүккөн эмес. Акыр аягында, башкача, стандарттан тышкары чечимдерди кабыл алуу жана аткаруу үчүн өкмөткө саясий жана финансылык ресурстар да жетишпейт.
Азыркы жаңы шартта өкмөттү утурумдук жагдайлардын барымтасында жалгыз калтыруу туура эмес экенин бардык бийлик бутактары түшүнүшү керек. Кабыл алынып аткан чечимдердин татаалдыгы аларды даярдоодо жана кабыл алууда мүмкүн болушунча көбүрөөк институционалдык өнөктөштөрдүн катышуу зарылдыгын шарттайт.
Буга байланыштуу Жогорку Кеңештеги ар бир фракциянын, эксперттик чөйрөнүн жана компетенциясы жетиштүү башка тараптардын катышуусу менен азыркы коалициялык өкмөт жүргүзгөн иштин оң жана терс жактарын талкуулай башташ керек деген айрым таасирдүү топтордун сунуштары оң көрүнүп турат.
Мындай коммуникативдик механизмдердин максаты - өкмөткө орчундуу маселелер боюнча кеңештерди жана сунуштарды даярдап берүү болушу керек, жана ал үчүн талдоонун жүрүшүндө төмөнкүлөр сөзсүз эске алынууга тийиш:
а) өлкөнүн экономикалык өз алдынчалыгын мүмкүн болушунча камсыз кылуу максаты;
б) КРнын ичиндеги жана тышындагы тиешелүү тараптардын кызыкчылыгы;
в) КР өкмөтүнүн карамагындагы ресурстар жана мүмкүнчүлүктөр.
Бул коммуникативдик механизмдерге көптөгөн компетенттүү тараптардын катышуусун камсыз кылуу - талкууланып жаткан маселелердин ар кайсы өңүттөрүн эске алууга, зарыл болгон чечимдердин саясий негизин бекемдөөгө жана алардын мүмкүн болгон саясий терс натыйжаларын жумшартууга мүмкүнчүлүк берет.

«Кабар» маалымат талдоо борбору

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу