Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
08/03 11:02
 

08.03.11. «Jamestown»: Кыргызстандагы кыйла тез экономикалык өсүш үмүт жаратууда

11-февралда Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) Кыргызстандын экономикасы ойдогудан тезирээк калыбына келатат деген оң маанайдагы отчетун жарыкка чыгарды. 2010-жылдын апрелинде өкмөткө каршы нааразылык акцияларынын убагында, былтыр жайындагы кыргыздар менен өзбектердин кагылышында Кыргыз Республикасын каптап өткөн тополоңдордун толкунун эске алганда бул таң каларлык көрүнүш. Бирок бул жетишкендик тынчы кеткен саясий кырдаалдын жана экономикалык кыйынчылыктардын шартында бекемделиши керек.

«Саясий жана улут аралык баш аламандыктан жабыркаган кыргыз экономикасы биз күткөндөн тезирээк калыбына келип баратат, ага коопсуздук жагдайын жакшыртуу, саясий туруктуулуктун кайтып келиши, айыл чарбасындагы көрсөткүчтөр жана өз убагындагы салык-бюджет стимулдары жакшы өбөлгө түзүүдө», - деп айтылат отчетто. ЭВФтин Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия департаментинин жетекчиси Надим Илахи «коопсуздук жаатындагы абалдын жакшырып баратканы» 2011-жылы Ички дүң өндүрүмдүн (ИДӨ) 4%дан %% чейинки өсүшүн камсыздай алаарын баса көрсөттү. Ошондой эле ал экономиканы калыбына келтирүүгө жана 2010-жылдагы кризистен жапа чеккендерге жардам берүүгө багытталган өкмөттүн бюджеттик-салык саясатын ЭВФ колдой тургандыгын билдирди. Кыргызстандын өкмөтү 2011-жылга карата ИДӨнүн өсүшү боюнча эсептерди кайрадан карап чыгып, ИДӨнүн өсүшү 5,8%дан 6,3%га чейин болот деп болжоп турат.

Ал арада ЭВФ Кыргызстанга 2015-жылга чейинки экономикалык өнүгүүнүн орто мөөнөттүк стратегиясын иштеп чыгууга жардам бермек болду. Башка милдеттер менен катар, стратегия азыр 4,4 млрд. долларлык ИДӨнүн 8,7%на жеткени калган бюджеттик тартыштык маселесин чечүүгө да багытталмакчы. Кыргызстан бийлик башындагылар 2011-жылы 10% көрсөткүчкө жетет деп божомолдоп жаткан инфляция менен жумушсуздуктун өсүшүнө байланыштуу маселелерди да тезинен чечиши керек. Башка бир пикирлер боюнча инфляциянын деңгээли 20% жетчүдөй.

Жардылыктын бүгүнкү деңгээли 40% чыкканын, экономиканы сызга отургузган окуялар инфляцияны 2010-жылы 19,2% жеткирип, ИДӨнү 3,5% чейин түшүргөнүн эске алганда, бул милдетти тез арада аткарыш керек. Салыштыруу иретинде, ИДӨнүн өсүшшү 2009-жылы 2,3%, 2008-жылы 8,4% түзгөн.

Экономикалык өсүш боюнча мындай оптимисттик божомолдор Кыргызстандын экономикалык саясатындагы айрым ийгиликтерди чагылдырып турат. Бирок алар саясий туруктуулуктун чегин, ошондой эле улуттук экономиканы калыбына келтирүү максатында тышкы экономикалык байланыштарды күчөтүү жана чет элдик түз инвестицияларды тартуу боюнча өкмөттүн активдүү аракеттерин да көрсөтөт. Айрым божомолдорго карабастан, былтыр президент Курманбек Бакиев бийликтен кулатылгандан кийин орнотулган парламенттик система 2010-жылы болуп өткөн кризистерден кийин экономикалык кирешеге жетүүнүн негизги шарты болгон саясий туруктуулукту камсыз кылды. Эми бул система, айрыкча алдыдагы президенттик жана парламенттик шайлоо алдындагы элдин үмүтүн актап, өзүнүн туруктуулугун далилдеши керек.

