Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
26/01 17:56
 

Дүйнөдө мөңгү суулары эң таза суу болуп саналат

Бишкек 26-январь (КАБАР) Бир саамга элестетип көрсөңүз? Суусуз өмүр өмүрбү...Элестетип ойлогондон да чочуйсуң. Суу – бул көрөөр күнүбүз, Алла Таала кудайым адамзатка ыроологон ырыскы. Суу – бул бу дүйнөгө келгенден оо дүйнөгө кеткенге чейин денебизди кыймылга келтирип, кан жүгүрткөн ыйык зат. Сууну күндө ичебиз, таңда ичебиз, түштө ичебиз, кечте ичебиз, түндө ичебиз. Таңдан кечке, кечтен таңга чейин жашобуз суу менен байланышкан. Ичээр суунун түгөнгөнү – өмүрдүн соолуганы. Адамдын организминин 72 пайызын суу түзөт.

Ичээр суубуз, көрөөр күнүбүз бар экен. Акылман ата-бабаларыбыз бизге ак мөңгүлүү Ала-Тоону түбөлүккө мураска калтырыптыр. Ар бир кыргыз тоодо өсүп, тоодо чоңоет. Күндө эле тоону көрүп, тоого сыймыктаганыбыз менен анын чокуларында жаткан мөңгүлөргө маани бербеппиз. Мөңгүнү мөңгү кылып, эл аралык коомдук-экологиялык мөңгүлөрдү сактоо фондусуна айландырган Кыргызстандын мекенчил атуулу, акын, коомдук ишмер, экономист-зколог Үрүстөм Кабылбековдун салымы чоң. Суу жөнүндө акын минтип жазат:

Жылдар өтүп, башкы байлык суу болоор,
Суусу бардын көтөргөнү туу болоор.
Жашоо башы жатат досум тоолордо,
Дайра азайса, талаа соолуп куу болоор.
Суу – ден соолук, ден соолугу жок элдин,
Караан басып келечеги чуу болоор.

Фондунун таржымалына көз салсак, коомдук-экологиялык мөңгүлөрдү сактоо (КЭМС) “Мөңгү” фондусу 2006-жылы Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинен расмий каттоодон өткөн. Фонддун эң башкы максаты – бул мөңгүлөрдү сактоо жана коргоо, сууларды туура жана сарамжал колдонуу жана ошондой эле Борбордук Азия регионунда экологиялык сабатсыздыкты жоюу менен бирге чырмалышкан каатчылык ахвалдан чыгарып, мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдап, боордош элдердин ынтымагын, достугун бекемдөө болуп саналат.

Фонддун президенти – коомдук ишмер Ү. Кабылбеков. Кыргызстандн атак-даңктуу инсандары фонддун уюштуруучулары жана демилгечилери болуп саналат. Алсак, көзөмөлдөө комитетинин төрагасы заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов болгон. Аксакалдар Кеңешинин төрагасы – КР Баатыры, Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиев. Ал эми уюштуруучулары көрүнүктүү окумуштуулар: КРСУнун ректору, академик В.Нифадьев, Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын окумуштуу-катчысы И. Ашымов, КРСУнун өзгөчө кырдаалдар кафедрасынын башчысы К. Бозов, Кыргызстандын климатологдору, гляиологдору, ошондой эле өлкөбүздүн жана Борбрдук Азиянын тагдырына кайдыгер карабаган инсандар болуп эсептелишет.

2006-жылы фонддун программасы жана Борбордук Азия регионун чырмалышкан каатчылык ахвалдан алып чыгуу боюнча иш-пландар иштелип чыккан. 2007-жылы жазында Үрүстөм Кабылбековдун “Мөңгүлөр – Борбордук Азия регионундагы нымдуулуктун, ден соолуктун, энергетикалык кубаттуулуктун жана саясый туруктуулуктун кепилдиги” аттуу китеби жарык көргөн. Бул китепте “Жер бетиндеги жашоо үчүн” деген ат менен Борбордук Азияны комплекстүү кризистен чыгуунун кыскача концепциясы сунушталган. Бул концепциянын мааниси тереңде жатат. Китепте жазылгандай, 1965-1974-жылдардын аралыгында Кыргызстандын тоолорунда 8107 км.кв. аянты бар 7638 мөңгү катталган. Ал республиканын жалпы аянтынын 4,1 пайызын түзгөн. Азыркы күнү ааламдык жылуулануу жана жаратылшка болгон текебер мамигенин кесепетинен мөңгүлөрдүн жалпы аянты 1761км.кв.ка кыскаруу менен республканын жалпы аянтынын 3,2 пайызын түзүп калды.

Дүйнөлүк климат изилдөөчү окумуштуулардын маалыматы боюнча дүйнө жүзүндө аба ырайы 0,6 градуска , ал эми Кыргызстанда 1,8 градска көтөрүлдү. Дүйнөлүк океандардын деңгээли 20 см көтөрүлүү менен Англиядан ар бир 2 мүнөт сайын өлкөнүн жарандары башка жакка жер которуштурууда. Эгерде суунун деңгээли 50 см көтөрүпсө, көп аралча мамлекеттердин суу астында калуу коркунучу турат. 2025-жылы жылуулануунун чеги 3 градуска жетсе, суунун деңгээли 37 метрге жогорулайт. Көптөгөн мамлекеттер суу астында эле калбастан, муз каптоо коркунучу турганы денеңди дүркүрөтпөй койбойт.

Англиялык окумуштуулар дүйнө жүзүндөгү бүт өсүмдүктөрдүн уругун чогултуп, Шпицбергендеги түбөлүк тоңго көмгөнү белгилүү. Бул гумандуу иштин тилеги жакшы. Муну айткан себебиз, тек гана” жаман айтпай жакшы жок” дегендей, эгерде кандайдыр бир кыйроолор болуп кетсе, ошол үрөндөрдү кайрадан жер бетине сээп, планетаны кайра калыбына келтирүү деген эле кеп.

Бүгүнкү күнү жер бетинде 1 миллиарддан ашык адам иче турган сууга зар болсо, жакынкы арада анын саны 3-4 миллиардга жетмекчи. Илимий булактарга таянсак, мөңгү суулары эң таза суу болуп саналат. Жер астындагы суу болсо, ар кандай химиялык аралашмалар кошулган. Кыргызстандын мөңгү сууларынын келечеги кең. Мөңгү суулары өзүбүздү гана эмес, Борбордук Азия элин багууга кудурети жетет. Идеология жок деп ар жакка урунабыз. “Колдо бар алтындын баркы жок” дегендей, Үрүстөм Кабылбековдун “Жер бетиндеги жашоо үчүн” жана “Эмне кылуу керек?” деген китебинде жаңы кыргыз идеологиясынын өзөктөрү камтылган. Атап айтканда, Борбордук Азия аймагына “Согуштук аракети жок аймак”, ал эми Кыргызстанга “Тынчтык аймагы” деген статус берүү менен региондун экологиялык ахвалын бүгүнкү талапка жооп бере турган деңгээлге көтөрөбүз деген сунушту жалпы дүйнөлүк коомчулук колдойт деген ишеним бар.

Дүйнөлүк окумуштуулардын иликтөөлөрүнө ылайык, муз доору учурунда Борбордук Азия региону муз алдында калбай тургандыгы далилденген. Демек, убакытты текке кетирбестен, акыл калчап, дүйнөлүк экономиканын кандайдыр бир бөлүгүн Борбордук Азияга буруп, региондун эң ыңгайлуу жеринде жайгашкан Кыргызстанды туристтик индустриядан тышкары дүйнөлүк финансылык операцияларды жүргүзүүчү ортомчу калыс мамлекетке айлантуу менен бирге “Тынчтык аймагы” деп жарыялоо – бул бүгүнкү күндүн талылуу маселеси. Ал үчүн бизде баары бар: таза суу, таза аба, тоо, токой, көл.

“Мөңгү” фондусунун программасынын 10-беренесинде мындай деп айтылат: ”Дүйнөлүк океандын алдында калуу коркунучу басып турган континенттердин, мамлекеттердин ивестицияларын тартып келип, адамзатынын расалык өзгөчөлүгүн сактап калуу максатында эки кабат шаарларды (жер үстүндөгү жана жабык жер астындагы) салуу керек”.

Жогоруда айтылган идеяларды ишке ашыруу максатында “Тур! Улуу журт!” коомдук-жаңылануу ынтымак эстафеталары өткөрүлүүдө. “Тур! Улуу журт!” аттуу чакырык менен акыркы жолу беш чыгармачылык Союз (жазуучулар, архитекторлор, сүрөтчүлөр, композиторлор, журналисттер) тегерек столдо бир добуштан колдошуп, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялашкан. Резолюция беш кесиптик Союздун мөөрү менен бекитилген. (Алмаз Абдраев)



Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу