Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
08/02 09:14
 

Майлуу-Суу шаарында милиция иштебегендиктен, кылмыштуулук көбөйүп кеткен

6-февраль күнү Майлуу-Суу шаарында 700 гө жакын адамдын катышуусунда митинг болуп, анда жабырлануучулар комитети шаардын прокурору Мирлан Кожоакматовду кызматтан алууну жана мурдагы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Марис Нуралиевди анын орун басарларын, тергөөчүлөрдү жоопкерчиликке тартып, башка кызматка койбоо талабын коюшту.

Митингке облус губернатору Бектур Асанов, облус прокурору Каныбек Турдумамбетов, облустук ИИБнын жетекчиси Станбек Бакиров, Майлуу-Суу шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Тургуналы Ариповдор катышып, 16-январдагы митингде эл тарбынан коюлган талаптардын аткарылышы боюнча маалыматтарды беришти.

Биринчилерден болуп митингде Майлуу-Суу шаардык кеңештин төрагасы Шадманов Жанышбек сөз сүйлөдү. Анын сөзүнө караганда, шаарда 23 миңге жакын калк жашагандыктан, 4 участкалык милиция бөлүнүп, алар жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Бул шаар калкы үчүн аздык кылат экен. Мындан сырткары, бир өспүрүмдөр жана мектеп окуучулары менен иштеген (ИДН) инспекторду, бир МАИнин кызматкерине шаардык бюджеттен акча бөлүп, каржылашат.

"Шаарга келген милициялардын билими начар, атын жаза албагандары да бар. Алар кичине иштеп эле, анан кетип калып жатышат. Тартип бузуп, кылмыш жасагандарды кармашса, чоңдору чыгарып жибергендиктен, милициялар кийин кармабай калышты. Акыркы күндөрү бизде стажёрго жарабаган милициялар тергөөчү болуп калып жатат. Бир тергөөчүнүн өзүнө 34 кылмыш иши туура келип жатыптыр. Милициянын убактылуу кармаоочу жайынын (ИВС) абалы өтө жаман эле, 200 миң сом бөлүп берип, республика боюнча эң жакшы шарты бар ИВС болуп калды",- деди Ж.Шадманов.

Ал эми шаар мэринин милдетин аткаруучу Тургуналы Ариповдун айтымында, өткөн жылы болуп өткөн ыңкылаптан кийин шаардык ички иштер бөлүмү шал абалда болуп калган. Ушундан улам криминалдык чөйрө өз ишин жандандыра башташкан. Мунун алдын алуу боюнча ар бир аппараттык кеңешмеде милиция бөлүмүнө талаптар коюлуп турган. Ал талаптар учурунда аткарылбай, шаарда кылмыштуулук көбөйүп кеткендиктен улам, жогорку бийлик бутактарына күч структураларынын жетекчилерин кызматтан алып берүү талабы боюнча 4-5 жолу өзү кайрылган. Мындан эч кандай майнап чыккан эмес. "Милиция иштебегендиктен, шаарыбызда кылмыштуулук көбөйүп кетти", - деди Т.Арипов.

Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов: "Майлуу-Суу шаарындагы болуп жаткан окуялар, бул бүткүл республикада болуп жаткан проблеманы билдирет. Майлуу-Суулуктардын активдүүлүгү бул проблеманы ачыкка алып чыкты",- деп айтты. Губернатордун сөзүнө караганда, бул проблема 2-3 айда эле пайда боло калган жок. Бул акыркы 10-15 жыл аралыгында чечилбей келе жаткан орчундуу маселелерден улам келип чыккан.

- Кылмышкерлер кармалбай калды. Облустук ИИБнын башчысы экөөбүз отуруп сүйлөшүп, кылмышын далилдеп кармаган кылмышкерди райондук сот камаса, облустук сот чыгарып жиберет. Бир мыйзам экинчи мыйзамга каршы келет. Мыйзамдарга лазейка коюлган. Мыйзамдар кылмыштуу топко ылайыкташтырылып жазылып калган. Мына бүгүнкү күндө биринчи маселе кылмыштуулукка каршы күрөш башталды. Экинчиден, күч тармактарындагы кылмыштуулукка каршы күрөшүү керек. Бүгүн бандиттерди жок кылсак, мүмкүн эртең алардын ордун күч органдары ээлеп калышы мүмкүн. Милиция менен бандиттер биргелешип кеткен. Буга мисал катары айта кете турган болсом, 2006-жылы ОИИБнын башчысына кирсем, анын кабылдамасында Кыргызстандагы эки кылмышкер отуруптур.

Жергиликтүү бийликтен бир да демилге чыкпайт. Баары жакшы деп, кылмышты жашырат, баары жайында деп, отчет беришкендиктен, бүгүнкүдөй кырдаалга туш болуп турабыз, - деди Б. Асанов.
Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Станбек Бакиров сөз сүйлөп, 16-январда майлуу-суулуктар койгон талапттарын бир-бирден талдап чыгып, шаардык милиция бөлүмүнүн башчысын, анын төрт орун басарын, кылмыштуу кишилерди издөө жана кармоочу бөлүмүнүн башчысын жана анын оперативдик курамын толук кызматтарынан кетиргендигин билдирди. "Аларды кызматтан кетирип эле эртең Майлуу-Сууда жакшы болуп, кылмыштуулук токтоп калат деп, айта албайм. Кээ бир кылмыштар изи суубай туруп ачылат. Кээ бири бир айда, бир жумада, бир жылда ачылышы мүмкүн. Өзүңөр билесиңер Р. Шаботоевдин кылмыш иши бир жылда ачылган. Кылмыш иши болсо эле ачылат",- деди С.Бакиров.

Мындан сырткары, С. Бакировдун билдиргенине караганда, 7-февралдан баштап шаарда тартипти сактоо максатында Жалал-Абад шаарынан 12 кайгуул күзөт кызматынан барып, кылмыштуулуктун алдын алуу жана шаардык тургундар арасында тартипти сактоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. "Биринчи кварталдын жыйынтыгы менен азыркы жаңы дайындалган шаардык милиция бөлүмүнүн башчысынын жана анын орун басарларынын, тергөөчүлөрдүн аткарган иштерине баа берилет", - деп айтты ал.

Жалал-Абад облусунун прокурору Каныбек Турдумамбетов Майлуу-Суу шаарынын проркурору Мирлан Кожоакматовду кызматтан алууну Башкы прокурор Кубатбек Байболов өзү чече тургандыгын баса белгиледи.

- Шаардын тургундары Дыйканбаев Батырбек менен анын аялы Бүбүсажида эже баласынын өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин Майлуу-Суу шаардык прокуратурасы, ИИБ жакшы тергебей жатат - деп, аларга ишенбөөчүлүк билдирип мага кайрылган болчу, биз бул ишти облустук ИИБна өткөрүп бердик. Азыр тергөө иши жүрүп жатат. Андан сырткары, 10 фактыны келтирип коллективдүү арыз түшкөн. Ал боюнча иликтөө жүргүзүлүп, кылдаттык менен текшерилип, мыйзамдык негизде чечим кабыл алынды. Шаар прокурору боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Башкы прокуратурада 12-февралда жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегия болот. Ошол жерде прокурордун иши каралып, чечилет, - деди облус прокурору К. Турдумамбетов.
(Анархан Жаңыбаева)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу