Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
29/03 17:24
 

29.03.11. Эрика Марат: Кыргызстан эки ыңкылапты тең белгилемекчи болду

Биринчи президент бийликтен кулагандан кийин алты жыл, экинчи президент алмашкандан кийин бир жыл өткөн соң Кыргызстан өлкөнүн тарыхында бул эки окуяга кандай баар берээрин билбей турган кези. Айрыкча Аскар Акаевдин бийлиги кулап, анын ордуна Курманбек Бакиев шайланган 2005-жылдын 24-марты эки анжы ойду жаратты. 2010-жылы 7-апрелде режимдин алмашуусу анчалык талаш-тартыш туудурган жок.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев 2005-жылдын 24-мартындагы ынкылаптан бир нече айдан кийин эле баркы кеткен. Кыргызстандагы «жоогазын ыңкылабынын» маани-мазмуну режим алмашкандан кийин бир жылга жетип-жетпей күмөн туудурган. Ошого карабастан, Кыргызстандын мурдагы башчысы Бишкекте аскер парадын өткөрүп, бул күндү майрамдап келген. Бирок өлкөнү беш жыл башкарып турган соң Бишкектеги болжол менен 10 миң адам катышкан нааразылык акцияларынын натыйжасында Бакиев бийликтен кулатылган.

Бакиев 24-мартты өлкөдөгү расмий майрам деп жарыялаган эле. Бакиевдин бийликтен кеткенине карабастан, бул күн азыр да улуттук майрам боюнча калууда. Айрымдар бул күн календарда кызыл түс менен белгилениши керектигине анча ынана беришпейт.
Быйыл 24-мартка чейин өлкөнүн президенти Роза Отунбаева бул эки күндүн маанисине аныктама бергенге аракет кылды. Президенттин айтымында, «жоогазын ыңкылабы» болмоюнча Кыргызстан азыркы демократиялык өзгөрүүлөргө да даяр боло алмак эмес. Акаев да, Бакиев да бийликти мыйзамдуу жол менен өткөрүп берүүнүн маанисин түшүнгөн жок, дейт президент. Отунбаева быйыл боло турган президенттик шайлоодо бийлигин өткөрүп берүү аркылуу, Кыргызстанда эң тынч жол менен бийликти алмаштырууга убада берди.

Отунбаеванын айтымында, 24-марттагы ыңкылаптан улам келип чыккан үмүт менен ишенич акталбай, беш жылдан кийин эл кайра чогулган. Андан айырмаланып, Убактылуу өкмөттүн берген убадаларынын көпчүлүгү, анын ичинде Конституция боюнча референдум, эркин жана калыс парламенттик шайлоо өткөрүү жана мыйзамдуу өкмөт түзүү тууралуу убадалар аткарылды.
Бакиев сырттан коюлган бир катар айыптар менен соттолуп жаткан шартта Бишкекте 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгон шейиттерге эстелик орнотула турган болду. Өкмөт Үйүнүн алдында 7-апрелде өткөн демонстрация учурунда 86 киши окко учкан. Эстелик ак жана кара түстөгү эки таштан турат, алар Бакиевдин режиминин жана жаркын келечектин символу болуп эсептелет. Эстеликтин бийиктиги 7 метр болмокчу. Премьер-министр Алмазбек Атамбаев 7-апрель окуяларында курман болгондордун жакындарына сыйлык тапшырып, шейиттерге «элдик баатыр» деген статус ыйгаруу маселесин карап чыгууга убада берди.

Чындыгында эле, «жоогазын ыңкылабы» менен «7-апрель ыңкылабы» бири-биринен айырмаланып турат. Эң көзгө урунган айырмасы - 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгон эр-азаматтар. Өлкөнүн жаңы жетекчилиги демонстранттарга ким ок атууга буйрук бергенин, ким ок чыгарганын дагы эле иликтөөдө.

Президент моюнга алгандай, 2010-жылы июнь айында Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн улут аралык кагылышуу апрель ыңкылабынын эң чоң трагедиясы болуп калды. Чындыгында эле, башка аз улуттар сыяктуу эле Ош шаарында жашаган, бул кагылышуудан жапа чеккен өзбектер үчүн 7-апрель окуялары түндүк Кыргызстандын тургундарына караганда кыйла терс мааниге ээ. Апрель ыңкылабынын дагы бир айырмачылыгы - бийлик парламенттин, премьер-министрдин жана президенттин ортосунда тең бөлүштүрүлгөнү болду. Булардан айырмаланып «жоогазын ыңкылабынан» бир жыл өтүп-өтпөй эле Бакиев бийликти өз колуна топтош үчүн союздаштарынын бир ууч тобун түзө койгон болчу.

Режимдин зомбулук менен алмашуусу элдин эсинен чыга элек болгондуктан, Кыргызстанда саясий коогалаңдар дагы кайталанабы деген суроо келип чыгат. Чындап эле саясий элита өкүлдөрү өздөрү башкарган саясий партиялардын эрежесинен чыкпай иш жүргүзө алышабы, өз кызыкчылыгына ылайыктап Конституцияга алымча-кошумча киргизүүдөн баш тарта алабы? Системаны тең салмакта кармап, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууга мамлекеттик институттардын кудурети жетеби? Кыргызстандын азыркы жетекчилиги жана парламенти Борбор Азиянын башка мамлекеттерине салыштырмалуу элдин эркин жакшыраак билдирет. Бирок бир жылдагы жетишкендиктерди кийинки президенттик шайлоолор оңой-олтоң эле жокко чыгарышы мүмкүн болуп турат.

Кыргызстанда президенттик кызмат үчүн жарыш эмитен эле көмүскө түрдө башталды. Коалициянын тарап кетүү коркунучу ойдон чыгарылган эмес. «Ата-Мекен», «Ар-Намыс» жана «Республика» партияларынын өкүлдөрү «Jamestown» басылмасына билдиргендей, коалициянын күнү бүткөнү калды. Коалициянын тарашу тууралуу «Ата-Мекен» партиясы баарынан көп айтууда. «Ата-Журт» партиясы да коалициянын ыдырай тургандыгын көрсөткөн белгилерди бере баштады. Бул партиянын лидерлери, коалиция араң кармалып турганын айтышууда. Ал тургай министрликтердин айрымдарын гана компетенттүү деп айтууга болот, ал эми полиция менен соттор бир топ эле чабал.

Түндүк Африкадагы режимдердин тез кулашы жана Грузия менен Украинадагы «түстүү ыңкылаптар» көрсөткөндөй, эл жактырбаган жетекчини кызматтан кетирүү маселенин эң оңой жагы. Ыңкылаптан кийинки мезгил мындай өлкөлөр үчүн өтө чоң оорчулук келтирет. Кыргызстандагы эки ыңкылаптын маани-мазмуну тууралуу күмөн ойлор баарыдан мурда өлкөнүн келечеги бүдөмүк болгону үчүн жаралып атат. Өлкө жаңы саясий реалдуулук менен эксперимент жүргүзгөн сайын 24-марттагы жана 7-апрелдеги ыңкылаптардын тарыхый мааниси да келечекте улам жаңыча бааланып турмакчы.

25-март, 2011-жыл
Которгон – «Zpress.kg» агенттиги

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу