Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
22/02 20:36
 

Э. Исаков: Мамлекетте стабилдүүлүк болсо, ишмердигибизди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөрүбүз жетиштүү

Бишкек 22-февраль (Кабар) Өткөн жылы Кыргыз мамлекети башынан кечирген саясий жана экономикалык кыйынчылыктарга карабастан, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айтаарлык ийгиликтерге жетишти десек болот. Жакында аты аталган министрлик өткөн жылды жыйынтыктап, коллегия өткөрдү. Анда, министрликке караштуу тармактардын жана мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, атайын адистер катышып, минстрликтеги жетишкендиктер менен бирге кемчиликтер айтылып, алдыдагы иш- пландар кеңири талкууланды. 

“Кабар” Улуттук маалымат агенттиги Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри ИСАКОВ Эркин Абдыкасыевичке жыл жыйынтыктары боюнча бир нече суроолор менен кайрылды:

- Эркин Абдыкасиевич, жакында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министри Өмүрбек Бабанов Транспорт жана коммуникациялар министрлигин реформалоо керек деп айтты. Бүгүнкү күндө бул министрликке реформалоо керекпи?

-Ооба. Бул маселе боюнча КМШ мамлекеттериндеги тажырыйбаны изилдеп көрүп, бир нече вариантта сунуш иштеп чыгуу үчүн учурда атайын түзүлгөн топ иштеп жатат. Негизги максат-бул аткарылган иштерди көз карандысыз инженер тарабынан көзөмөлдөөгө жетишүү. Ошондо гана иштин сапатын жогорулатса болот. Ошондой эле кээ бир жол ишканаларын өзүн-өзү каржылоого өткөрүп, бюджеттен чыгашаларды кыскартуу болуп саналат.

- Алгач министрликтин ишмердигине жана финансылоо иштери кандай жүргүзүлгөндүгүнө токтолсоңуз?

- Финансы министрлиги тарабынан мамлекеттик бюджеттен 2010-жылы жол чарбасына 1562,5 млн. сом, өлчөмүндө каржылоо каралган. Анын 1552,5 млн. сому максаттуу жумшалып, жыйырма жылдан ашык каралбай калган жолдорду капиталдык оңдоп-түзө иштери жана жол бетин талкаланган майда таш менен бодуракайлоо, асфальт-бетондорду төшөө сыяктуу иштерине 200,0 млн. сом жумшалды. Аймактарда жаңы жол салуу иштерине 20.0 млн.сом, андан сырткары Талас шаарынын көчөлөрүн капиталдык ремонттон өткөрүүгө 10,0 млн. сом жана Нарын шаарынын жолдорун калыбына келтирүүгө 40,0 млн. сом, Чолпон-Ата шаарынын көчөлөрүн капиталдык ремонттон өткөрүүгө 3,5 млн. сом жумшалды.
Өткөн жылы жалпысынан 524,4 км жол капиталдык ремонттон өткөрүлүп, анын 83,1 км аралыгына асфальт-бетон жаткырылды. 94,2 километрден ашык жолдордун жарака кеткен жерлери оңдолуп, кум төшөлдү, 258,87 миң чарчы метр жолдун чуңкурлары оңдолуп, анын 4855 миң чарчы метр жолдун бузулган жерлерине кара шагыл төгүлүп, ондолду.
Андан тышкары, Яссы жолундагы Өзгөн-Кеңеш-Анакызыл, Бишкек-Ош 522 км автожолунда Кызыл-Жылдыз айылындагы Шорсуу суусуна, Куршап-Жалпакташ, Сарыташ-Комсомолабат жана Шакафтар-Пап суу сактагычына жалпысынан 5 көпүрө курулуп, 497,5 тыс. сомго көпүрөлөр оңдолду.
Мамлекеттик капиталдык каржылоонун эсебинен Түп-Кеген жолу капиталдык ремонттон өткөрүлүп, асфальт-бетон төшөлдү. Бул жолду калыбына келтирүүгө бөлүнгөн каражаттын жалпы көлөмү 141,0 млн. сомду түзөт. Ал эми Баткен облусундагы Айгүлташ-Согмент-Таян жолун ремонттоого жана Сох дарыясынан өтүүчү көпүрөгө келүүчү жолдорду оңдоого жалпысынан 17,0 млн сом каралып, анын 13,5 млн.сомдук иши аткарылды.

-Өткөн жыл сиз жетектеген министрлик эле эмес жалпы Кыргызстандыктардын түбөлүк эсинде кала турган жылдардан болду десек жаңылышпайм. Сиздин оюңузча ушул бир жылга жетпеген убакыттын ичинде сиз жетектеген министрликте кандай өзгөрүүлөр болду?

- Эң туура суроо. Албетте, өткөн жылдын апрель айында чыныгы элдик бийлик орноп, мурдагы президенттин авторитардык бийлигинен арылууга элибиз үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк берилди. Ошол мезгилде биздин биринчи милдетибиз – эл аралык жана республикалык долбоорлордун аткарылышын кечеңдетпей, сактап калуу болгон.
Чындыгында, мамлекетте баш аламандык күчөп турган маалда – биздин чет өлкөлүк кеңешчилерибиз жана подрядчиктерибиз жаңы бийликке ишеним көрсөтүшүп, өз иштерин улантышты. Өзүңүзгө маалым болгондой, жол чарбасындагы иштердин өзүнүн спецификасы боюнча алар жылдын апрель-май айларында башталат эмеспи. Мен келгенден кийин май айында өлкөбүздүн бардык региондорунда жол курулуш иштери башталды. Министрликтин ишмердиги коомчулукка ачык-айкын болуш үчүн массалык маалымат каражаттары аркылуу маалыматы байма-бай жарыялап жаттык.

-Мурдагы жылдарга салыштырмалуу 2010-жылда “инфляция” болуп, күйүүчү-майлоочу майлардын баасы көтөрүлүп кетти. Республика боюнча автожолдорду куруу, оңдоо иштерине керектүү материалдар биздин мамлекеттен чыкпагандай кийин коңшу мамлекеттерден алып келүү оңойго турбаса керек?

-Туура айтасыз, дагы бир өзгөчө белгилеп кетүүчү жагдай, өткөн жылы табигый кырсыктан жолдорубузга аябай чоң зыян тийди. Себеби, өз учурунда жолдорду оңдоо-куруу иштерине өтө керектүү битум сатылып алынган эмес. Анткени, 2009-жылы битумдун тоннасы 18200сом болсо, 2010-жылы 29552 сомго кымбаттаган, же 56% ка көтөрүлгөн. Жалпыга маалым болгондой апрель, июнь окуяларынан кийин коңшу Казакстан менен Өзбекстан мамлекеттеринин чек аралары жабылып, жол курулуш иштерине керектелүүчү битум, күйүүчү майлар жана башка материалдар келбей калды.. Ошого карабастан, жол ишканалары тарабынан өз убагында калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

- Жаңы технологияларды колдонуу менен аймактардагы жолдорду оңдоо иштери жүргүзүлүп жатыптыр.

- Ооба. Өткөн жылы Кой-Таш-Ысык-Ата автожолунун аралыгы 1 чакырым болгон бөлүгүн жапондордун адистери терең изилдеп, алардын жаңы технологиясын киргизип көрүү максатында, пилоттук долбоор катарында асфальт катмарын кайрадан алып, асфальт-бетонду жаткыруу иштери жүргүзүлдү. Бул иш оңунан чыкса, мындай жаңы технология жолдорду оңдоп, калыбына келтирүү үчүн кеңири колдонула баштайт.

- Өткөн жылдагы биздин мамлекетте болгон окуялар эл аралык долбоорлорго терс таасирин тийгизген жокпу?

- Жок. Мен жогоруда белгилеп кеткен кыйынчылыктарга карабай, долбоорлордогу абалды өз көзөмөлүбүзгө алып, подрядчиктер тарабынан айып салынган санкциялар түшкөн жок. Ош-Сары-Таш-Эркечтам анын ичинде Ош-Гүлчө жолдорун реабилитациялоо эл аралык долбоорлору өз иштерин ийгиликтүү бүтүрүшүп, пайдаланууга берилди. Бишкек-Нарын-Торугарт, Тараз-Талас-Суусамыр, Ош-Баткен-Исфана жолу боюнча подрядчик жана кеңешчи аныкталып, аталган долбоорлордун биринчи фазалары ийгиликтүү аяктап, экинчи этаптагы иштерин мобилизациялоонун алдында турат. Бул долбоорлор Азия Өнүктүрүү Банкы, Ислам Өнүктүрүү Банкы, Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы, Кытай эл Республикасынын Экспорт-Импорт Банкы, Кытай Эл Республикасынын Өнүктүрүү Мамлекеттик Банкы, Дүйнөлүк Банк сыяктуу эл аралык финансылоо институттары тарабынан үзгүлтүксүз каржыланууда.

– Эркин Абдыкасыевич, Сиз жетектеген министрлик чет элдик жана эл аралык доннорлор менен тыгыз байланышта кызматташып келет. Учурда дагы кандай долбоорлорду ишке ашырып, кимдер менен кызматташып жатасыздар?

-Кыргыз Республикасы менен Европа Коомчулугу Ош-Баткен-Исфана жолдорундагы 108-123 чакырымындагы (Көк-талаа-Пульгон) аралыгындагы жолдун курулуш иштерин каржылоо боюнча 8.6млн. евро долбоору макулдашылды. Кыргыз Өкмөтү жана Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 479-539 чакырымдагы аймагын реабилитациялоо иштерин каржылоо боюнча 55,0 млн. доллар каржыланды. Учурда, Ислам Өнүктүрүү банкы менен кыматташуу максатында Араб Координациялык топ менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Тарас–Талас-Суусамыр жолдорун салууда чет элдик доннорлор менен тыгыз иштешип жатабыз.
- Акыркы жыйырма жыл ичинде мамлекеттик автобазалар жок болуп же менчиктештирилип кетти. Жүргүнчүлөрдү жеке транспорт ээлери тейлеп калды. Менчик транспорт каттамына министрлик көзөмөл кыла алабы?

- Албетте, министрлик тарабынан аларга лицензия берилип, ар бир тармакты көзөмөл кылып турат. Бүгүнкү күндө республика боюнча 10 автовокзал, 36 автостанция жана 22 автокасса иштейт. Алардын мамлекетке караштуусу 8 автовокзал, 12 автостанция 10 автокасса. Ал эми калгандары жеке менчик деп айтууга болот.
Учурда, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ар бир айылга жүргүнчүлөрдү ташуучу автобус каттамдарын жүргүзүү багытында иш алып барууда.
Бүгүнкү күндө республиканын алыскы тоолуу айылдарына каттоочу жолдор жарактан чыгып, ал жакка автобус каттабай калган. Ошондуктан, биз ар бир айылга автобус каттамдарын жүргүзүү боюнча атайын программа иштеп чыктык. Ага ылайык биринчи кезекте жолдор оңолот, андан соң маршруттар калыбына келтирилет. Учурда Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көлдө ашууларды ашып өтүүчү айылдарга автобустар каттабайт. Программанын негизинде акырындык менен элет элдерине жүргүнчүлөрдү ташуучу каттамдарды калыбына келтиребиз деген ниет менен иштеп жатабыз.

- Кытайдан жүк ташыган фирмалардын арасында артыкчылыкты сактоо жана ата мекендик жүк ташуучулардын кызыкчылыгын коргоо маселелери боюнча кандай чаралар көрүлүүдө?

- Туура айтасыз, бүгүнкү күндө биздин мамлекетте расмий катттодон өткөн 425 миң автотранспорт бар. Анын ичинен 348 миң жеңил авмашинелер жана 52 миң жүк ташуучу, 20 миңден ашык автобус жана чакан автобустар бар.
- Өткөн жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемеси чыгып, атайын иш чаралар бекитилген эле. Ал тескеменин негизинде Транспорт жана коммуникациялар министрлигине массасы он тоннадан ашкан автотранспорттук каражаттарды өлкөбүздүн аймагына кирүүсүн чектөө жөнүндө мыйзам долбоорун даярдоо боюнча тапшырма берилди. Андан тышкары, бул иш-чараларда “Нарын” эркин экономикалык аймагында соода-тейлөөчү борбордун курулушуна мамлекеттин финансалык катышуусуна экономикалык талдоо жүргүзүү, Бишкек-Нарын-Торугарт жана Ош-Сары-Таш-Эркечтам автожолдорунда жүк ташуучулар үчүн токтоочу жайларды мыйзамдарда белгиленген тартипте уюштуруу жөнүндө маселени жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте иштеп чыгуусу камтылган. Алдыга коюлган тапшырмаларды аткаруу боюнча азыркы кезде иштеп жатабыз.

- Эркин Абдыкасыевич, ХХI кылымдагы кыргыз авиациясы тармагында кандай өзгөрүүлөр бар?

- Ооба, элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы деп кыргыздар бекеринен айтпаса керек. Мындан 10 жыл мурда биздин кыргыз авиациясында саналуу эле авиа компаниялары иштеген болсо, учурда жүргүнчүлөрдү ташуучу жана жүк ташуучу 17 авиакомпания калкка кызмат кылып жатат. Алардын арасынан “Кыргызстан” авиакомпаниясы мамлекеттик, ал эми калган 16сы менчик авиакомпаниялар. Алардын (ОАО «Авиакомпания «Кыргызстан», «Авиа Траффик Компани», «Кыргыз Эйрвейз») авиа компаниялары жүргүнчүлөрдү ташыйт, калгандары жүк ташууга багытталган.
Жалпыга белгилүү болгондой, бизде авиапарк өткөн кылымдын 70-жылдарынан бери жаңыланган эмес, учактарыбыздын эскилиги жеткен. Ушул жагдайдан чыгуу максатында 2010-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Транспорт жана коммуникациялар, энергетика министрликтеринин жана “Кыргызстан” авиакомпаниясынын, Россия Федерациясынын Казань шаарындагы авиа заводунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңешме өттү. Анда Кыргызстандан Россияга электр энергиясын экспорттоп, анын баасына өлкөбүздүн авиапаркын жаңылоо маселеси кеңири талкууланды. Энергетика министрлиги каралуучу долбоор боюнча 2011-жылдын март-август айларында 2,0 млрд. кВт/саат электр энергиясын Россияга Казакстан аркылуу берүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин тастыктады. Ал эми “Кыргызстан” авиакомпаниясы бул долбоор ишке ашса, 2-3 Боинг самолетторун, 4-5 Ми-17 вертолетторун алууга мүмкүн экендигин белгиледи. Биздин министрлик өлкөбүздүн авиация тармагын өнүктүрүүчү мындай долбоордун үстүндө албетте тыгыз иш алып барат.

- Аэропорттор боюнча да кыскача токтолуп кетсеңиз?

- Өткөн жылдын сентябрь айында Америка Кошмо Штаттарынын аскердик аба күчтөрүнүн командачылыгы менен өлкөбүздүн аба кыймылын тейлөө системасын модернизациялоо боюнча 30,0 млн. доллардык каражат бөлүү тууралуу жолугушуу өткөрүп, протоколуна кол койдук.
Андан сырткары мен жогоруда өлкөбүздө аэронавигация системасын модернизациялоо маселелерине токтолуп кетпедимби. Манас жана Ош аэропортторунан сырткары, келечекте өнүгө турган аэропорттордун катарына – Ысык-Көл аэропортун алсак болот. Бюджетке каражат алып келүүчү туризм тармагын өнүктүрүү үчүн эл аралык Ысык-Көл аэропортун реконструкциялап, чоң аба лайнерлерин кабыл ала турган даражага жеткирүүбүз зарыл. Ал үчүн учуп-конуучу тилкени узартуу, самолеттор бурулуп, туруп туруучу жол менен перронду куруу, саатына 400 жүргүнчүнү тейлей ала турган терминалды куруу иштери каралып жатат.
Ошондой эле Ага Хан фонду менен Нарын аэропортун реконструкциялоо боюнча макулдашууга жетиштик.

– Темир жол транспортунун абалы бүгүнкү күндүн талабына жооп берет деп ойлойсузбу?

- Албетте, бул тармак да транспорт рыногунда өз ордун акырындык менен кайра калыбына келтире баштады десем жаңылыштык болбос. Анткени, жүк ташуу боюнча 2009-жылга салыштырмалуу 1млн.32миң тоннага көп иш аткарып, 98.8 пайызды түздү. Ал эми 2010-жылда жүргүнчүлөрдү тейлөө кызматынан 2 эседен ашык киреше алышты. Тактап айтканда, 2млрд. 449млн. 500 миң сом киреше алышып, 2009-жылга салыштырмалуу 108 пайызга көп кызмат кылышты. Бүгүнкү күндө Россиялык өнөктөштөрдүн жардамы менен 7 тепловоз, 60 пассажир вагондору арендага алынып, иштөөдө. Өз техникалык мүмкүнчүлүгүн колдонушуп, 86 жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондорун капиталдык ремонттон чыгарышты. Көрүлгөн чаралардын негизинде улуттук “Кыргыз темир жолу” компаниясынын кирешелери да 2,5 эсеге өстү десем болот.

- “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы чыгашалуу тармак болуп саналчу. Аны рентабелдүү тармакка айландыруунун мүмкүнчүлүгү барбы?

- Ооба, жарандарды тейлөөнү жакшыртуу жолдорун издеп, багыттуу иш алынып барылгандыктан, почта мекемелери киреше бере башташты десем болот. Жыл жыйынтыгы менен «Кыргыз почтасы» 427,9 млн.сом киреше алып, өткөн жылга салыштырмалуу 126,2% менен жылды жыйынтыктады. Бул почта тармагы үчүн жакшы көрсөткүч. Ушул жылы кызматкерлердин айлык акысын 2 жолу жогорулатууга жетиштик.
Учурда почта бөлүмдөрүн автоматташтыруу маселелери чечсек деген пландар бар. Себеби, алыскы райондордогу жана чакан шаарлардагы почта мекемелеринин рентабелдүүлүгүн жогору көтөрүүбүз керек. Ушул мезгилде министрлик Бүткүл дүйнөлүк почта байланышы менен келишимдин негизинде регионалдык электрондук акча которуу долбоору боюнча почта операторлорун техникалык жабдууну каржылоо маселелерин чечүү каралып жатат.
- Кыргыз телекөрсөтүүлөрүн цифралык форматта берүүлөргө жетишүү боюнча эмне жумуштар аткарылып жатат?
- Бул маселе боюнча Баткен облустун цифралык форматка өткөрүү пилоттук долбоору ишке ашырылып жатат. Министрлик Кытай эл аралык радио жана телекөрсөтүү экономикалык жана техникалык кызматташуу корпорациясы аркылуу гранттык негизде Баткен областына жабдууларды орнотуп, келишим боюнча 20,0 миң ресиверди (телевизорго коюлуучу приставканы) элге таркатып беришибиз керек эле. Баткен областынын мамлекеттик администрациясы түзгөн тизменин негизинде, 17205 ресивер элге таратылып берилди. Калган 2985 ресивер келип түштү, алар калктын аз камсыздалган бөлүгүнө эми таркатылат. Бул пилоттук долбоорду 2015-жылга чейин Кыргызстандын бардык аймагына жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемеси чыккан. Ал боюнча тийиштүү иш-чаралар аткарылып жатат.

- Июнь айында түштүк аймактарында болгон тополоңдо жабыркаган жарандарга кандай колдоо көрсөттүңүздөр?

- Биздин транспорт жана коммуникациялар министрлиги, ошондой эле өзүбүздүн тармактын ишканалары Жалал-Абад жана Ош областтарынын жабыркаган элине, мекеме, ишканаларына жардам берүүнү чечишти.
Айтып кетсем, эл аралык автомобилдик ташуу департаменти тарабынан 19 оор жүк көтөрүүчү автомашиналар бөлүнүп, алар аркылуу 493 тонна жүк ташылды. Андан тышкары, июнь-июль айларында эл аралык автоташуучулар 28 автомашина менен 703 тонна жүктү жеткиришти.
Биздин министрлик 85 тонна жүктү жеткирүү үчүн кошумча 7 оор жүк ташуучу автомобилдерди уюштурду. Бир күндүк айлык акысынын эсебинен 30,0 миң сом которулуп берилди. Ал эми авиаторлор болсо 113 рейс жасашып, 916 тонна жүктөрдү жеткиришти. Жабыр тарткан үй-бүлөлөрдөн 1500 балдарды алып келип, Ысык-Көл эс алуу жайларында эс алдырдык.
Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бирдикте атайын комиссия түзүлүп, түштүктүн медицина мекемелерине, башка жабыркаган мамлекеттик органдарга жардам берүү маселеси чечилген болчу. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин мекеме, ишканаларынан 1319478 сом жыйналган эле. Ал сумманын 770,0 миң сомуна медициналык жабдыктар, 191350 сомуна дары-дармектер, ал эми 342470 сомуна компьютер жана офистик жабдыктар, эмеректер сатылып алынып, жеткирилип орнотулду.
Өзүңүздөргө маалым болгондой, Жалал-Абад, Ош областтык, Сузак райондук почталарынын, Ош шаардык мамлекеттик транспорт инспекциясынын имараттары өрттөнүп кеткен болчу. Аларга жардам катары жогоруда көрсөтүлгөн 324470 сомдон Жалал-Абад жана Сузак, Ош областтык почта ишканаларына 160440 сомдук, Ош шаардык мамлекеттик транспорт инспекциясына 152030 сомдук компьютер, принтер, көчүрмө машиналар жана офистик эмеректер алынып берилди. Бул имараттар ремонттолуп, кайра калыбына келтирилди.
- Кыргыз элине кандай каалоо тилектериңиз бар?
- Мына Ата Мекенди коргоочулар күнүн дагы келип калды, алдыда 8-март аялдардын эле аралык майрамы жана Нооруз майрамдары удалаш кележатат. Ошондуктан мен Кыргызстандын элине ачык асман, тынчтыкты, бакубаттуулукту каалар элем. 2011-жылы өлкөбүздүн стабилдүү өнүгүүсүн, мамлекеттин экономикада өсүп, саясаттагы туруктуулукту каалар элем. (Ж.Жээналиева)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу