Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
31/01 15:59
 

Республикалык бюджет тартыштык менен кабыл алынмай болду

2011-жылга бюджеттик тартыштыктын өлчөмү 21 миллиард 257 миллион 381 миң сом 70 тыйынды түздү. Тартыштык ошол бойдон токтоп калбайт экен: 2012- жылга болжол менен 24 миллиард 171 миллион 81 сомду түзсө, 2013-жылы бюджеттик тартыштык 22 миллиард 898 миллион 452миң сом 70 тыйынды түзөт. Демек, жаңы өкмөт тартыштык менен далай жыл күрөшөт окшойт.

Бабановдун концепциясы

Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, бюджетти толтуруу максатында көмүскөдөгү бизнестерди мыйзамдаштыруу үчүн өкмөт иш алып барып жаткандыгын баса белгилеп өттү. Анын концепциясы боюнча 2010-жылы 12 миллион литр алкоголдук продукция чыгарылса, быйылкы жылы анын деңгээли 25 миллион литрге чыга турган болду. Кен казуучу компаниялар өзүнүн үлүшүн сатууда. Мамлекеттик улутташтарылган мекемелерди сатуу боюнча тендерлер жана аукциондор жабык түрдө өткөрүлбөйт. Жалпыга маалымдоо каражаттардын катышуусу менен ачык-айкын жүргүзүлө турган болду.

Тартыштыктан арылабызбы?


Экономикалык жөнгө салуу министри Учкунбек Ташбаевдин айтуусунда, бюджеттик кызматкерлердин айлык акысын жогорулатуу үчүн 10 миллиард сом бөлүнөт экен. Бул үчүн салыктан кошумча 2 миллиард сом, бажы кызматы 2.5 миллиард сом чогултат. Демек, салык төлөчүлөргө кыйын болчудай. Мурунку бийлик ээлеп алган байлыкты менчиктештирүүдөн 4,2 миллиард пайда түшмөкчү. Байланыш мамлекеттик агенттиги 200 миллион сом, экономикалык өнүктүрүү фонду 100 миллион сом берээри белгилүү болду.

Ал эми өкмөт башчысы Алмаз Атамбаев «Центерра» компаниясын колго алып 10 миллиард сом тапса болорун айтты. Андан тышкары экономикалык секторлорду дыкат изилдеп чыгаарын айтты. Анын оюу боюнча быйылкы жылды дефицит менен эмес профицит менен аяктоо максаты бар. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей, бары бир быйылкы жыл деле дефициттүү бюджет менен кабыл алынмай болду. Мурунку каржы министри Чоробек Имашовдун айтуусунда 2010-жылдын экономикасына апрель,июнь окуялары кандай таасир тийгизгени анализденип чыккан.. Министрдин айтуусунда республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 67 370 552,9 сом, ал эми чыгаша 88 627 934,6 миң сомду түзүп, бюджеттик тартыштык 21 257 381,7 сом болгон. Бюджеттин тартыштыгын ички жана сырткы булактардан алынган каражат менен жабуу белгиленген. Эгерде каражат бар болсо, анда эмнеге дефициттүү бюджетти сунуш кылышат. Ошол каражаттарды көрсөтүп, мейли профициттүү бюджет болбой эле койсун, жок дегенде дефицит жок бюджет болбойбу. Ал эмес алдыдагы жылдарга көз салып көрсөк, дефицитен кутула алчудай эмеспиз. Алдын ала божомол боюнча 2012-жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 62 024 219 миң сомду түзсө, чыгаша бөлүгү 86 195 300 сом, бюджеттик тартыштык 24 171 081 сом. Ушундай эле көрсөткүч 2013-жылы да болушу мүмкүн, кирешебиз 61 541 335,2 сом,чыгашабыз 84 439 787,9 миң сом. Демек, алдыдагы жылдарда да дефициттүү бюджеттен арылбай турган өңдөнөбүз.

Азизбек   КЕЛДИБЕКОВ


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу