Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
05/02 15:06
 

Кыргыз-казак экономикалык кызматташтыгы жаңы баскычка көтөрүлдү



Бишкек, 5-февраль. (КАБАР). Кечээ, 4- февралда, Кыргыз Республикасынын премьер-министри А. Атамбаев жетектеген кыргыз делегациясынын Казак Республикасына болгон расмий иш-сапарынын алкагында Алмазбек Атамбаевдин Казак Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу болду. Жолугушуулар «Акордо» президенттик сарайында өттү.

Жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташтыктын абалына жана эки мамлекеттин экономика, соода-сатык жана маданият тармактарындагы кызматташтыктарды күчөтүү боюнча маселелерге токтолушту.

А.Атамбаев Кыргызстандагы абалды турукташтыруу процессиндеги Н.Назарбаевдин ордун бийик баалагандыгын жана кыргыз эли үчүн татаал мезгилде Казакстан тарабынан көрсөтүлгөн колдоолор боюнча ыраазычылыгын билдирди.

Сүйлөшүүлөр учурунда Кыргыз Республикасынын премьер-министри Кыргызстан үчүн Казакстан башкы өнөктөш жана инвестор болуп саналаарын белгиледи.

Ошондой эле Алмазбек Атамбаев жакынкы убактарда казак бизнесмендеринин катышуусундагы Бишкекте өткөрүлө турган эларалык экономикалык форумга чоң маани бере тургандыгын айтты. Аталган форумда кыргыз экономикасынын калыбына келтирилүүсүнүн жана өнүгүүсүнүн актуалдуу көйгөйлөрү талкууланаары пландаштырылууда.


Маалымат үчүн:

Кыргызстан - Казахстан

Казак Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 15- октябрында түзүлгөн.

Анда мамлекеттер аралык 120дан ашуун документтерге кол коюлган. Анын ичинде негизгилери болуп “Түбөлүк достук жөнүндө Макулдашуулар” (08.04.1997-ж.) жана “Биримдүүлүк мамилелер тууралуу Макулдашуулар” (25.12.2003-ж.) саналат.

Казак Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана ыйгарым укуктуу Элчиси болуп 2009-жылдын сентябрь айынан баштап Исабаев Бейбит Оксикбаевич кызмат кылып келе жатат.
Кыргыз Республикасынын Казак Республикасындагы Толук жана ыйгарым укуктуу Элчиси болуп 2007-жылдын декабрь айынан баштап Рустенбеков Жаныш Султанкулович иш алып барууда.

Соода-сатык, экономикалык кызматташтык

Кыргыз Республикасынын Казак Республикасындагы 2009-жылдагы тышкы соода-сатык айландыруусунун көлөмү 477,6 млн. АКШ долларга, башкача айтканда, 2008-жылга салыштырмалуу 14,8% га төмөндөгөн.

2010-жылдын 9 ай ичинде тышкы соода-сатык айландыруусу 378,1 млн АКШ долларын түзүп, 2009-жылдын ушул убактысына салыштырмалуу 10,6% га өскөн. Экспорт 126,8 млн. АКШ доллар (34,6%га көбөйгөн), импорт 251,3 млн. АКШ доллар (1,4% га көбөйгөн) көлөмүн түзгөн.

Соода балансынын сальдосу төмөндөп, 124,5 млн. АКШ долларындагы көлөмдө Казакстандын пайдасына чечилген.

2010-жылдын 9 айындагы товар алмашуунун жогорулоосу, биринчи кезекте, Казакстанга жашылча жана жемиштердин экспорттук көлөмүнүн көбөйүүсү 64,4, кара металлдардын - 16,1, кара металлдан жасалган буюмдардын - 3,6, мунай зат продуктылары - 3,2 (анын ичинде электр энергиясы 3,5) эсеге, ошондой эле органикалык эмес химия продукциялары 10,1 млн. АКШ долларына жана учуу аппараттарынын сатылусу 711,9 миң АКШ долларга көбөйүүсү менен байланыштуу. Андан тышкары импорт товар алмашуунун өсүүсүнө таасирин тийгизген.

Мисалы, Казакстандан кендердин, шлактын жана көмүр күлүнүн импорттук өсүүсү - 8, парфюмердик-косметикалык буюмдардын өсүүсү - 6,5, туздун, акиташтын өсүүсү - 3,2 эсеге жеткен.

Казакстан Кыргыз Республикасын инвестициялаган чет өлкөлүк инвесторлордун арасынан биринчи орунду ээлейт. Алгачкы маалыматтар боюнча, Казакстандан Кыргызстанга келген инвестициянын жалпы көлөмү 2009-жылы 664 млн. АКШ доллардан ашуун болгон.

Кыргызстан жана Казакстандын ортосундагы интеграциялык байланыштардын динамикалык өсүүсү кыргыз капиталынын катышуусундагы 247 биргелешкен ишканалардын Казакстандын аймагындагы юридикалык катталуусу менен далилденет. Алар негизинен товарлардын кеңири ассортименттерин дүңүнөн жана чекене сатуу, унаа сатуу чөйрөлөрүндө, курулуштарда, ири мүйүздүү малдарды өнүктүрүүдө, дан жана буурчак өсүмдүктөрүн, анын ичинде тукумдук дан өсүмдүктөрүн өстүрүүдө, пахтадан жасалган жиптерди даярдоодо, ошондой эле туристтик агентчиликтерде алектенишет.

Кыргыз Республикасында казак капиталдарынын катышуусу менен 334 биргелешкен ишканалар (каржылоо ишмердүүлүгүндө, тамак-аш продукцияларын өндүрүүдө, соода-сатык, унаа, турмуш-тиричилик буюмдарын жана жеке колдонулуучу буюмдарды оңдоо, транспорт жана байланыш чөйрөлөрүндө) катталган.

Кыргызстандын экономикасында банк тармагы казак капиталы үчүн эң тарткылыктуу багыт болуп калууда. Казакстандын ири банкы «Казкоммерцбанк» «Кыргызавтобанкынын» акцияларынын көзөмөлдүк пакетине ээ.

Кыргызстандын рыногуна башка дагы казак резиденттери– «Халык банк» («Народный банк») жана «Альянс Банк» келишти. Казакстандык компания Vita Аксуу жүгөрү кайра иштетүүчү кант комбинатынын мамлекеттик акциялар пакетинин 21 млн. сомдук (88%дан жогору) көлөмүн көзөмөлдөйт. Казакстандын биржалык фонду (KASE) жана ЖАК «Global Securities Kazahstan» Кыргыз биржа фондунун акционерлери болуп калышты.

Газ ташуу тармагында 2005-жылдан бери Бухаранын «Ташкент-Бишкек-Алматы» газ ташуучу районундагы” магистралдык газ линиясынын кыргыз бөлүгүн казак-кыргыз «КырКазГаз» Биргелешкен ишканасы тейлейт. 2004-жылдын 5-ноябрындагы Инвестициялык Макулдашууларга ылайык, Кыргыз Республикасынын газ ташуу тутумунун техникалык абалын жана модернизациялоосун жакшыртуу боюнча «КазТрансГаз» АК 2005-2007-ж.ж. 9,5 млн. АКШ долларын инвестициялаган.

Казак тараптары менен сүйлөшүүлөрдө жетишилген макулдашууларга ылайык, 2010-жылы КР чарбалык субъектилери үчүн Казакстандан күйүүчү жана майлоочу майларды ташуунун квоталары: дизел майын – 2,0 миң тонна, Аи-80 маркасындагы бензинге – 1 миң тонна бөлүнүп берилген.

Ошондой эле «Кант цемент заводунун» акиташ менен жүктөлгөн автотранспортторунун кыймылын жеңилдетүү максатында «Ак-Тилек» - «Карасу» көзөмөлдөө-өткөрүү пунктун ачуу, «Түлкүбас кениндеги» акиташты вагондор менен ташууну кайрадан ишке ашыруу;

- Казакстандан "Карабалта тоо-кен комбинатына" сырьелор менен жабдууну калыбына келтирүү маселелери оң тарапка чечилди.

Учурда тараптар тарабынан эки мамлекеттин жетекчилиги астындагы Кыргыз-Казак өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү маселелери каралууда. Анда соода-сатык, миграция, чек ара чөйрөлөрүндөгү маселелер талкуулануусу пландаштырылган.

Маданият –гуманитардык кызматташтык

Маданияттык-гуманитардык кызматташтык динамикалык түрдө өнүгүүдө. Көргөзмөлөр, эл аралык илимий симпозиумдар, «тегерек столдор», поэтикалык кечелер жана эки мамлекеттин интеллигенциялык жана коомчулук өкүлдөрүнүн катышуусундагы семинарлар байма-бай өткөрүлүүдө.

2010-жылдын 21- январында Астана шаарында кыргыз сүрөтчүсү, Кыргызстан сүрөтчүлөр Уюмунун мүчөсү Өмүркул уулу Базаркулдун «Айдын 12 үйү» аттуу жеке көргөзмөсүнүн ачылуусу болуп өттү. Бул көргөзмөнүн расмий ачылуу аземине Казакстанда аккредитацияланган чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн (Россия, Словакия, Румыния, Польша, Армения, Италия, Индия ж.б.) башчылары, Казак Республикасынын чыгармачылык уюмдарынын, жалпы маалымат каражаттарынын, кеңири коомчулугунун өкүлдөрү катышышты.

2010-жылдын 4-февралында Астана шаарынын “Искусство Галереясында” кыргыз сүрөтчүлөрү Бектен Усубалиев, Руслан Ибраимов, Сансызбек Мирзираимовдордун биргелешкен көргөзмөсү уюштурулган.

2010-жылдын 22-25- ноябрында Актөбө шаарында М.Жангазиев атындагы Кыргыз Мамлекеттик куурчак театрынын труппасы казак тараптын чакыруусу менен "Ассаламумагалейкум-II" аттуу куурчак театрларынын Эл аралык фестивалына катышты.

Жалпысынан учурдагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүү этабында эки мамлекет стратегиялык өнөктөштүк жана биримдик мамилелерин активдештирүү жана чыңдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички саясый жана экономикалык турмушундагы турукташтыруу иштерине кызыкдар экендигин билдиришүүдө. (Даярдаган Н. Куламбаев)  

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу