Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
21/02 18:49
 

21.02.11. «Reuters»: 50 жыл ичиндеги көтөрүлүштөргө сереп

Акыркы 50 жыл ичинде бийликтин түбүн титиреткен же өкмөттү кулаткан айрым көтөрүлүштөр боюнча баяндама.

Түштүк Корея. Өлкөнү 12 жыл башкарган соң, Түштүк Кореянын биринчи президенти Ли Сын Ман бийликте турган акыркы жылында шайлоонун жыйынтыгына таасир этүүгө аракет кылган. Шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганына нааразы болуп көчөгө чыккан элге каршы Мандын полициясы курал колдонуп, анын айынан көпчүлүгү студенттерден турган 200 киши курман болгон соң нааразылык акциялары кескин күч алган. Ман кызматын таштап Гавайиде башпаанек издөөгө аргасыз болгон.

Филиппин. 1983-жылы Фердинанд Маркостун атаандашы Бениньо Акино негизги деп эсептелген Манила аба майданында киши колдуу болушу коомчулуктун кыжырын кайнатып, ал 1986-жылы кайрадан жаңы мандат алыш үчүн мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялаганга мажбур болгон. 1986-жылкы шайлоодогу туташ бурмалоо жана зордук-зомбулук Маниланын негизги кан жолундагы биринчи “элдик” көтөрүлүшкө себеп болуп, анын айынан Маркостун 20 жылдык таш боор бийлиги аяктап, Түштүк-Чыгыш Азиянын бул өлкөсүндө демократия калыбына келтирилген.
Кытай. Кытай Компартиясынын кызматтан кеткен жетекчиси Ху Яобандын өлүмүнөн кийин апрелде башталган студенттер менен жумушчулардын нааразылык акцияларын басыш үчүн Бээжиндеги Тяньаньмень аянтында 1989-жылдын 4-июнь күнү таңга маал танктар киргизилген. Бээжиндин шаар акимияты кагылышууда 200 киши өлгөнүн кабарлап, аянттын өзүндө эч ким киши колдуу болбогонун билдирген. Бирок көз каранды эмес байкоочулар ал окуяда жүздөгөн, балким миңдеген киши кырылган деп эсептешет.
Чыгыш Германия. Коммунисттик режимде турган Чыгыш Германияда бир ай бою жүргүзүлгөн нааразылык акцияларынан кийин 1989-жылы 9-ноябрда Берлин дубалы кулатылган. 10-сентябрда Венгрия өзүнүн Варшава пакты боюнча өнөктөштөрүнөн кол үзүп, чыгыш немецтери үчүн чек араны расмий түрдө ачып, “темир көшөгөдөгү” биринчи жараканы пайда кылган.
Чыгыш Германиядан миңдеген “туристтер” Батышка кетишкен. Нааразылык акцияларын күч алышынан улам 18-ноябрда Чыгыш Германиянын башчысы Эрих Хонеккер “ден соолугуна байланыштуу” кызматтан кетүүгө аргасыз болуп, 4-ноябрда жарым миллионго жакын адам Чыгыш Берлинде демократия үчүн демонстрацияга чыгышкан.

9-ноябрда Хонеккердин мураскору Эгон Кренц кийинки күндөн тартып өлкөдөн кетүүгө арыз берген бардык чыгыш немецтери батыш тарапка кетсе болоорун билдирген. Билдирүүдөгү чаташ маалыматтан улам бир канча мүнөт бою чыгыш берлиндиктер чек ара бекеттери тарабынан тосулуп, түн ортосунда миңдеген адамдар дубалды кулатып, Батыш тарапка өтүшкөн.
Кырк беш жыл бою былк этпеген коммунисттик башкаруу 1990-жылдын мартында өткөрүлгөн эркин шайлоо менен аяктаган, анткени жети айдан кийин Чыгыш Германия капиталисттик Батыш Германияга кошулуунун натыйжасында жок болгон.

Румыния. Көчөлөрдө эки жума бою уланып, жүздөгөн адамдар окко учкан нааразылык акцияларынын натыйжасында Румыниянын коммунисттик диктатору Николао Чаушеску жана анын аялы Елена 1989-жылы жаңы жыл күндөрү атууга кеткен. Өлкөнүн чыгыш тарабындагы Тимишоара шаарында полициянын элге каршы курал колдонуп, танктарды пайдаланышы - Чыгыш Европадагы демонстрацияларды аскердик күч менен басуунун биринчи мисалы болгон.
Коммунисттик башкаруу 1990-жылдын башында көп партиялар катышкан шайлоо менен алмашып, ал Румынияга 2007-жылы Европа Биримдигине мүчө болушуна жол ачкан.

Сербия. Таасирдүү серб лидери серб Слободан Милошевич 2000-жылы 5-октябрда оппозициянын миңдеген тарапкерлери парламентке чабуул койгон соң кызматынан кол жууган. Ал 24-сентябрда Югославиядагы талаш туудурган президенттик шайлоодон утулган соң кызматтан кетүүдөн баш тарткан, бирок көчөдөгү көтөрүлүш Белграддагы парламент имаратына чабуул менен аяктаган соң ал серб демократиялык оппозициясынын башчысы Воислав Коштуницага уттурганын моюнга алууга аргасыз болгон.

Алты айдан кийин Милошевич бийликтен ашкере пайдаланганы үчүн камакка алынып, андан кийин Гаагадагы БУУнун эл аралык аскер трибуналына өткөрүлүп берилген. Ал 2006-жылы март айында камакта жатып көз жумган.

Грузия. 2003-жылдын ноябрында “жоогазын революциясынын” алкагында оппозициялык ишмерлер парламентти басып алышкан. Мурдагы президент Эдуард Шеварднадзе кызматтан кетип, батышчыл талапкер Михаил Саакашвили президенттик шайлоодон утуп чыккан.
Украина. 2004-жылы өткөн, жыйынтыгында москвачыл талапкер Виктор Янукович жеңишке жетишкен президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы пикирин билдирип, сары туу көтөргөн адамдар бир канча күн бою көчөдө турушкан.

Жогорку Соттун буйругу менен кайра шайлоо өткөрүлүп, натыйжада 2005-жылдын январында бийликке Виктор Ющенко келген. Юлия Тимошенко “сары” өкмөттүн премьер-министри болуп дайындалып, көп өтпөй ал өкмөт ич ара ыркы келишпей калган.
Кыргызстан. 2005-жылдагы талаш туудурган парламенттик шайлоо “жоогазын революциясы” атту күргүштөгөн нааразылык акцияларын жаратып, ал президент Аскар Акаевдин бийлигин кулатуу менен аяктаган. Бийликке оппозициянын лидери Курманбек Бакиев келип, бирок өзү 2010-жылы кандуу көтөрүлүштүн натыйжасында бийликтен кулатылган.

Иран. Элин эзген, АКШнын акчасына таянган шахка каршы 1979-жылы Иранда болуп өткөн “ислам революциясы”, кийин 18 күндүк нааразылык акцияларынын натыйжасында президент Хосни Мубарак бийликтен кулатылган Египеттеги окуялардын жышааны деп таанылган.
Иранда жаасы катуу Махмуд Ахмадинеджад президенттик шайлоодо 63% добуш менен утуп алганын исламчыл бийлик жарыялаган соң 2009-жылы июнь айында миндеген демонстранттар полиция менен кагылыша кетишкен. Анын атаандашы, реформист Мирхосейн Мусави шайлоонун жыйынтыгын “коркунучтуу баш катырма” деп атаган.

Мамлекеттик сыналгы Тегерандагы 10 киши курман болгон кагылышууларда 450 киши кармалганын билдирген, ал эми курман болгондордун арасындагы Неда Ага-Солтан аттуу кыздын сүрөтү кийин бүт Интернетке тараган. Августта өлкөнүн башкы башкаруучусу Али Хаменеи Ахмадинеджаддын экинчи президенттик мөөнөтүн расмий бекитип берген.
Тунис. Тунистеги көтөрүлүш калкы жарды, башкаруучулары “түшпөс хан2 болуп алган Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африка мамлекеттериндеги арабдарды катуу шыктандырды. Жакырчылыкка, саясий куугунтукка жана коррупцияга каршы зомбулук менен коштолгон нааразылык акциялары 23 жыл бою бийликте турган президент Зин Аль-Абидин бен Алини өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур кылды. Бириккен Улуттар Уюму башаламандык маалында 117 киши мерт болгонун билдирди.

Бен Алинин тушунда 1999-жылга чейин премьер-министр болуп кызмат кылган Мохаммед Ганнуши убактылуу өкмөттүн башына келип, кийин мурдагыдан да күчтүү нааразылык акцияларынан соң өкмөттү мурдагы Бен Алинин режиминдеги адамдардан тазалап чыкты.

«Reuters», 18-февраль, 2011-жыл
Которгон – «Zpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу