Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
12/03 15:40
 

12.03.11. Күйүүчү-майлоочу майдын кымбаттыгы – экономиканын аксаганыбы?

Жыл жаңыраар замат өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев жакшы жаңылык айтып, Россия күйүүчү-майлоочу майга болгон бажы төлөмдөрүн жойгондугун билдирген. Ага улай Биринчи вице-премьер-министр февралда баалар 8-10 сомго арзандай тургандыгын жар салган. Иш жүзүндө январда күйүүчү-майлоочу майдын баасы 3,5-4 сомго, февралда болгону 2 сомго арзандаганын, Өкмөткө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу агенттиги билдирди. Демек, бийлик сөз кылган арзандоо болсо да, ага толугу менен жете элекпиз.

Жазгы талаа жумуштарынын башталышы менен күйүүчү-майлоочу майлардын баасынын мындар ары арзандашы бүдөмүк бойдон калууда. А. Атамбаев күйүүчү майга бажы төлөмдөрү 1,5 айга алынып салынгандыгын айткан эле. Макулдашылган мөөнөт аяктап, жакында депутаттар 15-февралдан бери дизель майы ташылып келинбей жаткандыгын айтып чыгышты. Өкмөт башчысы айткан 1,5 ай ичинде өкмөттөр аралык комиссия түзүлүп, макулдашууларды жүзөгө ашыруу багытында иш жүргүзүлөөрү белгиленген. Бирок февралда Кыргызстанга келген Россия өкмөтүнүн өкүлдөрү менен болгон талкуудан деле тыянак чыкпагандай.

Ал эми өкмөт башчысы сөз кылгандай, күйүүчү-майлоочу май менен бирге ага байланыштуу болгон башка товарлардын да баасы төмөндөмөк турмак өсүүдө. Башкасын албасак да, Экономикалык тескөө министрлигинин баалар мониторингине ылайык, өткөн аптада эле Кыргызстанда буудайдын баасы 0,8, биринчи сорттогу ун 1,9 жана нандын баасы 2,3 пайызга кымбаттады. Бул маселеге туура көз караш менен мамиле кылуу абзел – ооруну жашырган оңолбойт.

Баш ооруткан бажы төлөмдөрү

Учурда жоопсуз калган маанилүү суроо турат. Россия бажы төлөмдөрүн кайра киргизеби? Мындай кооптонуу аз болсо да арзаныраак май менен камсыз болуп жаткан дыйкандардан тартып, бийликтегилерди да түйшөлтүүдө. Ал эми Москва тараптан эч кандай билдирүү угулбайт. Демек, маселенин чоо-жайын түшүндүрүүгө кыргыз тарап кирише элек, же башка көрүнбөгөн себеп бар.

Муну менен катар күйүүчү-майлоочу майдын жетишсиз экендиги да айтылууда. Маселе 10-мартта Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында көтөрүлүп чыкты. “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев түштүк облустарда дизель майынын тартыштыгын билдирди. Депутат күйүүчү-майлоочу майларга болгон бажы төлөмдөрү расмий түрдө алынып салынганбагандыгын айтып, жазгы талаа жумуштары башталгандыктан, өкмөт бул маселени тез арада чечиши керектигин белгиледи. Калктын дээрлик 65 пайызы айыл жеринде жашап, негизинен айыл чарбасы менен алектенгендигин эске алсак, бул көйгөйдүн экономикалык гана эмес, социалдык да мааниси чоң. Өз дарамети менен өйдөлөп келаткан дыйкандарга колдоо көрсөтүү зарылчылыгы турат. Быйылкы жылы да дыйкандар күйүүчү-майлоочу майдын кымбаттыгынан жер иштете албай, анын кесепетин тартабызбы деген суроо актуалдуу бойдон калууда.

Жалпысынан быйыл жазгы талаа жумуштары үчүн 40 миң тонна дизель майы жана 10 миң тонна бензин зарыл. Айыл чарба министрлигинин акыркы маалыматтарына таянсак, зарыл болгон күйүүчү-майлоочу майлардын 29,2 пайызы гана камсыздалган. Жогорку Кеңештеги “өкмөттүк күнүндө” айыл чарба министри Төрөкул Беков быйыл күйүүчү-майлоочу майлардын тартыштыгы болбой тургандыгын айткан эле. Бирок учурдагы 30 пайызга жетпеген камсыздоо менен иш бүткөрүлөөрү күмөн.

Баанын баркы

Күйүүчү-майлоочу майдын баасына бажы төлөмдөрүнөн башка да бир катар сырткы себептер таасир этет. Алсак, нефтинин дүйнөлүк баасы, заводдун баштапкы баасы, жол акысы, сомдун курсу. Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майлардын дээрлик 80 пайыздан ашыгын сырттан ташып келээрин эске алсак, анын баштапкы баасы чоң роль ойнойт. Жыл башталышында эле Россия заводдору эң көп пайдаланыла турган нефть продуктулардын баштапкы баасын орточо 10 долларга чейин кымбаттаткан. Буга кошумча январда темир жол тарифтери да 10 пайызга чейин көтөрүлүп кеткен.

Эркин рынок Борбор азиялык институту Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын баасына салыктар да таасир тийгизээрин аныктаган. 15 пайыз же бир литрине 5 сомго чейин алына турган ички салыктар бар. Муну алып салуу зарылчылыгы тууралуу сөз боло элек. Салыкты жойгондо миллиарддаган сомдун түшпөй калышы ыктымал. Бирок ошол эле каражат калктын колунда калаарын эстен чыгарбоо керек.

Мындан ары

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетов Жогорку Кеңештин жыйынында өткөн жылы Россиядан гранттык негизде алынган 20 миң тонна күйүүчү-майлоочу майлар дыйкандарга 24-26 сомдон сатылгандыгын маалымдаган эле. Бекер келген майды да сатуу менен ортодо далайлар пайда көрүп жатканы белгилүү. Алсак, айыл жерлерине жеңилдетилген баада деп жөнөтүлгөн күйүүчү-майлоочу майлар көмүскөдө кымбаттап калат. Баягы эле жол чыгымына шылтоо кылынат.
Б. Мамбетов Кыргызстан жеке эле Россия эмес, башка да чет өлкөлөрдөн май ташып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин белгилейт. Бул багытта өкмөт жетекчилиги да Азербайжан менен сүйлөшкөндүгү маалым.

Ал эми өзүбүздө нефти жана жаратылыш газын өндүрүү жыл сайын төмөндөп келет. 1991-2007-жылдар аралыгында нефти өндүрүү 2,2 эсе кыскарган. Колдо бар нефти менен газдын кору болгону 289 миллион тоннаны түзөөрү айтылууда. Тоолуу шартта аларды чыгарып, пайдасын көрүү кыйынга турат. Демек, жылына 1 миллион 400 миң тонна күйүүчү-майлоочу май керектеген Кыргызстан мындан ары да импорттоп алууга аргасыз. Аз да болсо, камсыздап келаткан “Кыргызнефтегаздын” чуулгандуу иштери байма-бай айтылып келет. Бул акционердик коомдун тегерегиндеги ишти иликтөө зарылчылыгы бир нече жолу көтөрүлгөн эле.

Нефтинин “мекени” аталган араб өлкөлөрүндө кырдаал курчуп, Ливиядагы кагылышуунун кесепетинен дүйнөлүк баа күн санап өсүүдө. Ал эми Кыргызстанда талаа жумуштары башталып, майдын тартыштыгы сезилүүдө. Демек, баалар өспөйт деп айтуу үчүн куру сөз эмес, реалдуу иш керек.

Маалымат үчүн: Экономикалык тескөө министрлигинин баалар мониторингине ылайык, 3-мартка карата Кыргызстанда дизель майынын баасы 32 сомду, А-80 маркасындагы бензин 32 жана А-93 бензини 30,5 сомду түздү.

Мээрим Ибраева,
ИАЦ “Кабар”,
12- март 2011-жыл.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу