Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
04/02 10:51
 

Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганды

"Заманың бөрү болсо, бөрү бол, түлкү болсо, түлкү бол" -деген сөз бар эмеспи. Бакиевдик "бөрү, түлкү" заманында кылдын үстү менен кыйшайбай өтүп кеткен алдамчылардан көптөгөн адамдар запкы жеп келишкен. Ошол алдамчылардын бири "Азия-Курулуш" ЗОА ПСКсынын уюштуруучусу жана Башкы директору, Россия Федерациясынын жараны А. Турдубаева. Ал элди майдалап алдабай эле, 12-кичи районго тогуз кабаттуу 5 үйдөн турган турак-жай комплексин куруп берүүгө келишим түзүп, 118 адамдан ири суммадагы акчаларды өзүнүн эсебине салдырат. Элди алдаган А.Турдубаеванын үстүнөн 2007-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын жараны Д. Ашимовадан арыз түшүп, Финансы полициясы тарабынан КР Кылмыш Кодексинин 166 беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ушул жылдын декабрь айында курулуп жаткан күмөндүү курулушу токтотулат. Мыйзамды сактаган адам бул тууралуу өзүнө акча салган адамдарга билдириш керек эле, тескерисинче Турдубаева кулкунун кенен ачып "Таза аба" турак-жай комплексиндеги беш тогуз кабаттуу үйдүн жана "Алтын-Ордо" турак жай шаарчасындагы 7 жеке үйдүн курулушу үчүн элдин көзүн боёп, акча алганды уланта берет. Ал эмес улам жаңы акча салуучуларды өзүнө тартып ала баштайт.

Ошол эле акча салуучулардын эсебинен "Азия-Курулуш" ЗАО ПСКсынын Башкы директору катары өзүнө каалагандай айлык акы коюп алат.Анын айлыгы менчик айдоочу жалдаганга, Кыргызстандын аймагында жашаш үчүн эки кабаттуу турак-жайды ижарага алууга, кызын менчик мектептен окутканга жетмек түгүл ашып, 2008-жылдын январь айында кызы менен Францияны кыдырып келгенге да жетет. Ал ижарада жашаганы менен Россия Федерациясынын жараны катары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары талап кылган убактылуу "пропискага" отурууну да ылайык көрбөйт.

Ошол эле жылдын аягында 2008-жылдын декабрынан 2009-жылдын майына чейин ар бир адамдын түшүнө кире бербеген АКШнын 1000000 долларына лотерея билеттерин ойнотот. Бул мезгилде ал акча салгандардын бир да тыйынын кайтарып бербейт, ошону менен бирге курулушка да эч каражат бөлбөйт. Таң калычтуу суроо туулат, Турдубаева мынчалык ири суммадагы акчаны кайдан тапкан? Буга деле жооп табылат. Көрсө келишим аркылуу акча салышкан кээ бир акча салуучулар келишимди бузган учурда да, келишимдин эрежелери сакталбай акча каражатын кайтарып берген эмес. Кээ бир квартиралар бир эмес бир нече кишилерге сатылганын, алар ошол өздөрү акча салып, сатып ала турган квартиралардын жалгыз ээси эмес, дагы кимдир бирөөлөргө да сатылганын акча салуучулар сот териштирүү убагында күбө болушту.

Кызыгы, Турдубаева 2009-жылдын май айынан баштап турак жайдын социалдык тейлөө жагына деген шылтоо менен ар бир акча салуучудан ай сайын 300-500 доллар өлчөмүндө төлөмдөрдү жыйып алып турган. Үйүбүз бүтүп калды деген ишенимде акча салуучулар ыйлап-сыктап бул төлөмдөрдү берип турган. Муну сот териштирүүсүндө митаам Турдубаева 2009-жылдагы экономикалык кризиске шылтоолоп, кризистин тоскоолдугу менен курулуш бүтпөй калды деп жанын жейт. "Таза аба" жана "Алтын-Ордо" турак жай комплекстери үчүн акча салуучулар төлөй турган акча каражаттарынын 50-100 пайызын төлөшүп, бирок турак жайы колго тийген жок, ай сайын жыйнаган 300-500 долларга эле бул үйлөрдү, эгерде курулушка жумшаса, куруп коюуга мүмкүн эле.

Турдубаева элден чогултуп алган акчага эсирип ар кимге демөөрчүлүк жардамдарын бере баштаган. Адвокат В.В.Шоколованын айтканы боюнча өзүнүн жеке акча каражаты жок туруп, Турдубаева Е. Доганын концернине демөөрчүлүк кылып, каржылаганы белгилүү.
Жүздөгөн адамдарды алдап жүргөн Турдубаева "кыңыр иш кырк жылда" дегендей, кылтакка түшүп Кыргыз Республикасынын Кылмыш Кодексинин 166 беренесинин, 3 бөлүгүнүн, 3 пункту боюнча, өзгөчө ири суммадагы акчага алдагандыгы үчүн жаза мойнуна коюлду. Арийне , сот аркылуу териштирүү убагында да Россия Федерациясынын жараны Турдубаева өзүн "сүттөй ак" катары сезип, массалык маалымат каражаттары аркылуу мойнуна коюлган күнөөлөрүн башка бирөөлөргө оодаргысы келет.

Ал Бишкек шаарынын район аралык сотунун 2009-жылдын 10-декабрындагы "Азия-Курулуш" ЗАО ПСКсын Кыргыз Республикасынын "Банкрот жөнүндө" мыйзамынын 9 беренеси жана акча салуучулардын сотко берген доосунун негизинде банкрот деп тапкан ыйгарымдуу соттук чечимин четке кагып келет. Фирманын финансы-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерген учурда, анын регистрациядан эле 4 жолу өткөн фактысы билинген. Эмне үчүн? Көрсө бул фирманын мамлекетке : электрэнергиясына, сууга, жерди ижарага алганга, соцфондко, улуттук теле берүүгө болгон карызы абдан көп экен. Банкта эсеби жок, себеби бул фирмада аласа-береселер жана башка иштер колмо-кол жеке адамдар тарабынан жүргүзүлүп келген. Бул дагы Турдубаеванын мамлекет жана акча салуучуларынын алдында ишенимсиздигин билдирет.

Акча салуучулар Турдубаеванын макулдугу менен сот териштирүүгө банкрот болгон фирма менен "тынч макулдашуу" жолу менен курулушту жандандырып, баштоону сунуш кылышкан. Бирок ал акча салуучулардын бул сунушун четке кагып, тиешелүү документтерге кол койбой,өзүн рейдерликтин курмандыгы катары сезип, бул үйлөрдүн курулушунун аягына өзү чыгаарын жарыялап келет. "Уялбагандан өзүң уял" дейт өзү кылган алдамчылыкты мойнуна албай "Бакиевдик кландар" рейдерлик кылган деп, 118 ак эмгек менен иштеп тапкан акча салуучулардын акчасын алдап кеткен Турдабаевага эми ким ишенет? Акчасын алдатып, жапа чеккендер кайрадан сотко кайрылышып, сот экинчи ирет кылмыш процессин жүргүзүп жатат.

Ал акчасына таянып, массалык маалымат каражаттарында жалган фактыларга жамынып, өзү бул оюндан "суудан кургак" чыккысы келет. Албетте, демократиялуу заман келди, соттор да адилеттүү. Бирок, алдамчыларды, митаамдарды, ууру-кескилерди адилет соттор да жазалап келген. Эмне үчүн өздөрү алдаткан акча салуучулар эми актанууга өтүшү керек? Алар акчаларын беришип, Турдубаеванын курмандыгы болгондору аз келгенсип, эми массалык маалымат каражаттарында анын күнөөлөрүн далилдеп берип туруш керекпи?
Жакында 118 адамдын акчасын чогултуп, алдап жүргөн Турдубаеванын үстүнөн сот иши болуп, ал тийиштүү мөөнөтүн алды.
Азизбек Келдибеков

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу