Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
15/03 16:58
 

15.03.11. «Asia News»: Инфляциянын күч алышына нааразы болгондор көбөйүп баратат

Буудайдын, тамак-аш өндүрүмдөрүнүн, көмүрдүн жана цементтин баасы бат көтөрүлүүдө. Өкмөт бааларды кармап калууга алы жетпей атат. Эксперттер баарына алып сатарлык жана өкмөттүн чабалдыгы күнөөлүү деген пикирде.
Кыргызстанда буудай жана башка негизги азыктар кескин кымбаттады. Өлкөнүн жетекчилиги, былтыр жакырчылыктын кескин күчөшү ошол кездеги президент Курманбек Бакиевди бийликтен кулаткан нааразылык акцияларына алып келгенин эске алып, алынын жетишинче бааларды кармап турууга аракет кылып жатат.

Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстан өз калкынын муктаждыгын канааттандырыш үчүн жылыга 1,33 миллион тонна буудай өндүрө алат. Бирок былтыркы түшүм 813 миң тонна буудайдан ашкан эмес, буга бир чети өлкөнү бир нече ай бөлүп-жарып, шал кылып койгон социалдык баш аламандыктар да себеп болгон. Ошентип, чет өлкөдөн буудай сатып алуу зарылчылыгы келип чыкты. Дүйнөлүк Банктын эсебинде, былтыркы июндан тартып буудайдын баасы 54% көтөрүлдү. Башынан Кыргызстанды буудай менен камсыз кылып келген Орусия болсо былтыр талааларын күн кактап, токойлорун өрт алгандыктан буудайдын экспортун токтотту.

БУУнун азык-түлүк жана айыл чарбасы боюнча уюму Кыргызстанды кымбатчылыктан эң көп жапа чеккен өлкөлөрдүн катарына кошту. Өкмөт кыйын абалда калды. Атап айтканда, 21-февралдагы басма сөз жыйынында өлкөнүн вице-премьер-министри Ибрагим Жунусов кирешеси жетишпеген ар бир үй-бүлө биринчи сорттогу ундан бир мүшөк алаарын билдирди.
Эт, май, ун, шекер жана күрүч сыяктуу биринчи иретте керектеле турган нерселерге импорттук алымды жоюп таштоо тууралуу мыйзам долбоорун чукул чара катары 17-февралда өкмөт парламентке жиберген, бирок парламенттегилер бул маселени талкуулай элек. Ошондон бир жума өткөн соң нандын баасы 10% көтөрүлдү.

Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Бабырбек Жээнбеков бааларды баары бир көзөмөлдөш керек деп эсептейт. Анын пикиринде, мындай көзөмөл импорттоочулар менен дүң соодагерлердин ортосундагы жең ичинен түзүлгөн келишимдерге каршы күрөш үчүн зарыл. Агенттиктегилердин айтымында, тамак-аш өндүрүмдөрүнүн, цементтин, көмүрдүн, айрым дары-дармектердин жана мунай өндүрүмдөрүнүн баасын көзөмөлдөп туруш керек.
Азыркы түзүлгөн абалды мындай бир мисал даана сүрөттөйт. Кыргызстанда Казакстандын буудайынан тартылган ун тоннасына 449 доллар турат, ал эми Казакстандын өзүндө ошол эле буудай тоннасына 395-440 доллар турат.

Бирок буга баары эле макул эмес. Айрымдары бааларды көзөмөлгө алуу сатуучуларды өз товарын башка базарларга жөнөтүүгө мажбур кылып, анын айынан көмүскө базар пайда болуп, баалар ого бетер асмандап кетет деп чочулашат. Тажикстанда өкмөт нандын баасын көзөмөлгө алгысы келгенде ошондой болгон. Кандай болгон күндө да ун менен нандын жетишсиздиги баалардын көтөрүлүшүнө караганда өкмөт үчүн алда канча коркунучтуу.
Кыргыз улуттук университетинин экономисти Айылчы Сарыбаев эч кандай жөнгө салуучу көзөмөлдүн жоктугу үчүн өкмөттү сынга алып келет. Анын айтымында, экономиканын басымдуу бөлүгү көмүскөдө турат. Бийлик канча фирма же компания ун, май, кумшекер алып келээрин, же канча компания ортомчулук кылаарын да билбейт.

Система ушунчалык адилетсиз жана коррупциялуу болгондуктан, 22-февралда Наабайлар бирикмесинин төрагасы Акбар Айтикеев Монополияга каршы мамлекеттик агенттикке кайрылып, нанды керектөөчүлөрдүн өз колуна жеткирүү жагынан наабайларга жардам берүүнү өтүнгөн. «Биз өтө көп иштейбиз», дейт ал. «Бирок биз азыр өкмөттөн жардам болбосо эмне кылаарыбызды билбей айлабыз кетти». Анын ордуна бул абалдан ортомчулар пайдаланууда.
Былтыр июнда улут аралык чатак болгон Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов баалар көтөрүлө берсе коомдо нааразык күч алаарын шаршембиде билдирди.
«Өлкөдөгү экономикалык абал өтө татаал, социалдык чыңалуу күч. Өкмөт айрым жарды үй-бүлөлөргө нанды бекер таратса да, айтор коомдогу чыңалууну азайтыш үчүн чукул арада чара көрүшү керек», - дейт Убактылуу Өкмөттун мурдагы финансы министри Темир Сариев.

«Asia News», 4-март, 2011-жыл
Которгон - «Zpress.kg» агенттиги

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу