02.03.2011, 16:44

02.03.11. «Eurasianet», Кыргызстан: менчиктештирүү боюнча демилгенин ачык-айкындыгы күмөн туудурат

Былтыр апрелде Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев бийликтен кулатылган соң өлкөнүн Убактылуу Өкмөтү 38 ишкананы мамлекеттештирип, аларды 2011-жылдын ортосуна чейин менчиктештирүү пландаштырылууда.
Быйыл май жана июнь айларына белгиленген сатык мамлекеттик казынаны толтуруунун негизги жолу, дешет кыргыз чиновниктери. Бирок айрым байкоочулардын баамында, сатыктан түшкөн соңку каражатка караганда инвесторлордун ишенимин кайра калыбына келтирүү алда канча маанилүү болуп турат.
Көптөгөн ишканалар шашылыш түрдө мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн соң Кыргызстан ишкерликке шарт түзүү жагынан сынга кабылган. Эми дээрлик бир жыл өтсө деле кыргыз өкмөтү менчиктештирүү процессин ачык өткөрүүгө кудурети жетээр-жетпеси күмөн жаратууда.
Көпчүлүк бөлүгү мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевге жана анын өнөктөштөрүнө тиешелүү деп бааланып аткан активдерди сатуудан алдын ала божомол боюнча 80 миллиондон 110 миллион долларга чейин каражат түшүрсө болот. Сатыкка Ысык-Көлдүн курорт зонасындагы жер аянттары, мейманканалар, кинотеатр, уюк байланыш операторунун акцияларынын пакети, Бишкек ликер-арак заводу жана бир катар чет өлкөлүк автоунаалар коюлмак болду.
Мамлекеттик мүлк министринин орун басары жана Мамлекеттештирилген мүлкту башкаруу фондунун директору Даир Кенекеевдин айтымында, 80 миллион доллар юридикалык талаш-тартыш туудурбаган объектилерди сатууга гана негизделген, ылдыйлатылган баа. Сатыкка коюла турган айрым объектилердин менчик укугу арсар бойдон турат. Натыйжада бийликтин аларды менчиктештирүүгө укугу кала берет.
«Чакан ГЭС» менен «Манас» май куюу комплексин кошкондо тогуз ишкана мамлекетке түшүрө турган кирешесин эске алып өкмөттүн карамагында кала турган болду, дейт Кенекеев.
Айрым экономисттердин айтымында, эгерде өкмөт Эл аралык «Манас» аба майданы жана «Дастан» ишканасы өңдүү кыйла кирешелүү ишканалардагы өз үлүшүнүн жок дегенде бир бөлүгүнөн баш тартса, алда канча көбүрөөк кирешеге туш болмок.
Алабыз дегендер кезекте турушат. Февралдын башында Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоганды расмий иш сапарында коштоп жүргөн түрк инвесторлору Эл аралык «Манас» аба майданына, «Дастан» ишканасына жана «Кыргызтелекомго» кызыгып жаткан кези.
Кыргыз фонд биржасынын президенти Айбек Толубаев да өкмөттү «Дастандагы», Эл аралык «Манас» аба майданындагы, «Кыргызтелекомдогу», «Айыл банк» менен РСК банктагы өз үлүшүнүн 5% дан 40% чейинкисин эркин сатыкка чыгарууга ынандыргысы келип жүрөт. Бул 40 миллион доллар табууга шарт түзмөк, дейт ал.
Айкындыкты каалаган айрым адамдар менчиктештирүү жалаң мамлекетке пайда алып келет деп чочулашат. Укук коргоо багытындагы «Жарандар коррупцияга каршы» уюмунун директору Төлөкан Исмаилованын айтымында, 2005-жылы Аскар Акаев бийликтен кулатылган соң мамлекеттик казынаны толтуруш үчүн мүлктү кайра бөлүштүрүү аракети мамлекетке эч нерсе берген эмес. Ал азыркы процесстин баарын «мыйзамсыз» деп эсептейт, анткени «жеке менчикти коргогон конституциялык нормалар бузулган» дейт.
«Жаңы өкмөт биринчи иретте элге калыстыкты камсыз кылышы керек. Чиновниктер өздөрү уурулукка жана басып алууга катышпаганын далилдеп, кимге эмне таандык экенин сот аркылуу аныкташы керек. Бирок бул процесс ачык эмес, ал журналисттер үчүн да, башка байкоочулар үчүн да тунгуюк. Азыр басып алуу саясаты жүрүп жатса керек деген эле ой келет экен», дейт ал.
Борбор Азиядагы Америка университетиндеги эл аралык жана салыштырма саясат боюнча профессор Медет Төлөгөнов конфискацияланган мүлктү сатууну коомчулук колдосо да өкмөт айкындыкты жана кирешени камсыз кылышы керек деп эсептейт.
«Коррупция – айрыкча сатыкка коюлуп жаткан объектилердин көпчүлүгү мурунку режимге таандык болгонун эске алганда - аябай кылдат тема. Эгерде азыркы өкмөт мурунку бийликтин катачылыгын кайталаса, эл аябай нааразы болот», - дейт ал.

Деирдре Тайнан
«Eurasianet», 24-февраль, 2011-жыл
Которгон – «Zpress.kg»