04.02.2011, 16:34

Жалал-Абадга бөлүнгөн 100 миң доллар кандайча жумшалган?

Жалал-Абад 4-февраль (КАБАР) Өткөн жылдын 12-июнунда Убактылуу өкмөттүн буйругунун негизинде Жалал-Абад шаарына берилген 100 миң доллар акча каражаты кайсы максатта жумшалгандыгын билбеген шаардын депутаттары жана тургундары өздөрүнчө ар кандай жоромолдорду жасап, анын жообун таппай жатышкан чын.

Убактылуу өкмөттүн каржы министри болуп иштеген Темир Сариев КР Жогорку Кеңешинин 20-январдагы сессиясында банктарда сакталган Бакиевдерге тиешелүү акчаларды коогалаңдарды басууга сарпталгандыгы боюнча маалыматында Жалал-Абад шаарына да 100 миң доллар берилгендиги айтылган. Эгерде бул акча каражаттары жөнүндө Т. Сариев маалымат бербесе, бул жашыруун сыр болуп, ачылбай калмак. Шаарга бөлүнгөн акчаны шаардын мэринин милдетин аткаруучу Максатбек Женбеков, анын биринчи орун басары Абдумалик Элеманов жана казына бөлүмүнүн башчысы Зинатхан Арзиматовалар гана билишкен. Ал жөнүндө шаардык кеңешке, же шаардын аппаратына маалымат беришкен деле эмес.

Акчаны кандай максатта пайдалануу керек болгондугун билүү максатында шаардык кеңештин депутаттар тобу үстүбүздөгү жылдын 21-январында Т. Сариевге депутаттык суроо жиберишкен. Бирок, Т. Сариев алардын жоопсуз калтырган. Журналисттик иликтөөнүн негизинде биз Темир Аргенбаевичке телефон чалып, шаарга бөлүнгөн 100 миң доллар кайда кеткенин сураганыбызда, ал бизге: "Жалал-Абадга 100 миң доллар бөлүнүп, алар алышкан. Кайда жумшаганын өзүңөр сурап, билип алгыла. Мен алардан отчет алган эмесмин",- деген жообун берди.

Иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, шаарга берилген акча каражаты Убактылуу өкмөттүн 13.05.2010-жылдагы 341-буйругунун негизинде 12.06.2010-жылдагы 441 Акт менен Жалал-Абад шаарына "жашыруун кызматтык сыр" - деген аталышта РСК банкына шаардык регионалдык 2-казына бөлүмүнүн башчысы Зинатхан Арзиматованын наамына жиберилген. Казыначы З. Арзиматованын айтымында, ага Бишкектен телефон чалышып, РСК банкынан акчаны алып, ошол жерден шаар мэринин милдетин аткаруучу Максатбек Женбековго Акт менен өткөрүп бересин дешкен.

- Өткөн жылы 12-июнь күнү мага борбордук казынанын орун басары телефон чалып, сенин атыңа мэрия үчүн кырдаалды жөнгө салууга акча жөнөтүп жатабыз. Ошону тез арада алып бересин, отчетун тийиштүү органдар өздөрү алат деди. Ал убакта шаарда да коогалаң башталуу алдында туруп, ишемби күн болгондуктан банк иштебей турган. Мен барсам, банк жабык экен, алар акыры ачышты. Банктын кассирин таап келишип, 100 миң доллар толук болбой, 50 миң гана доллар болуп калды банкта. Анан алар 50 миң доллар, калганын сом менен беребиз дешти. Расходныйды мага жазышты, башкы эсепчи кол койду. А. Элеманов капты алып келип, өзү санап алды. Мен Акт түзүп, акчаны өткөрүп бердим. Алар Максат Женбеков экөө эле автоматтар менен келип, акчаларды каптарга салып чыгып кетишти. Ошого карабай, кийин Элеманов акча кайда кеткени боюнча, Бектур Асановдун колу коюлган акт берди. Ал кагазда Эсептөө палатасы Сартпаев алдым деген жери бар экен. Ошонун көчүрмөсүн мага берди. Мен ал актыны облустук финполицияга бердим,- дейт З. Арзиматова.

Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри А. Элемановдун берген маалыматына караганда, 12-июнда шаарда коогалаң башталып кеткендиктен, алар ал акчаларды ошол коомдук-саясий абалды тынчытууга жумшашкан. Жалал-Абад облусту боюнча финансы башкармалыгынын башчысына берген түшүнүк катында А. Элеманов 100 миң долларды кайда жумшаганын төмөндөгүдөй билдирген:

- 12-июнь күнү саат 17лер чамасында шаардын мэри Максат Женбеков чакырып, РСК банктан акча алабыз деди. Барганда ал документим жок дегендиктен, менин атымдан 50 миң (элүү миң) Америка доллары жана 2 млн. 285 миң сом акча алган. Ал акча каражаты Жалал-Абад шаарында болуп жаткан коогалаңды басууга жана күч органдарына тамак-аш, автотранспорт, ГСМ алууга жумшалган. Анын 1 млн. 413 миң (бир миллион төрт жүз он үч миң) сому облустук ИИБ тарабынан каржы-чарба бөлүмүнүн башчысы Абдыкапар Маткасымов тарабынан сарпталган. Жалал-Абад авто бекетинин жетекчиси Азамат Эшматовго 90 миң сом акча каражаты шаарга Бишкектен келген элдик кошундарды жөнөтүү үчүн жумшалган. Шаардагы мамлекеттик жана чарбалык ишкана мекемелердин ишин жандандырууга жана ысык тамак уюштурууга 39 миң, автомашиналарды ижарага алып, күч органдарын камсыз кылууга 40 миң 700 сом мен тараптан уюштурулду,- деп түшүндүргөн А. Элеманов.

Мындан сырткары, эки бусик "Мерседец-бенц" автомашинасын сатып алууга 20 миң доллар жумшалган. Коомдук абалды жөнгө салуу максатында калган 30 миң доллар, 743 миң сом сарпталган экен. А.Элеманов жумшалган акчалардын отчетун КР Убактылуу өкмөтүнүн 516 - Токтомуна ылайык түзүлгөн ведомстволук комисссияга актылары жана документтери менен КР эсептөө палатасынын маминспектору Алтынбек Сартпаевге өткөрүп берген.

Бирок, тополоң шаарда 12-июнда кечинде башталып, 15-июнга чейин уланды. Жогоруда айтылган 2 миллиондон ашык акча каражаты коомдук абалды жөнгө салууга сарпталса, анда неге шаарда бир нече мамлекеттик жана менчик ишканалар, үйлөр өрттөлүп, шаар ичинде тынчтык болбой, улуттар аралык кагылышуу күчөп кетти?- деген мыйзамдуу суроону ар бир шаардын тургуну бергиси келет. Бул күндөрү көчөлөрдө тартип сакчылары жок болуп, шаар ичинде транспорттор токтоп калган болчу. Ар кайсы жерде автоматтардын үнү угулуп, шаардыктар нан жана тамак-аштарды сатып жегенге мүмкүнчүлүктөрү болбоду. Бишкектен келген гуманитардык жардамдар 16-июндан баштап гана шаардыктарга берилип, маалыматтар да бериле баштаган.

"Шаардын коопсуздугу үчүн бөлүнгөн акча болсо, анда комиссия түзүлүп, шаардык кеңештин депутаттары, шаардын аттуу-баштуу адамдары чогулуп биргеликте иш алып барышса, балким шаарда өрттөөлөр жана адам өлүмдөрү болмок эмес. Булар экөө биригип, акчанын тең жарымын максатсыз пайдаланышкан",- деген ойлорун бир нече шаар тургундары, депутаттар билдиришти. Бирок, бул пикирге шаар мэри да, анын орун басары да караманча каршы. Алардын оюу боюнча ал акча ошол күндөрү өтө керек эле жана шаарда тынчтыкты тез арада орнотууга чоң салым кошту. "Акчаны биз жеген жокпуз, ал сөздөрдү айткандар менин ордума кызыктар болуп, ар кайсы эшикти каккылап, чемодандарын көтөрүп жүргөндөр",- дейт М. Женбеков.
Жалал-Абад шаардык финансы башкармасынын башчысы Изатбек Сармановдун айтымында, шаардык мэриянын эки эсеби бар. Ошол эсептердин бирине салса, балким азыркыдай коомчулук арасында түшүнбөстүктөр болбойт эле.

- Менин финансист катары оюм, жогорудагы акчаны ошол эссептердин бирөөнө түшүрүп, депутаттарга маалымдап, чыгымдаганда болот эле. Буга чейин ар кандай ушак сөздөр жүрүп жатат. Бул шаардын коопсуздугу үчүн келгенден кийин, шаардык ички иштер бөлүмүнө, шаардык структураларга берилсе туура болот эле. Эгерде Т. Сариев ЖК айтпаганда, бул жашыруун бойдон эле калмак экен. Эми бул боюнча финполиция тергеп жатат. Алар бир чындыгын айтаар,- дейт И.Сарманов.

Жалал-Абад облустук финансы полиция башкармалыгынын башчысы Жусубали Торомаматовдун берген маалыматына караганда, бул факты боюнча ЖКнын депутаттарынан кат келип, азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Мындай акча каржатын чаржайыт пайдалануу фактысы шаардык мэрияда бир нече жолу болгондугун кошумча маалымат үчүн айтып кетсек болот. Мисалы, шаарга РСК банкы аркылуу 12-июнда 100 миң доллар келгенден 3 күн өтпөй, Убактылуу өкмөттүн 465-буйругу менен 2010-жылдын 15-июнь күнү "Түзүлгөн өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу Жалал-Абад шаарынын тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүү жана азык-түлүк товалары менен өз учурунда камсыздоо максатында" УӨ фондунан 10 млн. сом акча шаардын бюджетине бөлүнгөн. Бул шаардык мэрияга бөлүнгөн акчанын канчалык дэңгээлде максатуу пайдаланганын КР Эсептөө палатасынын түштүк региону боюнча инспектору А.Түркбаев текшерип чыккан. Анын 2010-жылдын 29-октябрдагы чыгарган тыянагыныны негизинде шаарга бөлүнгөн 10 млн. сомдун 7 млн. 379 миң 652 миң сому максатсыз колдонулгандыгы аныкталган. Бул боюнча азыркы учурда М. Женбековдун үстүнөн кылмыш иши тергелип жаткандыгын облустук финансы полиция башкармалыгынын башчысы Ж. Торомаматов айтты.

Мындан сырткары, Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу М. Женбеков мурун Санкт-Петербург шаарында консул болуп иштегендиктен, ал жакта иштеп жана окуп жүргөн жаштарды колдоо үчүн "Бирдиктүү Кыргызстан" коомдук фондун колдоп бергиле деп, Жалал-Абад шаардык жетекчиликке кайрылган. Шаардын активи 2010-жылы 26-мартта коомчулукутун катышуусунда Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз мигранттарын колдоо максатында шаардык бюджеттен 100 миң сомду боз үй сатып алуу үчүн ага салтанаттуу түрдө тапшырышкан.
Бирок, М. Женбеков шаардын бюджетинен алган 100 миң сомго боз үйдү алганы же албаганы боюнча 9 ай боюу маалымат бербеген. "Аталган факты боюнча үстүбүздөгү жылдын 26-январында облустук финполициянын кызматкерлери тарабынан М. Женбековго карата КР КЖКнин 166-ст., 2-б., 3-п. "Алдамчылык" жана 171-ст., 2-б., 3-п. "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу" сататьялары менен кылмыш иши козголду. Биз кылмыш ишин ачкандан кийин гана 100 миң сомду шаардын эсебине төгүп бериптир. Бул аны жоопкерчиликтен четтетпейт. Анын күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенин сот аныктайт. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат",-деди облустук финансы полиция башкармалыгынын башчысы Ж. Торомаматов.

Ал эми М. Женбеков болсо, 100 миң сомду алгандан кийин шаардын мэринин милдетин аткаруучу болуп иштеп калгандыктан, шаардагы оор кырдаалга байланыштуу сыртка чыгууга мүмкүн болбогондугун айтты. "Кошумча дагы 200 миң сомду башка демөөрчүлөр бербей койгондуктан, беш канаттуу боз үйдү Санкт-Петербург шаарына жеткирип бере алганым жок. Менин оюмда беш канаттуу боз үйдү өзүм шаардын атайын делегациясы менен салтанаттуу түрдө алып барып берсем деп максат кылып койдум эле, ал максат ишке ашпай калды. Алган акчаны шаардын бюджетине төгүп бердим", - дейт  М. Женбеков.
Анархан Жаңыбаева,