Чындыгында эле түштүктөгү коогалаңдан кийин өлкөнүн өкмөтү чет элдик демөөрчүлөр менен бир катар саясий жана экономикалык, анын ичинде насыя менен гранттарды берүү тууралуу келишимдерге кол коюп, алар өлкөнү сактап калууга жана кирешеден пайда табууга мүмкүнчүлүк берген. Кагылыштардын айынан өлкөнүн тарткан чыгымы 79 млн. 192 миң 21 долларга жетти. Финансылык жардам көрсөтүү программасынын алкагында Кыргызстан эл аралык колдоочулардан жана чет элдик компаниялардан 103 млн. доллар алганга жетишти (ЭВФтен – 33 млн доллар, Дүйнөлүк Банктан – 28,8 млн. доллар, Орусиядан – 30 млн. доллар, Түркиядан – 10 млн. доллар, Кытайдан – 1 млн. доллар). Мындан тышкары, 2010-жылы өлкөгө чет жакта жашап-иштеп аткан эмгек мигранттарынан 1 миллиард долларга жакын акча которулуп келди. Бул да экономикалык туруктуулукту бекемдөөгө бир топ салым кошту.

Орусия жана Кытай менен экономикалык байланыштарды бекемдөөдөн тышкары, Кыргызстан башка мамлекеттер менен да инвестиция жаатында активдүү кызматташып келди. Өкмөт бүт аймагы боюнча ар кайсы тармактарга жумшалган капиталдык салымды көбөйтүүгө аракет кылууда. Жакында эле, 2-февралда Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева менен Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган жолугушканда Түркия менен бир катар келишимдерге кол коюлуп, түрк тарап Кыргызстанга 450 миллион долларга чейинки инвестиция жумшаганга убада берди. Түркия азыр деле Кыргызстандын экинчи чоң инвестору болуп турат.

Январдын аягында казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушууда Роза Отунбаева баш болгон делегация Казакстандан Кыргызстанга мунай өндүрүмдөрүн экспорттоого тыюу салган жобону алып салуу боюнча келишим түзүп келди. Ошондой эле Кыргызстандагы инвестицияларды арбытууга 100 миллион доллар суралды. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки тараптуу сооданын өлчөмү 2010-жылы 500 миллион долларга чыккан, эми эки өлкө экономикалык кызматташтыкты күчөтүү максатында бирдиктүү бизнес-форум ачуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатышат. Кыргызстандын банк, энергетика жана курулуш тармактарында 400дөн ашуун казак ишканасы иштейт, Казакстандын туризм, курулуш жана транспорт тармагында болсо кыргыз капиталы катышкан 250 ишкана иштейт.

Бишкектин Токио менен активдүү кызматташтыгынын натыйжасында жакында Кыргызстанга асфальт-бетон чыгаруучу эки заводдун курулушуна Япониядан 10 миллион долларлык жол жабдуусу жана инвестиция келди. Мындан тышкары, Кыргызстан өз аймагындагы мунай жана газ кендерин чалгындоого орусиялык «Газпром» компаниясынын катышуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат.

Бирок мунун баары Кыргызстандын экономикалык кыйынчылыктарын камырдан кыл сууругандай оңдоп жибере албайт. Инфляция менен жумушсуздуктан тышкары, өкмөт менчик укугун коргоо жаатындагы абалды жакшыртып, коррупция менен жапырт күрөш жүргүзүп, мындан аркы экономикалык өсүшкө жол ачыш үчүн реформаларды алдыга жылдырып, калктын жакыр катмарынын турмушун оңдошу керек. Ошентсе да азыркы жетишкендиктер Кыргызстан экономикалык жана саясий жактан калыбына келе турган ар тараптуу, бирок дале болсо опурталдуу жолдо экендигин көрсөтүп турат.

Роман Мурзалевски
«Jamestown», 2-март, 2011-жыл
Которгон – «Zpress.kg» агенттиги

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу