Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
22/02 08:49
 

Жогорку Кеңештин депутаттарынан Жалал-Абаддын эли ынтымакта иштешүүнү талап кылышты



Жалал-Абад, 22-февраль. (КАБАР). Кечээ, 21-февраль күнү КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Ахматбек Келдибеков баш болгон парламент фракцияларынын жетекчилери жана депутаттар Жалал-Абад шаарындагы "Эркиндик" аянтында облус шайлоочулары менен жолугушуп, өздөрүнүн аткарып жаткан иштери боюнча айтып беришти.

Депутаттар менен жолугушууга Жалал-Абад шаарынан жана Сузак, Базар-Коргон райондорунан келген 5-6 миңге чукул шайлоочуларга депутаттар келгенге чейин облустук Т.Тыныбеков атындагы филармониянын артисттери жана Ош, Бишкек шаарларынан келген эстрада ырчылары майрамдык маанай тартуулашты. Бир сааттан ашык кечигүү менен Баткендеги шайлоочулар менен жолугушуп келишкен депутаттарды жалал-абаддыктар жылуу маанайда тосуп алышты. Жалал-Абад облусунун губернатору Б.Асанов жолугушууга келген депуттарды шайлоочулар менен тааныштырып, алгач сөздү КР ЖК төрагасы А. Келдибековго берди.

Төрага А.Келдибеков сөз сүйлөп, парламенттин жана фракциялардын аткарган иштери боюнча шайлоочуларга маалымат берди. Ал өз сөзүндө өткөн жылы болгон июнь айындагы коогалаңга да токтолуп өттү. "Улуттар аралык араздашууда жеңген да, жеңилген да тарап болбойт. Биз шайлоо алдында айттык эле, биз шайланып калсак, парламентке бараарыбыз менен депутаттык комиссия түзөбүз дегенбиз. Ошол убадабызга туруп, биринчи маселе катары карап, июнь коогалаңын иликтеген парламенттик комиссия түзүлдү. Алар азыр изилдеп жатышат. Ошол комиссиянын төрагасы Токон Мамытов да бул жерге келди", - деди төрага.

Мындан сырткары, А.Келдибеков өлкөдө турмуштун оордугунан каражат табуу үчүн чет жактарда акча таап иштеп жүргөн мигранттар маеслесине да токтолду. "Жумушу жок, турмушу бузулган жарандардын көз жашы кургабай, бактылуу балалыкты өткөрбөй, миңдеген балдар көчөдө калды. Ушул тапта кесиптик даярдыгы жогору 100 миңдеген мекендештерибиз өлкөдөн сырткары жерде өлбөстүн күнүн көрүүдө. Ошого карабастан, былтыры алар Кыргызстанга 1 млрд. 200 млн. доллар өлчөмүндө каражат которушкан", - деди А.Келдибеков.

Андан ары ал өз сөзүндө жаңы кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык бардык бийлик бутактары тең бөлүштүрүлүп, Кыргызстан парламенттик башкаруу системасында жашап жатканын айтты. Ошондой эле, былтыркы каргашалуу окялардын келип чыгыш себебине токтолуп: - Кыскасы өткөн жылы көп каргаша баштан өттү. Бул карапайым калктын калың катмарынын мүдөөсүнө кулак салбаган мамлекеттик саясаттын натыйжасы. Эл менен бийлликтин ортосундагы чоң ажырымдын келип чыккан кесепети, - деген баасын берди КР ЖК төрагасы.

Ал эми облустун ар кайсы район-шаарларынан ат арытып келген 50гө жакын шайлоочулар ЖКнын катчылыгына өздөрүнүн арыздарын кат жүзүндө өткөрүп беришти. Жолугушууда КСДП, "Ата-Журт", "Ар-Намыс", "Республика" фракцияларынан депутаттары да сөз сүйлөшүп, шайлоо алдында берген убадаларынын үстүндө иштеп жатышканын билдиришти.

Жалал-Абад шаарынын тургуну, ардагер мугалим Токонбай Тургунбаев агай өзүнүн сөзүндө КР ЖК бюджет боюнча комитети мугалимдердин маянасын марттан көтөрөбүз десе, кыргыз өкмөтү май айынан көтөрөбүз деп жатканы коомчулук арасында түшүнбөстүктү жаратып жатканын айтты. "Силер бир сөздү, өкмөт бир сөздү айтпай, бири-бириңер менен акылдашып алып, бир чечимге келгенден кийин гана элге айттсаңар жакшы болот эле. Эки башка сөздү айтып жатканыңар элди кыжаалат кылып жатат", - деди Т.Тургунбаев.

Ноокен районунан келген шайлоочулар спикерден чек ара маселесин тез арада чечип берүүсүн өтүнүштү. Өкмөт менен парламенттеги коалиция өкүлдөрү ынтымактуу иштөө менен экономиканы көтөрөрүнө ишене тургандыктарын билдиришти. Өлкөбүздө эң оболу саясий туруктуулук болсо гана мамлекет өнүгүү жолуна түшө тургандыгын баса белгилешти.

Анархан Жаңыбаева,

Жалал-Абад шаары.


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу