Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
04/02 13:02
 

Казакстандын Президенти Н. Назарбаев калкка кайрылуусунда Кыргызстанга жардам берүүнүн мамлекеттер аралык программасын иштеп чыгууну белгиледи



Бишкек, 4-февраль. (КАБАР). «Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык» демекчи, республикабыз өткөн жылы кайгылуу окуяларды баштан өткөргөндө Казакстандын бийлиги кыргыз бийлиги менен элине моралдык да, материалдык да жардамын аяган жок. Төөнүн эки өркөчүндөй эгиз кыргыз-казак элдерин бир гана кошуналык эмес, туугандык, дили бир, тили окшош жакындык да бириктирип турат. Казакстандын мамлеке башчысы Н. Назарбаевдин «дүйнөдө кыргыз менен казактай жакын эл жок» деп таамай айткан сөзү эле кандай жогору баа. Ал эми өткөн жекшемби күнү казак ордосу Астанада ачылышы болгон VII кышкы Азия оюндарында көпчүлүк Азия мамлекеттердин жана эл аралык спорт уюмдарынын жетекчилеринин катарында КР Президенти Р. Отунбаева Н. Назарбаевдин оң тарабында отуруп, сыйлуу конокторду тааныштырганда Н. Назарбаевден кийин экинчи болуп ысмы аталышы да баурдастардын кыргыз элине болгон чоң сый-урматы деп түшүнөбүз. Ал эми андан кийин мамлекет башчыбыз баштаган кыргыз делегациясын Н. Назарбаев өзү кабыл алып, бир топ эки тараптуу маселелер чечилди. Мисалы, 2010-жылдын июнь окуясынан кийин биздин экономикабызга колдоо көрсөтүү максатында Казакстан бизден электр энергиясын сатып алып, ал тургай 20 млн долларды алдын ала которууда. Башкасын айтпаганда деле казак лидери бул жолугушууда да “казактар үчүн кыргыздан жакын эл жок” деп, дагы бир ирет бизге моралдык колдоо көрсөттү.

Ал эми 4-февралда КР премьер-министри А. Атамбаев жетектеген өкмөт мүчөлөрү Астанага расмий жумушчу иш сапар менен жөнөп кетишти. Бул жолугушууда алгач күндүн биринчи жарымында Казакстандын премьер-министри К. Масимов баш болгон өкмөт мүчөлөрү менен бир катар экономикалык маселелер талкууланмакчы. Алардын катарында биз үчүн алсырап турган экономикабызга кан куйгандай зарыл болгон чек араларды ачуу, Казакстанда иштеп жүргөн кыргыз мигранттарына жеңилдик берүү, мунай экспорттоого чектөөнү алып салуу, электр энергиясы, газ боюнча келишимдер жана башка маселелер бар. Ал эми күндүн экинчи жарымында кыргыз өкмөт делегациясын Казакстандын Президенти Н. Назарбаев өзү кабыл алары күтүлүүдө. Албетте, бүгүнкү күндө жеринин аянты боюнча дүйнөдө тогузунчу орунда турган, экономикасы дүркүрөп өнүгүп, жакынкы жылдарда алдыңкы 50 мамлекеттердин катарына кошулууга умтулуп жаткан кошунабыздын ар бир жетишкендиги биз үчүн үлгү гана эмес, сыймык да болууга тийиш. Себеби кошуна мамлекеттердин экономикасы эриш-аркак өнүгөт. Ошондуктан жакында Казакстандын Президенти Н. Назарбаевдин парламент аркылуу калкына кайрылуусунун айрым орчундуу учурларын тартуулоону туура таптык. Баарынан да бул кайрылууда Казакстандын мамлекет башчысынын «Кыргызстанга жардам берүүнүн мамлекеттер аралык программасын иштеп чыгуу жана кабыл алуу маанилүү деп эсептеймин»,- деп айткандыгы кыйын күндөрдү баштан өткөрүп жаткан кыргыз бийлиги менен элине өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк боло турган боордошубуз бар экендигинин дагы бир далили эмеспи.


Жашоо турмушунун деңгээли жагынан дүйнөдөгү мамлекеттердин рейтингинде Казакстан акыркы жылдары 26 тепкичке жогурулап, 110 өлкөнүн ичинен 50-орунду ээлеген. Бюджеттик тармактарда иштеген жарандардын орточо эмгек акысы 2007-жылы 53 миң теңге болсо, 2010-жылы ал 80 миңге көтөрүлгөн. 2010-жылы жалпы продукция чыгаруу 7 пайызга, өнөр жай тармагында 10 пайызга, кайра иштетүү өнөр жайында 19 пайызга арткан. Республика азыркы мезгилде өзүн керектөөчү продукциялар менен камсыздап, 126 өлкөгө продукциялардын 200дөн ашуун түрүн экспортко чыгара баштаган. Чакан жана орто ишкердүүлүк чөйрөсүнүн эл экономикасындагы үлүшү үчтөн бир бөлүккө барабар. Адам башына эсептегендеги ички дүң продукция 1994-жылы 700 АКШ доллары көлөмүндө болсо, 2011-жылдын 1-январына карата бул көрсөткүч 12 эсе өсүп, 9 миң долларды түзгөн. Салыштырып караганда, бул дүйнөлүк мейкиндиктеги өзгөчө жетишкендик экен. Өлкөнүн улуттук фондусундагы активдер резерви 60 миллиард долларга жакындаган. Эгемендик жылдарында жаңы борбор Астана шаары салынып, 500гө жакын жаңы саламаттыкты сактоо объектилери, 750 мектеп, 5302 мектепке чийинки мекемелер пайдаланууга берилген. Өткөн жылдын аягында Астанада ЕККУнун саммитинин өтүшү да Казакстандын байманалуу өлкөгө айланганын айгинелейт. .

Бакубат жашаганга шарттар бар

Президент былтыркы ушул мезгилдеги кайрылуусунда өлкөнү индустриялык-инновациялык өнүктүрүүнүн программасын элге жарыя кылганын айтып, бир жылдын ичинде аткарылган иштерге токтолуп өттү. Ушул кыска аралыкта республикада 800 ар түрдүү өндүрүш орундары, анын ичинде 152 ишкана ачылган. Алар аркылуу 24 миң казакстандык туруктуу жумуш менен камсыздалган. Химия жана жеңил өнөр жай тармактары жакшы өнүгүп, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү орчундуу алга жылган. Индустриялаштыруунун беш жылдык планына ылайык, 2014-жылга чейин көлөмү 8,1 триллион тенге болгон 294 инвестициялык долбоорду жүзөгө ашыруу көздөлгөн. Натыйжасында 161 миң туруктуу жумуш орду ачылат, ал эми долбоорду аткарууга 207 миң адам тартылат. Беш жылдыктын биринчи жылынын башкы жыйынтыгы экономиканын реалдуу секторунда олуттуу түзүмдүк өзгөрүүлөр башталган. Өткөн жылдын корутундусун серептеген соң , Президент алдыдагы тогуз жылдын стратегиялык максаттарын тастыктады. Казакстан 2020-жылга карата төмөндөгүдөй чектерди багындырмакчы: ИДПнын өсүшү 30 пайыздан кем болбойт; Улуттук фонддун активдери ИДПнын 30 пайызынан кем эмес болот; Экономиканын чийкизаттык эмес секторуна атамекендик жана чет элдик инвестициялар ИДПнын көлөмүнөн 30 пайызынан кем эмес салынат. Чакан жана орта бизнестин ИДПдағы үлүшү 40 пайызга жеткирилет; Калктын саны 18 миллион адамга жетиши керек; Квалификациялуу адистер өндүрүштүн 40 пайызын курайт; Жумушсуздук 5 пайызга чейин азаят; Айыл чарбасындагы эмгек өндүрүмдүүлүгү 2014-жылы 2 эсеге, 2020-жылы 4 эсеге артат. Агрардык сектордо эт бере турган мал чарбасын өнүктүрүүнүн мурда болбогон ири долбоору ишке ашырылат. 2016-жылы 60миң тонна эт экспортко чыгарылып, ал 4 миллион тонна данды экспорттоого барабар даражада болат. Бул максатка мамлекет 130 миллиард теңге насыя бөлмөкчү. Бул 20 миң жумуш ордун ачууга, ушул аркылуу 100 миңден ашуун айылдыктардын киреше табуусуна өбөлгө түзөт. Өкмөт, аймактагы акимдер айылдарды индустриалаштыруу менен алектенүүсү керек. «Эгер биз жакшыраак жана бакубаттуу жашагыбыз келсе, бул иштерди аткарууга милдеттүүбүз.»,-деди эл башчысы. Андан соң Президент сот жана укук коргоо органдарында жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолуп, соңку жылдары коррупцияга каршы күрөш аоесуз жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдады. Кийинки эки жылда 40тан ашуун республикалык, 250 облустук жана шаардык деңгээлдеги жетекчилер кылмыштык жоопкерчиликке тартылган. Айлана чөйрөнү коргоо жана саламаттыкты сактоо министрлерине, статистика боюнча агенттиктин төрагасына, ӨКМ жана Коргоо вице-министрлерине, «Казакстан темир жолу», «КазМунайГаз» жана «Казатомпром» компанияларынын жетекчилерине кылмыш иши козголуп, алар жоопкерчиликке тартылган. Коррупцияга каршы күрөш боюнча Казакстан КМШ да алдыңкы позицияга чыкты. Өлкөнүн Россия жана Беларусь менен чогуу Бажы союзун түзүшү оң натыйжаларын бере баштады. Экспорт 52,4 пайызга жогорулады, бажы төлөмдөрү аркылуу бюджетке салым өткөн жылдагыдан 25 пайызга көбөйгөн.

Жаңы социалдык саясат

Президент Н. Назарбаев быйылкы кайрылуусунда социалдык маселелерге өзгөчө көңүл бурду. «Өлкөнү индустриалаштыруу жана экономиканы технологиялык жактан өнүктүрүү программаларынын башкы максаты – калктын жыргалчылыгын бекемдөө. Мен билим берүүнү, саламаттыкты сактоону жана тилдерди өнүктүрүү боюнча үч маңыздуу мамлекеттик программаны бекиттим, ошондой эле Өкмөткө акимдер менен биргеликте 1-майга чейин принципиалдуу жаңы үч программаны – Жумуш менен камсыз кылуунун стратегиясын, Туракжай-коммуналдык чарбачылыкты (ТКЧ) жаңылоону жана Элди сапаттуу таза суу менен камсыздоону иштеп чыгып, кабыл алууга тапшырма беремин»,- деп, эл башчы өлкөнүн жаңы социалдык саясатына кеңири талдоо жасады.

Сапаттуу билим башаты – бала бакчадан

Бул багытта: Билим берүү тармагын модернизациялоо улантылат; Мектептерди компьютерлештирүү аякталды. Алар мультимедиалык бөлмөлөр жана интерактивдүү жабдуулар менен камсыздалууда; Жалпы орто билим берүүнүн 12 жылдык үлгүсү киргизилет; Кесиптик жана техникалык билим берүүнүн мазмуну түп-тамыры менен өзгөртүлөт. Өнүккөн өлкөлөрдө 1 миллион адамга 1ден 6га чейин ЖОЖ туура келсе, Казакстанда 149 ЖОЖ бар. 200 илимий кеңеш илим кандидаттары менен докторлорун калыпка куйгандай жаратууда. Илимге 60 кандидаттан бирөөсү, 37 доктордон бирөөсү гана барууда. Быйылдан баштап илимий кеңештердин ишмердиги токтотулат. Эми магистрларды жана PhD докторлорун даярдоо башталат. Университеттик билим берүүнү жана илимди өнүктүрүүнүн жаңы деңгээли камсыздалат. Былтыркы окуу жылында ачылган «Назарбаев университетинин» базасында рынок талабына ыңгайлашкан ЖОЖдун жаңы үлгүсү калыптандырылат. 2020-жылы аз дегенде эки ЖОЖ дүйнөлүк алдыңкы университеттердин рейтингине кириши абзел. Президенттин жеке тапшырмасы менен алдыңкы ЖОЖдорго негизги база болчу, шыктуу балдарга арналган 20 интеллектуалдуу мектеп ачылат. 2015-жылга карата балдардын 74 пайызы мектепке чейинки мекемелерде тарбия алышат, 2020-жылга карата бул көрсөткүч 100 пайызга жетет. 2020-жылы республикадагы мектептер 12 жылдык окутуу системасына толук бойдон өткөрүлүп бүтөт. Сапаттуу билим берүү Казакстандын индустриалашуусуна жана инновациялык өнүгүүсүнө пайдубал болуп бериши керек.

Башкы байлык – денсоолук


Саламаттыкты сактоону каржылоо , мисалы, 2002-жылы ИДПнын 1,9 пайызын түзсө, 2010-жылы 3,2 пайызга өскөн. Бүгүнкү күндөрү өлкөдө медицинанын күрдөөлдүү багыттары боюнча операция жасоо колго алынды. Чет өлкөлүк жетектөөчү клиникалар менен байланыш орноткон 150 телемедициналык борбор түзүлдү. 20 жыл мурда булар қыялдагы иштер эле. Көрүлгөн аракеттердин натыйжасында, ал учур менен салыштырганда, бала төрөө 25 пайызга өсүп, адам өлүмү 11 пайызга азайган, калктын саны 1,7 пайызга көбөйгөн. 2013-жылы саламаттыкты сактоонун бирдиктүү улуттук системасына өтүү аякталат. Президент тармактын жетекчилигине «Сабаттуу профилактикалык иштерди жүргүзүп, оорунун башталышында аны болтурбай коюуга болор эле. Ошондуктан, Казакстанда калктын максаттуу топторунун саламаттыгын көзөмөлдөөчү улуттук программалардын комплексин кийирүү керек»,- деген милдетти жүктөдү. Ошону менен бирге, Н. Назарбаев медициналык тейлөөнүн мобилдүүлүгүнө, транспорттук медицинаны өнүктүрүүгө катуу көңүл буруунун зарылчылыгына токтолду. Бул өңүттө ал жаңы социалдык долбоор – эки «Ден соолук» эмдөө-диагностикалык атайын поездинин аткарган ийгиликтүү иштерин мисалга келтирди, ал эми автоклиниканын санын 50 даанага жеткирүү талабын койду. Бул комплекстүү медициналык автоунаалар Казакстандын өзүндө чыгарылышы керек. Өкмөткө 2015-жылга чейин санитарлык авиацияны 16 вертолет менен камсыздоого тапшырма берилди. «Биз медицина тармагына жүктөлгөн милдеттерди так аткара алсак, казакстандыктардын орточо жаш курагын 2015-жылы 70ке, 2020-жылы 72ге жана андан жогоруга жеткире алабыз. Спорттук базаларыбызды пайдаланып, сергек жашоо образын пропагандалашыбыз керек. Элдин саламаттыгын чыңдоо үчүн 2015-жылга карата жаңыдан 350 дарыгердик амбулатория, фельдшердик-акушердик пункт жана эмканаларды курабыз»,-деп Президент бул программа боюнча сөзүн жыйынтыктады.

Мамлекеттик тилдин мартабасы артат


«Урматтуу казакстандыктар,тынчтык менен ынтымак – көп тилдүү жана көп конфессиялуу коомубуздагы сиздер менен биздин арекеттерибиздин жемиши. Тууган жерине аты ыйгарылган мамлекеттик тилди – казак тилин казакстандыктар урматтоо жана сыймыктануу сезимдери менен өздөштүрүп жатканына кубанычтамын. Мамлекеттик тилди эресеге толгон жарандарыбыздын көпчүлүгү билишет. Бул Көзкарандысыздыктын зор жетишкендиги»,-деди Кайрылууда тил маселесине өзгөчө басым жасаган Президент. 2017-жылга карата калктын 80 пайыздан кем эмес бөлүгү, 2020-жылга карата 95 пайыздан кем эмес бөлүгү мамлекеттик тилди өздөштүрүүсү керек. Он жылдан кийин мектепти бүтүрүүчүлөр 100 пайыз казак тилин биле турган болушат. «Мунун бардыгын биз жасайбыз. Ошондой эле, орус тилин жана башка да казакстандык этностордун тилин өнүктүрөбүз. Азыркы заманда казакстандыкка үч тилди билүү өзүнүн жакшы жашоосу үчүн милдеттүү шарт деп дайыма айтып келгенмин. Ошондуктан, 2020-жылга карата англис тилин билгендердин үлүшү калктын 20 пайызынан кем болбошу керек деп эсептеймин»,- деди Н. Назарбаев.

Насыялар жумуш ордун түзүүгө жумшалат

Казакстанда каатчылыкка каршы «Жол картасы» программасы ишке киргенден бери жумушсуздук азайып, шаарлар менен айылдардын инфратүзүмү жакшырган. Экономикалык жаңы багыт жаңы адистиктеги кадрларды талап кылууда. Ошондуктан, адамдардын өз билимдерин жогорулатуусу чоң кадрдык резерв болмокчу. «Жаңы ишканаларды биз анда казакстандыктардын жумуш иштеши үчүн курабыз. Эл буга даяр болуп, жаңы кесипти өздөштүрүүсү керек».- деп Президент Өкмөткө облустардын, Астана жана Алматы шаарларынын башчылары менен бирге калкты жумуш менен камсыз кылуу боюнча жаңы программманы 1-майга чейин иштеп чыгууну жүктөдү. «Жол картасы» боюнча тажырыйбаны пайдаланып, өлкөнү индустриалаштырууну чыныгы бүткүл элдик ишке айландырып, ага ар бир казакстандыкты тартууга жетишүү керек деген милдет коюлду.Айылдык жерлерде жашаган жарандарга арнап Өкмөт айылдагы ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгат. Президенттин айтымында, микрокредиттик уюмдар насыяларды керектөөчүлүк максатка жумшабай, элди жумуш менен камсыздоо багытына бурушу зарыл. Алардын колунда азыр 16 миллиард теңге бар. Быйыл 3 миллиард, 2012-2015-жылдары жыл сайын 10-15 миллиард теңге бөлүнөт. Мамлекеттик насыялар 100 пайыз жеке ишкана ачууга жумшалууга тийиш.Жогоруда сөз болгон мал чарбасын өнүктүрүү боюнча программа он миңдеген айылдыктарга жумуш берет. Мамлекет багат деген ойдон арылган оң. Жумушсузга жөлөкпул жумушсуздугу үчүн эмес, жаңы кесипти үйрөнүүсү үчүн берилиши керек.

Жакшы туракжай – жакшы жашоонун күзгүсү

Жарандардын жашоо турмушунун деңгээли алардын жашаган үй-жайынан билинет. Соңку он жылда Казакстандын туракжай фонду 30 миллион чарчы метрге толукталды. Бул бир миллион адам жаңы үйгө кирди деген сөз. Президент бул багытта суу, ысык суу, жылытуу, электр жана газ менен камсыздоону модернизациялоону системалуу түрдө жүргүзүп отурууну белгиледи. Үйлөрдү жана коммуналдык объектилерди оңдоого жана реконструкциялоого мамлекет банктар аркылуу жеке инвестрлорго, ишканаларга жана жарандарга арналган атайын ыкманы сунуштайт. ТКЧыны модернизациялоодо 1,5 миллион үй ээлери, жыл сайын 10 миңге жакын жумушчулар-инженерлер иштей турган болот.

Таза суу – ден соолук кепили

Калыктын ден соолугун жакшыртуудагы маанилүү чаралардын бири болгон элди таза суу менен камсыздоо маселеси мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири. 8 жыл мурда башталган программа айтарлыктай акыбетин берген.Айылдыктардын 41 пайызы, шаарлыктардын 72 пайызы борборлуштурулган суу түтүктөрүнөн пайдаланышат. Республикада жер шартына байланыштуу сууга муктаж айылдар али да бар. 2020-жылы калкты суу менен камсыздоонун ыңгайлуулугу 98 пайызга, борборлошкон суу менен камсыз болуу шаарларда 100 пайызга, айылдарда 80 пайызга жеткирилет. Мындан кийин Президент калктын жашоо турмушунун сапаты алардын кирешесине түздөн-түз байланыштуу экендигине токтолду. Быйыл пенсиялар, стипендиялар жана бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлердин айлыктары 30 пайызга көбөймөкчү. Мурдагы эки жылда алар катарынан 25 пайызга өсүп отурган. «Нур Отан» партиясынын калктык платформасында 2008-жылга караганда 2012-жылы бул каражаттарды эки эсеге көтөрөбүз деп убада берилген, биз аны аткардык»,- деди Н.Назарбаев.

Тынчтык менен жаратмандыктын 20 жылы

Кайрылуунун соңку бөлүгүндө саясий маселелер камтылган. Президенттин жарлыгы менен Казакстанда 2011-жыл «Көз карандысыздыктын 20 жылдыгы» деп жарыяланып, ал бүткүл элдик иш-чара катары «Тынчтык менен жаратмандыктын 20 жылы» урааны менен жыл бою өтмөкчү. Казакстанда туңгуч Президенттин ыйгарым укугун 2020-жылга чейин узартуу үчүн референдум өткөрүү демилгеси көтөрүлгөнү маалым. Ага беш миллиондон ашуун адам колдоо көрсөткөн. Н. Назарбаев элге терең ыраазычылыгын билдирип, бул маселенин мыйзамдуулугун Конституциялык Кеңеш чечсин деди (Кайрылуудан кийин бир нече күн өтүп, Конституциялык Кеңештин чечими чыккан соң, Президент мүмкүнчүлүгү бар боло туруп, референдумга макул эместигин билдирди жана кезексиз Президенттик шайлоо өткөрүүгө сунуш бере тургандыгын жарыялады, ошентип, казак эл башчысы демократиялык принциптерден тайбай тургандыгын көрсөттү).

Кыргызстан – көңүл борборунда

Кайрылууда тышкы саясат жөнүндө сөз болгонда, Н. Назарбаев КМШ өлкөлөрү менен кызматташуу мындан ары да жандана берерин билдирди. «Кыргызстанга жардам берүүнүн мамлекеттер аралык программасын иштеп чыгуу жана кабыл алуу маанилүү деп эсептеймин»,- деди Казакстандын Президенти. Быйыл Казакстан дагы бир чоң эл аралык уюмга – Ислам конференциясы уюмуна жетекчилик кылууга киришмекчи. Бул багытта Казакстан Батыш менен Мусулман дүйнөсү диалогун бекемдөө демилгесин көтөрүп отурат. «Алдыбызда аткарылар иштер арбын. Бул жолдо эң башкы баалуулугубуз – берекелүү ынтымагыбыз»,- деп аяктаган кайрылуусун Казакстандын лидери. (Даярдаган Э. Момунов)  

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу