16.02.2011, 17:26

КР Президентинин Аппаратынын бюджети тууралуу маалымат

Бишкек, 16-февраль. (КАБАР). Учурда КР Президентинин Аппаратынын 2011-жылга карата кабыл алынган бюджети тууралуу коомчулукта ар кандай пикирлер айтылууда. Бул жагдай боюнча Президенттин Аппаратынын иш башкаруучусу Турусбек Коеналиев журналисттерди чогултуп, төмөндөгүдөй маалымат берди:

- КР Президентинин Аппаратынын 2011-жылга карата бюджети 829 512,1 миң сом суммасында каралган. Бул каражат “Учурдагы бюджет” (606 305,2 миң сом) жана “Атайын каражаттар” (223 206,9 миң сом) деген эки бөлүктөн турат.

Ал эми “Учурдагы бюджет” бөлүгүнө республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган 12 мамлекеттик органдар кирет. Алардын ичинен 408 320,3 миң сом КР Президентинин Иш башкармалыгынын карамагында жана төмөнкү мамлекеттик мекемелерди каржылоого багытталган:

- Президенттин Администрациясы (аппарат) – 80 782,2 миң сом;

- Президенттин Администрациясы (жалпы чарбалык ишмердүүлүк) – 6 300,0 миң сом.

Бул каражаттар бюджет долбооруна Президенттин жана анын Аппаратынын чыгымы үчүн жумшалат. 2011-жылдын 10-февралында жарык көргөн КР Президентинин Указына байланыштуу Президенттин Аппаратынын кызматкерлеринин бир жылдык маянасынын суммасы азайтылган.

КР Президентинин Аппаратына каралган бюджет төмөнкү мекемелерге бөлүнөт:

- Президенттин иш башкармалыгы (аппарат жана 10 ведомстволор астындагы уюмдар) – 298 876,6 миң сом;

- Үч бала бакча – 7 562,5 миң сом – бул Ысык-Көл районундагы Комсомол айылындагы, Бишкек шаарынын Орто-Сай айылындагы №172 жана Тыныстанов көчөсүндөгү №144 бала бакчалар.

- Президенттин “Манас” камералык оркестри – 2 849,4 миң сом жана мындан тышкары 144,3 миң сом бюджеттик каражат чыгымдардын корголгон статьясына жүктөлгөн.

- КР Президентинин Иш башкармалыгынын дарылап-сакайтуу бирикмеси – 87 874,4 миң сом. Бул медициналык мекеме республикалык бюджеттен өз алдынча каржыланат жана Президенттин, Өкмөттүн аппараттарынын кызматкерлерин, КР ЖК депутаттарын, Кыргыз Республикасынын баатырларын, эл артисттерин, жазуучуларды, сүрөтчүлөрдү, ошондой эле эмгек сиңирген ишмерлерди жана башкаларды тейлейт.

- КР Президентинин Иш башкармалыгына караштуу коомдук-маалыматтык борбору – 2 075,2 миң сом. Азыркы учурда бул борборду кайсы бир деңгээлде өзүн өзү каржылоого өткөрүү пландаштырылууда.

Калган 119 984,9 миң сом чыгымдар төмөндөгү мамлекеттик органдарды Иш башкармалыктын катышуусусуз камсыз кылуу каралган:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин архиви – 5 435,4 миң сом;

- Стратегиялык анализ жана баа берүү институту – 14 276,1 миң сом;

 
- Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясы – 9 451,5 миң сом;

- Жалпы республикалык масштабдагы билим берүү программасынын алкагында белгиленген милдеттерди ишке ашырууга – 20 821,9 миң сом.

Мындан тышкары “КР бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу” Мыйзамдын 21-статьясынын негизинде республикалык бюджетте КР Президентинин 70 000 сом суммасында резервдик фонду түзүлөт. Бул каражат экономикалык, социалдык-маданий жана башка эсепке алынбаган чыгымдарга жумшалат. Ушундай эле резервдик фонддор ушундай эле суммада КР ЖК Төрагасында жана Өкмөттө да түзүлөт.

Ал эми экинчи бөлүктөгү 223 206,9 миң сомду түзгөн “Атайын каражаттар” бюджеттик мекемелердин кызмат көрсөтүү жана башка аткарган жумуштарынан түшкөн каражат болуп саналат. Анын 49,7% же 110 973,6 миң сомун Иш башкармалыктын ведомстволук мекемелери табат.

Т. Коеналиев ошондой эле Президенттин маянасы 30 миң сом экендигин, ал эми ар кандай кошумча төлөмдөр менен 50-60 миң сомго жакындап барарын айтты. Бул мурдагы Президент К. Бакиевдин маянасына салыштырганда 20 миң сомго аз. Мамлекет башчы учурда өлкөбүздүн экономикалык абалын эске алып. Өз маянасын азайтуу чечимин кабыл алган. Ошол эле учурда чет мамлекеттердин Президенттери менен биздин мамлекет башчыбыздын маянасынын ортосунда бир топ айырмачылык бар. Салыштырууга да болбойт. Мындан тышкары Р. Отунбаева чет мамлекеттерге иш сапарга чыкканда атайын учак менен эмес, жалпы жүргүнчүлөр учагы менен учуп, бир топ каражаттарды үнөмдөөдө. Мисалы, 2010-жылы АКШ өткөн БУУ Саммитине катышуу үчүн барганда 150 миң долларды үнөмдөгөн. Республикабыздын аймактарына иш сапары менен чыкканда да мамлекет башчы акча каражатын үнөмдөөдө. Алсак, жакында Баткен облусуна да катардагы учак менен барып, 5,5 миң доллар акча үнөмдөлгөн.

Жогоруда айтылгандай, КР Президенти 10-февралда кол койгон Указга ылайык, Аппарат кызматкерлеринин маянасы кыскарып, 8 миллион сомдун тегерегинде акча үнөмдөлүү менен мурдагы жылдарга караганда Аппарат кызматкерлеринин саны да 117 азайтылган. Мурда 200дөн ашык болгон.(Даярдаган Э. Момунов)