Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
29/03 17:16
 

29.03.11. «Telegraph»:Кыргызстан Путинге америкалык май куюучуну сүрүп чыгарууга убада берди


Кыргызстан америкалык базаны күйүүчү май менен камсыз кылууну өзүнө алууга чындап белсенип турат, бул болсо маанилүү Борбор Азиялык республикага таасир этүүдө Орусиянын жеңиши болмокчу.
Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаев өзүнүн орусиялык кесиптеши Владимир Путинге азыркы авиамай куюучу америкалык компания «Mina Corp» өз контрактынан ажырай тургандыгын америкалык дипломаттарга айтканын кабарлап, өз аракеттерин, бул компания мурдагы президент Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиев менен байланышы болгон деп түшүндүрдү. «Биз «Mina Corp» май ташышын каалабайбыз, анткени мен билгенден анын артында Максим Бакиев турат»- деди Атамбаев Путинге жума күнү.

Өз тарабынан «Mina Corp» мындай кадам Кыргызстанды «америкалык саясат менен өтө курч карама-каршылыкка» түртөөрүн эскертти. «Кыргыз өкмөтү чет элдик инвестицияларды конфискациядан коргоо боюнча, ошондой эле «Манас» транзиттик борборуна отун жеткирүү менен алектенген америкалык жалдануучулардын ишин үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча өзүнүн юридикалык милдеттенмесин бузуп жатат» деди « Weil, Gotshal & Manges» юридикалык компаниясынын юристи Уильям Бурк. «Эл аралык деңгээлде жана АКШда өкмөттү өз бийлигинен кыянаттык менен пайдаланганы үчүн жоопкерчиликке тарта турган көп мыйзамдуу ыкмалар бар. «Mina Corp» ошолордун баарын колдонот».

Компаниянын жетекчилиги былтыр америкалык Конгресс жүргүзгөн иликтөөнүн натыйжасында былтыр элдик көтөрүлүштүн айынан бийликтен кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү менен бул компаниянын финансылык байланышын тастыктаган бир да далил табылбаганын белгилеп өттү. Өзүнүн «Red Star Enterprises» аттуу туунду компаниясы менен катар «Mina Corp» 2011-жылдан бери Ооганстандагы аскерлер үчүн маанилүү транзиттик борбор болуп эсептелген «Манас» базасына авиаотун жеткирип келет.

Атамбаевдин планы боюнча кыргыз өкмөтү былтыр жыл аягында АКШнын Коргоо министрлиги менен түзүлгөн компромисстик келишимди аткарам деген убадасын бузат, ал келишим боюнча «Mina Corp» базага отундун 50% жеткирүүнү улантууга уруксат алган. Калганын кыргызстандык ишкана жеткирип, анын үлүшү башында 20% менен башталып аягында 50% жетиши керек. Ал, ишкананын милдетин кыргыз мамлекеттик мунай компаниясы жана орусиялык мунай гиганты «Газпромнефть» биргелешип түзө турган биргелешкен ишкана аткармакчы. Бирок, ал ишкана азырынча отун жеткирүү иштерине кирише элек.

Атамбаевдин убадасы Орусияга орун бошотуунун бир түрү, анын ичинде Кыргызстандагы торпеда чыгаруучу заводдун үлүшүн Орусияга өткөрүп берүү, ошондой эле мамлекеттик «Кыргызгаз» компаниясынын көзөмөл пакетин орусиялык «Газпром» компаниясына берүү каралган.
Орусия башынан бери, эле өз таасир чөйрөсү деп эсептеген Кыргызстандагы америкалык авиабазаны жактырбай келатат.
Ричард Орэнж
«Telegraph», 22-март, 2011-жыл
Которгон – «Zpress.kg» агенттиги

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу