Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
25/02 10:28
 

25.02.11. Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык

Ташкент, 25-февраль (Кабар). Ташкентте Республикалык Интернационал маданият борборунда өзбек-кыргыз достугун чыңдоо жана жергиликтүү кыргыздардын руханий керектөөсүн канааттандыруу маселелерине арналган тегерек стол болуп өттү.
Анда Республикалык Интернационал маданият борборунун жетекчиси Насирдин Мухаммадиев Өзбекстанда жүзөгө ашырылып жаткан улуттук саясаттын маани-маңызына токтолуп, бул өлкөдө жашап жаткан улуттар жана элдердин достугун, алардын ортосундагы ынтымакты мындан ары да чыңдоо мамлекеттик саясаттын чордонунда экендигин баса белгиледи.
Жыйында, Өзбекстанда өлкөдөгү башка улуттардын өкүлдөрү катары, жергиликтүү кыргыздардын да тили, үрп-адаты, каада-салттарын, жалпы руханий маданиятын сактап калуу жана аларды өнүктүрүү үчүн мамлекет тарабынан бардык шарт түзүлгөнүнө токтолуп, кылымдар бою коюн-колтук алышып, дос, ынтымак болуп жашап келе жаткан кыргыз жана өзбектердин достугун бекемдөөдө Өзбекстандын Президенти Ислам Каримовтун өзгөчө ролу бар экендигин баса белгиленди.
Чынында эле, өткөн жылдын июнь айында түштүк Кыргызстанда болуп өткөн каргашалуу окуялардан соң Өзбекстандык кыргыздардын турмушунда кабатырылануу пайда болгон кезде Президент И. Каримовдун, эгер кимде-ким канга-кан, жанга-жан деп ойлой турган болсо ал эл душманы, деп айткан сөзүнүн өзү кыргыздар жыш жашаган жерде болушу этимал болгон терс окуялардын алдын алды.
Июнь окуяларынын болушунда өзбектин да, кыргыздын да айыбы жок, бул окуя кызыкдар күчтөр тарабынан уюштурулганы маалым. Анткени жөнөкөй өзбек менен кыргыздын ортосунда талаша турган нерсе жок.
Өзбекстан миңдеген качкындарга меймандостук көргөзүп, аларды өз убагында туулган жерине кайра узатып койду. Бул үчүн Кыргызстандын Президенти Роза Отунбаева өзүнүн чоң ыраазычылыгын бир канча жолу билдирди.
Бирок соңку кездерде Интернет жана башка маалымат булактарынан Өзбекстандагы кыргыздардын укуктары толугу менен канаатандырылбай жаткандыгы тууралуу ар түрдүү, майда-барат кабарлар менен эки улуттун ортосундагы достукка зыян келтирүү максатындагы аракеттер болууда.
Эми мындай пикирлерди айтуудан мурда, улуттардын пайда болушу, улуттар ортосундагы мамилелер маселесине объективдүү көңүл буруу керек.
Учурда дүйнөдо 6 миңден ашуун ар түрдүү улут жана элдердин өкүлдөрү бар. Алар 200 дөн ашык мамлекетке бириккен.
Андыктан, дүйнөдө бир гана улуттан түзүлгөн мамлекеттин өзү жок, бардык мамлекет көп улуттуу. Ушундан улам, Өзбекстанда да 140 тан ашык улуттун өкүлдөрү мамлекеттин жараны катары тең укуктуу жана мыйзам алдында бирдей болуп жашайт.
Өзбекстанда Фергана өрөөнүндөгү Анжиян, Фергана, Наманган, ошондой эле Жызак, Сырдарья, Ташкент областтарында жергиликтүү кыргыздар жыш жашайт. Булар Кыргызстандын Ош, Жалал-абад областтарында жашаган өзбектердей эле бир канча кылымдан бери жашап келишет.
Бул жердеги кыргыздар Өзбекстандын жарандары, Кыргызстандагы өзбектер Кыргызстандын жарандары. Андыктан, ким кайсы мамлекетте жашаса, ошол мамлекеттин мыйзам чегинде, коюлган талаптарга милдетүү болуп жашашы керек.
Адистердин айтымында, адам психологиясында улутчулдук, трайбализм, жердешчилик деген нерселер бар. Алар ар бир адамда ар түрдүү даражада өнүккөн жана алардын адамдын иш-аракетинде пайда болушу ар бир адамдын маданий даражасынын деңгээлине байланыштуу. Андыктан, жогоруда айтылган нерселерди дүйнөнүн бардык жеринде, демократиянын эталону болуп эсептелген мамлекеттерде да жолуктурууга болот.
Ушундан улам, ар бир көп улуттуу мамлекет өзүнүн өзгөчөлүктөрүнөн келип чыгып, жарандарына тең шарт жаратып берүүгө аракеттенет.
Доорубуздун улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов, Өзбекстандагы кыргыз радиосуна берген интервьюсунда, азыркы мезгилде өтө чоң ааламдашуу, интеграция жараяны күчөгөн. Бул улуттардын да жашашына өз таасирин тийгизүүдө. Дүйнөдө кыргыздын кадамы жетпеген жер аз калды. Бирок, кыргыздын кайсы бир мамлекетте жашаганына карабай, эне тилин билиши жана сактап калышы, өз тарыхын, кандай пайда болгонун, үрп-адаттарын, каада-салттарын, руханий маданиятын билиши өтө чоң мааниге ээ. Өзбекстандагы кыргыздар бул жерде кылымдар бою жашап келет, андыктан өзбек-кыргыз ортосундагы достук ата-бабалардан мурас, аны абайлап-асыроо биздин ыйык милдетибиз, деп айткан эле.
Өзбекстанда жашап жаткан 250 миңден ашуун жергиликтүү кыргыздардын тили, үрп-адаттары, каада-салттары, жалпы руханий маданиятын сактап калуу жана аларды мындан ары абайлап-асырап, келечек муунга руханий мурас катары калтыруу маселелери мамлекеттик саясаттын чордонунда.
Тактап айтканда, Өзбекстандагы орто мектептерде өзбек тилинен сырткары, орус, казак, каракалпак, кыргыз, тажик жана түркмөн тилдеринде окуу алып барылат. Мамлекетте аракеттенип жаткан 80ге жакын кыргыз орто мектептери жергиликүү кыргыздардын тилин сактап калуу жана өнүктүрүүдө олуттуу өбөлгө болууда.
Бул мектептер үчүн зарыл болгон окуу китептери жана окуу-методикалык колдонмолорун даярдоодо «Өзбекстан» басма үйүндөгү кыргыз редакциясы үзүрлүү эмгектенүүдө. Жергиликтүү авторлор менен Кыргызстандык адистердин жемиштүү кызматташтыгы натыйжасында кыргыз тили жана адабияты боюнча окуу китептери жана окуу-методикалык колдонмолору иретүүлүк менен жарык көрүүдө. Бардык кыргыз орто мектептеринде окуу китептерин ижарага берүү толугу менен жолго коюлган.
Мындан сырткары, Анжиян мамлекеттик унивеситетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүндө жыл сайын 25 адис даярдалат.
Өзбекстан Улуттук телерадио компаниясында «Ягона оила» («Бир үй-бүлө») редакциясында «Айчүрөк» телепрограммасы жергиликтүү кыргыздардын турмушун, алардын мамлекеттин социал-экономикалык жана маданий алкактагы реформаларында катышып жаткандыгын чагылдырып келет.
Мындан сырткары, Өзбекстан УТРК «Машъал» радиопрограммасында кыргыз тилиндеги «Эламан» маалымат-аналитикалык, «Ак-Өргө» таалим-тарбиялык, «Миң-кыял» адабий-музыкалык радиоберүүлөрү жумасына 6 жолу жарым сааттан аба толкундарына чыгып келет.
Жыйын катышуучулары, учурдагы өтө татаал мезгилде ар түрдүү бузгунчулук максатындагы ой-пикирлерге каршы биригип, кылымдарды карыткан өзбек-кыргыз достугун абайлап сактоо жолунда Өзбекстандын жана Кыргызстандын Президенттери жүргүзүп жаткан саясатты ар тараптан колдоп-кубаттоо үчүн өз салымыбызды кошушубуз зарыл деген пикирге келишти.

(Т. Курбанов - Өзбекстан УТРК алдындагы кыргыз редакциясынын жетекчиси)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу