Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
16/03 16:25
 

16.03.11. Кыргыз-Иран маданий байланыштарын өнүктүрүү маселелери талкууланды


Бишкек, 16-март. (Эмилбек Момунов – Кабар). Иран Ислам Республикасы Кыргызстандын эгемендүүлүгүн алгачкылардан болуп тааныган өлкөлөрдүн бири. Ошол мезгилден тартып эле эки мамлекеттерде элчиликтер ачылып, дипломатиялык байланыш түзүлгөн. Тилекке каршы өткөн 20 жылга жакын мезгилден бери эки тараптуу соода, экономикалык байланыштар мурдагы кыргыз бийлигинин мажирөөлүгүнөн улам жогорку деңгээлде өнүкпөгөн менен “чыныгы дос башка кыйынчылык түшкөндө билинет” демекчи, 2010-жылы республикабыз баштан өткөргөн апрель жана июнь кайгылуу окуяларында Иран Ислам Республикасы Кыргызстанга моралдык да, материалдык да жактан колдоо көрсөтүп турду. Башка майда-чүйдө жардамдарды айтпаганда да, түштүктөгү июнь коогалаңында ИИР Кыргызстандагы элчиси Манучехар Моради мырза өзү Ошко барып, араздашкан эки тарапты элдештирүү максатында мечиттерди кыдырып, чыныгы дипломат экендигин көргөздү. Элчи өз өлкөсү тарабынан жөнөтүлгөн 17 тонна дары-дармектер менен түштүктү калыбына келтирүү үчүн 1 млн. АКШ доллары көлөмүндөгү (грант эсебинде) акчалай жардамдан тышкары жеке өзүнүн чөнтөгүнөн да каражат бөлүп берди. Ал эми өткөн жылдын ноябрь айында мамлекет башчыбыздын тапшырмасы менен Иранга иш сапары менен барган КР президентинин аппарат башчысы Эмилбек Каптагаевди президент Махмуд Ахмединеджад өзү жылуу маанайда кабыл алып, бир катар келечектүү иш-чаралар талкууланган. Бул иш сапардын жыйынтыгында Иран өкмөтү Кыргызстанга 50 млн. АКШ доллары көлөмүндө инвестиция жумшоо тууралуу келишимге кол койгон.

Демейде мамлекеттер аралык байланыш бир гана соода-сатык, экономикалык багытта эмес, адабият, маданият жаатында да кошо жүргөндө түбөлүктүү карым-катнаш, чыныгы достук орун алары калетсиз. Ушундай зарылчылыкты алдын-ала түшүнгөн Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин алдында мындан бир жыл илгери атайын Маданият иштери боюнча өкүлчүлүк ачылган. Бул өкүлчүлүк ишмердүүлүгүн баштаган алгачкы күндөрү эле эки тилде (кыргыз, фарси) жарык көрүүчү “Адеп” аттуу журналды жарыкка чыгарып келет. Үч айда бир ирет жарык көрүүчү бул журналга кыргыз, иран акындарынын ырлары, прозалык чыгармалары жана тарыхый материалдар жарыяланууда.

15-мартта аталган өкүлчүлүк жаңы кеңсесинде алгачкы ирет кыргыз акын, жузуучу, сүрөтчү, журналисттерин жана башка адабият, маданият ишмерлерин чогултуп, Иран менен Кыргызстандын адабият, маданият байланыштарынын абалы, келечеги тууралуу тегерек стол өткөрдү. Тегерек столго белгилүү манасчы Уркаш Мамбеталиев, КР эл акыны Гүлсайра Момунова, “Заман Кыргызстан” журналынын башкы редакторунун орун басары Абдыкерим Муратов. Балдар жазуучусу, котормочу Абдылда Карасартов, уйгур жазуучусу Абдулазиз Мамбетбакиев, Кыргызстан – Иран достук коомунун жетекчисинин орун басары Талантбек Бекжанов, фарси акындарынын ырларын кыргыз тилине которуп жүргөн Кубанычбек Басылбеков, БГУнун Чыгыш таануу факультетинин деканы Таласбек Машрапов, акын Махабат Молдалиева, ИИР КР элчилигинин кызматкерлери, котормочулары, “Кабар” агенттигинин журналисти жана башкалар катышты.

Жыйынды “Адеп” журналынын кызматкери Мирзохалим Каримов алып барып, алгачкы сөздү ИИР КР элчилигинин Маданият иштери боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мухаммед Хосейн Абединиге берди. Ал өз сөзүндө Маданият иштери боюнча өкүлчүлүктүн жаңы имаратында алгачкы ирет өтүп жаткан бул жыйындын катышуучуларын март айында өткөн жана алдыда келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктады. Андан соң Иран адабияты, дүйнөгө белгилүү акындары жана алардын мамлекет менен элдин турмушунун калыптануусунда чоң мааниге ээ болуп келгендигине токтолуп, алгачкы ирет уюштурулуп жаткан жыйын эки айда бир ирет өткөрүлүп турарын айтты. Турмуш кандай илимий-техникалык ийгиликтерге жетишсе да бүтүндөй Чыгыш элине белгилүү Фирдоуси, Хафиз, Руми, Рудакинин чыгармаларын жаштарыбыз билүүгө тийиш экендигин, ошол эле учурда Борбор Азия чөлкөмүнөн чыккан Махмуд Кашгари, Жусуп Баласагынды жана “Манас” эпосун ирандык окурмандарга которуу максатуу болор эле деди. Ал эми тегерек столдо негизги көңүл эки элдин адабият, маданият тармагындагы байланыштарын өркүндөтүү багытына бурулмакчы. Абедини мырза өз сөзүндө Иран адабияты исламга жана шарият эрежелери менен жашоого үндөө менен окурмандарды ыймандуулукка тарбиялай тургандыгын белгиледи.

Андан кийин сөз сүйлөгөн Уркаш Мамбеталиев “Манас” эпосун фарси тилине которуу идеясын колдоп, эгер мүмкүнчүлүк болсо Иран мамлекетине барып, Манас айтып берүү ниети бар экендигин айтты. Белгилүү акын Гүлсайра Момунова совет доорунда белгилүү себептерден улам чыгыш элдеринин белгилүү акындарынын чыгармалары кыргыз адабиятына жеткиликтүү деңгээлде кирбей калгандыктан, бул актай баракты мектеп программасына киргизүү керек деди. Г. Момунова жакында өзү Пакистан акыны Мухамед Икбандын ырларын кыргыз тилине которгондугун, ошондой эле фарси акындарынын ырларын да которуу ниети бар экендигин кошумчалады. “Ыймандуу бийлик болбой эл оңолбойт. Элди бири-бирине руханий байлык жакындатат”,- деди акын эжебиз.

Кыргызстан – Иран достук коомунун жетекчисинин орун басары Талантбек Бекжанов бүгүнкү күндө карапайым калк саясаттан, митинг, пикеттен тажап, турмуш, экономика качан оңолот деп күтүп калгандыгын белгиледи. Ал эми Кыргызстан – Иран достук коому эч кандай саясый акциялар менен алектенбей, жалаң гана экономикалык багытта иш жүргүзүп жаткандыгын айтты. Мисалы, аталган коом азыр төрт багытта долбоор түзгөн. Алардын бири – Бишкек шаарында жана республикабыздын ар бир облусунун борборунда Иран товарларын саткан дүкөндөр ачылат. Анда негизинен мусулман аялдарынын кийимдери, Иран өндүрүшүнөн чыккан курулуш материалдары, кондитер азыктары жана башка буюмдар сатылат. Мындан тышкары ал ирандык ишкерлер республикабыздын мал жана айыл чарбасында иштешүүгө кызыкдар экендигин белгиледи. Бул багытта Суусамыр жайлоосунда ирандык ишкерлер 10 гектар жер бөлүп алып, кымыз менен дарылоо медициналык борбору ачылууда. Балык чарбасын өнүктүрүүгө да көңүл бурулуп, Иранга балык экспорттолмокчу. Ошондой эле сүт, эт азыктарын да өндүрүп, Иранга сатуу планы бар. Бүгүнкү күндө Иранда курулуш тармактары да өтө жогорку деңгээлде өнүккөн. Андыктан, аталган коом ал жактан архитекторлорду чакырып, биргелешкен курулуш ишканаларын ачуу жана заманбап үлгүдөгү имараттарды курууга ниеттенүүдө. Ошондой эле, Төө Ашууга дары чөптөр менен ооруулууларды сакайтуучу медициналык борбор куруу планы бар.

Уйгур жазуучусу Абдулазиз Мамбетбакиев 30 жыл мурда колуна фарси тилиндеги кол жазма тийип калгандыгын, бул 1600-жылы жазылган баалуу эмгек андан мурда 100 жыл башка бир адамдын колунда сакталып келгендигин билдирди. “Мен кол жазманы жакында экспертизага бердим, 15 күндөн кийин алар беш кылым мурда жазылган эмгек эмне жөнүндө экендиги тууралуу тийиштүү тыянак чыгарышы керек. Азыр мага Казакстандан бул кол жазманы китеп кылып чыгарабыз деп сурап жатышат. Бирок мен анын Кыргызстанда кыргыз жана уйгур тилдеринде китеп болуп чыгышын каалайт элем. Бир гана белгилей кетүүчү жагдай, белгисиз автор эмгегинин башына “менин арбагыма арнап куран окуп тургула” деп керээз калтырыптыр. Ушундай сөз менен башталган эмгек өтө баалуу деп эсептеймин. Тилекке каршы, Кыргызстанда буга чейин бир топ журналдарга, басылмаларга кайрылып, ал эмгекти жарыкка чыгарууга жасаган эмгегимден майнап чыккан жок. Иран элчилигинин Маданият иштери боюнча өкүлчүлүгү менин сунушумду колдоого аларына ишенемин”,- деди ал. Ал, ошондой эле бүтүндөй Чыгыш элдеринин чоң маданий мурасы болуп эсептелген “Кабуснааманы” кыргыз тилине которууну сунуш кылды.

Тегерек столдун ишине Кыргызстан – Иран билим берүү борборунун жетекчилиги да катышып, ар бир элдин сыры адабият менен поэзияда камтылгандыгын белгиледи. Ошондой эле аталган борбор КР Илимдер академиясынын кол жазмалар фондусунда фарси тилиндеги кол жазмалар жоголуп кетүү алдында тургандыгына кейигендигин жашырган жок.

Балдар жазуучусу Абдылда Карасартов өз сөзүн “Адабият достугу бекемделсе, элдердин достугу да бекемделет” деп баштап, эки элдин маданий мурастарын бири-бирине тааныштырууну балдардан, мектеп партасынан баштоо керек экендигине токтолду. Ал, ошондой эле мындан 20 жыл мурда “Кабуснааманы” “Мугалимдер газетасына” үзүндү кылып которгондугун, бирок бул чоң эмгек китеп болуп чыкпай калгандыгына өкүндү.

Белгилүү жазуучу жана публицист Абдыкерим Муратов мектеп программасын түзүүчү авторлордун бири катары Чыгыш элдеринин белгилүү акындарынын чыгармаларынын кыргыз тилине котормосу начар экендигин белгиледи. Анткени, котормочулар түп нускадан эмес, орус тилинен которушкан. Алар да өз кезегинде немис, француз же англис тилдеринен которушкан. Ошентип түп нускадан алыстап, ырлардын мааниси өзгөрүп кеткен. Ал бир гана Райкан Шүкүрбековдун 1950-жылдары которгон Фирдоусинин ырларын кайра басып чыгарса боло тургандыгын сунуш кылды. Мындан тышкары, А. Муратов фарси адабиятынын 10 томдугун кыргызчага түп нускадан которуу идеясын ортого койду. Сөзүнүн акырында ал XI – XIII кылымдарда Ирандын диний аалымдары жана мамлекет башчылары Борбор Азияга келишкендигин эске салуу менен бирге алар кыргыз эли тууралуу көптөгөн маалыматтарды топтоп кетип, азыр ал эмгектер Ирандын архивдеринде сакталып жаткандыктан, жарыкка чыгаруу учуру келгендигин айтты. Мындай пикирди БГУнун Чыгыш таануу факультетинин деканы Таласбек Машрапов да колдооого алып, өзү жетектеген факультетте фарси тилин окутууга жана котормочуларды даярдоого көп көңүл бурулуп жаткандыгын маалымдады. Декан ошондой эле, бул айткандарынын мисалы катары учурда Иран элчисинин котормочусу болуп иштеп жаткан, БГУнун бүтүрүүчүсү Нурлан Балтабаев тарабынан көлөмү 400 беттен турган кыргыз – иран сөздүгүн келтирип, ал китепти Маданий иштер боюнча өкүлчүлүктүн жетекчиси Мухаммед Хосейн Абединиге тапшырды.

Ал, эми белгилүү акын, фарси акындарынын ырларын кыргызчага көп которгон Кыялбек Урманбетов учурда эл узун ырларды окубай калгандыгын эске алып, кыска саптуу рубаилерди которуп жаткандыгын айтып, котормого конкурс жарыяланса болор эле деген сунуш киргизди.

Бүтүндөй өмүрүн чыгыш акындарынын ырларын которууга арнап келаткан Кубанычбек Басылбеков учурунда фарси тилин окууга мүмкүнчүлүк түзүлбөгөндүктөн, айласыздан орус тилинен которууга аргасыз болуп жаткандыгынын себебин түшүндүрүп берди.

“Кабар” агенттигинин журналисти (Э. Момунов) учурда Кыргызстандагы чет элдик элчиликтердин арасында бир гана ИИР элчилигинин алдында гана Маданият иштери боюнча өкүлчүлүк ачылып, “Адеп” журналын чыгарып жаткандыгын жана бир топ китеп, сүрөт көргөзмөлөрүн уюштуруп келаткандыгын жана жакында Иран киносунун жумалыгы Бишкекте жогорку деңгээлде өткөндүгүн республикабыздын маданий турмушуна кошулган чоң салым катары баалап, эң оболу түз маалымат алмашууга көбүрөөк көңүл бурулса болор эле деген оюн билдирди.

Жыйындын соңунда аталган өкүлчүлүктүн жетекчиси Мухаммед Хосейн Абедини “Адеп” журналынын кезектеги №6 санынын мазмуну тууралуу маалымат берди. Андан соң өкүлчүлүктүн иш-чараларына жигердүү катышуучуларга сыйлыктарды тапшырды жана мындан кийинки иш чараларга да ушундай жогорку деңгээлде катышууга чакырып, баардык ой-пикир, сунуш айткандарга ыраазычылык билдирди.


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу