Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
21/02 18:53
 

21.02.11. «Financial Times»: Казак бийлиги өз өлкөсүндөгү мөөнөтсүз шайлоо тууралуу чечим Египеттеги окуялар менен байланышкан эмес деп эсептейт

Президент Нурсултан Назарбаевдин улук кеңешчиси өлкө башчысынын мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү тууралуу чечими Каирдеги окуялар менен байланышпаганын, Казакстанда египет революциясынын сценарийи оңой менен ишке ашпай тургандыгын айтууда.
Өткөн айда Египет президенти Хосни Мубаракка каршы нааразылык акциялары күч алып турган кезде Казакстандын 70 жаштагы президенти өз ыйгарым укуктарын 2020-жылга чейин узартуу боюнча референдумду өткөрүүдөн өзү баш тартты, ал өтсө 2012 жана 2017 жылда президенттик шайлоо өткөрүүнүн деле кереги жок калмак. Мунун ордуна ал атаандаштарын таң калтырып мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоону 3-апрелге дайындап, ал аркылуу өзүнүн азыркы жети жылдык бийлик мөөнөтүн бери дегенде 18 айга азайтты.

Президенттин саясий кеңешчиси Ермухамет Ертысбаев «Financial Times» гезитине Египеттеги окуялар Назарбаевдин чечимине эч кандай таасир тийгизбегенин айтты. «Египет менен Казакстан – социалдык-экономикалык өнүгүү жагынан таптакыр эки башка өлкө», - деди ал. «Египетте элдин 40% күнүнө 2 доллардан ашпаган каражатка күн кечирет. Назарбаев болсо эл кадыресе жашоого жеткидей акча таба ала турган таптакыр башка экономикалык система түзүп койду».
Назарбаев - парламенттеги 98 депутаттын баары президенттин карамагындагы «Нур-Отан» партиясына мүчө болгон, мунайга бай мурдагы советтик республиканын авторитардуу жетекчиси. Бирок анын экономиканы ийгиликтүү башкаруусу СССР кулагандан бери өлкөгө 100 млрд доллар өлчөмүндө чет элдик инвестиция алып келип, ички дүң өндүрүмүнүн жылына 9 миң долларга өсүп турушун шарттаган (бул жерде кайсы параметр экени айтылган эмес – «Zpress.kg»).

Ертысбаевдин айтымында, Назарбаев референдум өткөрүү Конституцияга туура келээр-келбеси боюнча эки анжы ойдо болгондуктан мөөнөтүнөн мурда шайлоого баруу тууралуу чечим кабыл алынган. Талдоочулардын божомолунда, бул идея Назарбаевдин кийинки шайланган мураскоруна бийликти өткөрүп беришине мүмкүнчүлүк бериш үчүн президенттин эле чөйрөсүндө пайда болгон, бирок анын кеңешчиси бул идея элден чыккан деп ишендиргенге аракет кылууда.

Кеңешчи “Казакстандын жетекчилиги референдум демократияны артка кетире тургандыгын айткан АКШ менен Европанын пикирин да эске алды” деп белгиледи. Бул демилге Назарбаев казак борбору Астанада ЕККУнун саммитин өткөргөңдөн кийин пайда болгон. «Биздин президент АКШ менен Евробиримдиктин пикирин өтө жогору баалайт. Анын дымагы чоң. Ал эл аралык деңгээлдеги саясатчы болгусу келет», - деди Ертысбаев. «Казакстан эл аралык коомчулуктун бөлүгү болду, демек андай “мырза келишимдин” катышуучусу болгон соң, анын талаптарын аткарыш керек».

Референдум өткөрүү тууралуу идеяны Конституциялык сотко сунуш кылып, ал сот референдум өткөрүү Конституцияга каршы чечим болот деп токтом чыгарган соң, Назарбаев элдин 90% колдоп жатканына таянып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү тууралуу чечим кабыл алып отурат, дейт Ертысбаев.

Президенттин кеңешчиси бул шайлоо эркин жана калыс өтөт деп айтты, бирок оппозициялык партиялар шайлоонун жыйынтыгы бурмаланат деп эсептешет. Айрым оппозициялык партиялар шайлоону бойкот кылабыз деп билдиришүүдө.

Нейл Бакли
«Financial Times», 2011-жылдын 17-февралы
Которгон – «Zpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу