Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
02/03 16:41
 

02.03.11. Павол Страканский,IPS: Борбор Азиядагы бийлик төбөлдөрү козголоңдордон кооптонуп турушат

Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгышта революциялар менен элдик нааразылык акциялары күч алган соң алар Борбор Азияда ушундай эле элдик толкундоолордун жаралышына шарт түзө алабы деген суроо келип чыкты. Талдоочулардын баамында, бул чөлкөмдө качан режим алмашат деген суроо.

«Египет менен Борбор Азиянын ортосунда окшоштуктар бар. Чөлкөмдүн айрым өлкөлөрүндө нааразылык акцияларына улам көбүрөөк шарт түзүлүп келатат. Башкаларында революция эртең да, беш жылдан кийин да болушу мүмкүн, айтор эртедир-кечтир режим баары бир алмашат», - дейт IPS маалымат каражатына Лондондогу «Ачык коом» фондунун өзбек маселелери боюнча талдоочусу Алишер Ильхамов.
Стратегиялык жактан маанилүү жана жаратылыш ресурстарына бай Борбор Азияда дүйнөдөгү эң катаал диктатуралардын бири бар. Өзбекстан жер шарындагы эң катаал диктатуралык мамлекеттердин катарына кирет, бул жерде мамлекет өзү адамдарды кыйноого (анын ичинде камалгандарды тирүүлөй бышырганга) уруксат берет, коррупция, диний жана саясий куугунтук туташ кулач жайган.
Түркмөнстанда абал бир аз жакшыраак. Түркмөнстан менен Казакстандагы режимдер анчалык таш боор болбосо да диктатор президенттер тарабынан башкарылат.
Көптөгөн талдоочулардын айтымында, Борбор Азиядагы абсолюттук диктатордук режимдер менен жакында Түндүк Африкада кулатылган режимдердин ортосунда кадимкидей окшоштуктар бар. Бирок алар бир катар себептерден улам, анын ичинде мамлекеттик коопсуздук органдары тарабынан ондогон жылдар бою жүргүзүлгөн куугунтуктун айынан тамыр алган коркунучтардан улам бул өлкөлөрдө бийликти кулата турган элдик көтөрүлүштөр жакын арада болоору да күмөн деп эсептешет.
Демонстрацияларга элди жыйнап, мамлекеттин үгүтүн жокко чыгарыш үчүн социалдык түйүндөр жана Интернет кантип колдонулганын нааразылык акцияларына чыккандар Египеттеги революциядан кийин айтып беришкен. Ал жерде диктаторлорду кулатууда жергиликтүү мусулмандардын жамааттары жана алардын башчылары, ошондой эле оппозициялык дарамети бар саясий кыймылдар негизги роль ойношкон. Египеттиктер кризис убагында ишенип келген армия да маанилүү элементтердин бири болгон.
Бирок Борбор Азиядагы диктатуралык мамлекеттерде иштиктүү оппозиция ондогон жылдар бою тамыры кыркылып келген, жарандык коом уюмдарынын таасири жокко эсе. Атап айтканда, 2005-жылы Анжияндагы көтөрүлүшкө чыккан жүздөгөн кишилерди мамлекеттик аскерлер атып өлтүргөн Өзбекстанда жергиликтүү тургундар мамлекеттик коопсуздук органдарына ишенбейт. Диний, анын ичинде мусулман жамааттары экстремист жана террорист катары куугунтукка учурап келишкен, демек, алар өз коомунда Египеттеги «Бир тууган мусулмандар» уюму сыяктуу кадыр-баркы жана таасири жок. Мамлекет маалымат каражаттарын да, Интернетти да толук көзөмөлдөп турат.
Ташкенттик фотограф Шерзод Азимовдун IPSке айтканына караганда, «Өзбекстан виртуалдык боштукта жашайт. «Twitter», «Facebook» жана башка социалдык түйүндөр кеңири тараган эмес, Интернет байланышы аябай начар, ал эми чет өлкөлүк маалымат каражаттары жок. Жергиликтүү маалымат каражаттары мамлекеттин көзөмөлү астында турат, өлкөдө мыйзамдуу да, тыюу салынга да оппозиция жок. Өлкөнүн сыртында деле бирдиктүү жана уюшкан оппозиция жок, кандайдыр революцияны каржылап бере ала турган демөөрчүлөр да жок, нааразылык акцияларын баштап жиберели деп урунттуу учурду күтүп турган оппозициячыл маанайдагы адамдар армияда да, полицияда да, маалымат каражаттарында да жок. Эл 2005-жылы Анжиянда болгон кандуу калабаны унута элек. Ошондуктан коркот».
Айрым талдоочулардын баамында, балким Батыш өлкөлөрү Тунис менен Египеттеги режимдин алмашышына таасир этип, Ливияда нааразылык акцияларына чыккан элди колдосо колдогондур, бирок Борбор Азияда андай аракеттерге баргысы келбейт.
Вильнюстагы Чыгыш Европаны изилдөө борборунун талдоочусу Жустинус Пимпенин айтымында, «Борбор Азия өлкөлөрүндө АКШнын өтө чоң саясий жана экономикалык кызыкчылыктары бар, жана ал кызыкчылыктарды коргош үчүн алар ар кандай көтөрүлүштөр менен төңкөрүштөрдүн алдын алуу максатында өз таасирин пайдаланат. Борбор Азия Американын террорго каршы согушунда жана Ооганстандагы аскердик аракеттеринде өтө маанилүү. Ал ошондой эле Батышка жана Чыгышка мунайдын жана газдын экспортун камсыз кылууда жана өстүрүүдө абдан чоң мааниси бар».
Түндүк Африкадагы революцияларга себеп болгон жагдайлар – жумушсуздук, экономикалык кыйынчылыктар жана азык-түлүктүн кымбатташы – бери болгондо расмий маалыматтар боюнча Борбор Азияда анчалык деңгээлге жете элек.
Бул айда британиялык «Economist» журналынын аналитикалык бөлүмү Өзбекстанды дүйнө жүзүндөгү эң тез өнүгүп келаткан он өлкөнүн катарына кошкон. Түркмөнстан жаратылыш газынын запасы боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат, ал эми дүйнөдө казылып жаткан мунайдын үч пайзынан ашыгы Казакстандан чыгат. Бирок экономикалык шарттын начарлашынан улам бул чөлкөмдө эл козголушу мүмкүн деген божомолдор да бар.
Азык-түлүктүн кескин кымбатташынын айынан жаңы өнүгүп келаткан өлкөлөрдөгү ондогон миллион адамдар жакырчылыктын чегинен төмөн түшүп, бул болсо бүт чөлкөмдөгү бейпилдикти бузушу мүмкүн экенин өткөн жумада Дүйнөлүк Банк кабарлады. Жакырчылык - Борбор Азияда кеңири кулач жайган көрүнүш, көп кишилер өз кирешесинин жарымынан көбүн тамак-ашка кетиришет. Дүйнөлүк Банк Борбор Азиядагы миллиондогон үй-бүлөлөрдүн негизги кирешеси болгон эмгек мигранттарынын акчасы да дүйнөлүк экономикалык кризистин айынан азайышы мүмкүн экендигин эскертти.
Кыргызстан – акыркы 6 жылда эки революцияны башынан өткөргөн жападан-жалгыз Борбор Азия мамлекети. Ал эми нааразылык акциялары азыр анча өнүгө албай турган улут аралык мамилелерге да мүнөздүү. Бирок көкөлөгөн инфляция шартында азык-түлүктүн кымбатташы элди толкутушу мүмкүн экендигин өткөн жумада жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) инфляциянын өсүшү тууралуу эскертип, ал эми эркин экономикалык изилдөөчүлөр Кыргызстанда быйыл 20% инфляция болоорун болжошууда. Мындан тышкары, эгерде өкмөт өз убадасын аткарып, айлыкты жогорулатып бербесе саламаттык сактоо кызматкерлери жана мугалимдер да көтөрүлүшү мүмкүн.
Талдоочулардын айтымында, элди иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү чыңалууну бир топ жыл бою миграция басаңдатып келген. Бирок Орусиянын салыштырмалуу шарты жакшы эмгек базарындагы кичине эле өзгөрүү Борбор Азиядагы элди козгоп, тынчын кетириши ыктымал.
«Борбор Азиядагы көп кишилер Орусияга кете алат, бул болсо көптөгөн көйгөйлүү маселелер, атап айтканда жумушсуздук маселеси, азырынча көмүскө бойдон кармалып турат дегенди билдирет. Эгерде андай мүмкүнчүлүк жок болсо, мисалы Өзбекстанда социалдык абал жарылып кетмек», - дейт Илхамов. «Саясий деңгээлде Орусия өз аймагында мигранттардын эмгегин колдой тургандыгын айтып келатат, бирок ал жактагы жергиликтүү элдин ичинде Борбор Азиядан келген мигранттарга карата тескери маанай калыптанууда, саясатчылар муну да эске алышы керек. Эгерде Орусия Борбор Азиядан келген мигранттарга карата визалык талаптарды киргизе турган болсо, көптөгөн кыйынчылыктар пайда болот».
Чөлкөмдөгү эксперттердин пикиринде, Борбор Азиядагы диктаторлор Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга көз салып, тынчы кетип карап турмакчы. Алардын оюнда, диктаторлор өзүнүн режимин ого бетер бекемдеп, анысы азыркыдай абалды ого бетер начарлатат.
Өзбекстандагы укук коргоочу топтун жана эксперттик-аналитикалык саясий борбордун жетекчиси Сухробжон Исмоиловдун айтымында, «Борбор Азиядагы авторитардык режимдер кырдаалды жөнгө салыш үчүн куугунтукту, күчөтүлгөн мамлекеттик көзөмөлдү, элди социалдык жактан ашкере коргоону жана «косметикалык» өзгөрүүлдөрдү аралаш колдоно баштайт. Бирок куугунтук маселени чечпей эле туюк жараны ырбата берээри белгилүү».
Анын пикиринде, элдин баары куугунтуктан корккон Өзбекстанда деле бийлик «адам укуктарына жана эркиндигине, жардылыкка, массалык жумушсуздукка жана коррупцияга байланышкан маселелерди чечиши керек. Антпесе ал Египеттегидей эле масштабдуу козголоңдорго туш болот».
Оппозициялык активист, өзбекстандык «Абийир туткундары» аттуу оппозициялык кыймылдын жетекчиси Бахадыр Намазовдун IPSке айтканына караганда, анын өлкөсүндөгү таш боор режим деле түбөлүк эмес. «Саясий оппозиция да, диний оппозиция да толук бойдон жок кылынган. Өзбекстандын аймагында бир ууч укук коргоочулар жүрөт, алардын жүргүзгөн иши аздык кылат жана эч кандай таасири деле жок. Бийликтин катаал куугунтугу элдин жүрөгүнүн үшүн алып койгон, андыктан азырынча эч ким көчөгө чыкпайт», - дейт ал. «Бирок бул дүйнөдө түбөлүктүү эч нерсе жок».

Павол Страканский
IPS, 27-февраль, 2011-жыл
Которгон – «Zpress.kg» агенттиги

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу