Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
01/02 12:08
 

Кыргызстан менен Түркиянын дипломатиялык байланышына 20 жыл


Бишкек, 1-февраль. (КАБАР). Кыргыздар менен түрктөр түбү бир, тарыхы, маданияты, тили менен дили окшош бир тууган элдер. Ал тургай байыркы тарых барактарында да жоокер түрк элдери Ала-Тоо аймагынан чыгып, Эгей деңизине чейинки мейкиндикти багындырып, душмандар менен салгылашканда кыргыздар жардам бергендиги тууралуу тарыхый маалыматтар бар. Стамбулдан 100 километрдей аралыктагы “Кыргыздар мүрзөсү” деген күмбөз да бул айткандарыбызга далил. Албетте, азырынча түрк тарыхчыларынын арасында ар кандай пикирди жараткан жагдайга кыргыз тарыхчылары да тактоо киргизип, дегеле эки элдин СССРдин тушунда актай калган тарыхын кайра жазып чыгуусу зарыл. Анткен менен ак калпакчан кыргызды Түркиянын кайсы жеринде болбосун өз тарыхын жакшы билген түрк боордоштордун карапайым адамдарынан тартып, мамлекет башчысына чейин “биздин аталаримиз” деп тосуп алышы эле биздин бир эл экендигибиздин кашкайган далили.


1991-жылы Кыргызстан эгемендүү республика катары таанылганда да көптөгөн чет мамлекеттер биздин эркиндигибизди колдоорун билдиришип, ар тараптуу байланыштарды түзүүгө даяр экендигин ырасташкан. Ошол мамлекеттердин эң биринчилери Түркия Республикасы эле. Жогоруда айтылгандай, түрктөрдүн тили, тарыхы, маданияты, дини кыргыз эли менен көп жагынан окшош болгондуктан, тыгыз кызматташтыктын негизинде иш алып барууга ушул жагдай да негизги себеп болууда. Натыйжада, 1991-жылдын 18-декабрында Түркия Республикасы Кыргыз Республикасынын эркиндигин таанып, ал эми 24-декабрда эки мамлекеттин ортосунда алгачкы дипломатиялык мамиле түзүлгөн.

Түркия Республикасынын негиздөөчүсү жана туңгуч Президенти, көрүнүктүү саясатчы Мустафа Кемал Ататүрк 1933-жылдын 29-октябрында Түркия Республикасынын 10 жылдык салтанатында сүйлөгөн сөзүндө: “Бүгүн Советтер Союзу биздин досубуз, коңшубуз союздашыбыз. Биз бул достукка муктажбыз. Бирок эртең эмне болорун эч ким алдын ала айта албайт. Ал Осмон империясына, Австро-Венгрияга окшоп бөлүнүп, мүмкүн учунан суурулуп башташар. Дүйнө күчтөрү дагы бир жаңы салмактуулукка ээ болор. Так ошондо Түркия эмне кыларын билиши керек… Биздин бул досубуздун кармаганында тили бир, ишеними бир, түбү бир боордошторубуз бар. Аларды бейдарек таштабай, түркүк болууга даяр болушубуз керек. Даяр болуу – тек гана ал күндү унчукпай күтүп отурууда эмес. Даярдык көрүү керек. Улуттар буга кандай даярданышмакчы? Рухий көпүрөлөрдү бек кармануу аркылуу. Тил – бул көпүрө… ишеним – бул көпүрө… тарых – дагы көпүрө”,- деп айткан.

Тилекке каршы Мустафа Кемал Ататүрк канчалык аракет кылбасын жана Октябрь революциясынын жолбашчысы В. Ленин менен достук мамиледе болгондугуна карабай, дүйнөдөгү түрк элдеринин бири-бири менен достук мамиледе болуусунан чочулаган Советтик шовинисттик саясат 70 жылдан ашык мезгил боюу Түркия менен СССРдин курамындагы түрк тилдүү республикалардын карым-катнашына тыюу салып келди. Ал тургай андай аракеттерди көргөндөр “пантүркисттик” көз караштагы саясат деген негизде кысымга алынып, далай эр азамат агаларыбыз репрессиянын курмандыгы болуп кетти.

Эгемендүү Кыргызстандын мамлекет башчысынын да эң биринчи расмий иш сапары 1992-жылдын 22-декабрында Анкара шаарына Тургут Өзалдын чакыруусу менен башталган. Ошол расмий жолугушууда «Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосунда достук жана кызматташтык жөнүндө» келишимге кол коюлган. Бул алгачкы келишим эки өлкөнүн ортосунда саясый, экономика жана маданият багытында жүргүзө турган иш-чаралардын аткарылыштарын эл аралык тартипте жүргүзүүгө өбөлгө түзгөн биринчи расмий документ катары тарыхта калган. Ошол күндөн баштап Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтык байланышы акырындап өнүгүү менен 20 жылдык дипломатиялык тарыхты түзүп келет.

Бүгүнкү күндө Түркиянын борбору Анкарада бир миңден, ал эми Стамбулда эки миңден ашуун студенттер билим алышууда. Ал эми дүйнөлүк деңгээлдеги Акдеңиз университетине жыл сайын Кыргызстандан 15 студент кабыл алынып, бекер билим алышат. Мындан тышкары көптөгөн жаштарыбыз Түркияда иштешип, бизнес менен алектенишүүдө. Ошол эле учурда Кыргызстанда да эки кыргыз-түрк жогорку окуу жайлары, лицейлер бар. Түрк мамлекеттеринин маданий байланышын чыңдоо максатында түзүлгөн ТҮРКСОЙ уюму тарабынан бир катар маданий иш чаралар өткөрүлүп келет.

1993-жылы 7-8-апрелдеги Түркия Республикасынын Президенти Тургут Өзалдын Кыргызстанга жасаган алгачкы расмий иш сапары эки мамлекеттин саясый, экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө жаңы күч, дем бергендигин тарыхый документтер тастыктайт. Ал эми 1997-жылдын 24-октябрында Анкара шаарында эки мамлекет башчыларынын «Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын түбөлүк достугу жөнүндө» келишим кабыл алынган. (Бул келишимдин негизинде 1991-жылдын 24-декабрында кабыл алынган эң алгачкы келишим өзүнүн күчүн жоготкон.) Кыргыз Республикасы өзүнүн тышкы саясатын жүргүзүү тарыхында биринчи жолу «Түбөлүк достук жөнүндө» келишимге алыскы чет өлкөдөгү мамлекеттердин ичинен боордош Түркия Республикасы менен кол коюлушу тышкы саясаттагы жаңы кадам катары баалоого болот.

Кыргыз-түрк кызматташтыгынын андан ары өнүгүшүнө 2003-жылдын 21-октябрында Түркия Республикасынын премьер-министри Реджеп Тайип Эрдогандын Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келиши чоң түрткү болгон. Түрк элинин бул чыгаан саясатчысын, өз оюнан тайбаган, чечкиндүү жана туруктуу мамлекеттик ишмерди кыргыз коомчулугу, анын 1992-1993-жылдары Стамбул шаарында мэрлик кызматты аткарып жүргөн учурдан бери жакшы билет жана урматтайт.

Реджеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга жасаган ар бир расмий иш сапары эки мамлекет тарабынан тең жогорку деңгээлдеги жолугушуу болуп, бир канча маданий, экономикалык келишимдерге кол коюлууда.

Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы саясый байланыштарды Түркия Республикасынын президенти Абдуллах Гүлдүн 2009-жылдын 26-28-майда Кыргыз жергесине жасаган расмий иш сапар менен бекемдөөгө жасаган аракети катары баалоого болот. Иш сапардын жүрүшүндө эки мамлекеттин президенттери өз ара кызыкчылыкты туудурган эки тараптуу байланыштардын жана бардык тармактар боюнча мындан аркы кызматташууну өнүктүрүүнүн келечегин кызуу талкуулашкан эле. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө соода-экономикалык тармакта кыргыз-түрк өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү боюнча маселелерди чечүүгө маанилүү көңүл буруу керектигин баса көрсөттү. Өнөктөштүктү жогорку жана сапаттуу даражага жеткирүү максатында эки тараптуу макулдашууга кол коюшуп, биргелешкен декларация кабыл алышкан. Кыргыз Республикасынын Президенти менен Түркия Республикасынын Президенти тарабынан кол коюлган «Биргелешкен декларация» 18 статьядан туруп, эки өлкөнүн саясый, экономикалык жана маданий багыттагы кызматы чагылдырылган.

2010-жылы 7-апрелдеги элдик революциядан кийинки Убактылуу өкмөттүн жетекчилери Р.Отунбаевага, А.Атамбаевге оор мезгилде Түркия Республикасынын президенти Абдуллах Гүл менен премьер-министр Реджеп Тайип Эрдогандар Убактылуу өкмөттүн идеясын колдогондугун билдиришти.

2010-жылдын 7-10-июнунда КРнын Убактылуу Өкмөтүнүн башчысынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаевге Түркия Республикасынын премьер-министри Реджеп Эрдоган Кыргызстанда саясый абалды эске алуу менен 21 млн. АКШ доллар өлчөмүндө грант берүүнү билдирди.

2010-жылдын акыркы айларында Түркия Республикасынын президенти Абдуллах Гүл менен Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаеванын расмий жолугушуулары Астанада жана Стамбулда болуп өттү. Акыркы жолугушууда Роза Отунбаева Абдуллах Гүл менен Стамбулда Кыргызстанга инвестициялык жардам берүүчү II форумду уюштурууну макулдашышты. Бул жогорку деңгээлдеги эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусу Кыргыз-Түрк мамлекеттеринин ортосундагы саясий байланышты бекемдөөгө өбөлгө түзүүчү көпүрө сыяктуу элестетүүгө болот.

Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы мындан 20 жыл мурун түзүлгөн дипломатиялык кызматташтыктын натыйжасында эки мамлекеттин ортосунда 130дан ашык эки тараптуу келишимдер түзүлүп, экономикалык, маданий байланыштары ар кайсыл багытта өсүп-өнүгүүдө. Айрыкча эки мамлекеттин жетекчилери аныктаган саясий байланыш багытындагы дипломатиялык кызматташтык өз жемиштерин берүүдө.

Түркия Республикасынын Премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган бул ирет Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Алмазбек Атамбаевдин чакыруусунда өлкөбүзгө расмий иш сапары менен келүүдө. Премьер-министр менен бирге өлкөнүн тышкы соода иштерине жооптуу мамлекеттик министр Зафер Чаглаян баштаган Түркиянын мыкты фирмаларын иштеткен 100 ишкердин кошо келиши күтүлүүдө.

Бул расмий иш сапар 2010-жылдын 7-апрелиндеги жана июнь айындагы түштүктө болуп өткөн кайгылуу окуялардан улам, дүйнөдөгү башка мамлекеттер арасында Кыргызстандын баркын көтөрүү, жагдайды калыбына келтирүү процессине келе баштаганын көрсөтүү жана моралдык жактан колдоо багытында премьер-министрлердин деңгээлиндеги алгачкы иш сапары болмокчу.

Кыргыз жана түрк ишкерлеринин ортосунда үстүбүздөгү жылдын 2-февраль күнү Hyatt Regency мейманканасында чоң форум өтөт. Анда эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык, соода тармактарындагы кызматташтыктарды арттыруу, түрк инвесторлорунун Кыргызстанга алып келе турган инвестициялары туурасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Эмилбек МОМУНОВ

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу