Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
17/02 09:26
 

“Stratfor”: Египетте революция эмес аскердик төңкөрүш болду


Египет: Демилге менен чындыктын ортосунда


11-февралда Египеттин президенти Хосни Мубарак отставкага кетти. Өлкө бийлиги убактылуу Аскердик кеңешке өттү,- деп жазат Джордж Фридман “Stratfor” басмасынын баяндамачысы .
Аскердик кеңештин биринчи чечими менен 13-февралда өлкөнүн Конституциясы күчүн жоготту, ошондой эле, парламент таркатылды. Аскердик бийлик 6 ай бою, же болбосо, парламенттик жана шайлоолорду өткөрүүгө даяр болгонго чейин өкүм сүрөрү билдирилди, деп белгиленет андан ары.

Бирок, бирок...

Бирок, 11-12-февраль күндөрү египет эли Мубарактын кулашын жана демократиялык талаптардын ишке ашуусун кызуу майрамдашкандары менен бир катар жагдайлар аларга эле эмес, дүйнө коомчулугуна ого бетер түшүнүксүз болуп калды.
Биринчиден, Мубарак кетсе да, ал тарбияланып чыккан аскердик режим толук бийликти колуна алганы анык болду. Бул көрүнүш демократиялык реформага таптакыр коошпогон жагдай экендиги талашсыз. Шайлоолорго даярдык көрүү, саясый партияларды сүйлөшүүлөргө чакыруу жана президенттикке кандидаттарды даярдоо – бул, албетте, тез жасала турган иштер эмес.
Экинчиден, бардыгы азыркы бийлик башындагыларга –аскер жетекчилерине, алардын келерки бийлик өкүлдөрүнө болгон мамилелерине байланыштуу. Анткени, 6 ай, бир жагынан алып караганда, аз убакыт эмес. Анткени, берилген убадалар унутулуп калуусу толук мүмкүн. Анын бардыгы кайрадан, мурункудай эле, кайсы бир саясий ички, же сырткы күчтөрдүн таасирине багынган мамлекеттик бийлик орношу ажеп эмес. Анткени, учурда мамлекеттин бардык аймагында аскердик көзөмөл, аскердик тартип киргизилген. Кыскасы, аскер өкүлү Мубарак отставкага кетти, ал эми, анын учурундагы аскердик режим сакталып калды жана, ага кошумча, Аскердик Кеңеш мурда болуп көрбөгөндөй күчтүү бийликти колуна алды. Кыскасы, бийлик элдин колунда эмес, бийликтин колунда калды.
Египетте аскер күчтөрү демонстранттарга өз ичиндеги карама-каршылыктардын чыгышынан эмес, алар демонстранттардын талаптарына – Мубаракты кетирүүгө макул болгондуктарынан каршы турбоону туура көрүшкөн. Анткени, Египетте аскердик бийлик режимдин ички маңызы болгон. Ошондуктан, Египеттеги окуяларды революция деп эсептөө, жөнөкөй айтканда, таң калыштуу.

Мубарак жана режим

Каирдеги элдик толкуулар, башка шаарлардагы аларды колдогон ошондой эле окуялар - бул жөн гана телеэкрандардан демократиялык кайра куруулар жөнүндө кабар бергендей драмалык көрүнүштөр болгон. А чындыгында, элдик массалар анын башкы персонаждары эмес эле. Бул драманын башаты, мындан бир нече ай мурун билинген Мубарактын ниети - 47 жаштагы реформачыл уулу Гамалды Египеттин президенттигине алып келүү аракети менен башталган.
Кыскасы, көп жылдардан бери өкүм сүрүп келе жаткан египеттик режимге түздөн-түз коркунуч келтириле баштаган. Башкача айтканда, Мубарак өлкөдөгү режимди кулатууга аракеттенген ушул таптагы жалгыз адам болгон.
Белгилүү болгондой, Египеттин учурдагы аскердик режими генерал Гамал Абдель Нассирдин жетекчилиги астында өткөн төңкөрүштөн кийин негизделген жана аскердик бийликтин негизинде Кемал Ататүрктүн идеялогиясы боюнча моделдештирилген. Бул демократиянын элементи бар ак сөөктүк режим болот, бирок аскерлер тарабынан гарантияланып жана алардын көзөмөлүндө турат деп божомолдонгон.

Нассир аскердик кийимин таштагандан кийин да, аскер күчтөрү режимдин таянычтары болуп кала берген. Египеттин кийинки президенттери – Анвар Садат жана Хосни Мубарак – экөө тең, погондорун саясий олимпке чыккандан кийин чечишкен аскердик офицерлерден эле.
Өзүнүн уулун ишин улантуучу деп атоого баш урган Мубарактын чечими Египеттин режимине түздөн түз коркунуч түзө баштаган. Мубарактын мындай оюу режимди коргогон аскердик бийликтин кыжырын кайнатып жана козголууга алып келген. Кыскасы, Гамалдын талапкерлигин Мубарактын көшөрүп жактагандыгы жана өзүнүн кетүүнү каалабагандыгы режимдин кризисин күчөткөн. Аскердик бийликтер, өз кезегинде, Мубарактын амбициасына режим туруштук бере албайт деп кооптонушкан.

Эгерде Гамаль Мубарак президент болуп калса, аскердик режим, бул режимге чейинки Египетте өкүм сүргөн монархиялык мурастык бийликке алмашмак. Ошондуктан, аскердик катардагы жогорку бийлик өкүлдөрү Мубарактын бул амбициясына каршылык кылуу үчүн ар-түрдүү маневрдук кыймылдарды жасоого аракет кылып келишкен.

Бул түшүнүүгө зарыл болгон негизги учур. Режим менен Хосни Мубарактын ортосунда маанилүү айырмачылыктар бар. Режим, көпчүлүгү аскердик бийликке байланышкан татаал институттардан турган, ошондой эле, кайра эле өзүнүн көзөмөлүндө болгон жарандык бюрократияны камтып турат. Хосни Мубарак болсо, режимдеги өз кызыкчылыгын айырмалоону бара бара үйрөнгөн, Нассир менен Садаттын ишин жолдоочу, жеткиликтүү көзү канык лидер болгон. Ашыра айтканда, аны режимге коркунуч туудурган адам катары баалашкан. Чындап эле, режим ага көз каранды эле. Белгилей кетчү нерсе, демонстранттар режимге эмес, Мубарактын отставкасына каршы чыгышкан.

Ушул себептүү, аскер элитасынын демонстранттарды байкатпай колдоосуна таң калуунун кереги жок. Анткени, бул демонстациялар режимди сактап калуунун бирден-бир жолу болуп, Мубарактын келечегин чечүү маселесин ортого салууга жакшы шарт түзүп турган.
Египеттин аскердик бийлиги учурда тымызын оюнду жүргүзүп жаткандыгын божомолдоого болот. Тек гана, бул жерде ким аракеттенбегендиги, ал эми кимиси муну чыдамсыздык менен күткөндүгү табышмак бойдон калууда. Биз азыр элиталык аскердик кеңештин курамына кирген адамдар аракеттенүүнү каалабагандыгын гана болжой алабыз. Булар Мубарак менен бир муундагы адамдар, анын достору жана өзүлөрүнүн мансабы боюнча ага милдеттү адамдар. Ал эми, армияга, болжол менен, 1973-жылдан кийин кошулган жана советтер союзу менен эмес, америкалыктар менен алака кылып көнүп калышкан кыйла жаш курактагы офицерлер Гамалдын Мубарактын ишин улантуучу болуп шайланышына каршы үгүт кылгандыктары белгилүү.

Жогорудагы көрүнүштөрдүн маңызы мына ушундай. Египетте болуп өткөн окуялар революция эмес эле. Демонстранттар, режим жөнүндө айтпаганда да, Мубаракты да “кулаткан жок”. Нааразылык билдирген эл Мубаракты отставкага кетүүгө мажбурлоо жана режимди сактап калуу үчүн чүмбөт катары гана пайдаланылган. 10-февралда Мубарак отставкага өз ыктыяры менен кетпестиги айкын болгондон кийин, аскердик бийлик аны кетүүгө мажбурлоо үчүн төңкөрүш жасаган десек болот. Мубарак президенттин кызматынан кетээри менен, аскердик кызматкерлер Аскердик кеңешти түзүп жана негизги министрликтерди көзөмөлгө алып, режимди басып алышкан . Ал эми режим дайыма аскердик бийлик тарапта болгон. Ошентип 11-февралда аскердик бийликтер өлкөнү башкарууну көзөмөлүнө алышкан.

Болжоолор боюнча, ортодон жогорку жаштагы офицерлер, Мубарактын достору башка офицерлердин жана АКШнын кысымы менен аракеттенүүгө мажбур болушкан. Акыры, алар негизги кызматтарды ээлөө шарттарында, аларга кошулууга аргасыз болушкан. Демонстранттар мындай көрүнүштүн көшөгөсү жана аскердик бийликтин аракетин актоо гана болгон, бирок бул, дагы бир жолу белгилеп айтыш керек, революция болгон эмес. Бул аскердик режимди сактоо максатында уюштурулган аскердик төңкөрүш болгон. Бул көтөрүлүшкө чыккан эл массаларынын да бирден-бир талаптарынан эле.

Төңкөрүшпү же революциябы?

Суроо туулат: төңкөрүш эми революцияга айланабы?
Демонстранттар таза демократиялык шайлоону өткөрүүнү жана репрессияны токтотууну талап кылышкан жана аскерлер буга макул болгон. Бирок, бул талаш маселе болуп калууда. Жаңы лидерлер шайлоолорду демократиялык принцип менен өткөрүшөбү, же эптеп эле элди таркатуунун айласында убада кылыштыбы?

Бирок, Египетте демократташтыруу жаатында проблемалар алда канча терең. Биринчиден, Мубарактын репрессиясы жарандык коомду талкалады. Өз тарапкерлерин таап жана көрсөтүүгө жөндөмдүү ийкемдүү саясый партияларды түзүү үчүн убакыт талап кылынат. Экинчиден, аскердик бийлик өлкөнү башкарууга таптакыр эле көнүп алган. Мындай позициядан аскерлерди алып чыгуу үчүн, кандай болбосун, көп убакыт талап кылынат.

13-февралда аскерлер убакытты утту, бирок 6 ай жетиштүү болору жана аскердик бийлик 50 жылдан ашык убакыт ээлеп келген позициясын жоготкусу келеби, деги эле, айкын эмес.
Жаңы өкмөт бардык эл аралык милдеттенмелерди аткаруу маселелерин мойнуна алды. Анын ичинде, албетте, Израиль менен макулдашуу да бар.

11-февралда көчөдөгү эл массасы демократия жөнүндө, Палестина жөнүндө ырларды ырдап жатышты. Египет бийлиги бул эл аралык милдеттенмесин мойнуна алып жатканда, аянттагы эл, мүмкүн, башкача ой жүгүртүп жатыштыбы, ага кызыккан адам болгон жок. Мындай жагдайда, аянттагы 80 млн адам египеттиктердин жалпы пикирин билдирише алдыбы, же жокпу, бул талаш суроо.
Башка суроо – Египеттин Өкмөтү Израилге каршы турууга чамасы жетеби, өзү каалаган учурда да, же... Анткени, Египеттин армиясы көбүнэсе америкалык жабдуулар менен жабдылган. Ошондуктан алар америка тарапка толугу менен көз каранды. Азыр баягы АКШга тең тайлашкан СССР деген жок. Египеттин көп сандаган армиясын кайрадан куралдандыруу, жабдуу бир нече жумалык эмес, ондогон жылдык маселе. Жакынкы убактарда Египет согуш жолуна бара албайт. Бирок, жай бийлик өкүлдөрү бардык алдыда түзүлгөн Макулдашуулар, анын ичинде Израиль менен болгон Макулдашуу да күчүндө калат деп билдирди.

Эмнеге жетишилди?


Ошентип, биз ушундай бир, кызыктуу чындыкка кабылдык. Египеттин режими дагы эле сакталып, баары эски генералдардын көзөмөлүндө турат. Алар тышкы саясатта өзүлөрү кетүүгө мажбурлаган адамдын саясатын жолдоодо. Алар демократияны убада кылышты, бирок алар эмнени эске алгандыгы түшүнүксүз. Бул, бир гана нерсени – элдик масса кайрадан демократиялык кайра курууларды ылдамыраак баштоо талаптары менен көчөлөргө чыгышы мүмкүн экендигин көрсөтүп турат.

Өткөн жума Египетте бийлик дасыккан аскер адамынын колуна тийди. Кыскасы, 82 жаштагы президент кулатылды, анын уулу эми президент боло албайт. Конституция жокко чыгарылды парламент таркатылды, эми бийликтин башында аскердик хунта турат. Мындан ары эмне менен бүтөөрү бүдөмүккө айланды. Аны бир гана божомолдоого болот.

Джордж Фридман.( Т. Мамбеткулов, Н. Куланбаев)
.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу