Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
18/02 15:20
 

«Asia News»: Борбордук Азия өлкөлөрүндө инфраструктура талкаланууда

Эл аралык кризис тобунун билдиргенине караганда, совет доорундагы
инфраструктура бул чөлкөмдүн негизин түзүп турат. Ал инфраструктура убакыт
өткөн сайын начарлап, жаңыртылбай келет. Чечкиндүү чара көрүлбөсө келечекте
бул жер жакырчылык менен социалдык баш-аламандыктан башы чыкпай калышы
мүмкүн.

Бишкек. Борбор Азия өлкөлөрүнүн инфраструктурасы жылдан жылга жок болуп
баратат. Масштабдуу акча каражаттары жумшалмайынча бул өлкөлөр жолдору,
электр станциялары, ооруканалары жана мектептери жок калышы ыктымал. Ал аз
келгенсип, колдо болгон инфраструктураны мындан ары иштетиш үчүн квалификациялуу
инженерлер жана мугалимдер талап кылынат, дейт Эл аралык кризис тобу.
Уюмдун отчетуна караганда, чөлкөмдүн бардык өлкөлөрүндөгү инфраструктура совет
дооруна таандык, ал эми көптөгөн мамлекеттер, айрыкча Кыргызстан менен Тажикстан
аны жаңылаганга чамасы чакталуу.

«Беш-он жылдан кийин мектептерде мугалимдер, ооруканаларда дарыгерлер жок
калып, электрдин жоктугу кадыресе эле көрүнүшкө айлана турган болуп калды», - дейт
Эл аралык кризис тобунун Борбор Азия боюнча долбоорунун башчысы Пол Куинн-
Джадж. «Кыш келген сайын Тажикстандын айылдарында электр жарыгы 12 сааттан
ашык өчүп калганы кадимкидей эле көнүмүш болуп калды. Кыргызстанда деле электр
менен камсыздоо үзгүлтүккө учураганы кадыресе көрүнүш болуп баратат», - деп айтылат
отчетто.
Ал аз келгенсип, Тажикстанда да, Кыргызстанда да саясий стабилдүүлүк жок, анын
айынан биринде авторитардык режим күч алып, экинчисинде былтыр жазында болгон
нааразылык акциялары саясий өзгөрүүлөргө алып келип, мамлекеттин шайын оодарды.
Өзбекстан менен Түркмөнстан деле ошол багытта баратат. Алар тууралуу так айтыш
кыйын, анткени ал жактагы абал тууралуу же так маалымат жок, же болсо да жашыруун
сакталат. Түркмөнстанда мамлекет өзүнүн борбору болгон Ашгабат шаарына гана кам
көрүп аткандай.
Ал тургай бул жерде бирден бир иши жүрүшүп турган мамлекет болуп саналган
Казакстан да жакында инфраструктуранын начардыгы, атап айтканда техникалык
кызматкерлерди окутуп-үйрөтүү жагы бир топ маселе жаратканы калды. Мунайды,
уранды жана башка жаратылыш ресурстарын сатып пайда таап аткан мамлекеттин абалы
ушундай.
Эл аралык кризис тобунун баамында, Борбор Азиядагы азыркы кыйынчылыктар көптөгөн
себептер менен шартталган. Учурунда Борбор Азиянын бул беш мамлекети Советтер
Союзунун, бир системанын курамында болуп, баары биргелешип иштеши керек болсо да,
аларды эч ким эсепке алган эмес.
Коңшулаш мамлекеттер бардык кем-карчын толуктап турган шартта Тажикстан
менен Кыргызстанда энергетика ресурстарынын жана суу электр станцияларынын
жетишсиздиги анча деле мааниге ээ болгон эмес. Экономикалык өз алдынчалыкка деле
зарылчылык жок болчу, анткени Москва буларды социалдык кепилдиктер менен камсыз
кылып турчу.
СССР кулагандан кийин жаңы түзүлгөн мамлекеттердин, ал тургай энергетикалык
жана жаратылыш ресурстарына ээ болгон өлкөлөрдүн башчылары билим берүү,
инфраструктура, саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо сыяктуу тармактарда
реформа жүргүзүүнүн ордуна өз бийлигин бекемдөө менен алек болуп туруп алышты.
Жакырчылыктын кеңири кулач жайышы жана социалдык камсыздоонун жоктугу
2010-жылдын апрелинде Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевди бийликтен
кулаткан элдик көтөрүлүштүн негизги себептеринин бири болду. Эл аралык кризис

тобу белгилегендей, ошол эле себептер жакын арада башка өлкөлөрдө да, айрыкча
Тажикстанда ушундай эле роль ойношу мүмкүн.
Мындан тышкары, Эл аралык кризис тобунун отчетунда эч кандай реалдуу өзгөрүүлөрду
талап кылбай туруп жардам бере берген эл аралык донорлордо да бир топ күнөө бар экени
айтылат.
Эгерде бул боюнча эч кандай аракет көрүлбөсө, жыйынтыгы аябай жаман болушу
ыктымал. «Инфраструктуранын тез арада иштен чыгышы жакырчылыкты күчөтүп, элди
бийликтен алыстатат. Тиешелүү инфраструктуранын жоктугу Борбор Азиянын көптөгөн
мамлекеттеринде эмитен эле чоң күчкө айланган ислам радикалдарынын чырагына дагы
бир жолу май тамызат. Ал тургай алар кыйла таасирдүү чөйрөлөрдүн колдоосун алуу
мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат», деп айтылат отчетто. Акыр аягында, «эң жакыр өлкөлөр
эмгекти экспорттоодон азыркыдан беш бетер көз каранды абалда калышат».

«Asia News», 2011-жылдын 16-февралы
Которгон – «Zpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу