Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
12/01 18:40
 

Жалал-Абад шаары үчүн 2010-жыл өтө оор жылдардан болду

Жалал-Абад 12-январь (КАБАР) Кыргызстандагы ири шаарлардын катарында турган Жалал-Абад шаары облустун борбору болгондон бери тез өнүгүү жолуна түшкөн. Шаардын экономикасынын негизин базарлардагы соода-сатык түзөөрү эч кимге деле жашыруун эмес. Ал эми шаардын базарларында миңдеген адамдар иштеп, өздөрүнүн күнүмдүк жашоосун өткөрүшөт. Айыл жерлеринде иштин жоктугунан облустун ар кайсы район-шаарларынан агылып келген адамдардын так санын эсептөө өтө кыйын. Аларды кошпогондо Жалал-Абад шаарында 100 миңге чукул адам жашап, эмгектенишет.

Өткөн жылдын 8-апрелинен кийин шаарда бир нече жолу коогалаңдуу окуялар болуп, бул шаардын экномикалык жактан өсүүсүнө өзүнүн кедергисин тийгизди десек да болот. Шаардын социалдык-экономикалык тармагында өткөн жылы кандай иштер аткарылгандыгы боюнча саресеп салууну туура көрдүк.

Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Максатбек Женбековдун айтымында, 2010-жылдын жыйынтыгы боюнча божомол менен жалпы көлөмү 3 млрд. 778 миң сомдук продукция өндүрүлгөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 107 пайызды түзгөн. Шаардын бюджетинин киреше бөлүгү салык жана салык эмес кирешелердин бекитилген планы 174,8 млн. сом болгон. Июнь айында болуп өткөн окуялардан жабыр тарткандарга берилген жеңилдиктерди эсепке алып, такталган планы 119,8 млн. сом, болжол менен аткарылышы 146 млн. сомду түзөт.

Улуттар аралык коогалаңда шаар боюнча 173 турак-жай күйгөндүгү катталган. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясы жана донорлор менен биргеликте 142 турак-жайдын курулушу бүтүп, ээлерине тапшырылган. Ал эми 20 турак-жайда ремонт иштери бүткөрүлгөн. Мындан сырткары, "Көк-Арт" кичи районундагы 60 батирлүү беш кабаттуу үйдүн төртүнчү кабатында монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Коогалаңда жабыр тарткан 41 үй-бүлөгө 200 миң сомдон, 102 үй-бүлөгө 50 миң сомдон насыя берилген.

"2010-жыл шаар жана шаардыктар үчүн өтө оор жылдардан болду. Бул жаңырган коён жылында элибизде тынччылык жана улуттар аралык ынтымак болушун тилейбиз. Тынчтык болбосо, калган иштерди бүткөрүү кыйын экендигин жон терибиз менен сездик", - дейт шаар мэринин биринчи орун басары Абдималик Элеманов.
Шаардын көчөлөрүнө 1,8 км жерге асфальт төшөө иштери жүргүзүлүп, ага кеткен чыгым 8 млн. 468 миң сомду түзгөн. Мындан сырткары, 3850 квадрат метри жамап-жасоо иштери жүргүзүлүп, 1 млн. 980 миң сомдук акча каражаты жумшалган. Шаар боюнча төрт даана заманбап светофорлор орнотулган. Ага кеткен каражат бир миллион сом болгон. Жол сызыктар, белгилер орнотулуп, шаарды түнкү жарык менен камсыз кылуу колго алынган.

"Санитардык тазалыкты сактоочу атайын автобазасы" муниципалдык мекемесине кар тазалоочу, кум себүүчү бир автоунаа 1,5 млн. сатып алынган. Аталган мекеменин алдында атайын автоколонна түзүлүп, КР Президенти тарабынан 15 даана кичи автобустар бөлүнүп, шаарыбызга алып келинди. Азыркы учурда элдерди эки багыт боюнча ташып жатышат. Жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү баасы беш сом болгон кичи автобустарга түшкөнгө кызыктар.

"Мындан сырткары, шаардын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу максатында камсыздоо тутумун кайра куруп, оңдоо боюнча түзүлгөн долбоорду Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы каржылап, "Жалал-Абад суу канал" башкармасына 7,5 млн. евро бөлүнө турган болду. Буйруса, ушул жылдын биринчи кварталында ишке ашат", - дейт шаар мэринин милдетин аткаруучу М. Женбеков.

Шаар боюнча 2010-жылда салыштырмалуу баада 211,2 млн. сомдук айыл чарба азык-түлүгү өндүрүлүшү күтүлүүдө.
Шаарыбыздын туристтик обьектери тарабынан 2009-жылдын 11 айында жалпы алынган киреше 12 млн. 33 миң 800 сомду түзгөн. Өткөн жылдын 11 айында 7 млн. 638 миң 900 сом киреше алынган, же болбосо мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 64 пайыз болгон.

Жалал-Абад шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун маалыматына караганда, өткөн жылы төрөлгөн ымыркайлардын саны - 1958 (16,5 %) болуп, 2009-жылга салыштырмалуу 30 ымыркайга көп төрөлгөн. Энелердин өлүмү катталган эмес. Саламаттыкты сактоо мекемелерин оңдоп-түзөө иштерине бардыгы болуп 1 млн. 433 миң сом каржат жумшалган.
Май, июнь айындагы коогалаңдуу окуяда каза болгондордун жалпы саны 23 адам, бардыгына социалдык паспорт түзүлгөн. Жабыр тарткан 182 үй-бүлөнүн 160на, тонолгон 59 үй-бүлөнүн 47 не социалдык паспорттор түзүлгөн.

Шаардык эмгек, ишке орноштуруу жана миграция бөлүмү тарабынан этникалык кыргыздарга "Кайрылман" статусун алып берүү максатында тиешелүү документтер даярдалган. Бүгүнкү күндө 18 атуулга "Кайрылман" статусу жана жана мамлекеттик күбөлүктөр берилген. Азыркы мезгилде 15 атуулдун документи даярдалып жатат.
Билим берүү мекемелерине Эл аралык уюмдар: "Кумтор Оперейтинг Компании", ЮНИСЕФ, Германия, GTZ ОсОО "KYRGYZ - CONSERT" жана ПРООН аркылуу жалпы суммасы 21,7 млн. сомдук инвестиция тартылган. Жай айында 500 бала Кара-Алмадагы "Алтын балалык" , 210 бала Ысык-Көлдө жана 12 бала Казакстандын Тараз шаарындагы лагерлеринде эс алып келишкен.

(даярдаган А. Жаңыбаева)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу