Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
17/02 15:05
 

«Eurasianet»: Кыргызстандагы инфляция Бишкекте элди кайра толкутушу мүмкүн

Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) Кыргызстанда инфляциянын күчөп жатканын эскертип, кооптонуп турган кези. Тынчы жок акыркы жылдын айынан алсырай түшкөн өлкөдө азыркыдай эл керектөөчү товарлардын кымбатташын жөнгө салганга жетиштүү каражат жок.
ЭФВтин эксперттер тобу Кыргызстанга 31-январдан 4-февралга чейинки беш күндүк иш сапары менен келген. Борбор Азиядагы бул мамлекет мурдагы президент Курманбек Бакиев бийликтен кулатылган чуулгандуу 2010-жылдан кийин өзүнө келгенге аракет кылууда. Анысы аз келгенсип, 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө улут аралык чатак чыгып, мамлекеттин Конституциясы да өзгөртүлгөн болчу.
2011-жылдын башында негизинен мугалимдер менен дарыгерлер катышкан нааразылык акцияларынын толкуну бүт өлкөнү каптап өттү. Өлкөнү экономикалык кризистен чыгаруу аракетиндеги Кыргызстанды жаңы өкмөтү мугалимдердин жана медицина кызматкерлеринин эмгек акысын кыйла жогорулатууга убада берди.
Бирок ЭВФ айлык акыны көтөрүү азыркыдай кырдаалдан чыгуунун бирден бир туура жолу экендигинен шек санап турат. Мындай аракеттер инфляцияны күчөтүп, орточо мөөнөттө ийкемдүү бюджеттик саясат жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн чектеп коюшу ыктымал. “Биздин миссия жакыр жашагандарга социалдык жардам көрсөтүш үчүн социалдык программаларды пайдаланууга чакырат”, деди өз билдирүүсүндө ЭВФтин Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия боюнча департаментинин экономисти Надим Илахи.
Бирок айлык акы көтөрүлбөсө деле ЭВФтин эксперттери Кыргызстандагы инфляциянын деңгээлинен чочулап турат. “2010-жылдын ортосунан тартып кескин күчөп, жыл аягында 19,2% жеткен инфляция биринчи иретте экзогендик соккулар менен шартталган”, дейт Илахи. “Инфляциянын жогорку деңгээли эл ичинде кымбатчылык коркунучун жаратат, жана реалдуу кирешенин азайышынан улам калктын жарды катмарынын турмушуна терс таасир тийгизет. Миссия экономиканы калыбына келтирүү жана былтыркы кризистен эң көп жапа чеккендерге жардам бериш үчүн зарыл болгон салыкчылык позициянын кеңейтилишин колдойт. Ошого карабастан, инфляциянын күч алуу коркунучу бюджетти кеңейтүүнү акыл-эстүү өлчөмдө кармап туруу зарылдыгын эске салат”.
Мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгын көтөрүү 2011-жылдын орто ченине пландаштырылган. Эгерде парламент өз убадасын аткарбай койсо, кызматкерлер жаңы нааразылык акцияларына чыгышы ыктымал. Мындан тышкары, инфляция өзү деле массалык нааразылык жаратышы мүмкүн, анткени тамак-аш өндүрүмдөрүнүн баасы дагы кымбаттап атат.
ПРООНдун маалыматы боюнча, Кыргызстандагы жалпы саны 5 млн. кишини түзгөн калктын дээрлик үчтөн бири жакырчылыктын төмөнкү чегинде жашайт. Айыл жеринде калктын 51% жакырчылыкта жашайт, шаар жеринде бул көрсөткүч 30% түзөт.
Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2010-жылы ун жана нан азыктары 25%, жашылча-жемиш 12,7%, эт 11,9% кымбаттаган. Иш жүзүндө элдин кирешеси анчалык өсүп жетишкен жок.
Экономикалык тескөө министрлигинин божомолу боюнча, 2011-жылы инфляциянын деңгээли 10% чыгат. Министрликтин күткөнү боюнча жумушсуздуктун көрсөткүчү 10,5% чыгат, деди Финансы министрлигинин статс-катчысы Динара Шайдиева. Эркин изилдөө топторунун божомолунда 2011-жылы инфляциянын деңгээли 20% жетчүдөй.
Батыш өлкөсүнөн келген бир дипломат инфляция Кыргызстанда жаңы социалдык нааразылык толкунун оңой эле жаратышы мүмкүн экенин эскертти. “Тамак-аштын кымбатташы – дүйнөдө болуп жаткан тенденциянын бир бөлүгү, бирок кыргыз коому аны түшүнгүсү келбейт. Эл өкмөттү күнөөлөп, ал нааразылык массалык митингдерге алып келиши мүмкүн. Биз кырдаалга көз салып турабыз”, деди дипломат.
Деирдре Тайнан
«Eurasianet», 2011-жылдын 15-февралы
Которгон – «Zpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу