17.02.2011, 13:07

«Америка үнү»: Мубарактын кызматтан кетишине дүйнөлүк өлкө башчыларынын реакциясы

17-февраль. Хосни Мубарак Египеттин президентинин кызматынан кетишине жана президенттик ыйгарым укуктардын аскерлерге берилишине байланыштуу Европанын лидерлери бул өлкөнү аскердик башкаруудан демократиялык башкарууга тезирээк өтүүгө үндөп чыгышты. Ал эми Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин шаар тургундары бул өлкөнү отуз жылга жакын башкарган адамды кызматтан кетирүүгө жетишкен Египеттеги өкмөткө каршы нааразылык акцияларынын жеңишин майрамдап киришти.
Мубарактын кызматтан кетишин талап кылган демонстранттар Каирде өз жеңишин тойлоп атканда дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөрдүн башчылары Жакынкы Чыгыштын тарыхындагы бул урунттуу учурга баа бере башташты.

Өткөн айда нааразылык акциялары башталгандан бери Батыш лидерлери демократиялык реформаларга үндөп, бирок бул чөлкөмдөгү Батыштын илгертен берки өнөктөшү болгон Мубарактын кызматтан кетишин да ачык талап кыла албай, эки анжы абалда жүрүшкөн.
Мубарак кызматтан кеткени жарыялангандан бир сааттан кийин Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Камерон Египеттин жаңы башкаруучуларына кайрылды. “Буз бул жаңы өкмөт чындап ачык, эркин жана демократиялуу коом кура баштайт деп ишенебиз”, деди ал.
Башка Европа өлкөлөрү да аскердик башкаруудан демократиялык башкарууга тезирээк өтүүгө үндөп чыгышты.

Евробиримдиктин тышкы иштер министри Кэтрин Эштон Европа мамлекеттери Египеттин элин колдой тургандыгын билдирди. “Биз азыр бийликке келип, бийликти жана жоопкерчиликти өз мойнуна алгандар элдин ишеничин сатып кетпейт деп терең ишенебиз, Евробиримдик болсо өз жардамын сунуш кылат”, деди ал.
Германиянын канцлери Ангела Меркель Египетти эл аралык милдеттенмелерди аткарууга чакырды. Анын айтымында, Мубарак өзүнүн кызматтан кетиши менен «Египет элине акыркы кызматын көрсөттү». Ал Египеттин башкаруучулары Жакынкы Чыгышта тынчтыкка өтө тургандыгына, Израиль менен түзүлгөн келишимдер сакталаарына үмүттөнөөрүн айтып, Израилдин коопсуздугуна карата кепилдик сакталышы зарылдыгын белгиледи.

БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасынан уюмдун баш катчысы Пан Ги Мун нааразылык акциясына чыккандардын чыдамкайлыгын мактап өттү. “Египет элинин, асыресе жаштарынын үнү угулушу керек, эми өлкөнүн келечегин ошолор аныкташы керек”, деди ал.
Бир топ күн мурун нааразылык акцияларынын толкуну өлкөнүн өкмөтүн кызматтан кетирип, египеттиктерди жана башкаларды шыктандырган Тунисте мындай окуялар бул чөлкөмдүн бардык жагына жайылып кетээрине ишене тургандар саналуу эле болчу.
Тунистин тургуну Сафия Рувис коомдун маанайын жыйынтыктап жатып, Египеттин элин жана бардык арабдарды куттуктады. “Бул демократияга биз өзүбүз жетиштик, аны бизге Америка да, Франция да, эч ким алып келип берген жок”, деди ал.
Жакынкы Чыгыштын бардык шаарларында эл Египеттин демонстранттары менен тилектештигин билдирип көчөгө чыкты. Өкмөткө каршы демонстрациялар азыраак масштабда өткөн Иорданда түн ичинде желбиреген Египеттин желектери батпай кетти.
Газа тилкесинде да эл көчөгө чыгып, египеттик ыңкылаптын жеңишин майрамдашты. Газа тилкесин тескеген ХАМАС кыймылы Сами Абу зухри аркылуу өз жардамын сунуш кылды. Зухринин айтымында, Мубарактын кызматтан кетиши “Египет революциясынын жеңишине башат болду, ал эми ХАМАС египет элинин талаптарын колдойт.
Бейрутта эл андан бетер катуу майрамдады. Салюттар көп болду. Египеттен келген эмигрант Иссам Аллави “биз бүгүн абдан бактылуубуз, анткени биз диктатор Хосни Мубаракты жеңип чыктык” деди. “Эртең биз араб дүйнөсүнүн башка диктаторлорун жеңип чыга алабыз”.
Мындай сезим, кыясы, дүйнө өлкөлөрүнүн башкарган адамдардын көбүн ойлондуруп турат окшойт. Алар элдик революцияны даңазалап жаткан маалда араб өлкөлөрүнүн башчылары кийинкиси ким болоорун ойлонуп жаткан кези.

Генри Ридгвелл
«Америка үнү», 11-февраль, 2011-жыл
Которгон - «Zpress.kg»